Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда Гарлык тоо-кен комбинаты ачылды

Түркмөнстан жана Беларус президенттери Гурбангулы Бердымухамедов менен Александр Лукашенконун катышуусунда Гарлык тоо-кен байытуучу комбинатынын ачылыш аземи өттү. Комбинат эки өлкө ортосундагы келишимдин негизинде беларус адистери тарабынан салынган.

Тоо-кен байытуучу коминаттын пайдубалы 2009-жылы түптөлгөн. Курулушту жүргүзгөн “Белгорхимпром” беларус компаниясы ишти 2015-жылы бүткөрүүнү пландаган.

Долбоордун жалпы наркы 1 миллиард долларга бааланууда. Комбинат жылына 1 миллион 400 миң тонна калий жер семирткичин чыгарууга кудуреттүү.

Эки тараптуу жолугушуу маалында Лукашенко Беларус Түркмөнстан үчүн Европа борборундагы “ишенимдүү тирек” экенин билдирди. Ал Бердымухамедовго кайсы бир маселелерди чечүүдө Түркмөнстан Беларуска ишенсе боло турганын айтты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казак журналисти Жанболат Мамай 1-майга чейин камакта калтырылды

Алматыда сот БТА Банктын мурдагы башчысы Мухтар Аблязовдун ишине байланыштуу айыпталып 10-февралдан бери камакта жаткан журналист Жанболат Мамайды дагы бир ай абакта калтыруу боюнча чечим чыгарды. Бул тууралуу сөз эркиндигин коргогон “Адил сөз” уюму билдирди.

Маалыматта Жанболат Мамайды 10-майга чейин камакта калтыруу боюнча чечим чыккандыгы айтылат.

Сот отурумуна чейин Жанболат Мамай эч кандай кылмыш жасабаганын жана өзүнө карата ачылган иште саясий өңүт бар экенин билдирген. Сотко келген отуздай адам Мамайды үй камагына бошотууну сурап, анын эч кайда кетпей турганына кепил болушарын өтүнүшкөн.

«Саяси калам. Трибуна» гезитинин редактору Жанболат Мамай мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан уурдалды делген БТА банктагы акчаларды адалдаштырууга айыпталып, февралдын башынан бери камакта. Мамай коюлган айыптарды четке кагууда. 2009-жылдан бери Европада жашап жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов айыптоону «абсурд» деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирген.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлигин журналистти бошотууга үндөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Рустами Эмомали депутат болуп шайланды

Тажикстан президентинин тун уулу, Дүйшөмбү шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Рустами Эмомали шаардык мажлис үчүн өткөн шайлоодо жеңишке жетишти.

Дүйшөмбү шаарынын шайлоо комиссиясы билдиргендей, №25 шайлоо округунда Рустами Эмомали үчүн шайлоочулардын 84,8 пайызы добуш берди. Анын атаандаштары – Демократиялык партиядан Хикматулло Саидиён менен Агрардык партиядан Фазлиддин Икромов 2,63 жана 7,81 пайыз добуш топтошту.

Дүйшөмбүнүн №25 жана №62 шайлоо округдарында шайлоо 2-апрелде өттү.

Рустами Эмомали 12-январда Тажикстан президентинин жарлыгы менен Дүйшөмбү шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага чейин борбор калаанын администрациясын 19 жыл бою Махмадсаид Убайдуллоева жетектеп келген.

Рустами Эмомали расмий түрдө шаардык мажлистин депутаты болгондон кийин ал президенттин жарлыгы менен Дүйшөмбүнүн толук кандуу мэри болуп калат. Учурда өлкө башчынын уулу – Дүйшөмбү шаарынын төрагасынын милдетин аткаруучу.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ашхабадда абактагы бизнесмендин соода борбору жаңы ысым менен ачылды

Бир ай мурун жабылып калган Ашхабаддагы “А-Маркет” супермаркети “Рухыбелент” деген ат менен кайрадан ачылды. Соода борбору “Түркмөнстан өндүрүшчүлөрү жана ишкерлери бирикмесинин” мүчөсү, сок чыгарган “Рухыбелент” компаниясына таандык.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын маалыматы боюнча супермаркеттин мурдагы кожоюну Довлет Атаев февралда 25 жылга түрмөгө кесилген.

Супермаркет кандай жол менен жаңы кожоюнга өткөндүгү тууралуу маалыматтар жок.

“А-Маркеттин” ээси, бизнесмен Атаев былтыр октябрда динаятчы Фетхуллах Гүлендин “Хизмет” кыймылы менен байланышта деп шектелип кармалган. Гүлен 2016-жылы Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракетин уюштурууга айыпталууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда жаңы эки автоунаа үлгүсү чыгарыла баштайт

Жакынкы убактарда Ravon өзбек брендинин моделдик катары кеңейтилет. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Шараф Ашуровго шилтеме кылып орусиялык ММКлар жазышты.

Ашуровдун айтымында, автоунаанын дароо эки үлгүсү пайда болот. Алгач С-классындагы анча кымбат эмес үлгүсү көрсөтүлөт деп күтүлүүдө. Ravon Орусияда кеңири белгилүү болгон Chevrolet Cruze унаасынын биринчи муундагы үлгүсүн чыгара башташы мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Белгилүү болгондой, АКШда экинчи муундагы Chevrolet Cruze унаасынын жаңы үлгүсү сатылууда. Анын мурдагы муундагы үлгүлөрү Ravon деген аталыш менен чыгат. Жергиликтүү ММКлардын маалыматына караганда, Өзбекстан Chevrolet Cruze үлгүсүнүн хэтчбек, седан жана универсал түрлөрүн чыгарышы мүмкүн.

Чыгарыла турган экинчи үлгүсү B-SUV сегментиндеги компакттуу Ravon унаасы болот. Мында кеп кайра өзгөртүлүп жасалган Chevrolet Tracker тууралуу болууда. Болжолдуу маалыматтар боюнча ал 140 аттын күчүнө ээ болгон 1,8 литрлик бензин мотору менен сунушталышы мүмкүн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусияда электр энергиясын уурдагандарды алты жалга камоо сунушталууда

«Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаттары электр энергиясын уурдоо жана электр түйүндөрүнө мыйзамсыз кошулуу үчүн алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы сунушталган мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна алып чыгышты.

Документке ылайык, уурулук тууралуу өз ыктыяры менен билдирген жана келтирилген чыгымдын орду толтурулган учурда кылмыш жоопкерчилиги алынат.

Депутаттар «мунай куурларын зыянга учуратуу же жараксыз абалга келтирүү тууралуу» учурдагы беренеге толуктоолорду киргизүүнү сунуштап жатышат. Демилгечилердин айтымдарында, бул мыйзамдагы укуктук боштукту толтурат.

Эгер мыйзам кабыл алынса, электр энергиясын уурдагандар 100 миң рублден 500 миң рублге чейинки өлчөмдөгү айып пул төлөйт. Болбосо 1,5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен беш жылга чейин мажбурлап иштетүү, же 80 миң рубль айып төлөтүү менен алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат.

Депутаттар беренеге өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын электр энергиясын уурдоо учурларынын көбөйүп кеткендиги менен түшүндүрүшүүдө. Алардын пикиринде, бул энергетикалык компаниялардын кирешесине гана эмес, Орусия жашоочуларынын коопуздугуна да таасир этет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстан "Ямал" авиакомпаниясынын каттамдарына уруксат берди

Тажикстан орусиялык “Ямал” авиакомпаниясы үчүн Дүйшөмбү жана Худжант шаарларына каттоого уруксат берди. “Ямал” компаниясы билдиргендей, учуулар бир катар процедуралардан кийин жүзөгө ашат.

Тажик бийлигинин “Ямалдын” учактарынын учуусуна кантип макул болгону ачык айтылган жок. Бирок бир күн мурун Орусиянын Транспорт министрлиги авиакомпанияга тыюу салуу улана берсе, жаңы чаралар колдонуларын Дүйшөмбү бийлигине эскерткен.

Буга чейин Орусиянын транспорт министри Максим Соколов Тажикстан жайкы каттамдардын ырааттамасы боюнча расмий түрдө жооп бере электигин билдирген.

2016-жылы 20-декабрда тажик бийлиги “Жуковский” аэропортунан Дүйшөмбүгө сапар алчу “Ямал” авиакомпаниясынын каттамдарына тыюу салган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Мирзиёев жеке күзөтүн кенже күйөө баласына тапшырды

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевди Казакстан жана Түркмөнстанга кенже күйөө баласы коштоп барган. Муну расмий сапарлар учурунда тартылган сүрөттөрдөн жана видеолордон көрүүгө болот.

Шавкат Мирзиёевдин 22-23-мартта Астанага жасаган сапары тууралуу материал Казакстан президентинин akorda.kz расий сайтында жарыяланган. Сүрөттө өзбек лидеринин күйөө баласы Отабек Шаханов кайнатасынын артында турат. Шахановдун төшүндө президенттин жеке күзөтүнүн бейжи тагылган.

Бул арада Centre1.com интернет басылмасы Отабек Шахановдун ысымы Казакстан борборуна барган өзбек делегациясынын мүчөлөрүнүн тизмесинде бар экенин билдирди.

Буга чейин Eltuz.com интернет басылмасы Шавкат Мирзиёев коопсуздук системасына күйөө баласы Отабекти ишке алганын жазган. Маалыматка караганда, Отабек Шаханов январда президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Бирок Мирзёевдин кенже күйөө баласынын күзөт кызматына ишке алынгандыгы тууралуу расмий кабар чыга элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда өлкөгө «зыяндуу» адабияттарды алып кирүүгө тыюу салынды

Тажикстандын Маданият министрлиги атайын уруксаты жок өлкөгө китеп алып кирүүгө жана өлкөдөн чыгарып кетүүгө тыюу салды. Бул тууралуу министрликтин тарыхый жана маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу бөлүмүнөн билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, жарандар алынып келинип жаткан китептердин санына карабастан Маданият министрлигинен уруксат алууга милдеттүү болушат. Бул тартип ошондой эле басылып чыккан жерине, тилине жана алынып келаткан өлкөсүнө карабастан бардык китептерге тиешелүү болот.

Акыркы кездери тажик бажычылары тарабынан чек арадан өтүп жаткан адамдардан перс тилиндеги ондогон китептердин алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтар көп жарыяланууда.

Буга чейин өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети менен Ички иштер министрлиги өлкөгө алып кирүүгө тыюу салынган китептердин өз тизмелерин түзүшкөн. Аларга бардык диний жана сыйырчылык тууралуу китептер да киргизилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Түркмөнстанда мунайгаз тармагында иштегендер Азия оюндарына «ыктыярдуу түрдө» акча беришет

Түркмөн өкмөтү апрелден тарта мунайгаз тармагында эмгектенген жарандардын маянасынан 15-20%дан кармап кала баштайт. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришүүдө.

Маалыматка караганда, жумушчулардын маянасынан алынган акча сентябрда Ашхабадда өтө турган Азия оюндарын каржылоого жумшалат.

Бул маалыматты «Азаттыктын» түркмөн кызматына “Гамышлыжа небит” мунай өндүрүү ишканасынын, ошондой эле Балкан облусундагы “Туркменнебит” мамлекеттик корпорациясынын кызматкерлери ырасташты.

Алардын айтымдарында, акыркы бир нече күндөн бери өлкөнүн мунайгаз тармагындагы бардык ишканалардын жумушчулары Азия оюндарын өткөрүүгө «ыктыярдуу жардам» катары айлыгынан акча кармап калуу өтүнүчү менен арыз жазууга милдеттендирилүүдө.

Айлыктын 15-20% кармап калуу ушул жылдын апрелинен сентябрына чейин уланары кабарланууда. Буга чейин мамлекеттик ишканалардын башка тармактарында иштеген кызматкердин да айлыктарынан акча кармалып, жеке ишкерлер «ыктыярдуу негизде» акча бере тургандыктары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню