Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Өзбекстан президенти 22-23-мартта Астанага расмий сапар менен келет

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев 22-23-мартта Астанага келет. Өзбекстан лидеринин сапарынан кийин Борбор Азия мамлекеттеринин айрым жетекчилери да Казакстанга келе турганын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиев өлкө башчы катары алгачкы сапарын Түркмөнстандан баштаган. Ал 6-7-мартта түркмөн кесиптеши Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугуп, суу ресурстарын биргеликте пайдалануу маселелерин талкуулаган.

Былтыр 4-декабрда президент болуп шайланган Шавкат Мирзиёев коңшу өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртуу боюнча иштерди алып барууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Казакстанда Конституциялык кеңеш Назарбаевдин реформасын колдоду

Казакстандын Конституциялык кеңеши Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү – Негизги мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарды.

Парламент 6-мартта Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырган. Документ эл өкүлдөрүнө 3-мартта келген. Казак президенти Нурсултан Назарбаев Конституцияда белгиленген баалуулуктарга жана мамлекетти башкаруу формасына шайкеш келерин аныктоо үчүн 6-мартта долбоорду Конституциялык кеңешке жолдогон.

Конституциялык реформага ылайык, президенттин айрым ыйгарым укуктары өкмөт жана парламентке өтөт. Алсак, мамлекеттик программаларды жана каржылоонун бирдиктүү системасын, ошондой эле бюджеттин эсебинен каржыланчу бардык органдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын бекитүү боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөткө өтөт. Министрлик орундарга талапкерлерди президентке премьер-министр сунуштайт. Тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрлерин мамлекет башчы өз алдынча дайындайт. Андан сырткары Казакстандын туңгуч президентинин макамы Конституциянын дагы бир беренесинде бекитилет.

Казакстандын учурдагы Конституциясы 1995-жылы жалпы улуттук референдумда кабыл алынган, андан бери ага бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Өзбекстанда кафелерде күтүүсүз рейд жүргүзүлүүдө

Тартип сакчылары 3-мартта Ташкенттеги “Жизак” кафесине күтүүсүздөн келип, көңүл ачуучу жайдын кызматкерлери менен конокторун милиция бөлүмүнө алып кетишкен.

Кызматкерлердин биринин айтымында, күтүүсүз рейд кафенин беделин түшүрдү. Тартип сакчыларынын орой мамилесине жана жөнсүз айыппул салуусуна нааразы болгон “Жизактын” директору Өзбекстан президентинин элдик кабылдамасына жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылып, материалдык чыгымдарды кайтарып берүүнү талап кылууну чечти.

Кафе кызматкерлеринин билдиришинче, рейд учурунда иттердин жардамы менен маңзат издешкен, бирок табышкан эмес.

Кафенин кардарларынын бири милиция бөлүмүндө аларды таңкы саат бешке чейин кармашканын, айрымдары ур-соккуга кабылганын, паспорту жокторду камап, убактылуу каттоосу болбогондорго айыппул салынганын айтты.

Бул тууралуу укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Дүйшөмбүдө ири көлөмдөгү паракорчулук боюнча сот башталды

Дүйшөмбү шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурагы башчысы Саидшариф Анвардын соту башталды. Аны менен кошо алты шеригинин иши дагы каралууда.

2015-жылы “Истиклол” медициналык борборунун курулушу боюнча каржылык текшерүүдө максатсыз чыгымдар аныкталган. Кармалгандар муну жаап-жашыруу үчүн жогорку кызматтагы адамдарга пара берүүгө аракеттенишкен. Соттук жараян ачык жүрүүдө.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы менен чогуу 2015-жылы дагы алты киши кармалган. Алардын бири 448 миң доллар өлчөмүндө пара берүү учурунда колго түшкөн.

Көп профилдүү “Истиклол” медициналык борбору 650 орундуу оорукана жана бейтапканадан турат. Күнүгө 800дөй бейтапты кабыл алууга кудуреттүү. Курулуш үчүн бюджеттен 500 миллион сомони бөлүнгөн.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Назарбаев Конституциянын жаңы долбооруна кол койду

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. Бир күн мурун Конституциялык кеңеш документ Баш мыйзамга карама-каршы келбейт деген бүтүм чыгарган.

Конституциядагы өзгөртүүлөргө ылайык, айрым президенттик ыйгарым укуктар өкмөт менен парламентке өтөт.

Баш мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор 3-мартта парламентке жолдонуп, ушул жуманын башында колдоо тапкан.

Казакстандын азыркы Конституциясы 1995-жылы бүткүл элдик референдумда кабыл алынып, кийинчерээк ага бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

«Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы Ходжентте авариялык түрдө конду

9-март күнү түнчүндө «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын учагы техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу Ходжент шаарындагы эл аралык аэропортко авариялык конуу жасады. Аэропорттун өкүлдөрү жабыркагандар жок экенин билдиришти.

Окуянын күбөлөрүнүн бири аэропортто өзгөчө абал жарыяланып, ал жакка шашылыш түрдө укук коргоо органдары, өрт өчүрүүчүлөр жана тез жардам кызматы барганын билдирди.

Ходжент аэропортунун маалымдоо бюросу «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Ходжент-Москва каттамын аткарып жаткан учагы аба майданда авариялык конуу жасаганын ырастады. “Бардыгы жакшы аяктады. Учактагы 140 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрүнүн эч кимиси жабыркаган жок”, – деди аэропорттун кызматкери.

Анын айтымында, учкучтар абага көтөрүлөрү менен техникалык мүчүлүштүктөр бар экенин аныкташып, кайра Ходжент шаарынын аэропортуна конууну чечишкен.

«Тажик Эйрдин» лайнери эки саат бою Ходженттин үстүнөн айланып учканы кабарланууда. Нускамага ылайык, авария болгон учурда учак жарылып кетпеши үчүн учкучтарга күйүүчү майды жагууга туура келген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Самолет авиакомпании "Таджик Эйр" совершил аварийную посадку в Худжанде

Лайнер авиакомпании “Таджик Эйр” ночью 9 марта из-за технических проблем совершил аварийную посадку в международном аэропорту города Худжанда. Представители аэропорта заверили, что никто не пострадал.

Один из свидетелей происшествия сообщил, что в аэропорту было объявлено чрезвычайное положение, туда в экстренном порядке прибыли сотрудники правоохранительных органов, пожарные расчеты и машины “скорой помощи”.

В справочном бюро Худжандского аэропорта подтвердили, что ночью 9 марта самолет авиакомпании “Таджик Эйр”, совершавший рейс по маршруту Худжанд-Москва, совершил экстренную посадку в аэропорту. “Все закончилось благополучно. Никто из 140 пассажиров и членов экипажа не пострадал”, – сказал сотрудник аэропорта.

По его словам, сразу после вылета экипаж обнаружил техническую неполадку и решил вернуться в аэропорт города Худжанда. Что же стало причиной экстренной посадки лайнера, пока неизвестно.Сообщается, что лайнер «Таджик Эйр» в течение двух часов кружил над Худжандом. Пилотам, согласно инструкции, пришлось сжигать горючее, чтобы оно не взорвалось в случае аварии.

Источник: Служба новостей Центральной Азии

Түркмөнабадда Ислам Каримовдун эстелиги ачылды

Түркмөнстандын Түркмөнабад шаарында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду. 7-мартта анын расмий ачылышына Өзбекстан мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев менен Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышты.

Түркмөнстандын Мамлекеттик маалымат агенттиги билдиргендей, андан сырткары Лебап аймагынын административдик борборундагы (Өзбекстандын Бухара облусу менен чектешет) көчөлөрдүн бирине Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды.

Түркмөнстан президенти чогулгандардын алдында сүйлөп жатып эки өлкө ортосундагы өз ара мамилени өнүктүрүүдө Ислам Каримовдун ролу чоң экенин белгиледи.

«Өзбекстандын биринчи президентине мыкты эстелик — бул анын ишин татыктуу улантуу», – деди Гурбангулы Бердымухамедов. Түркмөн лидери эки өлкө элинин өз ара түшүнүшүүсүнүн жогорку деңгээли, жалпы тарыхый түпкү теги мындан ары да мамлекеттер ортосундагы кызматташтык үчүн бекем пайдубал болуп берет деген ишенимин билдирди.

Соңунда Өзбекстан менен Түркмөнстандын президенттери Ислам Каримовдун эстелигине гүлчамбар коюшту.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

БУУ: Казакстанда аялдар басмырлоого көп дуушар болушат

Казакстан аялдары жумуш ордуларындагы зомбулук менен ыдык көрсөтүүлөрдүн түрдүү формаларынан корголбогон бойдон калууда. Бул тууралуу БУУнун Казакстандагы туруктуу өкүлү Норимас Шимомуранын Аялдардын эл аралык күнүнө карата жасаган кайрылуусунда айтылат.

«Биз Казакстандын өкмөтүн, жарандык коомчулукту жана жеке тармактарды аялдардын жетишкендиктерин колдоого, көйгөйлөрдүн бар экенин моюнга алууга, алардын жумуш ордуларындагы укуктарына жана гендердик теңчиликке көңүл бурууга чакырабыз», — деп айтылат БУУнун кайрылуусунда.

Ошондой эле анда Казакстандын мыйзамдарында «сексуалдык ыдык көрсөтүү» түшүнүгүнүн түшүндүрмөсү жок экени жана аялдар коомдук жайлардагы зомбулук көрсөтүүлөрдөн корголбогону белгиленген. БУУнун маалыматы боюнча коомдук жайларда сексуалдык ыдык көрсөтүү учуруна күбө болгон адамдардын 25 пайызы эч кандай аракет көрүшмөк эмес.

Уюмдун маалыматына караганда, Казакстанда аялдар арасындагы жумушсуздуктун деңгээли эркектердин жумушсуздугуна салыштырмалуу жогору бойдон калууда. Саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык кызмат көрсөтүү тармактарындагы жалданма жумушчулардын 70 пайызын аялдар түзөт. Ошондой эле алардын көбү формалсыз тармактарда же үй кызматчылары катары иштешет. Мындай учурларда аялдар менен жумуш берүүчүнүн ортосунда оозеки гана келишим болуп, үй кызматчыларынын укуктары корголбойт.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Тажикстанда «Ислам мамлекетинин» тасмаларын жарыялаган жаран 10 жылга соттолду

Тажикстандын Хатлон облустук соту 26 жаштагы жергиликтүү тургунду жалданмачылыкка күнөөлүү деп таап, 10 жылга эркинен ажыратты.

Тергөөнүн маалыматы боюнча соттолгон адам Москвада жүргөндө «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү менен байланышта болуп, 2016-жылдын аягында мекенине кайтып келгенде кармалган. Соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө анын күнөөсү толугу менен далилденген.

Материалдарга ылайык, соттолгон жаран социалдык түйүндөрдүн бириндеги баракчасына «Ислам мамлекетинин» идеаларын пропагандалаган 20дан ашык тасманы жайгаштырып, бир нече тажикстандык өспүрүмдү азгырып, террордук топтун катарына тарткан.

Тажикстандын Кылмыш жаза кодексинде жарандарды башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге азгыруу үчүн катаал жаза каралган.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Хатлондун 210 тургуну «Ислам мамлекетинин» көзөмөлүндөгү аймактарда жүрүшөт, арасында аялдар менен балдар да бар.

Меню