Menu

БОРБОРДУК АЗИЯДА

Орусия Казакстандын Сибирь аркылуу учуусуна уруксат берди

Орусия казакстандык авиакомпаниялардын Сибирь аркылуу учуусуна уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн Казакстандын Инвестициялар жана өнүгүү министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, казак авиакомпанияларына мындай укук Орусия менен Казакстандын ортосундагы узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында берилди. Бул казак компанияларына Улан-Батор жана Токио багыттары боюнча кошумча каттамдарды ачуу мүмкүндүгүн берет. Андан сырткары казак жүргүнчү ташуучулары Астана — Байконур жана Алматы — Байконур багыттары боюнча каттамдарды аткаруу укугуна ээ болду.

Министрликтин басма сөз кызматы учууларга кандай шарттарда уруксат берилгенин так билдирген жок.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Орусия өкмөтү допингге каршы күрөшүүгө 1,6 миллиард рубль бөлдү

7-мартта Орусиянын өкмөтү допингге каршы күрөшүүгө 1,6 миллиар рубль бөлдү. 2015-жылы Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы күрөшүү агенттигинин көз карандысыз комиссиясы Орусиянын бир катар мекемелерин, анын ичинде өлкөнүн Кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин, Москвадагы антидопинг лабораториясынын, Спорт министрлигинин жана жеңил атлетика федерациясынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө жүргүзүп, Орусияда допинг пайдалануу учурларын жашыруу боюнча мамлекеттик система бар деген жыйынтыкка келген.

Допинг чырына байланыштуу уюм тарабынан Орусиянын Кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин аккредитациясы убактылуу токтотулган. Андан сырткары орусиялык жеңил атлетчилер бардык эл аралык мелдештерден, анын ичинде Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндарынан четтетилген. Ошондой эле Орусиянын командасы Паралимпиада оюндарына катышуу укугунан да ажыратылган.

Бир нече күн мурда Орусия президенти Владимир Путин орусиялык допингге каршы күрөшүү системасынын ийгиликсиз болгонун моюнуна алды. Мамлекет башчы өкмөт өкүлдөрүн Дүйнөлүк кызытмага каршы күрөшүү агенттигинин билдирүүсүнө кулак салууга чакырды. Бирок ошол эле маалда Путин мамлекеттик деңгээлде кызытманы колдоо системасынын болгондугу тууралуу божомолдорду четке какты.

Ал ортодо Орусиянын допингге каршы күрөшүү агенттигинин башкы директорунун милдетин аткаруучу Анна Анцелиовичдин отставкага кеткендиги белгилүү болду. Буга чейин ал New York Times басылмасына курган маегинде орус бийлиги бир канча жылдан бери орусиялык спортчулардын жапырт кызытма пайдалануу учурларын жашырып келгендигин моюнуна алган. Кийинчерээк Орусиянын допингге каршы күрөшүү кызматы басылманы Анцелиовичтин сөздөрүн бурмалоого айыптаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Назарбаев менен Путин Астанада Сирия сүйлөшүүлөрүн улантууну чечишти

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путин телефон аркылуу Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасын өткөрүү маселесин талкуулашты.

Путин БУУнун ортомчулугу алдында Женевада өткөн жыйында Сириядагы оппозициялык күчтөр жаңжалды жайгаруу боюнча Астанада марттын ортосунда жолугууга ниеттенишкенин билдирди.

Буга чейин Казакстан ТИМи Сириядагы элдешүүнү көзөмөлдөөгө кепил болуп жаткан өлкөлөр кийинки жолугушуунун мөөнөтүн жана деңгээлин талкуулап жатышканын билдирген. Акыркы жолу Орусия, Түркия жана Ирандын ортомчулугу алдында куралдуу оппозиция менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү 16-февралда жолугушкан. Бирок жыйын алгылыктуу натыйжа берген эмес

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Ташкент, Самарканд жана Карши шаарларында Каримовдун эстелиги тургузулат

Өзбекстандын Ташкент, Самарканд жана Карши шаарларында өлкөнүн биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун эстелиги тургузулат. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев айкелдердин курулушунун долбоору менен таанышып чыгып, Каримовго арналган мемориалдык комплексти Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын майрамдоого чейин бүткөрүүнү талап кылды.

Президенттин расмий билдирүүсүндө дүйнөлүк коомчулук Ислам Каримовдун ысымын Жордж Вашингтон, Шарль де Голль жана Мустафа Кемаль Ататүрк сыяктуу жогорку орунга коёру айтылат.

1-сентябрь Эгемендүүлүк майрамына чейин биринчи президенттин “Оксарой” резиденциясынын маңдайына Ислам Каримовдун эстелиги орнотулуп, илимий-агартуучулук мүнөздөгү мемориалдык комплекс түзүлөт. Каримовдун айкелин Самаркандда дагы орун алат, эстеликтен алыс эмес жерде музей, фонтан жана гүл бакча болот.

Каримовдун кызматтык карьерасы башталган Карши шаарында дагы айкели тургузулат.

Бул арада Москванын Большая Полянка көчөсүндө Өзбекстандын тунгуч президентинин эстелиги жана гулбакчасы болот. Мамдума былтыр декабрда тиешелүү токтомду кабыл алган. Түркмөнстанда болсо Каримовго арналган гүлзар жана айкелдин ачылышы болуп өттү. Өзбекстандын биринчи президенти 2016-жылы 2-сентябрда 78 жаш курагында мээсине кан таамп көз жумган. Анын Самарканддагы көрүстөнү Өзбекстандагы зыярат кылчу жайга айланды.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Москва тажик жаранына компенсация төлөп берүүдөн баш тартууда

Адам укуктары боюнча Европа соту 2016-жылы 26-октябрда Тажикстан жарандары Туйчи Журев менен Екатерина Шалкованын Орусияга кирүүсүнө тыюу салгандыгы үчүн Москваны беш миң евродон компенсация төлөп берүүгө милдеттендирген.

Москва соттун чечими адилеттүү болбой калганын билдирүүдө. Орусиялык юристтер Тажикстандын аталган жарандарынын кирүүсүнө тыюу салууга бардык негиздер болгонун жана улуттук коопсуздук эске алынганын белгилешүүдө. Адам укуктары боюнча Европа сотунун Туйчи Жураев менен Екатерина Шалковага компенсация төлөп берүү чечимин жараксыз деп табуу боюнча берилген доо арыз бүгүн, 6-мартта каралат.

Туйчи Жураев 1095-жылы Орусиядан Тажикстанга келген. Пермдин райондук соту 1998-жылы аны сегиз жылга түрмөгө кескен. Бирок 2011-жылы айыптоочу өкүм жокко чыгарылган.

Туйчу Жураев Орусияда убактылуу жашоого жана иштөөгө уруксат алган. Мындан тышкары ал “Орусиядагы тажик биримдигинин” аймактык бөлүмүнүн төрагасы болгон. Бирок айыптоочу өкүм жокко чыгарылгандан эки жыл өткөн соң анын Орусияга кирүүсүнө тыюу салынган. 2013-жылы Тажикстанга барып кайра кайтарда аны чек арадан өткөрүшкөн эмес.

Адам укуктары боюнча Европа соту Жураев жана анын аялына карата конвенциянын адам укуктары жана негизги эркиндиктери боюнча 8-беренеси – жеке жана үй-бүлөлүк жашоону урматтоо укугу бузулганын билдирген. Анын иши Старсбургда каралып, 2015-жылы январда Жураевдин Орусияда убактылуу жашоосуна уруксат берилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Москвада Борис Немцовдун мемориалы тонолду

Москванын Большой Москворецкий көпүрөсүндөгү Борис Немцовдун элдик мемориалын “Гормост” ишканасынын кызматкерлери кайра талкалап кетишти. Оппозициячыл саясатчы өлтүрүлгөн жерде дүйшөмбүгө караган түнү бардык гүлчамбарлар жана портреттерди чогултуп кетишкен.

Мемориалда “Гормостун” кызматкерлери күзөткө турган активисттердин колдорун кайрып, көпүрөдөн түртүп жиберерин айтып коркутканы айтылууда.

Борис Немцовдун элдик мемориалынын алдында кезектеги талоончулук болгонун “Тилектештик” кыймылынын мүчөсү Надежда Митюшкина тастыктады.

Марттан бери бийлик элдик мемориалды алып таштоо боюнча бир нече жолу аракет жасады. 27-февралда болсо ал жакта алты киши кармалган, “Гормостун” кызматкерлери Борис Немцовдун элесине арналып коюлган бардык гүлдөрдү алып кетишкен.

Борис Немцов 2015-жылы 27-февралда Большой Москворецкий көпүрөсүндө атылып өлтүрүлгөн. Демилгечил топ саясатчы кайтыш болгон жерге эстелик тургузууга аракет жасап келет, бирок Москва бийлиги баш тартууда.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Украина менен Орусия Гаагада соттошууда

Бүгүн  Гаага сотунда Украинанын Орусияга каршы январдын ортосунда жолдогон доо арызы боюнча угуулар өтөт. Киев соттон Москваны Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге колдоо көрсөтүүсүн токтотууга милдеттендирүүнү өтүнүүдө. Бул иш боюнча Гаага сотундагы териштирүүлөр бир канча жылга чейин созулушу мүмкүн.

Гаага сотунун чечими акыркы болгонуна карабастан аны аткарууну камсыздоо механизмдери жок. Киев Орусияны Украинанын чыгышындагы жана Крымдагы бир катар топторду колдоо аркылуу БУУнун терроризмди каржылоого каршы аракеттерди көрүү конвенциясын бузууда деп айыптоодо.

Москва Крымды 2014-жылы аннексиялап, Украинанын чыгышындагы жикчилдерди колдоп келет. Куралдуу кагылышуулар башталган 2014-жылдын мартынан бери 9 750дөн ашык киши курман болгон.

Кремль Украинанын чыгышына аскерлерин жана согуштук техникаларын жөнөткөндүгү тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Москванын Украинадагы окуяларга кийлигишкендиги үчүн ага карата Кошмо Штаттар жана башка батыш өлкөлөрү экономикалык санкцияларды киргизген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Назарбаев Баш мыйзам долбоорун Конституциялык кеңешке жөнөттү

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн парламент тарабынан кабыл алынган Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун Конституциялык кеңешке жөнөттү.

Президенттик администрациянын расмий билдирүүсүнө ылайык, Конституциялык Кеңешке долбоор мамлекеттин башкаруу формасына жана ишмердүүлүгүнө негиз салчу принциптерге шейкеш келээр-келбестигин аныктоо үчүн жөнөтүлгөнү айтылат.

Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр долбоору бүгүн парламенттин акыркы окуусунда кабыл алынган. Жалпысынан Конституциянын 19 беренесине 26 өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Бийликтин маалыматы боюнча өзгөртүүлөр президенттин айрым ыйгарым укуктарын өкмөткө жана парламентке өткөрүп берүү үчүн киргизилүүдө.

Алсак, мамлекеттик программаларды жана каржылоонун бирдиктүү системасын, ошондой эле бюджеттин эсебинен каржыланчу бардык органдардын кызматкерлеринин эмгек акыларын бекитүү боюнча президенттин ыйгарым укуктары өкмөткө өтөт. Министрлик орундарга талапкерлерди президентке премьер-министр сунуштайт. Тышкы иштер, ички иштер жана коргоо министрлерин мамлекет башчы өз алдынча дайындайт. Андан сырткары Казакстандын туңгуч президентинин макамы Конституциянын дагы бир беренесинде бекитилет.

Казакстандын учурдагы Конституциясы 1995-жылы жалпы улуттук референдумда кабыл алынган, андан бери ага бир канча жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

ЕБ Түркмөнстанды Эркин Европа/Азаттык радиосунун кабарчысын бошотууга чакырды

Европа биримдиги Эркин Европа/Азаттык радиосунун кабарчысы Сапармамед Непескулиевдин ден соолугуна тынчсызданып жатканын билдирип, Түркмөнстан бийлигин аны тез арада бошотууга чакырды. Журналист 2015-жылы жайында кармалып, кийин үч жылга эркинен ажыратылган.

“Европа биримдиги Түркмөнстанды «Азаттык» радиосу менен кызматташып келген көз карандысыз журналист Сапармамед Непескулиевди тез арада бошотууга жана ага карата козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырат”, – деп айтылат биримдиктин билдирүүсүндө.

Уюм мындай билдирүүнү Эркин Европа/Азаттык радиосунун Түркмөнстандагы дагы бир кабарчысы Худайберди Аллашов бошотулгандан кийин жасоодо. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын штаттан сырткаркы кабарчысы жана «Түркмөнстандын альтернативдүү жаңылыктары» басылмасынын кызматкери Сапармаммед Непескулиевдин тагдыры болсо бир жылдан бери белгисиз бойдон.

Журналисттердин жана адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык уюмдар кабарчынын саясий негизде кармалганын айтышып, аны журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. БУУнун негизсиз кармоолор боюнча жумушчу тобу Сапармаммед Непескулиевдин кармалышы журналисттин өз пикирин эркин билдирүү укугунан пайдаланууга аракет кылгандыгына байланыштуу экенин билдирип, түркмөн бийлигинен журналистти тез арада бошотууну талап кылды.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча 2016-жылкы рейтингинде Түркмөнстан 180 өлкөнүн ичинен 178-орун алган, өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов болсо «интернеттин душманы» деп аталган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Видео - Өзбекстан прокуратурасы: Сурхандарыя облусунда 23 бала бакча "борделге" айланган

Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы көптөгөн бала бакчаларда кечкисин имаратты интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган учурлар аныкталууда. Укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлагандай, тергөө иштери жүрүп жатат.

Сурхандарыя облусунун прокуратура кызматкерлеринин билдиришинче, түнкүсүн “бордель” катары колдонулган бала бакчалар мурда кабарлангандай төрт эмес, андан алда канча көп болуп чыккан. Облустагы 290 бала бакчанын 23үн текшерип чыгышканда, алардын баары интимдик кызмат көрөтүүчү жайга айланганы аныкталган.

Кызматкерлер күндүз балдарды ур-токмокко алып, түнкүсүн ортомчулук менен алектенишкен.

Жергиликтүү бийлик бул маселени кароодо. 3-мартка чейин эле 20 бала бакчанын башчысы жумуштан бошотулду. Калган экөө ооруканада, бирөө декреттик өргүүдө болгондуктан арыз жазып берише элек.

Айрым ата-энелер бир нече бала тарбиячылардан кордук көргөндөн кийин кекечтенип, заара ушатып коюп жатканын билдиришүүдө. Бөбөктөрдү бычак менен коркуткан кызматкер үч жылга, дагы экөө эки жылдан түрмөгө кесилишти.

Буга чейин Сурхандарыя облусундагы бала бакчаларды интимдик кызмат көрсөтүүчү жайга айландырган эки кароолчу үч жылдан эркинен ажыратылганы кабарланган.

https://www.youtube.com/watch?v=RAg8OBdreYw&feature=youtu.be

Меню