Menu

ЭКОНОМИКА

Сауд Арабия Дүйшөмбүдөгү парламенттик комплекстин курулушун каржылабайт

Эр-Рияд Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө жаңы парламенттик комплекстин курулушун каржылай тургандыгы жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Аталган өлкөнүн Тажикстандагы элчиси Мухаммад ал-Бади Эр-Рияддын курулушка акча бөлөрүн ММКлардан укканын жана ал маалыматтын чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Элчинин айтымында, маалымат каражаттары менен социалдык түйүндөрдө Сауд Арабиясы тууралуу жалган маалыматтар байма-бай жарыяланып турат. «Биз жакында эле Дүйшөмбүдө Ислам медициналык университетинин өкүлчүлүгү ачыла тургандыгы жана Тоолуу-Бадахшан автономдук облусунда Ислам диний борбору курулаары тууралуу жазган “alarabyia.org” сайтынын маалыматтарын четке кактык. Аталган сайт шилтеме кылган Сауд Арабиясынын Тажикстандагы элчисинин маеги таптакыр болгон эмес», -деп билдирди Мухаммад ал-Бади.

Буга чейин орусиялык жана чет өлкөлүк маалымат каражаттары тараптар ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Эр-Рияд Дүйшөмбү шаарындагы парламенттик жана өкмөттүк комплекстердин курулушуна $200 млн. бөлө тургандыгын кабарлашкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ташкентте түрк банкынын өкүлчүлүгү ачылат

Өзбекстанда бир айдын ичинде Түркиянын мамлекеттик Зираат Банкынын (Ziraat Bank) өкүлчүлүгүнүн ачылуусу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын Соода-өнөр-жай палатасынын съездинде өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө банк өкүлчүлүгү ачылгандан кийин Түркия өкмөтү Өзбекстандагы кичи бизнеске насыя берүү үчүн 500 миллион доллар бөлүүнү пландоодо.

Зираат Банк – 1863-жылы негизделген Түркиянын ири насыя берүү уюму. Ал дүйнөнүн 18 өлкөсүндө банк кызматтарын көрсөтөт.

Буга чейин жакында Өзбекстанда түркиялык Demir Holding деп аталган ири компаниянын иши калыбына келтириле тургандыгы кабарланган. Компания өлкөдөн 2010-жылы, көзөмөл органдарынын текшерүүлөрү күчөгөндө чыгып кеткен.

Ушул жылдын майында Ташкентте өткөн өзбек-түрк бизнес-форумунун жүрүшүндө тараптар 2 миллиард долларлык документтер менен келишимдердин топтомуна кол коюшкан. Аларда текстиль, фармацевтика, курулуш жана банк тармактары боюнча 30га жакын долбоорду ишке ашыруу каралган.

 

Түркмөнстанда орусиялык байланыш оператору ишин токтотот

Түркмөнстанда орусиялык МТС мобилдүү байланыш операторунун кызматкерлерине башка жумуш табуу сунушталды. «МТС-Түркмөнстан» өкүлдөрүнүн ырасташынча, азырынча оозеки түрүндө көрсөтмө берилди.

МТСтин Москвадагы башкы кеңесеси бул боюнча комментарий бере элек. Ошол эле маалда “Азаттыктын” түркмөн кызматы өз булактарына таянуу менен Түркмөнстанда жаңы мобилдүү оператор иштеп баштай турганын айтууда.

Түркмөнстандагы телекоммуникациялык компаниялардын биринин өкүлүнүн айтымында, жаңы оператор азыркы учурда алгачкы сыноолорун өткөрүүдө.

Маалыматтарга караганда, жергиликтүү жаңы мобилдүү оператор Түркмөнстан президентинин туулган күнүндө, 29-июнда иштеп баштайт.

Бир күн мурун Түркмөнстан орусиялык компаниянын уруксат кагазын узартууга ниети жок экени кабарланган.«МТС-Түркмөнстандын» лицензиясынын мөөнөтү 1-июлда аягына чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

«Ак_Кеме» мейманканасы мамлекеттин менчигине өттү

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы “Мүлк” ишканасынын жетекчиси Орозбек Нусубалиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган мейманкана мамлекеттин насыясынын эсебинен курулганы менен ар кандай чыр-чатактардын жыйынтыгында көп жылдан бери пайда көрбөй келе жатат.

Нусубалиевдин билдиришинче, соттун чечими менен ал имарат мамлекеттин менчигине өткөн. “Ак-Кеме” жетекчилигине имаратты бошотуу тууралуу бир нече жолу эскертүү берилип, бирок ал аткарылбагандыктан бүгүн мейманкана мамлекетке өткөрүлдү:

– “Ак-Кеме” мейманканасы соттун чечими менен Каржы министрлигинин балансына берилген. Министрлик Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына быйыл февралда өткөрүп берген. Андан кийин биз көп жолу “Ак Кеменин” жетекчилигине мамлекеттик имаратты бошотуп бергиле деп кайрылуу жасадык. Бирок алар бошотпогонуна байланыштуу мамлекет өз мүлкүн бошотуп алды. Мамлекеттик мүлк мамлекетке киреше бериши керек. Милиция болгону тартип бузуулар болбосун деп абалга көз салып турат. Объект чоң да. Эч кимге күч колдонгон жок. Милиция көмөк гана көргөздү. Имаратка биз кирдик. Мындан ары ал мамлекетке иштейт, – деди Орозбек Нусубалиев.

“Ак-Кеменин” кызматкерлери бүгүн таң эрте милиция кызматкерлери мейманкананы курчап, анда иштеген бардык кызматкерлерди чыгарганын маалымдашкан. Муну “рейдерлик басып алуу” катары мүнөздөшкөн. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 300дөй милиция кызматкери мейманкананы бошотуу учурунда коомдук тартипти сактоо максатында тартылган.

“Ак кеме” мейманканасын түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясымамлекет алган түрк насыясына курган. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин анын кожоюндары алмашкан. Бирок ал мамлекетке өтпөй, жеке тараптын башкаруусунда калган. Өкмөт өткөн айда аны өзүнө кайтаруу чечимин кабыл алган. Мейманкана жетекчилиги менчик ээси менен өкмөт ортосунда мүлктү тең бөлүү боюнча соттун чечими бар экенин айтып, бирок ага карабастан Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мейманкананы өз карамагындагы ишканага өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын айтып чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жол жүрөм десең акча төлөйсүң, аны менен мамлекет насыянын акчасын жабат

Түндүк – түштүк автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү -1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат. Насыя 2023-жылдан тарта төлөнө баштайт. Мээнет 2042-жылы аяктайт. Транспорт жана жолдор министрлиги мындай төлөм мамлекеттик бюджетке анчалык деле күч келтирбесин айтууда. Анткени жолго жол акы төлөмүн киргизүү маселеси да каралууда.

Булак: “Фабула”

Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшүнө миллиарддаган доллар бөлөт

Ислам Каримовдун тушунда суу долбоорлоруна каршы чыгып келген Өзбекстан гидроэнергетиканын өнүгүшү үчүн 4,3 миллиард доллар жумшоого ниеттенүүдө.

Июндун башында Мирзиёев гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча токтомго кол койгон. Бул программага ылайык, Өзбекстан 2021-жылга чейин 18 жаңы ГЭС курууга жана гидроэлектр станцияларын жаңылоо боюнча 14 долбоорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Алардын жалпы суммасы 2,65 миллиард долларга тете.

Майда Шавкат Мирзиёев Сырдарыя облусуна барып, ал жакта 15 МВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС куруларын айткан.

Мамлекеттик программага ылайык, гидроэнергетикалык долбоорлор бүткөндө энергобаланстагы гидроэнергетиканын үлүшү 15,8 пайызды (учурда 12,7 пайыз) түзөт.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Тажикстандагы Рогун ГЭСинин, Кыргызстандагы “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна каршы чыккан. Шавкат Мирзиёев азырынча бул долбоорлор тууралуу көз карашын билдире элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Жол жүрөм десең акча төлөйсүң, аны менен мамлекет насыянын акчасын жабат

Түндүк – түштүк автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү -1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат. Насыя 2023-жылдан тарта төлөнө баштайт. Мээнет 2042-жылы аяктайт. Транспорт жана жолдор министрлиги мындай төлөм мамлекеттик бюджетке анчалык деле күч келтирбесин айтууда. Анткени жолго жол акы төлөмүн киргизүү маселеси да каралууда.

Булак: “Фабула”

Жол жүрөм десең акча төлөйсүң, аны менен мамлекет насыянын акчасын жабат

Түндүк – түштүк автожолундагы 24 чакырым жолдун курулушун каржылоо максатында, Сауд өнүктүрүү фондунан 20 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алынууда. Насыяны төлөө мөөнөтү – 25 жыл, пайыздык үстөгү -1 пайыз. Бул участок 2-категориядагы жол болуп саналат. Насыя 2023-жылдан тарта төлөнө баштайт. Мээнет 2042-жылы аяктайт. Транспорт жана жолдор министрлиги мындай төлөм мамлекеттик бюджетке анчалык деле күч келтирбесин айтууда. Анткени жолго жол акы төлөмүн киргизүү маселеси да каралууда.

Булак: “Фабула”

Жапон грантына Бишкек – Ош автожолунда кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннель курулмакчы

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети комитети КР Өкмөтү менен Жапониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Бишкек – Ош авто жолундагы көчкүдөн коргоо» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлүнүн айтымында, Жапониянын гранттык каражатына Бишкек – Ош авто жолунун 246-чакырымындагы кар көчкүдөн коргой турган узундугу 460 метр тоннелдин курулушуна жумшалат. Мындай тоннель жолду көчкүдөн толук коргойт. Бул багытта Кыргызстанга 4 млрд 200 млн жапон иени (38,2 млн доллар) көлөмүндө гранттык каражат бөлүнүүдө.

Андан сырткары, тармактык комитет «Жол техникаларын тейлөө мастерскойлорун өркүндөтүү» долбоору боюнча 4 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат боюнча макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунун концепциясында да жактырды. Ал 20 жылдан бери колдонулуп келаткан жол куруу техникаларын оӊдоого мүмкүнчүлүк берет.

 

Жалал-Абадда инвестиция тартуу күчөдү

Быйылкы беш ай ичинде шаарда инвестиция тартуу көлөмү өткөн жылдагыдан 274,2 миллион сомго көп болду же өсүү темпи 165,6 пайызды түздү. Башкача айтканда, быйылкы жылы тартылган инвестициянын көлөмү 692,4 миллион сомго жетип, өткөн жылы бул көрсөткүч 418,2 миллион сом болгон. Бул тууралуу шаар мэриясынын жергиликтү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Алынган маалыматка караганда, тышкы инвестиция тартуу көлөмү өткөн жылдагыга караганда кыйла көп болгон. Өткөн жылы беш айда 1 миллион сомдук тышкы инвестициялар тартылган болсо, быйылкы жылы анын көлөмү 266,1 миллион сомго жеткен.

Ал эми ички инвестициялардын көлөмү да өткөн жылдагыдан көп болду. Башкача айтканда, быйылкы беш айда анын көлөмү 426,2 миллион болсо, өткөн жылы ушул мезгилде 417,2 миллион сом болгон. Демек, өсүү темпи 102,2 пайызды түздү.

 

Меню