Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

“Чек арасыз кабарчылар”: Тажикстанда басма сөз эркиндигин абалы начар

Тажикстан өкмөтү терроризмге каршы күрөшүү шылтоосу менен саясий оппозицияны жектеп, көз карандысыз медиага кысым жасоодо. Бул тууралуу эл аралык “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму билдирүүдө. Уюмдун 26-мартта жарыялаган “Басма сөз эркиндигинин индекси” баяндамасында Тажикстан 149унчу орунга жайгашкан.

RSF эксперттеринин пикиринде, Тажикстанда коопсуздук кызматкерлери тарабынан көз карандысыз журналисттерди коркутуп-үркүтүү адаттагы көрүнүшкө айланган. Бийлик дайыма социалдык түйүндөргө жана маалымат сайттарына бөгөт коюп турат. Баяндамада 2016-жылы бир нече басылмалардын жабылганы, өкмөт ММКлардын редакциялык саясаттарын көзөмөлдөөнү күчөткөнү айтылат.

Тажикстан Орусия, Беларус, Казакстан менен бирге “кызыл зонага” киргизилген.

Тажикстан бийлиги баяндаманын объективдүүлүгүнө ынанган жок. Парламенттин төмөнкү палатасынын маалымат комитетинин төрагасы Олим Салимзода баяндама өлкөдөгү чыныгы абалды чагылдырбай турганын билдирди. Анын айтымында, Тажикстанда басма сөз эркиндиги – Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы.

“Чек арасыз кабарчылар” былтыр дагы Тажикстандагы көз карандысыз басылмаларга жасалган кысымды сынга алган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкындан улам Казакстандын айрым аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилди

Түндүк-Казакстан облусунун Кызыл-Жар районун суу каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Күн мурун Ишим дарыясы нугунан чыгып, Петропавл шаарына дагы чукул кырдаал киргизилген.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашкандай, өткөн суткада дарыядагы суунун деңгээли 30 сантиметрге көтөрүлдү, айрым жерлерде суу ташкыны он чакырымга чейин жетти.

Жалпы облус боюнча 171 үйдү суу каптады. Каза болгондор жок.

Жергиликтүү ММКлар селдин кесепетинен 700дөн ашуун киши үйүн таштап кетүүгө мажбур болгонун жазууда. Суу аймактагы эң ири суу сактагычтын полотинасынын кырынан эки метрге ашык көтөрүлдү. Ишим дарыясынын боюнда жайгашкан Сергеев суу сактагычында бир миллиард куб метр суу бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Мария Шарапова чоң тенниске кайтты

Допингден улам 15 айга спорттон четтетилген орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова чоң тенниске кайтты.

Ал 26-апрелде Штутгартта италиялык теннисчи Роберта Винчи менен беттешип, аны бир саат жана 45 мүнөттүн ичинде 7-5, 6-4 эсеби менен утту.

Бир жылдан ашык тыныгуудан кийин теннис рейтингиндеги бардык упайларынан ажыраган 30 жаштагы орусиялык спортчу Штутгартта керектүү упай топтой алса, Франциядагы Roland Garros Ачык чемпионатына өтөт. Ал уюштуруучулар уруксат берсе гана “Чоң шлем” турниринин негизги оюнуна катыша алат. Чечим 15-майда чыгат.

“Чоң шлемди” беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг текшерүүсүнөн өтпөй калган. Канынан тыюу салынган “мельдоний” заты табылган. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан. Чектөө 25-апрелдин түнүндө аяктады.

Допинг чырынан улам ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына катышкан эмес.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда терроризмге шектелип 12 борборазиялык жаран кармалды

Калининград шаарында экстремисттик уюмдарга катышы бар деген шек менен 12 борборазиялык жаран кармалды. Бул тууралуу 26-апрелде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы билдирди.

Ушул эле күнү “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочусу делген эки кишинин кармалганын кабарлаган. ФСБнын ырасташынча, алар Ыраакы Чыгышта ири кол салуу уюштурууну пландап жатышкан.

Маалыматтарга караганда, кармалган 12 шектүү жаран “Ислам жихады – жамаат муджахидин” тобу менен байланышта болгон жана жоочуларды азгырууга тиешелери бар. ФСБнин билдирүүсүндө бул топтун лидери экстремизмге шектелип, өзбек бийлиги тарабынан издөөгө алынган. Кармалгандарды терроризм айыбы боюнча жоопкерчиликке тартуу үчүн депортациялоо пландалууда.

Орусия ушуну менен үчүнчү жолу Борбор Азиядан чыккан жарандарды террордук ишмердүүлүккө айыптоодо. 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросундагы жардыруудан 15 адам өлүп, элүүдөн ашууну жарадар болушкан. Жардырууну Кыргызстандан барган Акбаржон Жалилов аттуу Орусия жараны жасаганын тергөө органдары маалымдашкан. Бул окуядан кийин жардырууга тиешеси бар деген шек менен борборазиялык ондой киши кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ферганада президент Мирзиёев менен жолукканы жаткан активист сабалды

26-апрелге караган түнү Ферганада эл аралык “Жалындуу жүрөктөр клубу” укук коргоо уюмунун 68 жаштагы активистти Исмаил Маллабаев сабалды.

– 26-апрелге караган түнү мага белгисиз адамдар кол салышты, алар мени башка жана бетке койгулашты. Мен Фергана шаардык “Тез жардам” кызматына чалууга аргасыз болдум. Дарыгерлер окуя болгон жерге милиция чакырышты. Учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүшүүдө. Кол салуу – менин кесиптик ишиме байланыштуу го деп ойлойм, – деди Исмаил Маллабаев.

26-апрелде Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Фергана өрөөнүнө келмек.

Ферганадагы укук коргоо уюмунун активисти Исмаил Маллабаевге элдин үнүн президент Мирзиёевге жеткирүү жоопкерчилиги жүктөлгөн. Жергиликтүү тургундар электр жана газ менен камсыз кылуу кызматтарынын ишине, андан тышкары башка коммуналдык тейлөөлөрдүн начардыгына нааразы.

Кол салууга кабылганына карабай, активист президент менен жолугуу үчүн шаардык “Элдик кабылдама” бөлүмүнө барган. Бирок президент келген эмес. Чогулган элди башка жетекчилер кабыл алышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Дача СУда жабыркагандарга 100 млн сомдон ашык каражат которулду

Дача СУ айылындагы авиакырсыктан жабыркагандарга жана каза болгондордун жакындарына деп элден чогулган акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебинен алардын жеке банк эсептерине которулду. Бул тууралуу бүгүн өкмөттөн кабарлашты. Чогулган акчанын жалпы суммасы 100 миллион 499 миң 300 сом.

Өкмөттүн маалымат кызматы белгилегендей, каражат ар бир жеке эсепке жабыркагандардын өздөрүнүн өтүнүчү боюнча которулду. Ошондой эле алардын өтүнүчү боюнча түрдүү механизмдерге жол бербөө үчүн үй сатып алууга бөлүнгөн каражатты башкаруу мамлекеттик комиссиянын көзөмөлүндө калтырылды.

Мындан тышкары «ACT Airlines» түрк авиакомпаниясынан акчалай компенсация күтүлүүдө.

Быйыл 16-январда Бишкектин “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ айылына учак кулап, 39 өмүр кыйылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда антикоррупциялык мекеменин мурдагы кызматкерлери кармалууда

Тажикстанда акыркы күндөрү ондон кем эмес тергөөчү, Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттиктин жооптуу кызматкерлери камакка алынды. Бул тууралуу Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, алар коррупция жана алдамчылыкка айыпталышууда. 26-апрелде парламенттин төмөнкү палатасынын төрагасы Шукуржон Зухуров коррупция менен күрөшүүсү керек болгон аткаминерлер өздөрү жемкорлукка малынганын, аларды жоопко тартуу керектигин билдирген.

Жергиликтүү басылмалардын кабарлашынча, уюштуруучу-инспектордук башкармалыктын жетекчиси Жамолиддин Мухаммадзода жана мурдагы тергөөчү Фирдавс Ниёзбадалов кармалган. Мекеменин дагы кызматкери Умед Камоловго издөө жарыяланды.

Күн мурун Каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттик мекеменин мурдагы тергөөчүсү Фируз Холмуродзода алдамчылыкка жана кызмат абалынан аша чабууга шектелип кармалганын кабарлаган.

Буга чейин коррупцияга каршы күрөшүү мекемесинин башчысынын мурдагы орун басары Давлатбек Хайрзода Орусияга учардын алдында Худжанттагы аэропортто кармалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Лавров Орусиянын талиптерге курал-жарак жеткиргенин четке какты

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтондун Москва талиптерге курал-жарак жеткирүүдө деген билдирүүсүн негизсиз деп атады.

РИА Новости билдиргендей, Орусиянын ТИМ башчысы Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командири, генерал Жон Николсондун айткандарын ырастай турган бир дагы факты жок экенин билдирди.

Буга чейин Кабулдагы маалымат жыйынында Николсон талиптер орустардан курал алып жатканы тууралуу билдирүүлөр түшүп жатканын айткан.

The Washington Post гезитинин маалыматы боюнча Москва ИМ террордук тобуна каршы колдонулат деген жүйө менен талиптерге курал-жарак, анын ичинде оор пулеметторду жеткирүүнү көбөйткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, жарандардын кирип-чыгуусу, соода-сатык алакалар жанданууда

Сыягы, азыркы кыргыз жана өзбек бийликтери эки өлкөнүн чейрек кылымдан бери чечилбей келаткан мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо маселесин аягына чыгат окшойт. Анткени Өзбекстандын Наманган шаарында 10-20-апрелде КРнын Өкмөтунүн Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары рангындагы, Өкмөттүн атайы өкүлү Курбанбай Искандаров жетекчилик кылган өкмөттүк делегация Кыргызстан жана Өзбекстандын чекара маселелерин талкуулоо боюнча жумушчу топторунун кезектеги кеңешмесине катышты. Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесин делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча позицияны макулдашуу боюнча учурдагы маселелер жана келечек пландар талкууланды. Айрыкча Ш.Мирзиёев президент болгондон бери кыргыз-өзбек мамилелери жакшырып, жарандардын кирип-чыгуусу, соода-сатык алакалар жанданууда. Эң негизгиси күн алыс чек арадагы атышуу, мал уурулук сыяктуу терс көрүнүштөр токтоду. Ошондой эле кыргыз президенти А.Атамбаевдин Ш.Мирзиёев алгач кабыл алган чет өлкөлүк президент болгондугу да жакшы жөрөлгөнун белгиси болгон. Жакын арада А.Атамбаевдин кайрадан Өзбекстанга расмий иш сапар менен барары айтылууда. Сыягы, бул ирет дал ушул такталган чек араларды биротоло демаркациялоо боюнча документке кол коюу башкы документ болот окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Өзбекстанда ишкерлерге дүкөндөрдү өз эсебинен бузуп кетүүнү тапшырышты

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев дыйкан базарларын реконструкциялап, жаңы соода борборлорун куруу боюнча токтомго кол койду. Эми ишкерлер эски дүкөндөрүн өздөрү бузуп кетүүсү керек жана бул үчүн компенсация каралган эмес.

Жизак облусунун Галлаорол районунун борбордук базарында иштеген ишкерлерге дүкөндөрүн бузуп кетүүсү үчүн беш күндүк мөөнөт берилген. Галлаорол районунун акимчилиги билдиргендей, борбордук базардын аймагына жаңы архитектуранын талаптарына жооп берген супермаркет курулат.

–Базардын аймагында 110 дүкөн бар. Алардын баары бузулат жана ордуна 150 орундуу супермаркет курулат. Биз аларды дүйкөндөрүн бузуп кеткен ишкерлерге ижарага беребиз, ​– деди райондук администрациянын өкүлү.

Бирок ишкерлер бийлик мындай кадам менен ишкерлердин жеке менчикке болгон укуктарын бузушууда деп эсептешет. “Бул дүкөндөрдү куруу үчүн аз эмес акча жумшадык, кардарларды бул жерге көндүрдүк, эми жергиликтүү бийлик аларды бузуп кетүүгө мажбурлоодо. Минтип отурса Өзбекстанда ишкерлик такыр өнүкпөйт”,- деп арызданды соодагерлердин бири.

Өзбекстандын башка аймактарында дагы базарлар бузулууда. Президенттин токтомуна ылайык, алардын ордуна заманбап супермаркеттер жана гипермаркеттер салынат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню