Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Кийинки хандык такка олтуруучу башкы увазирлер

Өзбек президенти Ислам Каримов бул жарыктык менен коштошкондон кийин өзбектирди ким башкарат деген талкуу күч алды. Коңшуларда дагы бийлик талашкан кландар толтура. Алардын таасирдүүлөрү Ташкент жана Самарканд кландары. Каримовдун тушунда эле бул эки клан күч структураларына таасир этип турушкан. Ташкенттиктер Улуттук коопсуздук кызматын (СНБ) кармаса, Самарканд кланы ИИМде турган. Бирок, СНБ башчысы Рустам Иноятов самарканддыктарга көбүрөөк көңүл бураары айтылып келген. Каримовдун ишенген жакын адамдарынын бири да Рустам Иноятов делип эсептелинет. Самарканд кланынан такка олтурчу негизги фигура 2003-жылдан бери премьер-министр болуп иштеп келе жаткан Шавкат Мерзяев. Анын негизги атаандашы катары ташкенттиктердин кланынан  финансы министри Рустам Азимов эсептелинип жатат. Каримов өзү Самарканд кланынан болгондуктан Шавкат Мерзяевде таасир күч экенин аналитиктер белгилөөдө. Өзбекстанды өз кучагына тартууга аракет жасап жаткан күчтүү державалар да Мерзяевдин тамырын тартканга аракет кылышууда. Мындан сырткары Рустам Иноятовду өзбек бийлигинин “серый кардиналы” деп эсептегендер көп. Президенттик тактыга олтура турган адам Иноятовдун батасын алып, колдоосуна ээ болушу керек. Шавкат Мерзяев менен Рустам Иноятовдун жакын мамилесинен да куда-сөөк жагы да бар деп айтылып калууда. Мерзяевди 2003-жылдан бери башкы увазир кылып алып жүргөн да Иноятов экени акырындык менен ачыкка чыгууда. Ал тургай Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын тизгинин тартып, үй камагына олтургузган дал ушул Иноятов.  Мунун баарын эске алганда Өзбекстандын кийинки президенти болууга Мерзяев жакыныраак.

Бизде дагы мураскер ким болот деген суроо талуу бойдон турат. Коңшуларда Самарканд, Ташкент болуп күрөшүп жатса, биз түндүк-түштүк болуп, бул жарайт, бизден болушу керек деген ажырымды токтото элекпиз. Азыркы президент Алмазбек Атамбаев мураскер даярдабайм, эл өзү каалаган адамын шайлап алат деген менен кийинки келечеги үчүн сөзсүз мураскерин калтырып кетери бышык. Президент айланасынан жол улоочусун чыгара алабы? Бул дагы маселе. Атамбаевди Чүйдөн чыккан саясатчы деп эсептелерин эске алганда, ага мураскер тандоодо таасир этчү чүйдүн саясий күчтөрү болушу мүмкүн. Мураскер катары Иса Өмүркулов менен УКМК башчысы Абдил Сегизбаевди көргөндөр бар. Президент бул экөөсүнө бийликти тапшырышы күмөн. Иса Өмүркуловду мураскер катары даярдаган болсо ага кылмыш ишин козгоп, кара көө жапмак эмес. Сегизбаевди ордума калтырып кетем деп орустарга көрсөткөндө, стратегиялык өнөктөштөр жарабайт деп кол шилтегенин саясатчылар айтышкан. Атамбаевдин мураскер катары калтырууга жалгыз талапкер азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков гана калгандай. Ал киши мамлекеттик кызматта иштеген убактан бери артынан жаман сөздөр айтылган эмес. Сооронбай Жээнбековдун эң негизги көзүрү колунун иазалыгы, коррупциялык ишке аралашпаганы. Экинчиден азыр Атамбаев бийликке келгенден бери түштүктө жакшы маанайды жаратуу кыйынга турду. Түштүктөн добуш алуу да оңойго турбайт. Бул жагынан Жээнбеков Атамбаевдин ишин бир кыйла жеңилдетет. Өкмөт башчысы болуп келгенден бери ишти алга жылдыруу үчүн жакшы эле күйпөлөңдөп, маңдай тер төгүп аракет кылып жатат. Каримовдун тажиясына да Сооронбай Жээнбековдун барышы, кийинки президент деп саналып жаткан Мерзяев менен чек ара маселесин талкууга алышы анын кийинки тактыга олтурууга мүмкүнчүлүгү жогору болуп баратканынан кабар берет. Андыктан, эки өлкөдө президенттик тактыга башкы увазирлер олтуруп калышы толук мүмкүн.

Кыялбек Тагаев   

Булак: “Жаңы-Ордо”

Бүгүн Өзбекстан парламенти өлкө президентинин милдетин аткаруучуну дайындайт

Бейшемби күнү Ташкентте Өзбекстандын Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасы менен сенатынын биргелешкен жыйыны болот. Анда өлкө президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучуну дайындоо маселеси каралат.

Өзбекстан Конституциясынын 96-беренесине ылайык, «аракеттеги президент өз милдеттерин аткара албаган учурда анын милдеттери менен ыйгарым укуктары үч айлык мөөнөткө убактылуу Олий Мажлис сенатынын төрагасына жүктөлөт».

Учурда Өзбекстандын Олий Межлис сенатынын төрагасы болуп Нигматилла Юлдашев эсептелет.

Расмий түрдө Каримовдун көз жумгандыгы тууралуу 2-сентябрда кабарланган. Анын сөөгү 3-сентябрда Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексине коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Актөбөдө курал саткан дүкөндүн ээси соттолууда

Актөбөдө “Паллада” курал саткан дүкөнүнүн ээси Артем Горлаевге карата соттук отурум башталды. Ал өз милдетин ак ниеттүүлүк менен аткарбагандыгы үчүн айыпталууда. Прокуратуранын пикиринде, мунун айынан 5-июндагы кол салуу учурунда 18 курал-жарак ок дарылары менен тартылып алынган.

“Паллада” дүкөнүндөгү окуяда үч адам мерт кеткен.

Прокуратура дүкөндө ИИМ тарабынан бекитилген тартиптер сакталган эмес деп эсептейт. Курал-жарактар трос менен ашталып, кадалган эмес. Ок-дарылар текчеге тизилип коюлбашы керек болчу.

Сотто Артем Горлаевдин жактоочулары ал бардык айыптоолорго макул экенин жана процессуалдык келишим түзүүгө даяр турганын билдиришти.

Актөбөдө 5-июнда эки курал саткан дүкөнгө жана аскер бөлүгүнө куралдуу кол салуу болгон. Бийлик окуяны теракт катары мүнөздөп, бул үчүн диний радикалдарды күнөөлөдө. Кол салууда бир нече адам өлүп, шектүүлөр атайын операция учурунда жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Унгар-Тоосун коргоо боюнча комитеттин жалпы Кыргыз элине Кайрылуусу

22-август күнү Аксы районунун Кербен шаарында жайгашкан Унгар-Тоосундагы «Кербен РРС-24» радиорелейлик станциясына Өзбекстанга тиешелүү эки МИ-8 вертолёту биздин жерге бастырып кирип, ал жерди басып алып, ал жерде иштеп жаткан кызматкерлерди барымтага алып,  өз талаптарын койуп, паспорттук көзөмөл орноткон!

Бул нерсе бизде эки жолу кайталанып, элдин сабыры түгөнүп турган мезгилде, 23-август КТРК нын  Ала-Тоо маалымат-аналитикалык программасынан  «2006-жылы 3-октябрда  ошол мезгилдеги президент К. Бакиев Ташкент шаарында  № 20-протокол менен сатып жиберген деген такталбаган маалыматты таркатып, Аксы элин дагы  дүрбөлөӊгө салды.

Ошондой эле, ошол  кездеги мамлекеттик кызматкерлер Мадумаров Адахан Кимсанбаевич жана Бекназаров Азимбек Анаркуловичтер да шерик болгон деп калп таратты!   Бул мам. кызматкерлердин жер сатууга  жана мамлекеттик маанидеги чечимдерди өз алдынча кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрү жок эле! Адамды каралаштын, көө сүртүүнүн да чеги болот! Мындай каралоолор биздин жетекчилердин   мамлекетти башкарып, иш жүргүзүү ыкмасы болуп калды! Элди ынтымака чакыруунун ордуна бөлүп жаруу менен алектенип жатасыӊар!

Ал эми 2006-жылдын 3-октябрында Тащкент шаарында кол коюулган  № 20-протоколго токтолсок ал жерде Унгар-Тоо боюнча сөз болгон эмес. Бизде № 20-протокол турат ал жерде «Описание линии государственной границы между пограничными точками №113 и № 114 не проводилось»  деп жазылып турат! Эмнеге элге калп айтып, элди дүрбөтүп  жатасыӊар. Эгерде К.Бакиев Ташкент келишиминде өткөрүп жиберген болсо аны кайсыл чакырылыштагы Жогорку Кеӊеш  РАТИФИКАЦИЯ кылды экен? Бизге жылын, мамлекеттик документтин № көрсөткүлө! Улуу сөздө уят жок деп коёт Кыргызда! Катын ушак таратканды токтоткула!   Бизге элдин тынчтыгы, ынтымагы  керек! Аксы эли толкуса аны токтотуу кыйын аны сиздерда жакшы билесиздер!  Бул маселени дипломатия менен чечүү керек! Биз Өзбек тараптын Унгар-Тоодун артында койуп жаткан  талабын жакшы билебиз! Орто-Токой суу сактагычына толук көзөмөлдү орнотуу болуп жатат!  Бул нерсеге жол бербөө керек!

Жогорудагы терс көрүнүштөрдөн улам биздин талаптар;

  1. Жалпы коомчулука туур эмес маалымат берип, элди дүрбөлөӊгө салгандыгы үчүн КТРК нын генералдык директору Илим Карыпбеков опровержение берип, отставкага кетсин!
  2. Унгар-Тоо жана Орто-Токой суу сактагычы боюнча эки тараптуу макулдашуулар Кыргыз элинин кызыкчылыгына дал келген келишимдер кабыл алынсын!
  3. ММК лар аркылуу Элди дүрбөлөӊгө салган маалыматтарды таркатуу токтотулсун!
  4. 2006-жылы 3-октябрда Ташкент келишиминде Мадумаров Адахан Кимсанбаевич, Бекназаров Азимбек Анаркулович Унгар-Тооду сатып жиберген деп, КТРК  маалымат таркатты. Биз Унгар-Тоосун коргоо комитети Адахан Кимсанбаевич жана  Азимбек Анаркулович  Аксыга келип, так маалымат берүүсүн суранабыз!
  5. Конституциянын атасы болгон Текебаев Өмүрбек Чиркешович дагы Аксы келип, Унгар-Тоосу боюнча Эл алдына келип, мыйзамдуулук боюнча так маалымат берүүсүн суранабыз!
  6. Өзбекстанда барымтада жаткан «Кербен РРС-24» радиорелейлик станциясынын төрт кызматкеринин бир тал чачы төгүлбөстөн кайтарып алуусун Кыргыз бийлигинен талап кылабыз!

Камчыбек уулу Шекербек, Унгар-Тоосун коргоо боюнча комитетинин төрагасы

Өзбекстанда "Ахмадбайдын" айыбын ачкан экинчи тасма чыкты

Бир катары өзбек телеканалдары 30-июнда каржы пирамидасынын негиздөөчүсү, калк арасында “Ахмадбай” деген ысым менен белгилүү ишкердин айыбын ачкан экинчи даректүү тасманы көрсөтүштү.

Тасмада “Ахмадбай” кайрадан эле алдамчы катары сыпатталган. Доочулардын катарында жөнөкөй жарандар эле эмес, белгилүү ырчылар, куудулдар, аким жана тартип сакчыларынын жетекчилери бар.

Фильмде Ахмад Турсунбаев алдамчылыгын моюнуна алып, кардарларынан кечирим сураган. Мындан тышкары ишкер “каржы пирамидасы банкротко учураганын, тунгуюкка кептелгенин” билдирди. Маалымдалгандай, акимдер, милиция жетекчилери жана башка белдүү аткаминерлер байбачага акчаларын жогорку үстөк менен беришкен.

Ахмад Турсунбаев жөнүндөгү алгачкы даректүү тасма 16-июнда ал кармалгандан кийин жарыкка чыккан.

Меню