Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Ходорковский "Тажаттың" акциясы ийгиликтүү өткөнүн жарыялады

Орусиянын бир нече шаарында ишембиде өткөн оппозициянын “Тажаттың” аттуу акциясына катышкан 200дөй адам кармалды. Акциянын уюштуруучуларынын маалыматына караганда, Санкт-Петербургда 103 адам кармалган. Алардын көпчүлүгүн полиция тез эле бошотсо, айрымдарына административдик айып пул салынган.

Москвадагы акция учурунда кармалгандар болгон жок. Миңден ашык адам президент Владимир Путиндин администрациясына 2018-жылы өтчү шайлоого катышпоо чакырыгы менен каттарын тапшырышты.

Акцияны уюштурган “Ачык Орусия” кыймылынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский нааразылык иш-чарасы ийгиликтүү өткөнүн жарыялады.

Оппозициячыл саясатчы Путиндин дагы бир жолу президенттикке ат салышуусуна мыйзамдуу жол менен нааразылык билдирүү акциянын негизги максаты болгонун билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Түркмөн президентинин күлүгү ат чабышта жеңишке жетишти

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов түркмөн аргымагынын күнүнө арналган 28-апрелдеги ат чабышта жеңишке жетти. Баш байгеге алган жолтандабас унаасын ал жылкычыларга берди.

Ат чабышка түркмөн лидеринен башка өлкөнүн беш дубаны жана борбор калаа Ашхабаддан келген алты тажрыбайлуу чабандес катышты. Президент Мирас деген күлүгү менен биринчи келип, жолтандабас автоунаага ээ болгонун мамлекеттик телеканалдар байма-бай көрсөтүштү. Бул күлүктү ат чабышка Бердымухамедовдун небереси Керимгулы таптаган.

Байгеге алган жолтандабастын ачкычын Гурбангулы Бердымухаммедов айыл чарба боюнча вице-премьерге берип, аны өлкөдөгү жылкы баккандардын керегине жаратууну тапшырды.

Түркмөнстанда апрел айынын акыркы жекшембиси ахалтекин аргымагынын күнү катары белгиленет. Бул майрам жыл сайын өтө шаң менен майрамдалат.

Бердымухамедов Түркмөнстандын президенти болуп 2007-жылы шайланган. Ага чейин ал Түркмөнбашы Сапармурат Ниязовдун “жеке дарыгери” деген атка ээ болгон. Президент Бердымухаммедов аргымактар тууралуу бир нече китеп жазып, өзү да ат чабыштарга катышып жүрөт. Өлкөсүндө спортчу, ырчы катары дагы белгилүү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда 1-май эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды

Тажикстанда 92 жылдан бери майрамдалып келген 1-май – Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү быйыл эс алуу күндөрдүн катарынан чыгарылды. Чечимди тажик парламенти былтыр ноябрда кабыл алган.

Парламент төрагасы Шукуржон Зухуров 1-май Тажикстанда мамлекеттик жана улуттук майрамдардын катарында кала берерин, бирок мындан ары иш күн болорун жарыялады. Мындай билдирүүгө депутаттар, алардын ичинде коммунистер дагы каршы болгон жок.

Советтер Союзу учурунда 1-майга өзгөчө даярдыктар көрүлүп,ал парад менен коштолчу. Салтанат “Тынчтык! Эмгек! Май” деген ураан алдында өтчү.

Учурда жаз жана эмгек майрамын дүйнөдөгү 142 өлкө белгилейт. Кыргызстанда 1-май – эс алуу күнү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тиллерсон Казакстандын ТИМ башчысы менен жолукту

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов Нью-Йоркто өткөн жолугушууда кызматташуу маселелерин, Сирия жана Ооганстандагы абалды талкуулашты. Тараптар Корей жарым аралындагы кырдаал жана Ирандын өзөктүк программасы боюнча дагы пикир алышты.

Эл аралык коопсуздук маселелери Кайрат Абдрахмановдун БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш менен кездешүүсүндө дагы талкууланды. Казакстан өкүлдөрү 28-апрелде БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Түндүк Корея маселелери боюнча министрлик дебатына катышышты.

Эл аралык коомчулук Корей жарым аралындагы аскердик жаңжалдын тутанып кетүү тобокелчилигине кабатыр. Соңку жумаларда Түндүк Корея дээрлик күн сайын ядролук арсеналын көбөйтөрүн жана кыйратуучу куралдарын сыноону улантарын, аймактагы америкалык күчтөргө сокку урарын айтып, опузалап келет.

АКШ деңиз күчтөрү менен суу алдында жүрчү өзөктүк кайыгын Корей аралдарына жөнөттү жана жыл соңуна чейин Түштүк Кореяга рекетадан коргонуу системасын орнотууга сөз берди. Вашингтон БУУну Түндүк Кореяга каршы санкцияларды катаалдаштырууга үндөп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулду

Өзбекстандын АКШдагы элчиси Бахтияр Гулямов кызматынан бошоп, өткөн аптада Ташкентке кайтып келди. Расмий маалыматтарга караганда, ал “дипломатиялык миссиясынын” аякташына байланыштуу мекенине келген.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги жана АКШдагы Өзбекстан элчилиги бул маалыматты ырастаган жок, бирок жокко дагы чыгарбады.

Буга чейин Uzmetronom.com басылмасы өз булактарына таянуу менен Бахтияр Гулямов Өзбекстанга чакырылып, иштен алынганын кабарлаган.

Быйыл февралда дипломаттын атайын кызматтын борбордук аппаратында иштеген агасы Шухрат Гулямов кызматынан төмөндөтүлүп, Улуттук Коопсуздук Кызматынын Сурхандарыя облустук башкармалыгына жөнөтүлгөн. Өз булактар маалымдагандай, Шухрат Гулямов Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов өлгөндөн кийин “кара тизмеге” киргизилген. Uzmetronom.com ага-ини Гулямовдордун кызматтан четтетилишинин себептери бир деп эсептейт.

Бирок Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчи дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу чакыртылганын кабарлоодо. Бахтияр Гулямов 2013-жылдан бери Өзбекстандын АКШдагы элчиси болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Польшада Донбасста адам өлтүрүүгө шектелген австриялык жаран кармалды

Жекшембиде Польша күч түзүм кызматкерлери Украина менен чектеш Дорогуск айлында Донбасста аскердик кылмыштарды жасоого шектелген 25 жаштагы Австрия жаранын кармады.

Ал Донбасстагы жаңжалда куралсыз туткундарды өлтүрүүгө шектелүүдө. Австриянын АРА агенттиги шектүү Украинанын куралуу күчтөрүнүн катарында согушканын билдирүүдө. Австрия жаранына киши өлтүрүү боюнча сыртынан айып тагылды.

Буга чейин Австрия аты аталбаган 25 жаштагы кишини кармоо боюнча жалпы европалык ордер берген. Эми Польша соту аны мекенине өткөрүп берүү боюнча маселени карашы керек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

"Внуководо" банка менен ок-дары алып өтүүгө аракет кылган тажик жараны кармалды

Тажикстан жараны Москванын “Внуково” аэропортунун жүргүнчү терминалына банка менен ок-дары алып өтүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу “Интерфакстын” өз булактары билдирди.

Маалыматтарга караганда, жигит жүргүнчү терминалына кирүү учурунда багаж менен шектүү буюм алып өтүп, коопсуздук кызматкерлеринин көңүлүн бурган. “Аны текшеришти, жеке буюмдарынын арасынан банкага толтурулган ок-дары жана ондогон патрондор табылды”,- деди агенттиктин маектеши.

Мыйзам бузган жаран кинолог менен атайын үйрөтүлгөн иттердин жардамы аркылуу аныкталган.

Орусияда бул факт боюнча курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана сатуу беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда журналист Мамайдын камактагы мөөнөтү дагы бир айга узартылды

Алматыдагы оппозициялык «Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамайдын камактагы мөөнөтү 10-июнга чейин узартылды. Мындай чечимди 27-апрелде Медеу райондук соту чыгарды.

Сот отурумуна журналисттер киргизилген жок.

Мамай 10-февралдан бери камакта. Ал гезиттин редакциясы аркылуу мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалган делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталууда. Бирок алар экөө тең бул айыптарды четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун айтып келишет.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Жанболат Мамайды тез арада бошотуу чакырыгы менен Казакстан өкмөтүнө кайрылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Киев прокуратурасы Каримовдун кайнисин кайрадан тергөө абагына каматуу ниетинде

Киев прокуратурасы Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди үй камагына чыгаруу тууралуу райондук соттун чечими боюнча аппеляциялык арыз берди.

19-апрелде Киевдин Песерский райондук соту Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартуу тууралуу Киев шаардык прокуратурасынын өтүнүчүн канааттандырган эмес. Анда судья прокуратуранын жүйөдалилдерин негизсиз деп таап, анын адвокаттарынын пайдасына чечим чыгарган.

Токтомго ылайык, эми Абдуллаев 19-июнга чейин адвокаты ижарага алган Киевдин четиндеги Козин айылында жайгашкан үйдө үй камагында болот. Ал 24 саат бою электрондук билерик менен жүрөт жана анын кыймыл-аракетине укук коргоо органдарынын кызматкерлери көз салып турушат.

Маалыматка караганда, учурда Акбарали Абдуллаев кармалып турган Козин айылы Форт Росс же «Киев рублевкасы» деп аталат. Жөнөкөй адам ал жакка жакындай албайт – аны суткасына 24 саат бою жеке күзөт компаниясынын кызматкерлери кайтарышат. Ал айылда Порошенконун дагы вилласы жайгашкан.

Ал ортодо Акбарали Абдуллаевдин жергиликтүү жана батыш адвокаттары анын Ташкентке экстрадицияланышына жол бербөө максатында ага качкын макамын берүү өтүнүчү менен Украинанын миграция кызматына кайрылышты.

33 жаштагы Абдуллаев маркум өзбек президенти Ислам Каримовдун жесиринин жээни. Ал ушул жылдын 14-январында Киевдин эл аралык аэропортунда кармалган. Расмий Ташкент аны каржылык алдамчылыкка жана акча уурдоого айыптоодо.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүдө «Мен коркуу сезиминен күчтүүмүн» аттуу көргөзмө ачылды

Жалпысынан көргөзмөгө Грузия, Орусия, Ооганстан, Украина жана Тажикстан өлкөлөрүнөн барган 15 сүрөтчүнүн 100 эмгеги коюлду. Экспозиция 26-апрелде ачылып, Дүйшөмбү шаарынын туулган күнүнө арналды.

Көргөзмөдө Тажикстанда башкалка алган ооган качкындарынын тарткан сүрөттөрү коомдун өзгөчө кызыгуусун жаратты. Анда үч эмгеги коюлган 23 жаштагы сүрөтчү Отифа Одилпур Ооганстандан качып келип, Тажикстанда качкын макамын бир жарым жыл мурда алганын билдирди.

«Мен коркуу сезиминен күчтүүмүн» аттуу сүрөт Отифа Одилпурдун эмгектеринин бири. Айтымында, ал бул сүрөт аркылуу ар бир аял өз укугу үчүн күрөшүп жана аны коргой ала тургандыгын көрсөткүсү келген.

Дагы бир ооган сүрөтчүсү Бону Одилпур көргөзмөдө чүмбөттөлгөн аялдын жарым-жартылай ачылган жүзү көрүнүп тургандыгы тартылган эмгегин койгон. «Ооганстанда аял жабык жашоо образын баштан кечирет: чүмбөттөнүп, жүзүн башкаларга көрсөтүү укугуна ээ эмес. Бул сүрөт ар бир аял өз тагдырын өзү тандап алууга укуктуу экенин көрсөтүп турат», — деди ал.

Көргөзмөгө барган АКШнын Тажикстандагы элчиси Элизабет Миллард дагы ооган сүрөтчүлөрүнүн эмгектери абдан жакшы таасир калтырганын айтты. Ал «Мен коркуу сезиминен күчтүүмүн» деген сүрөт жаш кыздар менен балдарды кайдыгер калтырбайт жана алардын жашоосунда маанилүү ролду ойношу мүмкүн деген ишенимин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню