Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Самаркандда трамвай жүрө баштады

Самаркандда 15-апрелде трамвайдын жаңы багыты ачылды. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жергиликтүү жүргүнчүлөр менен бирге вагонго түшүп, салондо облус активдери менен маек курганын жергиликтүү телеканалдар көрсөттү.

Коомдук транспорттун бул түрүн ишке киргизүүнү алты ай мурун Мирзиёев өзү демилгелеп чыккан.

Трамвай салонунунда президент жергиликтүү активдер менен өлкөдө жүрүп жаткан реформалар, калктын жашоо турмушун жакшыртуу үчүн көрүлүп жаткан иштер тууралуу сүйлөштү.

​Мындан ары Самаркандда «Темир жол бекети– Саттепо» багыты боюнча 20 вагон иштеп баштайт. Линиянын узундугу 6,4 чакырымды түзөт. Расмий маалыматтарга караганда, келечекте Самаркандда төрт багыт боюнча 20 трамвай жүргүзүү пландалууда.

https://youtu.be/mekIXLS8-Fs

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда туризмди өнүктүрөт

Кыргызстан менен Өзбекстан Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик багыттарды өнүктүрүүнүн үстүндө иш алып барат. Өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, кыргыз делегациясы өткөн аптада Ташкентте өткөн туристтик “Эс алуу дүйнөсү” аттуу көргөзмөгө катышып, бул боюнча макулдашууга жетишти.

Ташкентке туристтик индустриянын 20дан ашуун өкүлдөрү барган. Расмий жолугушууларда өзбек тарапты Өзбекстандын туризмди өнтүрүү комитетинин төрагасы Анвар Шарапов жетектеди.

Сүйлөшүүлөр учурунда тараптар туризм тармагындагы кызматташуу, анын ичинде Улуу Жибек жолунда жайгашкан туристтик кооз жерлерди таанытуу боюнча биргеликте атайын турпакет түзүү маселелерин талкуулашты.

Көргөзмөнүн жыйынтыгында кыргыз тарап өзбек делегациясын эл аралык “Issyk-Kul ITF 2017” туристтик көргөзмө-жарманкесине чакырды. Иш-чара “Салам, Ысык-Көл – 2017” фестивалынын алкагында өтөт.

Кыргызстан ТИМинин маалыматы боюнча көргөзмөнүн жүрүшүндө тараптар 2 миллион долларлык 200дөй келишимге кол коюшту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда маркум козголоңчу генералдын акыркы мүлкү конфискацияланууда

Тажикстанда бийлик 2015-жылдагы куралдуу козголоң учурунда жок кылынган Абдухалим Назарзоданын Дүйшөмбүдөгү үйүн бошотууну талап кылууда. Маркумдун кызы Файзигүл Назарованын билдиришинче, өткөн аптада укук коргоо органдары мал-мүлктү конфискациялоо боюнча ордер менен келишкен.

Анын билдиришинче, бийлик үйдү тез арада бошотууну талап кылып, соттун чечимин аткаруу үчүн керек болсо аларды күч менен көчүрүшөрүн айтышкан. Үйдө 13 киши жашайт. Алардын арасында Абдухалим Назарзоданын аялы жана неберелери бар. Назарзоданын 28 жаштагы уулу Бахтиёр Назаров болсо конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө жана жапырт башаламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 22 жылга эркинен ажыратылган.

Ходжа Халим ысымы менен белгилүү Абдухалим Назарзода жарандык согуш учурунда мурдагы оппозициянын башчыларынын бири болгон. Ал уруш аяктагандан кийин өкмөт менен элдешип, коргоо министринин орун басары болуп дайындалган. 2015-жылы 4-сентябрда ал куралдуу козголоң баштап, бир нече күндөн кийин Ромит капчыгайында атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынган.

Тажикстан бийлиги мамлекетке мурдагы генералдын мал-мүлктөрү, анын ичинде тоок фабрика, нан завод жана бир нече турак-жайы өтөрүн кабарлаган. Буга чейин Абдухалим Назарзодага тиешелүү 9 ишкана, 9 турак-жай, 56 автоунаа жана үч эс алуу жайы менен фермалардын бар экени маалымдалган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «экстремисттик билдирүүлөрү үчүн» бир жаран кармалды

Павлодар шаарынын полициясы социалдык түйүндөргө экстремисттик билдирүүлөрдү жайгаштырган деген шек менен жергиликтүү тургунду кармады.

Полициядан билдиришкендей, 21 жаштагы жаран 10-апрелдеги рейд маалында кармалган. Ал социалдык түйүндөр жана мессенджерлер аркылуу терроризм менен диний экстремизмди жайылткан деп шектелүүдө.

Соттун чечими менен шектүү эки айга камакка алынды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёевдин сынынан кийин өзбек милициясы 14 сааттык жумушчу күнгө өттү

11-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев укук коргоо органдарынын ишин сынга алгандан кийин өлкөнүн бардык милиция бөлүмдөрүндө 14 сааттык жумушчу күн тартиби киргизилди. Бул тууралуу өзбек ИИМиндеги булак билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери учурда күнүнө 13-14 сааттан иштеп жатышат. «Мирзиёев селектордук жыйында ички иштер органдарынын ишин канааттандыраарлык эмес деп тапкан. Ошондон кийин милиция кызматкерлерине жумушта түнкү 11ге чейин отуруу буйругу берилди. Ага чейин кечки тогузга чейин иштечүбүз», — деп билдирди ИИМ кызматкерлеринин бири.

Башка бир милиционердин айтымында, укук коргоо кызматкерлери мындай буйрукка чейин деле күнүнө 13-14 сааттан иштеп келишкен. «Бул сыяктуу көрсөтмөлөр дайыма болуп турат. Эртең мененки чогулуштан кийин түнкү 11ге чейин иштечүбүз. Кээ бирде түнкү 2ге чейин отурган күндөр да болот. Мындай учурлар дайыма болуп келген», – деди ал.

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча айрым милиция кызматкерлери жумушчу күн аяктагандан кийин да өз каалоосу менен жумушта калышат. «Кээ бирде жумушта кармалып калууга туура келет. Ички иштер органдарында иштөөнү каалагандар башынан эле ушундай шарттар менен макул болушат. Бирок аларды жумушта түнкү 11ге чейин отурууга эч ким мажбурлабайт. Биз банкта иштебейбиз го», – деди ал.

Өзбекстандын Эмгек кодексине ылайык, өлкөдө жумушчу күндүн узактыгы жумасына 40 сааттан ашпашы керек. Аптасына алты күн иштегендер күнүнө жети сааттан, беш күн иштегендер сегиз сааттан ашык эмес убакыт жумушта болушу зарыл.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Киевде өтчү «Евровидение-2017» сынагына катышуудан расмий баш тартты

“Евровидениенин” уюштуруучулары Орусия 2017-жылы ыр сынагына катыша албай тургандыгын билдиришти.

«Украина орусиялык ырчы Юлия Самойлованынын өз аймагына кирүүсүнө тыюу салгандан кийин Орусияга эки вариант сунушталган: сынакка видео байланыш аркылуу катышуу же башка талапкерди тандоо. Бирок «Биринчи канал» бул эки сунушту тең четке кагып, сынакты көрсөтүүдөн баш тартты. Бул быйыл Орусия «Евровидение» сынагына катыша албайт дегенди түшүндүрөт» деп жазылган билдирүүдө.

Орусия эл аралык сынакка катышуу үчүн “Flame is Burning” деген ыры менен ырчы Юлия Самойлованы тандап алган. Ал бала кезинен бери эле майыптар арабасында отурат.

22-мартта Украинанын Коопсуздук кызматы Юлия Самойлованы өлкөгө киргизбөө тууралуу чечим кабыл алган. Ага ырчынын 2015-жылы Киевдин уруксатысыз Крым жарым аралына барып ырдаганы негиз болгон. Украинанын бул кадамын сынактын уюштуруучулары сынга алышкан. Кремль болсо аны саясий чечим деп атаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабад бийлиги Азади мечитинин аянтын кыскартууда

Түркмөнстан борборунда 1990-жылдары курулган Азади мечитинин аянты кыскартылат. Учурда мечиттин аймагында башкы дарбазасы менен тосмосун ичкери жылдыруу иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү тургундардын бири Оразмураддын айтымында, дарбаза менен тосмону жылдыруу мечит жайгашкан көчөлөрдү кеңейтүү иштерине байланыштуу.

«Эмнеси болсо да мечитти бузушкан жок. Болгону дарбазасы менен тосмосун бир метр ичкери жылдырышты. Ошондуктан биз Кудайга ыраазыбыз, анткени жолду кеңейтүү шылтоосу менен мечиттин өзүн деле бузуп салса биз эч нерсе кыла алмак эмеспиз», — деди ал.

Акыркы 15 жыл ичинде Ашхабадда бери дегенде эле 7 мечит бузулган. Алардын көбү кайыр-садага катары элден чогулган каражаттын эсебинен курулган Хезрет Омар, Имам Реза, Хезрет Али сыяктуу мечиттер.

Оразмураддын айтымында, жергиликтүү тургундар мечит аянтынын кыскартылышына нааразы. Анткени буга чейин мечиттин айланасындагы тротуарлар жашоочулар үчүн тар деле болгон эмес.

«Бизде ушундай, бузуу керек десе эле жетекчилер жандана түшөт. Алардын жүрөгү эч нерсеге оорубайт. Карагылачы, кандай кооз, бийик дарбазаны бузуп жатышат. Анан да бул иштер мамлекеттин эмес, элдин кайыр-садагасынан топтолгон мечиттин эсебинен аткарылып жатат», – деп кошумчалады ал.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда адвокат Ёров жаңы кылмыш иши боюнча жактоочуга муктаж болууда

Тажикстандын Башкы прокуратурасы соттолгон адвокат Бузургмехр Ёровдун жубайы Заррина Набиеваны маектешүүгө чакырды. Анда Ёровду жаңы кылмыш иши боюнча жактоого алуу маселеси талкууланды.

Заррина Набиева азырынча бул иш боюнча сотто күйөөсүн ким коргой турганы белгисиз экенин билдирди. «Биз бардыгына, анын ичинде тууган адвокаттарга да кайрылып көрдүк. Бирок бул ишке аралашууну эч ким каалаган жок, анткени баары тең өз өмүрлөрү үчүн кооптонуп жатышат. Эми аны мамлекет тарабынан дайындалчу адвокат жактоого алат окшойт», – деди ал.

13-апрелде Башкы прокуратура Бузургмехр Ёровго каршы «ММКларды же интернетти пайдалануу менен Улут көсөмүн кемсинтүү» беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши козголгонун расмий билдирди.

Заррина Набиева жаңы кылмыш ишинин козголушуна Бузургмехр Ёровдун сот отурумунда айткан сөздөрү себеп болгонун билдирди. Айтымында, анда күйөөсү адвокат кезинде жана ИИМде тергөөчү болуп иштеп жүргөндө дайыма өлкө президенти тарабынан кол коюлган мыйзамдын чегинде иштеп келгендигин айткан. «Эгер мени алдамчылыкка айыптап жатышса, демек бардыгы тең алдамчы», – деп билдирген анда Бузургмехр Ёров.

Адвокаттын бул билдирүүсүн «Паём.нет» сайты басып чыккан. Анын негизинде өлкөнүн Башкы прокуратурасы 25 жылга соттолгон адковатка каршы жаңы кылмыш ишин козгогон.

Дүйшөмбү соту өткөн жылдын 6-октябрында Бузургмехр Ёровду алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого күнөөлүү деп таап, 23 жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк «сотту сыйлабоо» жана «бийлик өкүлүн кемсинтүү» айыптары менен адвокатка дагы бир кылмыш иши козголгон. Өткөн айда Ёровго карата кошумча дагы 2 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылып, камактагы жалпы мөөнөтү 25 жылды түзүп калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы «жөнөкөйлөтүлгөн меню» иштелип чыкты

Казакстандын Актөбө облусунун имамдары аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы «жөнөкөйлөтүлгөн меню» иштеп чыгышты. Көбүнчө казак улуттук тамактарынан турган ал меню 13-апрелден тарта шаардагы борбордук мечиттин жанындагы ашканада колдонулат.

«Бул менюну бекитээрден мурун облустагы райондордун бардыгын кыдырып чыктык. Жергиликтүү тургундардын арасында сурамжылоо жүргүздүк, ага жалпысынан 1 230 киши катышты. Алардын 85 пайызы аш берүүдөгү ысырапкорчулукка каршы экендиктерин билдиришти», — деди Казакстан Мусулмандар дин башкармалыгынын Актөбө облусу боюнча өкүлү Толеби Оспанов.

Анын айтымында, эми бул менюну жергиликтүү ресторандар менен кафелерге таркатуу мерчемделүүдө. Андан сырткары облустагы имамдарга ысырапкорчулуктун зыян экендиги тууралуу калк арасында диний үгүттөрдү күчөтүү тапшырылды.

Жаңы менюга ылайык, облустук мечиттин алдындагы ашканада 100 кишинин чыгымы 170 миң теңгени (550 доллардын тегереги) түзөт. Анын 105 миңи азык-түлүк сатып алууга жумшалса, калганы ашкана кызматкерлерине берилет. Ошол эле маалда жергиликтүү ресторандарда 100 кишиге аш берүүдө кеминде 300-400 миң теңге чыгымдалып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия Өзбекстанга аскер техникасын берүүнү көбөйтөт

Орусиянын Федерация кеңеши Өзбекстанга курал-жарак жана аскер техникасын берүүнү көбөйтүү тууралуу өкмөттөр аралык келишимди ратификациялады. Бул тууралуу «Парламент гезити» билдирди.

Федерация кеңешинин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү Ольга Ковитидинин айтымында, 2016-жылы Москвада кол коюлган келишим эки тарапка тең пайдалуу жана аскердик багыттагы техниканы жеткирүү жараянынын натыйжалуулугун арттырууга арналган.

Анда аскердик багыттагы техникаларды жеткирчү өлкө алардын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл жүргүзүүгө укуктуу экендиги, ал эми экинчи тарап андай көзөмөлдүн ишке ашырылышын камсыз кылып бериши керектиги жазылган.

Келишимди аткаруу Орусиянын Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматына жана Өзбекстандын Коргоо министрлигине жүктөлдү. Бирок азырынча Орусия тарап Өзбекстанга бере турган курал-жарактын көлөмү жана түрү тууралуу маалымат бериле элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню