Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Тажикстан аба каттамдары боюнча Орусияга эскертүү берди

Тажик бийлиги орус тарап тажикстандык “Сомон Эйр” аба компаниясына карата чектөөлөрүн токтотпосо, 6-апрелден тарта орусиялык эки авиакомпаниянын Тажикстанга каттамдарына тыюу салаарын эскертти.

4-апрелде Орусиянын Транспорт министрлигине нота жөнөтүлгөнүн Тажикстандын Транспорт министрлиги кабарлады.

Орусия 31-мартта “Сомон Эйр” компаниясынын Дүйшөмбү менен Хоженттен Москвага багыт алган каттамдарына тыюу салган. Буга тажик бийлигинин орусиялык “Ямал” авиакомпаниясынын Москванын Жуковский аэропортунан Дүйшөмбү шаарына учуусуна уруксат бербегени себеп болгон.

Тажик тарап орус аба компанияларынын Тажикстанга каттамдары көбөйүп кеткенин жүйө кармап, бул жергиликтүү компанияларга залакасын тийгизерин билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүү Акбар Жалиловдун ата-энеси Ошто сурак берүүдө

Санкт-Петербургдагы жардырууга тиешеси бар деп шектелген теги кыргызстандык жарандын ата-энеси Ошто сурак берүүдө.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сурак тийиштүү мыйзамдын негизинде атайын кызматтын Оштогу башкармалыгында жүрүп жатат.

УКМК кечээ Жалилов Кыргызстанда туулганын, кийин орус жарандыгын алганын тастыктаган.

3-апрелде Санкт-Петербургдагы эки метро станциясынын ортосунда поезд вагону жарылган. Андан көп өтпөй дагы бир метро станциясында жарылбай калган бомба табылган.

Мерт кеткендердин саны соңку маалыматтар боюнча 14 киши. Элүүдөй адам ооруканада.

Орус бийлиги муну теракт деп атады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда прокурор ачкачылык жарыялаган мунайчыны үч жылга соттоону сурады

Астанда өтүп жаткан сотто прокурор Мангыстау облусундагы Oil Construction Company (OCC) ишканасынын кесиптик кошуун уюмунун эмгек инспектору, активист Нурбек Кушакбаевди үч жылга эркинен ажыратууну сурады. Ал мыйзамсыз иш таштоого айыпталууда.

Прокурор мындан тышкары Techno Trading компаниясына 25 миллион 200 миң теңге көлөмүндөгү материалдык чыгымды өндүрүп берүүнү сурады. Techno Trading компаниясынын өкүлү кандай чечим чыкса да, компания чыгымы төлөнсө жетиштүү болорун айтты.

Активист Кушакбаевдин адвокаттары анын күнөөсүз экенин эскертип бошотууну сурашты.

Жүздөгөн мунайчылардын катышуусундагы ачкачылык акциясы быйыл январда орун алган. Нааразылык акциясына Каламкас жана Жетыбай мунай кендериндеги жумушчулар да кошулушкан. Алар Көз карандысыз кесиптик кошуундар конфедерациясынын жабылышына каршы нааразылыгын билдирип, талаптарын бийликке жеткирүүнү көздөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Медведев Навальныйдын иликтөөсүн "сандырак" деп атады

Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун анын кыймылсыз мүлктөрү жана кайрымдуулук фонддору менен байланыштары тууралуу иликтөөсүнө биринчи жолу комментарий берди.

Орус өкмөт башчысынын айтымында, иликтөөнүн артында элди көчөгө алып чыгуу, керт баштын камын көрүү жана саясий максаттар бар. Медеведев иликтөөнү “сандырак” деп атады.

Медведев чагымдарга карабай, ишин уланта берерин айтты.

26-мартта Орусиянын бардык аймактарында, анын ичинен Москва жана Санкт-Петербургда жапырт түрдө антикоррупциялык митингдер өттү.

Орусия президенти Владимир Путин антикоррупциялык митингдерди “араб жазы” менен “Евромайданга” салыштырды.

Нааразылык акцияларын уюштурууга Коррупцияга каршы фондунун “Ал силерге Димон эмес” деген иликтөөсүнүн жарыяланышы себеп болду. Тасмада өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин “жашыруун империясы” – кымбат баалуу мүлкү, жер аянттары, жүзүмзарлары, яхталары жөнүндө көрсөтүлгөн.

https://youtu.be/hTRbzvKF6RQ

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда мектепте мугалимди күйөөсү бычактап таштады

4-апрелде Өзбекстандын Карши шаарындагы мектептердин биринде күйөөсү аялын бычактап өлтүргөн окуя катталды. Күбөлөрдүн айтымында, 29 жаштагы биология мугалими Мухаббат Кучимова класста отурганда жолдошу кирип келип  бир нече жолу бычак урган.

Мухаббат Кучимова алган жаракатынан улам дароо көз жумган. “Мухабат нөөмөттө болчу. Ал класста жалгыз отурганда күйөөсү атырылып кирип келип бир нече жолу бычак сайган. Учурда мектептегилердин баары дендароо болуп турат”,–деди маркум мугалимдин кесиптештеринин бири.

Биология мугалимине жолдошу эмне себептен кол салган азырынча белгисиз.

Карши шаарынын милициясы кылмышкер окуя болгон жерден качып кеткенин, учурда аны издөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Тажикстанда сот имаратынын жанындагы жардырууга шектүүлөр кармалды

Тажикстанда бир кишинин өмүрүн алган аскердик соттун имаратынын алдындагы жардырууга шектелип эки адам кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Мекеме тергөө уланып жатканын жүйө келтирип, шектүүлөрдүн аты-жөнүн жана окуянын чоо-жайын билдирүүдөн баш тартты. Жардырууну ИИМ террордук акт катары кароодо.

Тажикстан милициясы 12-март күнү кечинде Курган-Төбө шаарындагы облустук сот имаратынын алдындагы жардыруудан каза болгон адамдын тек-жайы аныкталганын билдирген. Ал 67 жаштагы Хасанбой Рахмонов аттуу этникалык өзбек болгон. Анда ММКлар жардырууну жергиликтүү мектептердин биринде кароолчу болуп иштеген адам жасаган болушу мүмкүн экендигин кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Казакстанда «Таблиги Жамааттын» «мүчөлөрү» соттолду

Түштүк-Казакстан облусунун соту Казакстанда тыюу салынган «Таблиги Жамаат» диний уюмунун идеаларын жайылтуу айыбы менен жергиликтүү жети тургунду ар түрдүү мөөнөттөргө эрктеринен ажыратты.

ММКлардын билдиришинче, топтун лидери жана анын тарапташы деп айтылып жаткан эки адам төрт жылга кесилди, калгандарына карата жатак абагына бир жылга эркинен ажыратуу чечими чыгарылды. Соттолгон жети адам тең сот залында камакка алынды.

Коопсуздук кызматы топтун мүчөлөрүн өткөн жылдын ноябрында кармаган. Аларга карата «Экстремистик же террордук деп табылган уюмдун ишмердүүлүгүнө катышуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн версиясы боюнча кармалгандардын экөө 2000-жылдардын башында «Таблиги Жамаатка» мүчө болуп, чет өлкөдө окуп келишкен. Соттун материалдарына ылайык, алар Карабулак жана Карасу айылдарындагы мечитте жана жашоочулардын үйлөрүнө барып үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Соттолгондордун айыптоолорду четке каккандыктары айтылууда.

Казакстанда «Таблиги Жамаатка» 2013-жылдын февралынан бери тыюу салынып, соттун чечими менен экстремисттик уюмдардын катарына киргизилген. Бийлик уюмдун максаты аймакта исламисттик халифат орнотуу экенин айтып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Орусия менен Беларус газ жаңжалы жөнгө салынарын жарыялашты

Орусия менен Беларус мунай менен газды жеткирүүдө жаралган чыр-чатакты жөнгө салышарын билдиришти. Мындай макулдашууга Орусия президенти Владимир Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенконун 3-апрелде Санкт-Петербургдагы жолугушуусу маалында жетишилди.

Путиндин айтымында, келишим толугу менен 10 күндүн ичинде иштелип чыгат. Мындан тышкары тараптар 2020-жылга чейинки энергетикалык кызматташуу стратегиясын карап чыгышты.

Орусиялык маалымат агенттиктеринин маалыматына караганда, Орусиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Беларус мунай жана газ үчүн 726 миллион доллар өлчөмүндөгү карызды акырындык менен төлөп бериши керек. Бул учурда мунайды экспорттоо калыбына келтирилет.

Акыркы айларда Лукашенко бир нече ирет Орусияны сынга алган. Ал Москваны келишимдерди бузууга жана Беларусту “муунту” үчүн энергоресурстарды пайдаланууга айыптаган. Минсктин 2015-жылдын декабрындагы билдирүүлөрүнө караганда, Евразиялык экономикалык биримдикти түзүү боюнча келишим күчүнө киргенден кийин Орусия газдын баасын эки эсеге жогорулаткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өзбекстанда 8-класстагы боюнда бар кыз жанын кыюуга аракет жасады

Өткөн аптанын соңунда Хорезм облусунда 15 жаштагы окуучусунун боюнда бар экенин жашырууга аракет кылган мектеп жетекчилиги жана дарыгерлер жумуштан алынды. Кыздын өзүнүн айтымында, аны коңшусу зордуктаган. Учурда кыз психологдордун көзөмөлүндө. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

Хорезм облусунун Элдик билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мектеп жетекчилиги окуучусунун мындай абалын жашырып жүргөн. Окуя дарыгерлер кыздын алты айлык боюнда бар экенин аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Бул аралыкта кыз бир канча жолу өз жанын кыюуга аракет кылган.

Мекеменин маалыматына караганда, бул окуядан кийин мектеп директорунун эки орун басары, кыздын класс жетекчиси жана мектептин психологу жумуштан алынды. Учурда мектептин директорун да кызматтан алуу сунушталууда.

Мугалимдер мектептин беделине зыян келтирбеш үчүн окуяны жашырып койгондугу айтылууда.

Өткөн жылы Хорезмдин Шават районунда окуучу кыз бир тууган агасынан боюнда болуп калгандан кийин өлкөдөгү мектеп директорлору арасында түшүндүү иштери жүргүзүлгөн.

Зордукталган мектеп окуучусу кийинки аптада көз жарышы керек. Анын ата-энесине карата кандай жаза көрүлгөнү маалымдала элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстан: Орусия менен аба каттамдар бирдей шартта аткарылышы керек

Тажикстандын Транспорт министрлигинин билдирүүсүндө тажик-орус өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, учуулар эки тарапка тең бирдей укукта ишке ашырылышы керектигин белгиленген. Мекеменин маалыматы боюнча бирок орусиялык авиакомпаниялар акыркы эки айда Тажикстанга 496 каттам жасаса, тажик авиакомпаниялары болгону 295 жолу гана учушкан.

Билдирүүдө айтылгандай, тажик тарап Орусиянын «Ямал» авиакомпаниясына Курган-Төбө жана Куляб шаарларына жумасына эки жолу каттоону сунуштаган. «Бирок «Ямал» бул сунушубузга макул болгон жок. Анда биз Дүйшөмбү менен Худжантка жумасына эки сапар учууну сунуштадык. Бирок Орусия тарап бул сунушка да макул болгон жок. Кийинчерээк алар аталган шаарларга жумасына 7 каттам жасоо сунушун жөнөтүштү», – деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Бул арада Орусиянын Тажикстандагы элчиси Игорь Лякин-Фролов учурда тараптар тең укуктуулук маселесинде тил табышууга аракет кылып жаткандыктарын билдирди.

Орусиянын Транспорт министрлиги тажик авиакомпаниясынын учууларына 3-апрелде чектөөлөрдү киргизген. Орус тарап бул кадамын тажик бийлиги буга чейинки макулдашууларга карабастан орусиялык «Ямал» авиакомпаниясынын «Жуковский» аэропортунан Дүйшөмбүгө жана Худжантка учуу тууралуу билдирмесин ырастабагандыгы менен түшүндүргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Меню