Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Ташкентте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызмат өкүлдөрү жолугушууда

Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн атайын кызмат өкүлдөрү терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттерди көрүү маселесин талкуулашат.

ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, ШКУнун аймактык антитеррористтик түзүмүнүн 30-мартта Ташкентте ачылган жыйынында 2017-2018-жылдарга карата түзүлгөн иш-чаралардын планы жана коркунучтарга каршылык көрсөтүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланат. Ага Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандын атайын кызматтарынын делегациялары катышат.

Жыйындын жүрүшүндө ШКУнун жаңы мүчөлөрү — Индия жана Пакистан менен өз ара аракеттешүү маселеси да көтөрүлөт.

Андан сырткары интернетти террористтик, сепаратисттик жана экстремисттик максаттарда пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча биргелешкен антитеррористтик машыгууларды жана атайын кызматтардын чек ара операцияларын өткөрүү мүмкүндүктөрү талкууланып, ШКУ өлкөлөрүнүн «Шериктештик-2016» биргелешкен машыгууларынын жыйынтыктары чыгарылат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда Эл аралык джаз фестивалы ачылды

30-мартта Алматыда 16-эл аралык джаз фестивалы ачылды. 2-апрелге чейин улана турган иш-чарага Австрия, Венгрия, Германия, Израиль, Испания, Италия, Казакстан, Польша, Тажикстан жана Франциядан барган музыканттар катышат.

Фестиваль Алматы акимиатынын жана катышуучу өлкөлөрдүн консулдуктарынын колдоосу менен шаардагы Джаз мектеби тарабынан уюштурулду.

Концерттер шаардагы эң мыкты сахналардын бири эсептелген Жамбыл атындагы Мамлекеттик филармонияда өтүүдө. Концерттен кийин фестиваль катышуучулары салттуу jam session сессиясы үчүн шаардагы ресторандардын бирине чогулушат. Ал эми күндүз джазга кызыккан адамдарга мастер-класстарды өткөрүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Порошенко ок атууну токтотууну буюрду

Украина президенти Петр Порошенко Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы менен Коргоо министрлигине 1-апрелден тарта Донбасста ок атууну токтотууну буюрду. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

Порошенконун айтымында, ок атпоо режимин орнотуу демилгеси Украинага таандык. “Бул Орусиянын украин тарап тынчтыкка даяр эмес деген билдирүүлөрүн дагы бир жолу четке кагууда”, – деди украин президенти.

29-мартта Минскте Донбасстагы абалды тынчтык жолу менен жайгаруу боюнча үч тараптуу контакттык топтун жыйыны өткөн. Анын жүрүшүндө ок атууну токтотуу макулдашуусу жетишилген. Ошондой эле тараптар 6-апрелден тарта Станица Лугансктын алдындагы күчтөрдү алып кетүү тууралуу макулдашкан.

Киев марттын башында орусиячыл куралдуу жикчилдер украин аскерлеринин Авдеевкадагы позицияларын дээрлик күнү-түнү аткылап жатканын билдирген.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Өзбекстан жараны газга болгон карызынан улам өзүн өзү өрттөдү

30-мартта Өзбекстандын Наманган облусунун 47 жаштагы тургуну үстүнө бензин куюп, өзүнө өрт койду. Ал денесинин 100 пайызы күйүп ооруканага жеткирилген, бирок кечке жакын кайра жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Коңшуларынын айтымдарында, ал бир канча күн мурда көгүлтүр отунга болгон карызын доолап келген газ ишканасынын кызматкери менен чатакташып кеткен.

«Ал өзүн сарайда өрттөгөн. Чуркап барган аялы өрттү өчүрүүгө аракет кылган, бирок жалын ага да жабышкан. Анан биз жетип барып балдары менен бирге араң өчүрдүк. Аны менен бирге ооруканага аялы да жеткирилди. Жубайынын далысы жана манжалары күйгөн. Учурда анын ден соолугуна эч кандай коркунуч жок», – деди коңшуларынын бири.

Маалыматка караганда, өзүн өрттөгөн 47 жаштагы жаран түрдүү жумуштарда жалданып иштеп жүрчү. Анын артында төрт уулу жана бир кызы калды.

Бул окуяга байланыштуу адам өлүмү фактысы боюнча «Өз жанын кыйууга чейин жеткирүү» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, газ ишканасы каза болгон адамдын моюнуна 2 миллион сумдук (260 долларга жакын) карыз илген. Андан сырткары анын үйүндө газ насосу табылып, бул тууралуу прокуратурага кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан: «Европа «террористтик» уюмдун мүчөсүн кармагандын ордуна, ага башкалка берди»

Тажикстан Башкы прокуратурасынын өкүлү Шохин Талбакзода өлкөдө «террористтик» жана «экстремисттик» деп таанылган «Группа 24» жана «Тажикстан ислам кайра жаралуу партиясы» ЖККУга мүчө өлкөлөр тарабынан дагы деле «кара тизмеге» киргизе электигине нааразычылыгын билдирди.

Анын айтымында, айрым эл аралык уюмдар менен Европа өлкөлөрү аларга колдоо көрсөтүп, аларды Тажикстандын бийлигине оппозиция деп да эсептеп келишет.

“Өлкөдө тыюу салынган Тажикстан кайра жаралуу партиясынын төрагасы Мухиддин Кабири Интерполдун тизмесинде тез арада камалышы керек болгон адамдардын катарында. Бирок айрым европалык өлкөлөр аны камакка алуунун ордуна, ага башкалка берип жатышат”, – деди Шохин Талбакзода.

Интерпол Мухиддин Кабирини издеп баштаганын өткөн жылдын сентябрында эле билдирген. Эл аралык полициянын расмий сайтында Кабиринин эки сүрөтү жана кыскача өмүр баяны жайгаштырылган. Ал «терроризмге, кылмыштуу топ түзүүгө жана алдамчылыкка» айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда KazSat-2 байланыш спутнигин башкара албай калышты

Казакстан бийлиги KazSat-2 спутнигинин ишинде мүчүлүштүктөр жаралганын билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

«Казинформ» расмий агенттигинин билдирүүсү боюнча, Өлкөнүн Коргонуу жана аэрокосмикалык өнөр-жай министрлигинин кызматкерлери спутникти 31-мартта, Астана убактысы боюнча саат 8:22ден тарта башкара албай калышкан. Буга байланыштуу өлкөдөгү 13 байланыш жана телеберүү операторлору ишин токтотту.

Казакстандын Космикалык байланыш борборунун билдирүүсүндө адистер тарабынан «спутниктин ишин тез арада калыбына келтирүү» чаралары көрүлүп жатканы айтылган.

KazSat-2 орбитага 2011-жылдын июлунда учурулган. 2015-жылдын 30-июнунда KazSat-2 спутнигинде көйгөйлөр жаралып, ал бир канча убакытка ишин токтоткон. Кийин анын себеби катары космикалык аппаратты башкаруу системасынын ишиндеги мүчүлүштүктөр айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда адамдарды ИМ тобуна азгырууга шектелген жаран кыйноого кабылганын билдирди

Тажикстанда адамдарды «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун катарына азгырууга шектелип кармалган жарандын көрсөтмө берүүгө мажбурлангандыгы тууралуу арызы каралууда. Адвокаттардын билдиришинче, 29 жаштагы Жовидон Хакимов кармалгандан кийин аны суракка алган полиция кызматкерлери ырайымсыздык менен сабашкан.

«Сотто Хакимов полиция бөлүмүндөгү сурак маалында аны сабашып, мурдун сындырышканын айтты», — деди анын адвокаты Мухаббат Усмонова. Айтымында, полициячылар Хакимовду ток менен да кыйнашкан.

Дүйшөмбү сотунда көрсөтмө берген бир нече полиция кызматкери Хакимовдун айткандарын четке кагышты. Усмонованын айтымында, сот Хакимовду медициналык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу адвокаттардын өтүнүчүн канаатандырган жок.

Хакимов Тажикстандын бир нече жаранын «Ислам мамлекети» тобунун катарында Ирак менен Сириядагы согуштарга катышууга азгырган деп айыпталууда. Прокурорлор ал ИМ жоочуларынын катарында Иракта согушуп жүргөн агасы жана кошунасы менен дайыма телефон аркылуу сүйлөшүп турганын билдиришкен. Болжол менен анын агасы Ирактагы салгылашуулардын биринде каза болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда сталиндик террордун 80 жылдыгын белгилөө сунушталууда

«Нур Отан» фракциясынын мүчөлөрү Иосиф Сталиндин тушунда Советтер Союзундагы жапырт камоолор, кыйноолор жана өлтүрүүлөрдүн курмандыктарын эскерүү иш-чарасын өткөрүүнү сунушташты.

Фракция мүчөлөрүнүн тиешелүү кайрылуусу өлкө премьер-министри Бакытжан Сагинтаевге жөнөтүлдү. Анда 1937-жылдагы өлкөдөгү кандуу тазалоолордун башталышынын 80 жылдыгын белгилөө зарылдыгы көрсөтүлгөн.

«Ал репрессиялардын жыйынтыгында көптөгөн саясий ишмерлер менен улуттук интеллигенция өкүлдөрү «эл душмандарынын» катарына киргизилип, атылган же узак мөөнөттөргө абактарга камалышкан», — деди фракция мүчөсү Карибай Мусырман.

Тарыхчылардын маалыматы боюнча, сталиндик репрессиялар маалында Казакстанда кеминде 22 миңдей киши атылган.

Советтер Союзундагы ири террордун башталышынын 80 жылдыгына байланыштуу депутаттар илимий-практикалык конференцияларды уюштуруп, билим берүү мекемелеринде ачык сабактарды, маданий жайларда окуу жыйындары менен көргөзмөлөрдү өткөрүүнү, ошондой эле тематикалык документалдык тасмаларды жана театралдык оюндарды көрсөтүүнү сунушташты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Сотто Ёровду коргогон адвокат Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирди

Камактагы адвокат Бузурмехр Ёровдун мурдагы жактоочусу Муаззама Кодирова бийликтин басымы жана коркутуп-үркүтүүлөрүнөн улам Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болуп, башкалка сурап Германияга кайрылганын билдирди. Ал үч ай мурда дайынсыз жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин каякта экени белгисиз болуп жаткан.

«Баары 5-январда, мен жактоого алган Бузурмехр Ёров менен жолуккан күнү башталган. Жолугушуунун алдында уруксат берилгенине карабастан анын адвокаттарын алып коюшкан. Андан соң Бузурмехр Ёров тууралуу жергиликтүү жана эл аралык маалымат каражаттарындагы макалалардын бардыгы тең менин диктофонумдагы жазуулардын негизинде жазылганын билдиришти», – деди Муаззама Кодирова.

Айтымында, бул окуядан кийиндароо ага басым жасоолор болуп, ал дагы кылмыш ишинин фигуранты болуп калышы мүмкүндүгүн ишара кылышкан. Буга байланыштуу ал Тажикстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Дүйшөмбү соту өткөн жылдын 6-октябрында адвокат Бузургмехр Ёровду “алдамчылык” жана “документ жасалмалоо” боюнча айыптап, 23 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ал соттогу акыркы сөзүндө айыптоолордун бардыгын четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирген. Айтымында, ал Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын камалган мүчөлөрүн коргогондугу үчүн куугунтукка кабылган.

Бир канча күн мурда Бузургмехр Ёров сотту сыйлабай, бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирген деген айыптар менен козголгон экинчи кылмыш иши боюнча дагы 2 жылга эркинен ажыратылган. Бул эки жылды кошкондо адковаттын жалпы жаза мөөнөтү 25 жылды түзүп калды. Андан сырткары анда бийлик өкүлдөрүнө акарат келтирүү иши боюнча бир жылга түзөтүү жумуштарын аткаруу жазасы бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстандын өлкөдөн «чыгуу визасы» үй-бүлөлөрдү бөлүүдө

Айрым өзбекстандыктар өлкөдөн «чыгуу визасын» алуудагы көйгөйлөрдөн улам башка өлкөлөрдөгү үй-бүлө мүчөлөрүнө бара албай жаткандыктарын айтып даттанышууда. Өзбекстан дагы деле өлкөдөн чыккан жарандарына виза берүү эрежесин сактап калган мурдагы СССР аймагындагы жалгыз мамлекет.

Ташкенттин жашоочусу Лобар Юнусова Бириккен Араб Эмирлигине күйөөсү менен бир жашка толо элек кызын калтырып, өзү болсо эки баласы менен мекенине келгенин билдирди. Айтымында, ал тогуз айдан бери ИИМден өлкөдөн чыгууга уруксат берчү «чыгуу визасын» ала албай келет.

Самарканддын жашоочусу Зарина болсо АКШга кайтып баруу үчүн «чыгуу визасын» күтпөстөн, Украина аркылуу учуп кетүүгө аргасыз болгонун айтты. «Өткөн жылы катуу ооруп жаткан апамды көрүү үчүн эмчектеги балам менен Өзбекстанга баргам. Эки уулум, жолдошум АКШда калган. Виза ала албай, алты ай Өзбекстанда жүрдүм. Жооп болбогон соң АКШга Украина аркылуу учуп кетүүнү чечтим. Анткени Киев аэропортунда Өзбекстан жарандарынан «чыгуу визасын» талап кылышпайт. Менин башка аргам жок болчу, эми кайра Өзбекстанга бара албайм, анткени өлкөдөн бийликтин уруксаты жок чыгып кеткем да», – деди Зарина.

Өлкө ТИМинин Жарандардын кирип-чыгуусун көзөмөлдөө жана жарандык берүү башкармалыгынын кызматкери адатты визалар эң узак дегенде үч күндүн ичинде бериле турганын айтты. «Айрым жарандарга виза берүү боюнча жооп кечигип калышы мүмкүн. Бирок андай учурлар өтө сейрек кездешет. Эгер жаран арызды туура толтурса жана буга чейин өлкөдөн чыгуу тартиптерин бузбаган болсо, анда ага эч көйгөйсүз эле «чыгуу визасын» беребиз», – деди ал.

Өткөн жылы өзбекстандыктар жаңы президент Шавкат Мирзиёевден «чыгуу визасын» жоюуну талап кылышкан. Change.org сайтында визаны жоюуга чакырган петиция жарыяланган болчу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню