Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Москвада белгисиз адам Алексей Навальныйга зеленка чачып кетти

Оппозициялык саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, окуя Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдында, Навальный Global Event Forum’на катышуу үчүн бараткан маалда болгон.

Кол салуудан кийин оппозиционер ооруканага жеткирилди – зеленка анын көзүнө кирип кеткен. Ага «оң көзү химиялык күйүк алган» деген диагноз коюлду.

«Учурда анын көзү көрүп, бирок ооруп жатат. Азырынча мунун эмнеге алып келе тургандыгы түшүнүксүз. Полиция арызыбызды кабыл алды, бирок видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды алууга ашыгышкан жок. Биз кылмыш ишинин козголушун жана тергөөнү талап кылабыз», – деп билдирди Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын башчысы Леонид Волков.

​Мартта Барнаулда Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын ачылышы болуп жатканда дагы ага зеленка чачып кетишкен. Анда сол салууга карабастан саясатчы тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн.

Алексей Навальный 2018-жылы президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Анын талапкерлигин 400 миңден ашык орусиялык колдоду. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан саясатынын 25 шайлоо алдындагы штабдары ачылды.

Мартта Навальный тарабынан негизделген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Андан сон Орусиянын бардык аймактарында жемкорлукка каршы нааразылык акциялары өткөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда шеригин өлтүргөн прапорщик эки жылга соттолду

Тажикстанда чек арада бирге кызмат өтөгөн шеригин өлтүрдү делген прапорщик эки жылга соттолду.

Тергөөнун маалыматына караганда, 27 жаштагы Умедджон Хасанов 2016-жылы 20-октябрда ооган-тажик чек арасында өлтүрүлгөн. Ал чек арада болгону 13 күн кызмат өтөгөн. Убагында прапорщик ооган аткезчилери менен болгон атышууда өлгөнү кабарланган.

Бул версияга анын атасы дагы ынанып, бирок кийинчерээк шек пайда болгон. Маркумдун атасы Хикмат Хасанов окуяны кылдат териштирүү өтүнүчү менен Башкы прокуратурага, кийин аскер прокуратурасына кайрылган. Иликтөөлөрдүн натыйжасында аны чогуу кызмат өтөгөн шериги Алишери Абдукодир 11 жолу атып өлтүргөнү аныкталган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ооган аткезчилери менен атышуу түнчүндө болгон, андан соң Алишери Абдукодирдин автоматынан чыккан ок Умедджонго тийгени аныкталган.

Соттолгон прапорщик Алишери Абдукодирдин туугандары ал шеригине кокустан ок чыгарып алганын билдиришүүдө. Бирок маркумдун туугандары өкүмгө канааттанган жок жана жогорку инстанцияга кайрыларын айтышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Президент Мирзиёев келерде Жизак облусунда тымтырстык өкүм сүрдү

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна иш сапар менен келердин алдында укук коргоо органдары аймакты күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алышкан. Жергиликтүү тургундар 27-апрелде калаада жашоо дээрлик “токтоп” калганын билдиришти.

Шавкат Мирзиёев аймактагы мунай кайра иштетүүчү заманбап комплекстин пайдубалын түптөө аземине катышты. Жергиликтүү медианын кабарлашынча, бул комплекс Өзбекстанда эле эмес Борбор Азиядагы уникалдуу объект болот.

Шавкат Мирзиёев келерде жизактыктардын көчөгө чыгуусуна тыюу салынган. “Жизак шаарындагы жашоо төрт саатка токтоп калды. Бардык жерде милиция жана УКК кызматкерлери турушту”,– деди жергиликтүү тургундардын бири.

Жизак облусунун Зафарабад районунда Мирзиёев кеткенге чейин бардык базарлар жана дүкөндөр ачылган эмес. Бирок президент район борборуна келбей, түз эле болочок комплекс жайгашкан айылга барган.

Фориш районун тургундары дагы Мирзиёевдин келишин чыдамсыздык менен күтүшкөн. Бирок өлкө башчы келбеген соң нааразы болушканын айтышууда. “Фориш районуна бир дагы президент келген эмес. Себеби биздин район артта калган жана президент өзү келгенге чейин ушул бойдон кала берет” ,–деп эсептешет алар.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиев Жизак облусунда төрөлгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Азербайжан бийлиги төрт көз карандысыз ММКны жабууга ниеттенүүдө

Бакуда сот көз карандысыз төрт сайтты, анын ичинде RFE/RL (Эркин Европа/Азаттык радиосу) редакциясынын сайтын жабуу тууралуу доо арызды карады. Арызды өлкөнүн Транспорт, коммуникациялар жана жогорку технологиялар министрлигинин алдындагы Электрондук коопсуздук борборунун башчысы Фаик Фарманов жазган.

27-апрелдеги алгачкы отурум жабык өттү. Кийинки угуулар адвокаттардын талабы менен 1-майга жылдырылды.

Сотко жөнөтүлгөн документтерге ылайык, министрлик Башкы прокуратуранын буйругунун негизинде 27-апрелден тарта сайттарды жабат. Мекеме «Азаттык» радиосунун азери кызматынын жана башка ММКлардын сайттары улуттук коопсуздукка коркунуч жаратарын билдирүүдө.

Эркин Европа/Азаттык радиосунун президенти Томас Кент министрликтин мындай кадамын «көз карандысыз басылмаларды коркутууга багытталган цензура аракети» деп атап, «негизги укуктар менен эл аралык конвенцияларды жек көрүүдөн башка эч нерсени көрбөй жатканын» билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ирандагы кинофестивалда «Оралман» казак тасмасы мыкты деп табылды

Казакстандык режиссер Сабит Курманбековдун «Оралман» көркөм тасмасы Иранда өткөн 35чи «Фаджр» эл аралык кинофестивалында мыкты Азия фильми деп табылды.

«Оралман» баш байге үчүн 12 өлкөнүн 15 толук метраждуу тасмасы ат салышкан «Чыгыш панорама» конкурстук программасында көрсөтүлдү.

Анда Ооганстандан көчүп келген этникалык казактын үй-бүлөсүнүн тагдыры жөнүндө айтылып, жергиликтүү калк менен кайрылмандардын ортосундагы мамилелер баяндалат.

Тасманын режиссеру Сабит Курманбеков билдиргендей, сценарийдин негизин ата-энеси Ооганстанга качып барган этникалык казак — «Командир Уали» тууралуу «Азаттык» сайтынын макаласы түзгөн. Анын үй-бүлөсү жарым кылымдан ашык убакыттан кийин тарыхый мекенине кайтып келген.

Эл аралык «Фаджр» кинофестивалы Тегеранда 21-28-апрель күндөрү өттү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев Шымкентте интеллигенция өкүлдөрү менен жолукту

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Түшүк-Казакстан облусуна иш сапар менен барып, Шымкентте жергиликтүү интеллигенция өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүүдө.

Жолугушуунун алдында президент “казак элине миң алкыш!” монументинин ачылыш аземине катышты. Ал Казакстан элинин ассамблеясынын жаңыртылган имаратынын алдында орнотулган. Монумент аймактагы 20 этно-маданий бирикмелердин демилгесинин негизинде тургузулду.

Назарбаев Шымкенттеги сапары учурунда жашылча-жемиш чыгаруучу жана кайра иштетүүчү ишканада дагы болду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Мария Шарапова чоң тенниске кайтты

Допингден улам 15 айга спорттон четтетилген орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова чоң тенниске кайтты.

Ал 26-апрелде Штутгартта италиялык теннисчи Роберта Винчи менен беттешип, аны бир саат жана 45 мүнөттүн ичинде 7-5, 6-4 эсеби менен утту.

Бир жылдан ашык тыныгуудан кийин теннис рейтингиндеги бардык упайларынан ажыраган 30 жаштагы орусиялык спортчу Штутгартта керектүү упай топтой алса, Франциядагы Roland Garros Ачык чемпионатына өтөт. Ал уюштуруучулар уруксат берсе гана “Чоң шлем” турниринин негизги оюнуна катыша алат. Чечим 15-майда чыгат.

“Чоң шлемди” беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг текшерүүсүнөн өтпөй калган. Канынан тыюу салынган “мельдоний” заты табылган. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан. Чектөө 25-апрелдин түнүндө аяктады.

Допинг чырынан улам ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына катышкан эмес.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Мария Шарапова чоң тенниске кайтты

Допингден улам 15 айга спорттон четтетилген орусиялык белгилүү теннисчи Мария Шарапова чоң тенниске кайтты.

Ал 26-апрелде Штутгартта италиялык теннисчи Роберта Винчи менен беттешип, аны бир саат жана 45 мүнөттүн ичинде 7-5, 6-4 эсеби менен утту.

Бир жылдан ашык тыныгуудан кийин теннис рейтингиндеги бардык упайларынан ажыраган 30 жаштагы орусиялык спортчу Штутгартта керектүү упай топтой алса, Франциядагы Roland Garros Ачык чемпионатына өтөт. Ал уюштуруучулар уруксат берсе гана “Чоң шлем” турниринин негизги оюнуна катыша алат. Чечим 15-майда чыгат.

“Чоң шлемди” беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг текшерүүсүнөн өтпөй калган. Канынан тыюу салынган “мельдоний” заты табылган. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан. Чектөө 25-апрелдин түнүндө аяктады.

Допинг чырынан улам ал Рио-де-Жанейродогу Олимпиада оюндарына катышкан эмес.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Киевде Каримовдун кайниси үй камагына чыгарылды

Украинада абакта жаткан өзбекстандык Акбарали Абдуллаев 21-апрелде үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Киев прокуратурасы билдирүүдө.

33 жаштагы Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал 2014-жылы Өзбекстанда каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыпталып, издөөгө алынган.

Быйыл январда Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган. Өзбек бийлиги аны экстрадициялоону талап кылууда. Абдуллаев мекенине кайра барса камаларын, өмүрүнө коркунуч тууларын айтып келет.

Абдуллаев 2013-жылы оор экономикалык кылмыштарды жасоого айыпталып, Ислам Каримовдун буйругу менен камалган. Ал абакта 2,5 жыл отуруп, мунапыс менен шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Бирок Каримов өлгөндөн кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Абдуллаевдин адвокаттары ал Украинага мыйзамдуу жол менен келгенин, жанында паспорту жана визасы болгонун ырасташууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда мугалимдерге айлык берүү кайрадан кечиктирилүүдө

Ашхабадда мектеп жана бала бакчалардын кызматкерлерине маяна берүү кечиктирилүүдө. “Азаттыктын” түркмөн кызматы кабарлагандай, мугалимдер марттын айлыгын алыша элек.

“Апрель аяктап баратат, бизге болсо марттын айылыгын берише элек. Аванс дагы ала алган жокпуз. Күндө жумуштан кийин банкоматтарга барып айлык түшкөн жокпу деп текшеребиз. Бирок акча жок. Жетекчиликке кайрылганыбызда жума сайын айылык караталарга которуларын айтышат”,-деди ашхабаддык мугалим.

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлердин айлыктары, пенсионер жана майыптардын пенсиялары, жөлөк пулдар, студенттердин стипендиялары, мындан тышкары айрым аймактардагы дыйкандардын кирешелери пластикалык карталарга которулат.

Айлык акыларды берүүнү жапырт түрдө кечиктирүү учурлары алгач ирет былтыр жазда белгилүү болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню