Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Орусия ТИМ башчысынын Абхазиядагы сапары сынга алынды

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эки күндүк сапар менен өзүн республика катары жарыялап алган Абхазияга барып, Сухуми шаарында элчиликтин ачылыш аземине катышты. Грузия Москванын бул кадамын кескин сынга алды.

Грузия президенти Георгий Маргвелашвилинин шейшембидеги билдирүүсүндө Орусия Грузиянын суверенитеттүүлүгүнө жана аймактык бүтүндүгүнө каршы аракеттерди жасап, кырдаалды ого бетер курчутуп жатканы айтылган.

Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Дэвид Жалагания Орусия эл аралык принциптерди жана мыйзамдарды теңине албай жатканын баса белгилеген.

Абхазия 1992-1993-жылдардагы согуштан кийин Грузия өкмөтүнүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен. 2008-жылы Орусия Тблисиге каршы беш күндүк согуштан кийин Абхазия менен Түштүк Осетияны көз карандысыз өлкөлөр катары тааныган. Айрым мамлекеттерди гана эске албаганда, көпчүлүк Абхазия менен Түштүк Осетияны Грузиянын бир бөлүгү катары эсептейт. Бул аймактарда Орусиянын миңдеген аскер кызматкери бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Reuters Сирияда дагы эки орусиялык жоокердин өлгөнүн кабарлоодо

Сирияда келишим менен кызмат өтөгөн эки аскер – 41 жаштагы Алексей Сафонов менен 46 жаштагы Владимир Плутинский каза болгону кабарланууда.

Сафоновдун марттын ортосунда өлгөнүн Reuters агенттигине анын туугандары билдиришти. Ага чейин ал Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдердин катарында согушкан. Плутинский Пальмира үчүн урушта мерт кеткен.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча январдын аягынан тарта марттын башына чейин Пальмира үчүн салгылашууда эле 21 орусиялык аскер кызматкери курман болгон, бул Орусия Коргоо министрлигинин расмий билдирүүлөрүнө караганда төрт эсеге көп.

Орусия Сирияда аскердик операцияларын баштагандан бери расмий түрдө 28 жоокеринин мерт болгонун ырастаган. Жалпыга маалымдоо каражаттары өлгөндөрдүн арасында каттоого алынбаган “Венгера тобунун” аскерлери бар экенин билдирип келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда студенттерди театрга барууга милдеттендиришүүдө

Түркмөнстанда студенттер айына бир-эки жолу театрга барууга милдеттүү. “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарлашынча, студенттер адатта кечки спектаклдерге, окуучулар – күндүзгүлөргө барышат.

Ашхабаддагы бардык театрлар эгемендүүлүк жылдарында курулган жаңы имараттарда орун алышкан. Редакция өз булактарына таянып билдиргендей, бийлик бардык студенттердин, лицей жана мектеп окуучуларынын тизмесин түзүп, театрга барууга милдеттендирип келет. Айрым учурда тизмеге жоокерлерди дагы кошушат. Аларга спектакль тандоо мүмкүнчүлүгү берилбейт.

“Биз жан дилибиз менен театрга бармакпыз, бирок бизге спектакль тандоо мүмкүнчүлүгү дагы берилбейт. Бара турчу күндү жарыялашып, билет үчүн акчаларды алдын ала чогултуп алышат. Биз кайсы спектаклге барарыбызды дагы билбейбиз. Маселен, “Көроглы” спектакли 3 манат турат, мен аны 5-6 жолу көргөм”,–деди студенттердин бири.

Студенттер Магтымкули атындагы Улуттук музыкалуу-драма театрына, Молланепес атындагы студенттик театрга жана Сапармурад Түркмөнбашы атындагы драма театрга көп барышат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажик аманатчылары микрокредиттик уюмдан 1,5 млн долларды кайтарып берүүнү талап кылышууда

Худжандда банкрот деп табылган “Хамдаси” микрокредиттик уюмунун кардарлары акчаларын кайтарып алуу үчүн коррупцияга каршы мекемеден жардам сурашууда. Алардын айтымында, микрокредиттик уюмдун башчысы төлөмдөрдү кайтарып берген эмес. Аманатчылар уюмдун жооптуу кызматкерлерин жазага тартууну талап кылышууда.

Жамааттык арызга 30 аманатчы кол койду. Анда кардарлардын бир миллиондой долларына ээлик кылып алганы үчүн 18 жылга соттолгон микроаманат уюмунун башчысы гана эмес, насыя бөлүмүнүн жетекчиси, башкы эсепчи сыяктуу жооптуу адамдар дагы күнөөлүү экени жазылган.

Аманатчылардын билдиришинче, бул адамдар микрокредиттик уюмдун аркасына жашынып алып, каржы пирамидасын түзүшкөн. Алар насыя беришип, бирок кардардардын күрөөгө койгон мүлктөрүн өздөрүнө каттатып, депозиттерди алып турушкан. Уюмдун жооптуу кызматкерлеринин баары бири-бири менен тууган экени жана мурда иштелип чыккан схема менен иштешкени айтылууда.

Худжанддагы «Хамдасти» микрокредиттик уюму 2009-жылы түзүлгөн, бирок 2015-жылы экономикалык каатчылыкты жүйө кармап жабылып калган. Тажикстандын улуттук банкы былтыр «Хамдастинин» лицензиясын жокко чыгарып, сот уюмду банкрот деп тапкан.

Учурда банктын 80дей кардары 13 миллион сомони (1,5 миллион АКШ доллары) өлчөмүндөгү сактык акчаларын ала албай келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөн имам айып пул төлөйт

Өзбекстандын Наманган облусунун Чодак айылындагы мечиттин имамы Ахмаджон Эшматов уруксатсыз диний үгүт жүргүзгөндүгү үчүн административдик жоопко тартылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, 44 жаштагы имам санаторийде эс алып жаткан адамдардын арасында шарияттын мыйзамдары тууралуу уруксатсыз үгүт иштерин жүргүзгөн. Ага карата административдик укук бузуу тууралуу кодекстин «Дин эрежелерин үйрөтүү тартиптерин бузуу» беренесинин негизинде күнөө коюлуп, сот тарабынан минималдуу 10 маяна өлчөмүндөгү айып төлөөгө милдеттендирилди.

Жергиликтүү ММКлардын маалыматы боюнча өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы имамга мындай аракеттерди уланта турган болсо кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертти.

Өзбекстанда атайын диний билими жана өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын уруксаты жок диний үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда сот мунайчылардын талабын канааттандырган жок

Казакстанда сот Oil Construction Company (OCC) компаниясынын кесиптик кошуунунун төрагасы Амин Елеусиновдун ордуна Берик Бекбаевди дайындоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу боюнча арызды канааттандырган жок. Чечим 18-апрелде жарыяланды.

Бул арада сот төрага милдетин аткаруучу катары Куспан Косшагуловду дайындоо тууралуу кесиптик кошуун башкармалыгынын 1-марттагы протоколун мыйзамсыз деп тапты.

Мунайчы активисттер соттун чечимине каршы доо арыз берүүгө ниеттенишүүдө.

Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын лидери Амин Елеусинов ачкачылык акцияларынан кийин 21-январда камакка алынган. Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын жоюлушуна каршы болгон 63 мунайчы жарандык жана административдик иш менен соттук иштерге тартылышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда Журналисттер бирикмесинин төрагасынын жаза мөөнөтү кыскарды

Мамлекеттин акчасын уурдоого айыпталып соттолгон Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин өтөлүп бүтө элек жаза мөөнөтүнүн жарымы кыскартылды.

Анын адвокаты Мадина Бакиеванын билдиришинче, абактын өтүнүчү менен Сейтказы Матаевдин жаза мөөнөтү эки жыл, сегиз айга кыскарды. Чечим апрелден тарта мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.

Астана сотунун 3-октябрдагы өкүмүнө ылайык, Казакстан Журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаев алты жылга кесилген.

Ал маалымдоо каражаттарына материалдарды жайгаштыруу үчүн мамлекет бөлгөн 300 миллиондон ашуун теңгени кымырып алган жана мыйзамсыз ишкерлик жүргүзүп, 327 млн теңге салык төккөн эмес деп табылган.

Анын уулу, КазТАГ агенттигинин жетекчиси Асет Матаев акча кымырууга жардам берген делип, беш жылга эркинен ажыратылган. Экөө тең тагылган күнөөлөрдү моюндарына алышкан эмес

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда бозгундагы экс-командирдин уулу камалды

Тажикстандын атайын кызматы өлкө ИИМинин атайын бөлүгүнүн мурдагы башчысы жана «Ислам мамлекети» тобунун аскер министринин милдетин аткаруучу Гулмурод Халимовдун 18 жаштагы уулун камакка алды.

Бехруз Гулмуродов үч жума мурда ата-энесинин айылдагы үйүндө кармалган, бирок ал жөнүндө 17-апрелде гана белгилүү болду. Учурда ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кармалууда.

Бехруздун жакындарынын айтымдарында, коопсуздук органдарынын кызматкерлери анын эмне себептен кармалганын түшүндүрүшкөн жок. Андан сырткары туугандарынын аны менен жолуктуруу өтүнүчүн да четке кагышууда. Бехруз Гулмуродов өткөн жылы мектепти аяктап, апасына жардам берүү үчүн айылда калган.

Экс-командирдин жакындары анын өлүмү тууралуу угушкан эмес. 15-апрелде Британиянын «Таймс» журналы Гулмурод Халимов өткөн жумада Мосулдун батышындагы аба соккуларынын жыйынтыгында жок кылынганын билдирген.

Гулмурод Халимовдун жубайы Назокат Муродова дагы качып жүргөн күйөөсүнүн өлгөнүн билбейт. Ал көптөн бери өз жашоосу менен жашап, төрт уулун багып келатканын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Норманд төрттүгүнүн» лидерлери Донбасстагы абалды талкуулашты

«Норманд форматынын» алкагында Донбасстагы куралдуу жаңжалды токтотуу аракетин көрүп жаткан Германия, Орусия, Украина жана Франция лидерлери дүйшөмбү кечинде телефон аркылуу сүйлөшүштү.

Ангела Меркель, Владимир Путин, Петр Порошенко жана Франсуа Олланд Пасха майрамына байланыштуу Украина чыгышындагы жарашууну калыбына келтирүү тууралуу макулдашып, туткундарды алмашуу жараянын жандандырууга чакырышты. Андан тышкары саясатчылар Донбасстагы ЕККУ миссиясынын кызматкерлерине карата айтылып жаткан коркутуп-үркүтүүлөргө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти. Бул тууралуу Украина президентинин басма сөз кызматынын расмий сайтында жазылган. Ушундай эле мазмундагы билдирүүнү Кремлдин басма сөз кызматы да жарыялады. Азырынча Берлин менен Париж телефондук сүйлөшүү боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

Марттын соңунда Минксте өткөн жыйын маалында үч тараптуу контакттык топ Украина чыгышында ок атпоо режимин орнотуу боюнча макулдашууга жетишип, ал 1-апрелден тарта күчүнө кирген.

18-апрелде Донбасстагы украин аскердик операцияларынын штабы абалдын курчуп кеткенин билдирди. Алардын маалыматы боюнча бир сутканын ичинде жикчилдер 32 жолу украин тараптын позицияларына карата ок чыгарып, бир жоокер жарадар болгон.

Бир нече күн мурда ЕККУнун Украина чыгышындагы мониторинг миссиясынын башчысы Александр Хуг Донбасстагы абал туруксуз экенин жана каалаган учурда курчуп кетиши мүмкүндүгүн билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Ферганада эки кылымдык эски мечит эмерек цехине айланды

Фергана облусунда эки кылымдык тарыхы бар мечит эмерек жасоочу цехке айланууда. Көп жылдан бери айылдагы жалгыз мечит ремонт көрбөй, абалы начар болчу. Өз булактардын билдиришинче, Фергана бийлиги бош турган мечитти аз камсыз үй-бүлөлөрдүн пайдалануусуна берүүнү чечкен.

Кичик байбача айлынын жашоочуларынын айтымында, мечит 2010-жылдан бери иштебей калган. Эми аны жергиликтүү ишкерлердин бирине берүү чечими кабыл алынды.

– Акыркы жолу бул жерде 2010-жылы Айт намаз окулган. Мындан кийин ал жабылып калган. Аз күн мурун имаратты мааледеги жаш жыгач устага беришти. Учурда анын ичи чаң, ал мечиттин ичинде эмерек жасай турган цех ачты. Мечит 200 жылдык тарыхка ээ эле, – деди жергиликтүү жашоочу.

Мечит Кичик байбача айлындагы жалгыз сыйынуучу жай болгон:

– Мында адамдар намаз окушчу. Бирок беткапчан душмандар Ташкентте жардыруу уюштургандан кийин ал мечитти жабуу чечими кабыл алынган. Учурда жергиликтүү тургундар 10-15 чакырым жол жүрүп башка мечиттерге барышат. Азыр мечит ачып бергиле десек, бизди душман катары кабыл алышып, бийликтин саясатына каршы чыгып жатат деп ойлоп калуулары мүмкүн, – деди айылдагы аксакалдардын бири.

Өзбекстан Дин башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча республикада 2050 мечит расмий түрдө каттоодон өткөн. 3 миллион киши жашаган Фергана облусунда 200дөй мечит бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню