Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Түркмөнстанда Ислам Каримовдун мемориалдык комплекси ачылат

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Түркмөнстандын Чарджоу шаарында Ислам Каримовдун мемориалдык комплексинин ачылышына катышат. Мындан тышкары эки өлкөнүн башчылары өзбек-түркмөн мамилелерин талкуулап, эл аралык жана аймактагы олуттуу маселелер боюнча пикир алышат.

Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол коюлары да күтүлүүдө.

Бул Шавкат Мирзиёевдин президент катары алгачкы чет өлкөлүк сапары болот. Ошол эле маалда үчүнчү мөөнөткө президент болуп шайланган Гурбангулы Бердымухамедов үчүн дагы Мирзиёев алгачкы жогорку даражадагы конок болмокчу.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 14-февралда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда жазуучу-диссидентти реабилитациялоо сунушталууда

Өзбек жазуучулары жана акындары президент Шавкат Мирзиёевден 17 жыл түрмөдө жатып чыккан 77 жаштагы жазуучу Мамадали Махмудовду реабилитациялоону өтүнүштү.

Кайрылуу жолдогон авторлордун пикиринде, жазуучу жана оппозициячы Мамадали Махмудов совет мезгилинде Өзбекстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн. Ал Эврил Турон аттуу купуя ысым менен “басмачы” атыккан “улут баатырлары” тууралуу бир нече повесть жана роман жазган. Анын “Өлбөс аскалар” аттуу тарыхый романы СССРде тыюу салынган.

77 жаштагы жазуучу Мамадали Махмудов 17 жыл түрмөдө жаткан. 1990-жылдары ал эки сапар соттолгон. Ташкентте 1999-жылы болгон жарылуудан кийин жазуучу саясий берененин негизинде эркинен ажыратылган. Анда сот Мамадали Махмудовду конституциялык түзүмдү бузууга аракет жасоого айыптап, 14 жылга эркинен ажыраткан. Ал абактан 2013-жылы апрелде чыккан.

Анын “Өлбөс аскалар” романы 19 кылымдын соңундагы Орусия падышачылыгына каршы күрөштү чагылдырат. Китеп “L’AUBE” басмаканасы тарабынан француз тилинде басылып чыккан. 2008-жылы романдын котормочусу Филипп Фризон жана басмакана Махмудовду бошотууга чакырып акция уюштурушкан.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

CPJ Астананы журналист Жанболат Мамайды бошотууга үндөдү

Эл аралык «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Казакстан бийлигин «Саяси калам. Трибуна» гезитинин башкы редакторунун милдетин аткаруучу Жанболат Мамайды бошотууга үндөдү. Журналтист өткөн жумада БТА Банктан уурдалган каражаттарды “адалдоо” ишине аралашкан деген айып менен камалган.

Уюм казак бийлиги ырааттуу түрдө жаңылык таратуучу, оппозициялык мүнөздөгү ММКлардын жолун бөгөп турганын, бул сапар дагы ошондой иш кайталанып жатканын белгилейт. «Казак бийлиги токтоосуз түрдө редакторду (Мамайды) бошотуп, анын ишин куугунтуктоону токтотушу керек»,- деди уюмдун Борбор Азия боюнча координатору Нина Огнянова.

Аткаминерлер арасындагы коррупциялык фактылар жана башка курч маселелерди чагылдырган Жанболат Мамай 11-февралда эки айга камалган. Ал БТА Банктын мурдагы башчысы, Францияда жүргөн оппозиция лидери Мухтар Аблязовдон мыйзамсыз түрдө каражат алууга айыпталууда.

Эгер редактор күнөөлүү деп табылса, жети жылга чейин түрмөгө отурушу мүмкүн. Мамай саясий өңүттө айып тагылып жатканын айтып, муну гезиттин чыгышына бут тосуу катары сыпаттады. Казакстанда уурулукка айыпталган Аблязов бул күнөөлөрдү “абсурд” деп атап, Мамай менен эч качан жолукпаганын билдирди.

Камакка алынганга чейин Мамай аңдууга кабылганын кабарлаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Түркмөн президенти 8-мартта айымдарга ыр белек кылат

Түркмөнстан президенти Аялдардын эл аралык майрамына карата айымдарга бир нече ыр камдап койду. Бул тууралуу анын Ахал облусуна барган сапары учурунда белгилүү болду.

Президент 8-март күнү айымдар үчүн жаңы ырларын аткарып берет. Алардын арасында “Бакыт нуру” аттуу чыгармасы дагы бар.

Гурбангулы Бердымухамедов музыкалык талантын буга чейин эле көрсөткөн. 2011-жылы “Ак гүлдөрүм сага арналат” аттуу ырды аткарып, сөзүн өзү жазганын айткан. Бирок бул чыгарманы 2009-жылы түркмөн ырчысы Довлет Аманлыков сахнага алып чыккан эле. Мындан тышкары президент ди-джейдин ролунда болууга дагы үлгүргөн.

Түркмөн башчынын “Алга, алга, алга гана менин сүйүктүү мекеним – Түрмөнстан” аттуу ырына обон жаралып, 2015-жылы аны бир эле учурда төрт миңден ашуун адам аткарган. Буга байланыштуу чыгарма Гиннестин рекорд китебине кирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эмомали Рахмон иш сапары менен Индияга барат

Кийинки жумада Эмомали Рахмон мамлекеттик иш сапары менен Индияга барат. Индия ММКлары өлкө ТИМине шилтеме кылуу менен Тажикстан башчысынын сапары 14-декабрдан 18-декабрга чейин созуларын билдиришүүдө.

Тажикстандын Индиядагы элчиси Мирзошариф Жалолов президенттин сапары «мамлекеттик» макамга ээ экенин белгиледи. Анын айтымында, Тажикстан менен Индиянын ортосундагы алакалар активдүү жана ийгиликтүү өнүгүүдө. «Биздин мамлекет башчынын алдыдагы сапары ал байланыштарга жаңы түрткү берет деген үмүттөбүз», – деди тажик дипломаты.

Күн мурун Индия ТИМи президент Эмомали Рахмондун мамлекеттик сапары маалында саясий, экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтык, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү жана саламаттыкты сактоо тармактары боюнча бирге аракеттерди көрүү маселелери талкууланып, илим, технологиялар жана туризм тармактарындагы долбоорлор караларын билдирген.

Тажикстан башчысынын сапары 14-декабрда Индиянын Керала провинциясында башталат. Нью-Делиге Эмомали Рахмон 16-декабрда барып, эртеси өлкө президенти Пранаб Мукержи жана премьер-министр Нарендро Моди менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Акыркы жолу Эмомали Рахмон расмий сапары менен Индияга төрт жыл мурда барган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйшөмбүлүк наабайчыларды мажбурлап өргүүгө кетиришти

Дүйшөмбү шаарындагы ондогон наабайкана нан сатууну токтотту – борбордогу электр энергиясынын тартыштыгынан улам мэрия наабайчыларга жазга чейин ишти токтото турууну сунуштады. Электр энергиясына көзөмөл жүргүзүү боюнча шаардык кызматтын маалыматына караганда, борбордо электр энергиясын пайдаланып иштеген 200 наабайкананын 110дон ашыгы ишин токтотуп, 86сы көмүр же отун пайдаланууга өттү.

Көмүргө өткөн наабайканалардын ээлери шаар бийлигинин мындай демилгеси нандын кымбатташына алып келиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Наабайчы Фахриддин Набиевдин айтымында, көмүр пайдаланып нан жабуу оор эмес болгону менен ал наабайчылардын да, сатып алуучулардын да ден соолугуна зыян.

Электр энергиясын пайдаланган наабайканалардын иши токтогондон кийин нанга болгон баа жогорулайт деген кооптонууларга карабастан учурда борбордогу баалар мурдагы бойдон калууда. Нан сатуучу Мухтасар Султонова чоң нандарды мурдагыдай эле 3 сомониден сатып жатканын айтты. Бирок ал наабайканалардын жазга чейин жабылышы шаарда нан тартыштыгын жаратышы мүмкүн деп эсептейт. Шаар бийлиги болсо борбордогу наабайканалар жашоочуларды нан менен толук көлөмдө камсыз кыла аларына ишенет.

Азырынча жабылган наабайкана ээлери жакынкы 3-4 айда кандай жол менен акча табышы керектиги белгисиз – шаар бийлиги «мажбурланган өргүү» үчүн акчалай компенсация төлөп берүү боюнча эч сөз кылган жок.

Тажикстан бийлиги акыркы жыйырма жылдын күз-кыш мезгилинде суу жана энергетикалык ресурстардын жетишсиз экенин билдирип, калкка электр жарыгын берүүдө чектөөлөрдү киргизип келет. Өлкөдө жылдын аталган мезгилдериндеги электр энергиясынын таңкыстыгы 3 миллиард киловатт сааттан ашык экени маалымдалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Өзбекстанда түрмөдө 23 жылдан бери жаткан саясий туткундун жаза мөөнөтү узартылды

Өзбекстанда шаардык сот Өзбек ССРинин Жогорку Кеңешинин  мурдагы депутаты Самандар Кукановдун жаза мөөнөтүн дагы 3 жыл 5 күнгө узартты.

Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы Самандар Куканов абактын ички тартибин ырааттуу түрдө бузгандыгына байланыштуу ушундай чечим 7-октябрда кабыл алынган кабарлады.

Самандар Кукановдун уулу Сардор Куканов соттун бүтүмү туура эмес экенин айтууда. Себеби мындай өкүм камактагы жарандын жаза мөөнөтү бүткөндөн соң, бир күндөн кийин чыгарылган. Чиназдагы мунай иштетүүчү заводдун мурдагы директору 6-октябрда бошомок.

Түрмөдө 23 жыл, 4 ай отурган Куканов саясий туткун катары эсептелет. Ал Өзбекстандын тарыхында эң узун жаза мөөнөтүн өтөгөн адам. Куканов 1993-жылы мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз сарптоого айыпталып камалган. Санаалаштарынын айтымында, ишкер жана депутат Куканов биринчи президент Ислам Каримовдун жеке буйругу менен түрмөгө түшкөн.

Самандар Куканов 1989-жылы Өзбекстандын президентинин милдетин убактылуу аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен бир чакырылышта депутат болгон.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Алматыда активисттер кармалды

Казакстан полициясы 23-октябрда жер реформасы учурунда митинг уюштуруп камалган Макс Бокаев менен Талгат Аянга тилектештик акциясын уюштурууну үзгүлтүккө учуратты. Эки активист кастыкты козутуу, жалган маалымат таркатуу, митинг өткөрүү жана уюштуруу эрежелерин бузуу боюнча айыпталышууда.

Полиция акциянын төрт жетекчисин кармап кетти. Чогулгандардын калгандары алардын камалышына каршылык билдирип турушту.

Акция уюштуруучулардын экөө быйыл жазда митинг өткөрүү эрежесин бузууга айыпталып, 15 сутка камакта жатып чыгышкан.

21-майда айыл чарба жерлерин менчиктештирүү жана чет элдик жарандарга узак мөөнөткө ижарага берүүгө каршы нааразылык акциясы өткөн. Кийинчерээк мыйзам долбоору токтотулган.

Бокаев жана Аяндын ишин Атырау соту карап жатат. Алар жер реформасына каршы өткөн ири акциядан кийин камалышкан. Бокаев менен Аян аларга саясий негизде күнөө тагылганын айтып, айыптарды четке кагышууда.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Назарбаев: Дүйнөдөгү кыйын кырдаалда кыргыз менен казак бирге болушу керек

Кыргызстан ТИМ башчысы Эрлан Абдылдаев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана өлкөнүн тышкы саясий мекемесинин башчысы Ерлан Идрисов менен жолукту. Тараптар аймактагы жана эл аралык маанидеги олуттуу маселелер боюнча пикир алышты.

Нурсултан Назарбаев Кыргызстан менен Казакстанды эзелтеден берки достук жана кызматташтык байланыштырып турарын баса белгиледи.

“Силердин өлкө биздин жакын кошунабыз жана өнөктөшүбүз. Ортодо эч кандай чечилбеген көйгөй калбашы керек жана мамилелерибиздин үлгүлүү болушу абзел. Дүйнөдөгү экономикалык жана саясий катаал кырдаалды эске алганда, биздин бирге турушубуз зарыл”,-деди казак президенти.

Өз кезегинде Абдылдаев президент Алмазбек Атамбаевдин саламын айтып, эки тараптуу кызматташтыктын мындан ары дагы бекемделишинен үмүт артты.

Булак:  “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Исмаил Исаков, генерал-лейтенант: “Кадыржан Батыров кыргыз бийлигинин баарын алдына салып танцага түшүрүп алды”

-Исмаил Исакович, өмүр бою эркинен ажыратылып сыртынан соттолгон Кадыржан Батыров “Азаттыктын” өзбек кызматына маек куруп, “2010-жылы 19-майда Алишер Сабиров менен полковник Исакжан Өмүракунов мага келип, Убактылуу Өкмөттүн адамдары менен жолугушуумду өтүндү. 20-май күнү Исмаил Исаков, Бакыт Алымбековдор менен “Достук” университетинде жолуккам. Исаков сыртка чыгып туруумду суранган” деп айтты. Жолугушуу кандай максатта болгон, анын айткан сөздөрү чындыкка жакынбы?

— Жомоктордо “Жарымы төгүн, жарамы чын” деп айтылат эмеспи. Бүгүнкү айтылып жаткан сөздөр да ошондой болуп жатат. Бул окуя эмнеден улам башталгандыгы тууралуу такыр сөз жок. 19-майда Жалал-Абадда кыргыздар менен өзбек улутундагылардын ортосундагы тиреши Батыровдун “Достук” университетинде болгон. Кагылышуу тууралуу маалымат бизге жеткенден кийин, мен комендант Бакыт Алымбековду кошуп алып, эл менен жолукканы, окуяны жакындан билип, коопсуздукту жөнгө салуу максатында ошол жерге бардык. Чындыгында, Батыровдун университетин билбейт экем. Кайсыл жерде?-деп сурасам, “Азыр көрсөтөбүз” деди. Үстүнөн учуп өткөнүбүздө окуу жайдын короосунда 600–700 бала чогулуп турушкан экен. Тегерегинде кыргыз тарап курчап, тирелишип турган. Мен Жалал-Абадга кетип жатканда “Майлуу-Суудан солдаттарды Жалал-Абадга тез жөнөткүлө, кагылышуу болуп жатыптыр” деген команда бергем. Үстүнөн тик учак менен айланып учуп, абалды көргөндөн кийин эки тарапты эки жакка ажыратуу боюнча тапшырма бердим. Армияны ортосуна киргизип, тирешип турган кыргыз-өзбек жаштарын эки жакка ажыратканбыз. Бул окуя кечке маал болду. Ошол эле күнү коменданттык саат киргиздик. “Эртең 20-май күнү “Телтору” ат майданында чоң жыйын болуп, он миңдей киши келебиз деп жатышыптыр” деген маалыматты мага беришкенден кийин, Сузактын акимине телефон чалдырып “айыл өкмөттөрдү, депутаттарды, аппараттагыларды чогултсун, мен барып сүйлөшөйүн” деп айттырдым. 20-май саат эртең мененки төрттө Сузак районунун акимчилигине бардык. Залга баарын чогултушкан экен, алар “Туугандар, мындай тирешүүнүн эч кимге кереги жок. Элге түшүндүргүлө. Жыйынга топтолбой эле койсун. Баарын мыйзам чегинде чечебиз” деп кайрылгам. Келгендер айтылган сөздөрдү туура кабыл алып, сүйлөшкөндөн кийин тарап кеткенбиз. Саат бешке жакын штабга келдик. Анда штаб облустук милиция башкармалыгынын имаратында болчу. Ошол жерден Алишер Сабиров менен өзүн полковникмин деп тааныштарган адам келди. Силер эмне кылып жүрөсүңөр?-деп сурасам, “Бизди Бишкектен жөнөтүштү, сизге жардам бергени” дешти. Андай болсо жакшы экен. Өзүңөрдүн туугандарыңарга барып айткыла, тирешүүнүн кереги жок, үгүт иштерин жүргүзгүлө дегенден кийин, Алишер Сабиров “Исмаил Исакович, кечээки окуялар боюнча далилдер бар, видеого тартылган. Ошону көрүп койбойсузбу?” деди. Алып келгиле көрөлү десем, “Бул жерде аппаратура жок экен, 5 эле мүнөттүк жол, ошол жерге барып көрөлү” деп калды. Менин эч кандай жаман оюм жок да, кайда барабыз деп деле сурабаптырмын. Макул, далилдер бар болсо баралы, көрөлү деп Алымбеков экөөбүз Алишер Сабиров айткан жерге бардык. Эшик караңгы болчу. Келсек короону ачышты, ичине кирдик. Көрсө ал жер Кадыржан Батыровдун менчик университетинин имараты экен.

— Батыров менен ошондо жолугуп жатасыңарбы?

— Тепкичтен чыгып бара жатканда эки киши туруптур. Анын бирөөсүн Кадыржан Батыров деп тааныштырды. Ошондо өмүрүмдө биринчи жолу Батыровду бет маңдай көрүшүм болчу. Залга кирдик, камералар турган студия экен. Эмнеңер бар, көрсөткүлө?-деп буйрук бердим. Көрсөк, кагылыштагы тартылган видео экен. Бакыт Алымбековго “Бул бир тараптуу” деп айттым. Видеону көрүп бүткөндөн кийин Батыров өзү “Мени күнөөлөп, имаратымды талкалады. Четке чыгып кетсем окшойт, эмне кылам?” -деп суроо салып калды. Мен ошол эле жерден сөзүн алып “Күнөөң жок болсо четке чыксаң чыгып кет. Тирешүүгө аралашпай жүргүлө!” дегем. Экөөбүздүн ортобузда ушундай кыска гана сүйлөшүү болгон. Чыгып кетип жатканда “Материалыңарды укук коргоо органдарына бергиле. Биз экинчи тарапты да угабыз” деп айтып кеткем. Ушунун баары жарым саатка жетпеген убакыт болду. Кайталап айтып коёюн, бул 2010-жыл, 20-май, эртең мененки саат бештерде болгон болчу. Азыр болсо биздин элди маңкурт дегендей кылып, маалыматты башкача берип жатат. Кадыржан Батыров 2010-жылы 10-июндагы тополоңду уюштурган делип сыртынан өмүр бою соттолгон. 20-майдагы окуянын 10-июнга кандай байланышы бар? Батыров интервьюсунда 20-майда чыгып кеттим деп айтыптыр. Эгер Кадыржан Батыров майда чыгып кеткен болсо, Текебаев айтып чыккандай 5-июнда кантип Атамбаев менен жолугушуп жүрөт? Чыгып кетсе, ал талаада болуш керек эле да. Эгер ал өлкөдөн чыгып кетсе, июнь окуясы боюнча биздин адилеттүү соттор аны кантип соттоду? Демек, ал чыккан эмес, ошол жерде жүргөн да. Мен ошол окуядан кийин экөөбүз жолуккан да жокпуз. Аны менен дос, тааныш дагы эмесмин.

— Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Отунбаеванын атынан барып суранганыңызды айтыптыр?

— Мен Батыровдон сурангыдай ал мага ким эле? Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болсом, бийлик биздин колдо турса, ошондон барып суранамбы! Андан сырткары биздин аскер адамдарына таандык мүнөздө, сураныч деген жок. Буйрук берип көнүп калганбыз. Отунбаеванын атынан дегени да карандай калп. Мен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү катары Жалал-Абаддагы окуяны калыбына келтирүү үчүн келгенмин. Бакыт Алымбековду да кошуп жатат. Ал жерде Алымбеков оозун ачкан эмес. Булардын 20-майдагы окуяны 10-июнга байланыштырып, датасын тактабай берип жатканы атайлап мени, жана башкаларды элге жаман атты кылуунун аракети деп түшүнөм. 20-майда “Телторуда” чоң жыйын болду. Ага да барып катыштым. Ал жерде катуу талаптар коюлду. Биринчиси, Кадыржан Батыровду жазалагыла, экинчиси өзбектердин колдорундагы курал-жарактарды алгыла, үчүнчүсү, “Достук” университетин жапкыла, төртүнчүсү, түнү менен кармалган кыргыз балдарды бошоткула деген талаптар коюлду. Ызаланган катуу сөздөр айтылды. Маселе муну менен чечилбейт, өкүлдөрдү шайлагыла, ошолор менен сүйлөшүп, маселени чечебиз деп айткам. 16 адамдан турган өкүлдөрүн шайлашты. Ошолор менен штабда сүйлөшүп, кармалган кыргыз балдарын бошоттук. 20-май күнү кечке маал элден алган куралдарды жайып, журналисттерди чакырып көрсөткөнбүз. Саат кечки жыйырма бирде өзбек аксакалдары келди. “Исмаил Исакович, бизде да нааразычылыктар болуп жатат. Митингге чыгабыз деген сөздөр бар. Сиз менен жолугабыз деп жатышат. Бизге ушундай талапты коюп жөнөтүштү” деп айтышты. Эртеси саат ок экиде жолугушууга макул болдум. Барсам өзбек жарандарыбызды чогулушуптур. Ошол жыйын маалымат каражаттарынан берилген. Ал жыйында 16 адам сүйлөдү. Ким кандай сүйлөгөнүн жазып турдум. Көп плакаттарга “Батыровдон колуңду тарт” деп жазып алышыптыр. Мен чыктым да “Ким Батыровго атайлап асылып жатыптыр? Эгерде анын күнөөсү жок болсо, өзү келип далилдеп бербейби?” дедим. Ошол жерде Батыровдун агасы турган. Мага агасы турат деп айтышты. Бир күн мурун облустук прокуратуранын, УКМКнын облустагы жетекчиси, Бишкектен барган башкы прокуратуранын орун басары катышкан жыйын өткөзүп, “Элдер кандай талапты коюп жатканын көрдүңөрбү? Батыровго кылмыш ишин козгобойсуңарбы!” десем, “Ага кылмыш иши козголгон эмес” деди. Козголбосо ушул фактылар менен козгогула! “МезонТВга” барып сүйлөгөн сөзүн алгыла да жазага тарткыла!-деген тапшырма бергем.

— Анда Алишер Сабировду Жалал-Абадга кимдер жөнөткөн болуп жатат?

— Мен да ким жөнөттү?- деп сурадым. “Роза Исаковналар барып жардам бер деп жөнөтүштү”- деп, ошол фамилияны айтты.

— Батыров “улутчул фашисттер университетти өрттөйм деп чыгышты” деп айтууда. Кыргыздар Тейиттеги Бакиевдердин үйүн, ал жердеги кыргыздын туусун, боз үйүн Батыров башында турган өзбектер өрттөдү дегенден кийин ызаланып, Батыровдун университетин өрттөгөнү чыгышкан да?

– 14-майда Тейитте ошол окуя болгон. Мен 14-майда Оштон Жалал-Абадга түштөн кийин учуп келдим. Анда Бектур Асанов губернатор болуп обладминистрацияда эмес, ИИМ аскерлеринин имаратында олтурган. Обладминистрацияны элдер басып алып, алардан бошоткондон кийин мина бар, тазалайбыз дешкен. Облустагы жетекчилерди Бектур чогултуп коюптур. Жыйын өткөрүп жатканда облустук ГКНБнын жетекчиси “Исмаил Исакович, мага азыр эле маалымат келип түштү, өзбектер Тейит жакка кетип жатышыптыр” деп маалымат берди. Ошол учурда милициянын түштүк боюнча куратору, азыркы ИИМ министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков болчу. Ал да ошол жыйында олтурган. Сүйүндү тургуздум да “Тез аранын ичинде күчтүн баарын жумшагының да, аларды токтоткула. Керек болсо күч колдонгула!” деп команда берип жөнөткөнбүз. Аны Сүйүн өзү деле айтып берсе керек. Кийин “Исмаил Исакович, баары жайында” деп билдирди. Бакиевдердин үйлөрү өрттөлдү деп мага айткан эмес. Тейит айылындагы Бакиевге таандык үйлөрдөгү туу, боз үйдү өрттөө кыргыздардын кыжырын кайнатты. Башка улуттун өкүлдөрү барып өрттөп жатпайбы. Эгерде кыргыздар “улутчул фашисттер” болгон болсо, анын университети иштебейт болчу! Байлыгын көбөйтүп, мансапка тоюп көппөйт болчу! Мен күч түзүмдөрүнүн облустагы жетекчилерине кылмыш ишин козгобойсуңарбы деп тапшырма бергенден кийин, мага өзбектер өздөрү келип, Кадыржандын ким экенин айта башташты. Ошолордун айтуусу боюнча, ал колунда бар өзбектерге салык салчу экен. “Ошол акчага курал алып жатат” деген маалыматтар айтыла баштады. 8-июнда менин демилгем менен Убактылуу Өкмөттүн чакан тобу Отунбаеванын кабинетинде чогулган. Мен төрт маселени көтөргөм. Биринчи маселе, Кадыржан Батыров жөнүндө болгон. Элдер нааразы болуп айтып жатат, кээ бир партиялар аны менен бир экен. Биз команда бердик эле, эмне үчүн ал кармалбайт?-десем, Убактылуу Өкмөттүн арасынан Өмүрбек Чиркешович ушул сөздү өзүнө алып “Исмаил ака, сиз эмнени айтып жатасыз?” деп мага кыйкырган. Талаш чыгып кетип жыйынтык чыкпай калган. Азыр Кадыржан Батыров маек берип өзүн актоого, кыргыздарды дүйнөгө бөкөчө катары көрсөткөнгө аракет кылып жатат. Ошону алып келип, эгер сен ак болсоң өзүңдүн ак экениңди далилде дегендин ордуна, ошол айтып жатат деп ызы-чуу түшүп жатат. Кадыржан Батыров кыргыз бийлигинин баарын алдына салып танцага түшүрүп алды.

— Эгерде Убактылуу Өкмөт тарабынан ошол учурда колдоо болбосо, Кадыржан Батыров өзүн-өзү ошондой деңгээлге алып чыга алмакпы?

— Албетте, көтөрө албайт эле. Мен өзүм тууралуу айтсам, аны колдогонго эч кандай негиз да, муктаждык да болгон эмес. Ага көз каранды да эмес элем. Башкаларды мен айта албайм. Бирок, ошондой негиздер бар. Бирөөлөр аны менен мамиле кылып жүрүшкөн. Кечээ Бектур Асанов абакта жатып кат жазыптыр. Анда ал далилдеп берем деп айтып жатпайбы.

 Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы Ордо

 

Меню