Menu

ЭКОНОМИКА

«Кыргызстан» авиакомпаниясынын 49% акциясын Кытайга сатуу сунушталды

Кыргызстандын Гуанчжоу шаарындагы башкы консулу Максат Тентимишев 28-майда HNA Aviation Investment Group компаниясынын башкы директору Чэн Минцюн менен жолугуп, кытай тарапка “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 49 пайыз акциясын сатып алууну жана анын базасында биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө башкы консул Хайнань авиакомпаниясынын учактары “Манас” аэропортун транзиттик жай катары пайдаланса боло тургандыгын белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда жаңы аба каттамдарын ачуу маселесин талкуулашты. Хайнань авиакомпаниясынын өкүлдөрү Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча каттамдарды аткарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жыйынтыгында кытай тарап сунушту жакшылап карап чыга тургандыктарын айтышты.

Учурда “Кыргызстан” авиакомпаниясынын 100% акциялары мамлекетке таандык. Өкмөт буга чейин да өлкө бюджетин толуктоо үчүн ишкананы сатууга аракет кылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Өкмөт Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом каражат бөлөт

Өкмөт Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнү оңдоого 50 млн сом  каражат бөлөт. Бул тууралуу Кыргыз Республиксынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда, Нарын облусуна болгон жумуш сапарында билдирди. Мында маалыматты Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү өз сайтына жарыялады.

Өкмөт башчы Ак-Талаа районундагы «Акталчат–Казарман» автожолунда жайгашкан көпүрөнүн абалын көрдү.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымдагандай, жалпы узундугу 140 метр болгон көпүрө өткөн кылымын 60-жылдары салынган. 2017-жылдын март айынын бери түптөрүн суу каптагандыктан авариялык абалган келген. Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан комиссия түзүлүп, Нарын дарыясындагы суунун көбөйүшүнөн улам, көпүрөнүн үч тирегичи бошоп калганы аныкталган. Буга байланыштуу көпүрө аркылуу өтүүчү жол кыймылы убактылуу токтотулган.

Жамштибек Калилов Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы «Кыргыздортранспроект» долбоорлоо институтуна  көпүрөнү реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков аталган көпүрө аркылуу өтүүчү транспорт кыймылын калыбына келтирүү үчүн Өкмөт 50 млн сом бөлө турганын билдирди.

Өкмөт башчы жергиликтүү тургундарды сабырдуу болууга чакырып, курулуш талаптарына жооп берген сапаттуу көпүрө куруу өзүнчө убакытты талап кыларын кошумчалады.

Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрине 2017-жылдын сентябрь айына  чейин курулушка керектүү болгон бардык жумуштарды аягына чыгарып, көпүрө аркылуу каттамды жүргүзүүнү тапшырды.

Премьер-министр  ошондой эл жергиликтүү эл менен жолукканда бардык райондордун борборлорунда жолдорго асфальт төшөө, анын ичинде Ак-Талаа районунда да бир топ жолдорду ондоо иштери жүрөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргыз Респаубликасынын  Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына болгон жумуш сапарын улантууда – бүгүн, 30-июнда, ал Нарын жана Жалал-Абад облустарында болот.

Кыргызстанга дүйнөлүк ири компаниялардын өкүлдөрү келет

Кыргызстанга америкалык ири компаниялардын өкүлдөрү келип, инвестиция салуу мүмкүнчүлүктөрүн карайт. Иш-чаранын алкагында жергиликтүү жана чет элдик ишкерлердин катышуусунда “Кыргызстан — АКШ” бизнес-форуму уюштурулат. Бул тууралуу Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, 10-12-июль күндөрү борбор калаага АКШнын “AGCO”, “Baker & McKenzie”, “General Electric”, “AES” жана “Coca-Cola” өңдүү бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү келмекчи. Алар өлкөнүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап, бизнес өнөктөштөрдү издейт.

Булак: “Фабула”

Эркин экономикалык аймактардын мыйзамы ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирилүүдө

Жогорку Кеӊеште эркин экономикалык аймактардын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан «Бишкек» эркин экономикалык зонасын кайра түзүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин курамына кийин айрым улуттук мыйзам жолболорун, айрыкча салык жана бажы мыйзамдарын ЕАЭБ талаптарына шайкеш келтирүү зарылдыгы келип чыкканын, андан тышкары айрым жоболорду күчүн жоготту деп табуу сунушу киргизилүүдө.

Сауд өнүктүрүү фонду 30 млн долларга Бишкек шаарында заманбап балдар ооруканасын курат

Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеӊейтүү” долбоору боюнча насыялык макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Сауд өнүктүрүү фонду заманбап балдар ооруканасын курууга 30 млн доллар көлөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүүдө. Инвестициялык каражаттын 40 пайызы грант болуп саналат.

«Ушу тапта Кыргызстанда 1 млн 400 миӊден ашуун бала бар, алар заманбап жаӊы технологиялар менен жабдылган ооруканага жана жогорку адистиктеги медициналык кызматкерлерге муктаж. Жалпы аянты 10 миӊ чарчы метр мындай жаӊы оорукана Бишкек шаарындагы №3 балдар ооруканасынын аймагында курулмакчы», – дейт ал.

Андан тышкары, ооркананын имараты Сауд Аравиясы тарабынан курулуп, оорукана медициналык жабдуулар менен жабдыла турганы белгилүү болду. Медициналык жабдуулардын жалпы наркы – 8 млн доллар.

Депутат Альфия Самигуллина аймактардагы акыбалы оор сыркоолор Бишкек шаарына алынып келинип дарылана турганын эске салып, азыр ордо калаанын айрым медициналык мекемелерине караганда айрым аймактардагы ооруканалардын абалы кыйла жакшы экенин белгиледи. Ал Бишкек шаарында заманбап ооркукананын курулушун колдой турганын билдирди.

Бир катар депутаттар өлкөнүн алыскы аймактарындагы медициналык мекемелерге да ушундай инвестиция тартуу зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстандын радиоактивдүү калдык сактоочу жайларын калыбына келтирүүгө атайын фонддо топтолгон 16 млн доллар каражат жумшалат

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Өнүгүү жана кайра куруу европалык банкынын ортосундагы Орто Азияда экологиялык реабилитациялоо үчүн Эсептик операцияларды Кыргыз Республикасында жүргүзүү жөнүндөгү келишим боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун айтымында, Кыргызстандын аймагында 28 радиоактивдүү калдык сактоочу жай, 25 радиоактивдүү тоо тектеринин жыйындысы бар. Алардын жалпы көлөмү 12 млн куб метрди түзөт. Ошондон улам, атайын фонддо топтолгон 16 млн доллар ошол жайларды калыбына келтирүү багытында жумшалмакчы. Оӊдоло турган объектилердин тизмеси келишим ратификациялангандан кийин такталат.

Тажикстан агенттиктерди жоюу менен текшерүүлөрдү азайтуу ниетинде

Тажикстанда бир катар мамлекеттик мекеме жана агенттиктер жоюлат. Бирок Азык-түлүк коопсуздугу боюнча мамлекеттик агенттик түзүлөт. Тажик өкмөтүнүн бир ай мурун кабыл алган бул чечими коомчулукка азыр гана белгилүү болду.

Жаңы мекеме ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл жана үрөөн чарба сыяктуу агенттиктерди жабуу аркылуу түзүлөт.

Тажик өкмөтү бул чечим текшерүүлөрдү жана рейддерди азайтууга багытталганын түшүндүрдү.

Инвестиция жана мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин маалыматы боюнча, 2016-жылы 37 көзөмөлдөөчү орган 300 миңдей текшерүүлөрдү өткөргөн.

Тажикстан бийлиги быйыл текшерүүлөр 30% кыскарарын белгилөөдө. Ошол эле маалда жергиликтүү ишкерлер пландан тышкаркы рейддер өсүп жатканын айтышууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарынын жылуулук тутумун калыбына келтирүүгө 400 миӊ доллар грант бөлөт

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча долбоорду даярдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуу–кат боюнча ратификациялык мыйзам долбоорун жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасы боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиевдин айтымында, Дүйнөлүк банк менен Бишкек шаарынын жылуулук менен камсыз кылуу тутумунун абылын жакшыртуу багытында грантык жардам боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. «Келишимге ылайык, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 400 миӊ доллар өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт. Аудитордук жумуштарды жүргүзүү үчүн да каражат каралууда», – дейт ал.

Андан тышкары, гранттык каражат толугу менен «Бишкек жылуулук тутуму» ишканасына бериле турганы белгилүү болду.

Түркмөнстанда МТСтин ордуна жаңы байланыш оператору ачылат

Түркмөнстанда «Ай Назар» деген аталыш менен жаңы уюлдук байланыш компаниясы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн 23-июндагы жыйынында белгилүү болду. Анда өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы мобилдик байланыш операторун түзүү сунушун колдоп, тиешелүү тапшырмаларды берди.

«Түркмөн-Телеком» компаниясындагы өз булак жаңы компаниянын аталышы Айнабад жана Назар деген ысымдардын кыскартылып айтылышы экенин билдирди. «​Жергиликтүү жаңы уюлдук байланыш оператору июндун аягында, өлкө башчынын туулган күнүнө (29-июнь) карата ачылат деп болжолдонууда. Виртуалдык режимде сыноолор өткөрүлдү»​, – деп билдирди булак.

Жаңы компания түркмөн бийлиги лицензиясын узартуудан баш тарткан орусиялык МТС компаниясынын кардарларын өзүнө тартат деп болжолдонууда. МТС-Түркмөнстандын лицензиясы буга чейин айтылгандай июлда эмес, сентябрда аяктай тургандыгы белгилүү болду. Учурда МТСтин айрым кызматкерлери жаңы компанияга жумушка орношууга аракет кылып жаткандыктары айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Видео - Россия кечкен 240 млн доллар кайда кеткен?

20-июнда кол коюлган документтердин арасында Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү боюнча протоколго да кол коюлду. Кыргызстандын финансы министри Адылбек Касымалиевдин маалыматында 2012-жылы Кыргызстандын жалпы карызынын суммасы 488,9 млн. доллар болчу, 2012-2013-жылдагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде Орусия 2013-жылы карыздын 188 млн. долларын кечкен. Калган 300 млн. доллар 10 жылга созулган мөөнөткө кыскартылган деген негизде келишимге кол коюлган. Ага ылайык 2016-2017-жылдары 60 млн. доллар кыскарып, 240 млн доллар калган. Ошентип Кыргызстан Россия тараптан бир да тыйын карыз эмес.

Булак: “Сентябрь

Меню