Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Видео - Ислам Каримовдун кайнисинин адвокаттары Өзбекстанды сынга алышты

Адвокаттар Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун кайниси Акбарали Абдуллаевди Ташкентке өткөрүп бербөөнү өтүнүп жатышат. 7-мартта алар Киевде маалымат жыйынын өткөрүп, Өзбекстанды ишенимге татыксыз өлкө деп аташты.

23-февралда Киев шаардык соту Акбарали Абдуллаевдин камактагы мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу чечимин чыгарган. Учурда ал Украинанын Коопсуздук кызматынын тергөө абагында камакта. Татьяна Каримованын 33 жаштагы жээни Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын талабы менен Киев аэропортунда ушул жылдын 14-январында кармалган. Мекенинде ал жүздөгөн миллион долларды кымырып алган деп айыпталууда.

Бирок Акбарали Абдуллаевдин өзү бул айыптар боюнча 2013-жылдан 2016-жылга чейин Өзбекстанда жаза мөөнөтүн өтөгөнүн, учурдагы айыптоолор саясий негизде тагылып жатканын билдирүүдө.

Анын жактоочуларынын бири Оливер Уоллеш Абдуллаев Украинага мыйзамдуу келгенин, жанында паспорту жана Өзбекстанда берилген визасы болгонун билдирди. «Страсбург сотуна ылайык, эгер Өзбекстан ага карата адилет сот болорун, укуктук жардам берилип, кыйноолорго алынбай турганын убадаласа да, ал кепилдиктер жетишсиз болот. Европа соту Өзбекстанды ишенимге татыксыз деп тааныган», – деди ал.

Киев прокуратурасынын басма сөз катчысы Надежда Максимец Абдуллаев качкын макамын алуу үчүн документтерин тапшырганын жана акыркы өкүм чыгарууда ал эске алынарын билдирди.

https://www.youtube.com/watch?v=kkZBJvivEJA&feature=youtu.be

Өзбекстандын бардык бала бакчалары тыкыр текшерилүүдө

Сурхандарыя облусундагы 23 бала бакчанын интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айланганы белгилүү болгон соң, Өзбекстандын мектепке чейинки бардык билим берүү мекемелеринде текшерүү иштери башталды.

Өзбекстандын Элдик билим берүү башкармалыгынын кызматкери Сурхандарыя облусундагы окуя бардык мамлекеттик органдарды түп көтөргөнүн белгилөөдө.

– Прокуратура кызматкерлери бала бакчалардагы кылмыштуу окуяларды иликтешүүдө. Укук коргоо органдарынан турган атайын топ өз текшерүүсүн жүргүзүүдө. Мындан тышкары акимчилик да иликтөө үчүн кызматкерлерин жөнөттү. Эмгек биржасы бала бакча жетекчилеринин жумушка алуу учурундагы аракеттерин карап жатат. Өзбекстанда укук коргоо органдары бардык бала бакчаларда рейддерди жүргүзүүдө,-деди ал.

Өзбекстандын Элдик билим берүү башкармалыгынын бир нече кызматкери иштен бошотулду.

Облустук администрациянын маалыматы боюнча Сурхандарыянын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 17 жетекчи жана ондогон бала бакча кызматкерлери жумуштан кетти, бешөө кылмыш жоопкерчилигине тартылды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда мунай уурдоого шектелген топтун лидери дагы бир ай камакта болот

Актөбө облусунда «мунай уурдоо» иши боюнча шектелип жаткан Еркин Избасардын камактагы мөөнөтү 7-апрелге чейин узартылды. Тергөө анын мунай уурдоого жана мыйзамсыз мунай өнүмдөрүн сатууга шектелип жаткан топтун лидери болгонун билдирүүдө.

Күч түзүмдөрү тарабынан Актөбөдө өткөрүлгөн атайын операциядан кийин кармалган биринчи топтогу майып Еркин Избасарга жана анын шериктери делген адамдарга кылмыштуу топ түзүү, кылмыштуу жол менен мунай ташуу, сатуу жана сактоо айыптары тагылды. Азырынча ал операциянын алкагында канча адам кармалганы так айтыла элек, бирок бүгүнкү күндө кылмышка кеминде 22 адамдын шектелип жаткандыгы белгилүү.

Шектүүлөр аларга карата коюлган айыптарды четке кагышууда. Атайын операциянын жүрүшүндө мунай куюлган автоцистерналар алынып, кылмыштуу топтун бир нече мүчөсү камалганы кабарланган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстандык жүздөгөн качкын Польша чек арасынан өтө албай турат

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобу Варшава Тажикстандын ондогон жаранына башкалка берүүдөн баш тартканын билдирди. Маалыматка караганда, учурда жүздөгөн тажикстандык аталган европалык өлкөнүн чек арасынан өтө албай турат.

Польшанын адам укуктары боюнча Хельсинки тобунун юристти Даниэл Витко башкалка сурап жаткандардын көбүнүн визасы жок экенин, ошондуктан алар бир канча айлап чек ара аймагында калууга аргасыз болорун айтты. “Мен үч айдан бери үй-бүлөсү менен бирге украин-польша чек арасында кирүүгө уруксат күтүп турган Тажикстандын жаранын билем. Алардын паспортторунда штамп басууга бош жер калган жок, алар эми кайрадан Украинага да бара алышпайт”, – деди ал.

Витконун айтымында, Польша чек арасы аркылуу Европага кирүүгө аракет кылган тажиктердин так саны белгисиз. Бирок аталган өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат алган тажиктер беларус-польша чек арасында эле 100дөн 200гө чейинки сандагы тажикстандык качкын ары же бери өтө албай турганын билдиришүүдө.

Качкындардын тагдырына эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму да тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун бир канча күн мурун жарыяланган баяндамасында Варшава адатта башкалка сурагандардын укуктарын бузуп жатканын четке кагып, аларды кайрадан Беларуска жөнөтө тургандыгы белгиленген.

Польша ТИМинин чет өлкөлүк жарандар менен иштөө кызматынын өткөн жылы жайында тараткан маалыматына караганда, Польшадан башкалка сурап Тажикстандын 1200гө чукул жараны кайрылса, алардын бирөөсү гана расмий качкын макамын алган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев келди

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев баштаган делегация келди.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасын «Манас» Эл аралык аэропортунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев тосуп алды.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медеведев 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн келди.

Назарбаев дин боюнча мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев дин боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын айтты.

Казак президенти өлкөдө диний бирикмелердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, дин тутуу эркиндиги сакталганын белгиледи. Бирок экстремизмдин алдын алуу үчүн мыйзамды кайра карап чыгуу керектигин айтты.

Казакстан мыйзамдарына ылайык, каттоодон өтпөгөн диний уюмдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Учурда өлкөдө 3 600дөн ашуун диний бирикмелер бар, алардын басымдуу бөлүгү исламды карманат.

Укук коргоочулар Казакстанда сөз жана дин эркиндиги чектелип, адам укуктары бузулуп жаткандыгын белгилеп келишет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда мектепте лимон күнөсканаларын курууга окуучулардан акча чогултулууда

Анжиян облусунун Асака районундагы мектептерде окуучулардан лимон күнөсканаларын куруу үчүн 5 миң сумдан (1,5 АКШ долларына жакын) чогултулууда. Бул туурасында балдардын ата-энелери кабарлашууда. Райондун элдик билим берүү бөлүмдөрү болсо түшүндүрмө берүүдөн баш тартып жатышат.

“Менин балам 1-класста окуйт. Мектептеги акча чогултуулар тажатты. Эми президент айткан лимон күнөсканаларын куруу үчүн каражат талап кылып жатышат. Мугалим 5 миң сум берүү тууралуу баламан кат берип жибериптир. Лимон күнөсканалары эмне себептен ата-энелердин эсебинен курулушу керек деп таң калып жатабыз”, – деп нааразы болду Асака районунун тургундарынын бири.

Райондогу башка бир окуучунун ата-энеси акыркы айда мектепке Алиппе майрамын белгилөө үчүн 55 миң сум (16 АКШ долларынан ашык) бергенин, андан тышкары ай сайын фонд үчүн 7 миң сумдан (2 АКШ доллары) төгөрүн белгиледи.

Буга чейин Өзбекстандын Анжиян облустук акимчилиги мектеп жана бала бакчалардын жетекчилерине окуу жайлардын аймактарына лимон өстүрүүнү тапшырганы кабарланган. Демилге жашылча-жемиш экспортунун көлөмүн көбөйтүү зарылдыгына байланыштуу экени маалымдалган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстан менен Түркмөнстан Стратегиялык өнөктөштүк келишимине кол койду

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында өлкөлөр ортосундагы стратегиялык кызматташтык тууралуу макулдашууга кол койду. Бул тууралуу түркмөн маалымат каражаттары билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташуу тууралуу өкмөттөр аралык программага жана Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташуу келишимине кол коюшту.

Андан сырткары Хорезм облусу менен Дашөгүз облусунун жана Бухара облусу менен Лебап облустарынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу келишимдер макулдашылды. Ошондой эле Түркмөнстандын Темир жол транспорту, Айыл жана суу чарба министрликтери жана «Түркмөнхимия» мамлекеттик концерни Өзбекстандын бир катар ишканалары жана уюмдары менен келишимдерди түздү.

Мамлекет башчыларынын жеке жолугушуусу маалында эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечегине байланышкан маселелер талкууланды. Президенттер соода-экономикалык тармактагы өз ара кызматташууну күчөтүү зарылдыгын белгилешип, гуманитардык-маданий байланыштардын дагы маанилүү экенин айтышты.

7-мартта эки өлкө лидери Лебап аймагына барып, Түркмөнабат-Фарап темир жана автоунаа көпүрөсүнүн салтанаттуу ачылышына катышат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстан Тажикстанга гуманитардык жардам жөнөттү

Өзбекстан Тажикстандагы табият кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык жардам жөнөттү. 60 тонна азык-түлүк, курулуш материалдары жана күйүүчү май жүктөлгөн төрт «КамАЗ» 7-мартта Тажикстандын чек арасын кесип өткөнү кабарланууда.

Гуманитардык жүктү чек арадан Өзбекстандын Дүйшөмбүдөгү элчиси, Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитетинин төрагасы, Мамлекеттик резервдер комитетинин башчысы, ТИМ өкүлдөрү жана башка мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тосуп алышты.

Буга чейин Өзбекстандын ММКлары табигый кырсыктан жапа чеккен Тажикстан элине жардам жөнөтүү тапшырмасын президент Шавкат Мирзиёев жеке өзү бергенин кабарлашкан.

Тажикстанда жыл башынан бери 20дан ашык адам калың жааган кардын жана кар көчкүсүнүн курмандыгы болду.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Бирдиктүү орусиялык улут тууралуу мыйзам долбоорунун аталышы өзгөртүлдү

Бирдиктүү орусиялык улут тууралуу мыйзам долбоорунун аталышы өзгөртүлдү. Документти даярдоо боюнча жумушчу топтун жетекчиси Валерий Тишковдун «Коммерсант» гезитине билдиришинче, азырынча коом бардык улуттарды бириктирген ал түшүнүктүн идеясын кабыл алууга даяр эмес.

Мыйзам долбоорунун жаңы аталышы «Мамлекеттик-улуттук саясаттын негиздери тууралуу» деп аталат.

Бирдиктүү саясий улуттун концепциясына карата нааразылыктарын улуттук республикалардын өкүлдөрү билдиришкен. Алар орусиялык улут орустардын улуту болуп калат деген тынчсызданууларын айтышкан.

Мыйзамдын жаңы концепциясы 2017-жылдын апрелине карата даяр болушу керек. Тишковдун айтымында, анда негизги түшүнүктөр жазылып, федералдык жана жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктары анык көрсөтүлөт, ошондой эле этноконфессионалдык мамилелергө байкоо салуу системасы аныкталат.

Мыйзам долбоорун 2017-жылдын 1-апрелине чейин даярдоону Орусия президенти Владимир Путин жеке өзү тапшырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Меню