Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстан: Чек ара боюнча Кыргызстандагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү болду

Ошто мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун 10 күнгө созулган сүйлөшүүлөрү ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Өзбекстандын Анжиян, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын чектешкен аймактарындагы талаш чек ара тилкелеринде биргелешкен иликтөө жана ченөө иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен тараптар тиешелүү протоколдорго кол коюшту.

Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1378 чакырымды түзсө, анын 320 чакырымы тактала элек. Андан улам чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда түрдүү жаңжалдар чыгып келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бишкектеги орус дипломатынын соту Орусияда болот

Орусиялык дипломаттын катышуусунда Бишкекте болгон жол кырсыгы боюнча сот Орусиянын аймагында өтөт. Мындай маалыматты 20-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка караганда, Бишкекте 16-февралда орус дипломаты катышкан автокырсыктын себептерин иликтеп жатат. Анда ошондой эле кырсыктан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси да каралууда.

Элчилик тергөө иштери аяктагандан кийин “иш Орусиянын сотуна автокырсыктын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза аныктоо үчүн” өткөрүлүп берилет деп билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова соттук териштирүү качан башталарынан кабарсыз экенин маалымдады.

16-февраль күнү Бишкектеги Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Көп өтпөй дипломат Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Пройдет форум «Ресоциализация осужденных как позитивный процесс реинтеграции в общество»

Орусиялык дипломаттын катышуусунда Бишкекте болгон жол кырсыгы боюнча сот Орусиянын аймагында өтөт. Мындай маалыматты 20-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги өзүнүн сайтына жарыялады.

Маалыматка караганда, Бишкекте 16-февралда орус дипломаты катышкан автокырсыктын себептерин иликтеп жатат. Анда ошондой эле кырсыктан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүү маселеси да каралууда.

Элчилик тергөө иштери аяктагандан кийин “иш Орусиянын сотуна автокырсыктын экинчи катышуучусунун күнөөсүн аныктоо жана ага тиешелүү жаза аныктоо үчүн” өткөрүлүп берилет деп билдирди.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз катчысы Дарья Пахомова соттук териштирүү качан башталарынан кабарсыз экенин маалымдады.

16-февраль күнү Бишкектеги Фучик жана Васильев көчөлөрүнүн кесилишинде орус дипломаты Виктор Пухов башкарган “Тойота Прадо” үлгүсүндөгү жолтандабас катуу ылдамдыкта кызылдан өтүп, “Мерседес-Спринтер” жүк ташуучу автоунаасын сүзгөн. Андан жүк ташуучу машиненин айдоочусу, 62 жаштагы кыргызстандык Евгений Лексин каза тапкан.

Элчилик алгач анын үй-бүлөсүнө жардам берилип жатат деген маалымат таратып, бирок жакынын жоготкондор муну четке кагып, милицияга арыз жазышкан. Ал арада айдоочу-дипломат ошол кезде мас болгонун Бишкектеги Медициналык-консультативдик жана спорттук медицина борборунун дарыгерлери айтып чыгышты. Көп өтпөй дипломат Пухов Кыргызстандан чыгып кеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Forbes: Былтыр казакстандык миллиардерлердин төртөөсүнүн байлыгы көбөйгөн

Forbes журналы жарыялаган дүйнөдөгү эң бай адамдардын кезектеги тизмесине казакстандык беш миллиардер кирип, былтыр алардын төртөөсүнүн байлыгы көбөйгөн.

Рейтингде Казакстандын эң бай адамы катары өлкө президентинин иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Булат Утемуратов көрсөтүлгөн. Анын байлыгы журнал тарабынан быйыл да 2,3 миллиард долларга бааланган.

Өлкөдөгү экинчи бай адам «Казакмыс» корпорациясынын мурдагы башчысы Владимир Кимдин байлыгы 2,1 миллиард долларды түзгөн. Бул анын былтыркы көрсөткүчүнөн 600 миллион долларга көп. Ошол эле экинчи орунга президент Нурсултан Назарбаевдин кызы менен күйөө баласы Динара жана Тимур Кулибаевдер жайгаштырылган. Алардын да байлыгы 2,1 миллиард долларга бааланып, бир жыл ичинде 100 миллион долларга көбөйгөн.

Журналдын рейтингиндеги акыркы казакстандык, ERG компаниясынын ээлеринин бири, “Евразия банкынын” президенти Алижан Ибрагимовдун байлыгы 1,9 миллиард долларга жетип, бир жылдын ичинде 300 миллион долларга өскөн.

Төрт жыл катары менен дүйнөдөгү эң бай адам деп Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс аталып келет. Анын байлыгы акыркы бир жылдын ичинде дээрлик 10 миллиард долларга көбөйүп, 86 миллиард долларга жеткен.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда мектептерде «көчмө сот жыйындарын» өткөрүү сунушталууда

Хожент шаардык билим берүү башкармалыгы мектеп окуучулары жана ата-энелердин административдик иштери боюнча соттук териштирүүлөрдү сот залында эмес, мектеп короолорунда өткөрүүнү сунуштады. Бул маселе өткөн аптада шаардык мэрияда каралган.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, мектептерде жергиликтүү тургундардын катышуусундагы соттун көчмө жыйындарын өткөрүү демилгеси эки окуучунун ортосундагы бычакташуудан кийин көтөрүлгөн.

Башкармалык көчмө жыйындар башка балдар менен ата-энелер үчүн сабак болуп, мектеп окуучуларынын арасындагы кылмыштуулуктун санын азайтат деп эсептейт.

8-мартта шаардагы лицейлердин бириндеги окуучулардын кайым айтышуусу бычактар жана союлдар колдонулган мушташка айланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

АКШ учак бортуна ноутбуктарды алып кирүүгө чектөө коет

АКШ өкмөтү 25-марттан тарта айрым каттамдардын жүргүнчүлөрүнө учактын бортуна телефондон чоңураак электрондук жабдыктарды алып кирүүгө тыюу салына тургандыгын билдирди. Тиешелүү эскертүү каттары Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Кошмо Штаттарга түз каттамдарды аткарган тогуз авиакомпанияга жөнөтүлдү.

АКШнын Ички коопсуздук министрлиги террорчул топтор жүргүнчү ташыган учактарда теракт уюштуруу үчүн башка ыкмаларды, анын ичинде жарылуучу заттарды техника катары алып күрүү жолдорун пайдалана баштагандыгын билдирди. Башка электрондук жабдыктар менен катар эле учакка ноутбуктар менен планшеттерди да алып кирүүгө чектөө коюлат. Аларды багажга өткөрүү керек болот.

Тыюу АКШга Катар, Иордания, Кувейт, Түркия, Египет, Сауд Арабиясы, Марокко жана Бириккен Араб эмираттарынан жасалчу каттамдарга киргизилет. Тиешелүү эскертүү каттары Кошмо Штаттардын аэропортторуна күнүнө 50 чакты каттам аткарган алдыңкы авиакомпанияларга жөнөтүлдү.

Буга чейин Трамптын администрациясы террорчулукка каршы күрөштү жүйө келтирип, Жакынкы Чыгыштагы жана Африкадагы алты өлкөнүн жарандарынын АКШ аймагына кирүүсүнө тыюу салган. Бирок кийнчерээк жарлык сот тарабынан токтотулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда блогер Жанара Ахмет Украинага качып кетти

Алматыда жашаган жана пробациялык көзөмөлдө жүргөн блогер Жанара Ахмет Казакстандан Украинага качып кеткендиги тууралуу маалыматтарды ырастап, учурда Киевде экенин билдирди.

Украина борборуна ал 9 жаштагы уулу менен бирге 17-мартта барган. Аэропорттон аны Киевде бозгунда жүргөн казакстандык жарандык активист Ермек Нарымбаев тосуп алган.

Жанара Ахметтин айтымында, Казакстандан чыгып кетишине анын акыркы бир нече айдын ичинде бир канча жолу административдик жоопкерчиликке тартылгандыгы себеп болду. Мекенинде ал өзүнө өрт коюуга даярдык көрүү тууралуу видео тасмаларды таркатууга айыпталып, «мыйзамсыз уюм түзүү боюнча» кылмыш ишинин фигуранты болгон.

Мурдараак Жанара Ахмет кылмыш иши боюнча камакка алынган. Кийин шарттуу түрдө бошотулуп, пробациялык көзөмөлдө жүргөн. Блогер социалдык түйүндөргө казак бийлигин сындаган пикирлерин жазып, аларды жайылтып келгендиги менен белгилүү.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

"Чек арасыз кабарчылар" өзбек журналистинин депортациясына кабатыр

“Чек арасыз кабарчылар” уюму “Новая газета” басылмасынын журналисти Худойберди Нурматовдун Орусиядан Өзбекстанга депортация болоруна кабатыр. Али Феруз ысымы менен иштеген кабарчы Москвада 16-мартта кармалган. Уюм өзбек журналисти мекенине барса, кыйноолорго кабыларын билдирип, Орусия бийлигинен аны Москвада калтырууну суроодо.

“Али Ферузду Өзбекстанга жөнөтүү мыйзамсыз болот жана анын өмүрүнө олуттуу коркунуч жаралат”,-деп билдирди уюмдун өкүлү Йоханн Бир. Анын айтмында, журналисттин ишмердүүлүгү кыйноолор ырааттуу түрдө колдонулган өлкөдө коркунучтуу кесепеттерге алып келиши ыктымал. Мындан улам уюм орус бийлигин журналистти мекенине кайтарбоого жана тез арада баш паанек берүү маселесин кароого чакырды.

Нурматов 16-мартта кармалган. “Новая газета” басылмасы журналист көптөн бери Орусияда качкын макамын ала албай жүргөнүн билдирген.

Орусияда билим алган Али Феруз Өзбекстанда жарандык активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн маалда бийликтин кысымына кабылып, мекенинен чыгып кетүүгө аргасыз болгону айтылууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Медведев тууралуу иликтөө YouTube каналында 10 миллион көрүүчү топтоду

Оппозиционер Алексей Навальныйдын Орусия премьер-министри Дмитрий Медведев тууралуу тарткан иликтөөсү YouTube каналында он миллиондон ашуун жолу көрүүлдү. Бул федералдык телеканалдардагы айрым программалардын орточо аудиториясынан көп дегенди билдирет.

Навальный жетектеген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду тасманы 2-мартта жарыялаган. Иликтөөдө Медведев Орусиядагы элиталык кыймылсыз мүлктөргө мыйзамсыз түрдө ээлик кылганы баяндалган.

Навальный премьер-министрди кайрымдуулук фонддоруна негизделген жана ишенимдүү адамдары тарабынан башкарылган “көп баскычтуу коррупциялык схеманы” түзүүгө айыптаган. Орус өкмөтү бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартты.

Иликтөө жарыялангандан кийин Орусиянын ондогон шаарынын активисттери каршылык акцияларын өткөрүү үчүн маалымкат беришти. Москва мэриясы жүрүш боюнча макулдашуудан баш тартты. Төмөнкү Новгороддун администрациясы алгач коррупцияга каршы митингди өткөрүүгө уруксат берип, бирок кайра бул оюнан кайтты. Екатеринбургдун жергиликтүү бийлиги Медведевге каршы митинг “Орусия Конституциясына каршы” келерин билдирди.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түркмөнстанда намаз окуган мамлекеттик кызматкерлер иштен бошотулууда

Түркмөнстанда аскер түзүмдөрүндө жана мамлекеттик мекемелерде намазга жыгылган кызматкерлерди жумуштан кетирүү көбөйүүдө.

Өзүнүн атын атагысы келбеген мурдагы аскер кызматкери “Азаттыктын” түркмөн кызматына намаз окугандыгы үчүн иштен кеткенин билдирди. Анын айтымында, жумуш учурунда намаз окубоону талап кылып, андан соң үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, Куран китебин алып кетишкен.

Ал буга карабай намаз окууну уланта берген соң, Коргоо министрлигине чакыртылган. Ал жерде арыз жазууга мажбурлап, иштен кетиришкен. Мындан тышкары кызматтык батирди бошотууну дагы талап кылышкан.

Учурда Түркияда иштеген түркмөнстандык жаран дагы намаз үчүн мамлекеттик жумуштан бошотулганын айтып берди. Түркмөнстанда мечитке барып, намаз окуп, сакал койгондорду көзөлдөө күчөдү.

Эл аралык уюмдардын, анын ичинде АКШнын Мамлекеттик департаментинин Дин эркиндиги боюнча баяндамасында Түркмөнстан дин мамлекеттин катуу көзөмөлүндөгү өлкө катары сыпатталган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню