Menu

Акылбек Жапаров

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму болду

Бүгүн, 23-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун төрагалыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларына уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө көмөктөшүү боюнча республикалык штабдын кеңейтилген отуруму өттү.

Жыйынга ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Башкы прокурор Курманкул Зулушев катышты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы 28-ноябрга пландалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өзгөчө болорун белгиледи. Анткени, эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында биринчи жолу шайлоо жараяны мыйзамдуу, таза жана ачык-айкын өтөт.

Марат Иманкулов Кыргызстанда адилетсиз шайлоолорду өткөрүү үч жолу массалык толкундоолорго алып келгенин эске салды. Ал массалык түрдө административдик ресурс жана шайлоочуларды сатып алуу колдонулган өткөн жылдын октябрындагы шайлоо кампаниясын мисал катары келтирди. «Бул шылтоо болду. Чындыгында толкундоолорго себептер көп эле. Бул экономикалык кризис, пандемия, жакырчылык. Бул көйгөйлөр үйүлүп калган, анын үстүнө шайлоо маалында мамлекеттик органдар шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна жол берип, шылтоого жол беришти», — деди ал.

Коопсуздук Кеңештин катчысы шайлоонун жүрүшүндө бир нече жылдан бери аныкталган мыйзам бузуулар улуттук коопсуздукка коркунуч келтирүүчү факторго айланганын баса белгиледи.

«Эгер мындан ары да ушундай жол менен кетип, шайлоо маалында мыйзамдуулукту камсыздабасак, анда түз эле туңгуюкка кептелебиз. Андыктан биз бул шайлоолорду сөз менен эмес, иш жүзүндө таза жана адилеттүү өткөрүүдөбүз», — деп түшүндүрдү ал.

Марат Иманкулов бул шайлоо жараянынын учурунда негативдүү көрүнүштөрдү сезилерлик төмөндөтүүгө мүмкүн болгонуна көңүл бурду. «Бүгүнкү күндө коркунучтуу жана токтоосуз түрдө Президенттин же Министрлер Кабинетинин кийлигишүүсүн талап кылган көрүнүштөр жок», — деди ал.

Мындан сырткары, Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгында жана Республикалык штабдын талаптарында мамлекеттик органдарга мыйзамдарды так сактоо жана буйруктарды кынтыксыз аткаруу боюнча так тапшырмалар берилгенин эске салды.

Жыйында ошондой эле Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Тышкы иштер жана Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин, ошондой эле Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин парламенттик шайлоого даярдыктары тууралуу баяндамалары угулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине КР Президентинин «2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык тийиштүү тапшырмалар берилди.

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

1-декабрдан тартып Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы туруктуу аба каттамдарынын саны көбөйөт. Бул тууралуу Москвага жумушчу сапары менен барган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда белгилүү болду.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өкмөт башчылары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетикалык тармактардагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин да талкуулады.

Ошол эле маалда тараптар Кыргызстанга билим берүү мекемелерин куруу долбоорун эртерээк баштоо маселесин сүйлөштү. Быйыл февралда президент Садыр Жапаров Орусияга барганда Москва Кыргызстанга орусча окута турган 44 мектеп курууга убада берген.

Мындан тышкары эки өлкөнүн өкмөт башчылары салык жана бажы системаларын санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы жол-жоболорун фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргызстанда маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүү зарылдыгын белгилешти. “Биз үчүн Орусиянын бул багыттагы тажрыйбасы өтө маанилүү”, — деди Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин орус тарап “эки тараптуу кызматташтыкты биргелешкен долбоорлор менен толуктап, жаңы деңгээлге чыгарууга” кызыкдар экенин белгиледи.

Буга чейин “Азаттык” радиосу ишенимдүү булактарына таянып, Жапаров Мишустин менен жолугуп, кыргыз-орус кызматташтыгын, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселени талкуулай турганын кабарлаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылдын октябрь айынан бери өлкөдө АИ-95 жана АИ-92 бензинин бир литри 25-27 сомго, дизель отуну 32-33 сомдон 54 сомго чейин кымбаттаган. Кыргызстан мунайдын 95% Орусиядан сатып алат.

Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулатуунун алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык штабдын кезектеги жыйынын өткөрүп, жылытуу мезгилинин жүрүшү тууралуу маалыматты укту.

Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери жер-жерлерде жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар, атап айтканда, энергетика объектилерин, социалдык, бюджеттик тармактарды жана калкты отун менен камсыздоо, ошондой эле күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча маалымат беришти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Токтогул суу сактагычында суунун топтолушу жана отун менен камсыз кылууда пайда болгон кыйынчылыктарга карабастан, жылытуу мезгилин сапаттуу өткөрүү үчүн бардык маселелерди иштеп чыгуу зарыл.

«Негизги милдет – калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана отун менен камсыздоо. Учурда чиновниктердин шалаакылыгынан улам республиканын аймактары көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатат. Буга жол берилбеши керек, азыркы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сиздерге эки жума убакыт берем. Мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштуруңуздар, республиканын бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалсын. Көмүрдү өз убагында камдоо электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, белгиленген лимиттерди сактоого шарт түзмөк. Биз ар кандай сценарийге даяр болушубуз керек», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле аткарылган иштердин сапаты жана жылытуу мезгилин уюштуруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигине басым жасап, кышка даярдык жаз айларында башталышы керектигин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле Бишкек шаардык ЖЭБин керектүү көлөмдө көмүр менен үзгүлтүксүз камсыздоо жана калк арасында электр энергиясын керектөө лимиттерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарылдыгын белгиледи, ошол эле учурда Акылбек Жапаров керектөөчүлөрдүн жана социалдык объектилердин электр жарыгын өчүрүүгө жол берилбеши керектигин кошумчалады.

«Ар бир электр энергиясын өчүрүүнүн артында электр жарыгысыз калган биздин керектөөчүлөр турганын унутпашыбыз керек. Өчүрүүлөр болбошу тийиш, бардык күч-аракет электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого багытталышы керек»,- деди Акылбек Жапаров.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берди. Атап айтканда, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилиги астында көмүрдүн баасын атайылап жогорулатып жиберүүгө жол бербөө жана зарыл болгон учурда жеке ташуучулар тарабынан көмүрдү жол жээгинде жогорулатылган баада сатууга тыюу салууну киргизүүнүн максатка ылайыктуулугун карап чыгуу максатында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

«Быйылкы жылдын күз-кыш мезгилине даярдык экономиканы коронавирус инфекциясынын кесепеттеринен калыбына келтирүү, электр энергиясын керектөөнүн жана жабдууларга болгон жүктөмдөрдүн жогорулашы шартында өттү. Ошого карабастан биз күз-кыш мезгилин үзгүлтүксүз жана ыңгайлуу өткөрүү боюнча элдин алдында милдеттенме алдык, аны аткарууга милдеттүүбүз. Тармактык мамлекеттик органдардын бардык күч-аракети ушуга багытталууга тийиш», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Кыргызстан өз товарларын Орусияга жеткирүү үчүн өзбек поезддеринин кызматын колдонууну каалайт

Кыргызстан өзбек айыл чарба өнүмдөрүн Орусияга ылдам жеткирүүгө жол ачкан «Агроэкспресс» поезддеринин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууну каалайт.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров орусиялык “Коммерсантъ” басылмасына маек куруп жатып билдирди.

“Өзбекстан азыркы учурда Орусияга агропоезддерди жүргүзүү мүмкүндүгүн карап жатат. Биз да ал жакка өз вагондорубузду чиркөөнү каалайбыз”, – деген Жапаров.

Кыргызстан Орусия менен бирге Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө. Эреже боюнча уюмга мүчө өлкөлөрүн арасында товар алып өтүү эркин. Иш жүзүндө биримдиктеги мамлекеттер өз ара ар түрдүү чектөөлөрдү киргизип келишет. Өзбекстан ЕАЭБдин курамында жок.

«Агроэкспресс» поезди Ташкенттен Москваны көздөй ноябрдын ортосунан баштап каттай турганы айтылган. Казакстан да бул долбоорго кошулган. Алгачкы поезд менен мөмө-жемиштер жеткирилет. Айыл чарба өнүмдөрү алгач Казакстан андан соң Орусияга жөнөтүлөт.

Ушул тапта «Агроэкспресс» Москвадан Ташкентке буудай, ун жана эт азыктарын ташып келүүдө.

Видео - Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга тийиштүү билдирүү жасады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров шайлоо процессинин ачык-айкындыгын камсыздоо боюнча кабыл алынып жаткан чараларга жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ага кийлигишпөөсүнө тийиштүү билдирүү жасады.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын уюштуруу, ошондой эле административдик ресурсту пайдаланууга бөгөт коюу боюнча чаралар жыйындысын ишке ашыруу улантылууда.

Акылбек Жапаров өз билдирүүсүндө эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  2021-жылдын 1-ноябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү  камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка  кол койгон.

«Мамлекет башчынын Жарлыгын ишке ашыруу алкагында Министрлер Кабинети тарабынан Иш-чаралар планы иштелип чыгып, тийиштүү министрликтер, ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине багытталган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу 59 факты катталган.

Анын ичинен 29у Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ыкчам чара көрүүчү Координациялык тобуна келип түшкөн (мисалы 2020-жылдын октябрь айында 466 мыйзам бузуу фактысы катталган)», – деп белгледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, үгүт иштери башталгандан бери 10 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактыларына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы жетиштүү денгээлде аткарылбагандыгына байланыштуу төмөнкүдөй чечимдер кабыл алынды:

– Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими кызмат ордунан четтетилди;

– Исфана шаарынын мэрине сөгүш жарыяланды;

Мындан тышкары, Ош шаарындагы студенттердин угүт иш-чараларына катышкандыгы үчүн:

– Ош мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин деканы Б.Б.Муратбаев жана ошол эле факультеттин 3 окутуучусу кызматтан алынды;

– Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Г.Кожобеков кызматтан алынды;

– Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Б.Д. Купешевге, Ош шаарынын мэри А.И.Мамбетовго сөгүш жарыяланды.

Урматтуу бюджеттен айлык акы алган кызматкерлер жана жетекчилер!

Сиздердин үгүт иш-чараларына катышууңуздардын кереги жок. Түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарыңыздар. Сиздердин милдетиңиздер – шайлоолорду өткөрүү үчүн шарттарды камсыздоо. Жарандык позицияны шайлоо күнү добуш берүү аркылуу билдире аласыздар. Бүгүнкү күндө шайлоо процессине кийлигишпеңиздер.

Урматтуу жетекчилер, эгерде сиздер ээлеген кызматтан бошотулууну каалабасаңыздар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын так аткарыңыздар, ошондо сиздердин аброюңуздар кыргыз элинин алдында таза болот.

Мен муну Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси катары талап кылам», – деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрдү.

Кеңешмени ачууда Министрлер Кабинетинин башчысы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө өлкөгө COVAX глобалдык демилгелер алкагында 259 миң доза Phizer жана 111,600 доза Sinofarm вакцинасын алып келүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

Кеңешмеде учурдагы эпидемиологиялык абал талкууланып, аймактардагы вакцинациялоо темпи жана билим берүү мекемелериндеги абал тууралуу маалымат угулду.

Акылбек Жапаров жарандар арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жана күчтөндүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун жүрүшүндө жеке коргонуу каражаттарынын жана дары-дармектердин запасына тийиштүү маселе талкууланып, калктын социалдык жактан аяр катмарына ПЦР-анализдерди акысыз негизде, же жеңилдиктер аркылуу берүү сунушу каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Торугарт – Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктуна барды.

Акылбек Жапаров «Фантузи» контейнердик кранынын иши менен таанышып чыгып, мындан ары карай жүктөө «Арка» районунда эмес, «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырылаарын жана жүк ташуучу унаалардын саны көбөйтүлөөрүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, аталган пункттун инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров Тайлак Баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

Акылбек Жапаров: Президенттин администрациясынын түзүмү жана иши толугу менен кайрадан каралып чыгат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, Администрациянын жакынкы келечекке карай ишинин негизги багыттарын белгиледи.

Ал билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Президенттин Администрациясына негизги милдет – мамлекет башчынын чечимдеринин аткарылышын так көзөмөлдөөнү камсыздоо коюлган, мында чоң жоопкерчилик тармактык министрликтерге жүктөлөт.

«Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөм жана буга дейре Президенттин жана Өкмөттүн Администрациясында иш кандай жүргүзүлгөндүгүн билем. Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынышы максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ Президенттин Администрациясында «кептелип» калбашы керек. Ар бир кызматкер кесипкөй сапаттарга ээ болуп, мамлекеттин келечеги үчүн командада ыкчам, ырааттуу жана толук кандуу иш алып барууга тийиш», – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, алдыда чоң өзгөрүүлөр турат, масштабдуу социалдык, экономикалык, технологиялык милдеттерди чечүү зарыл, аларды ишке ашырууда бийликтин бардык деңгээлинде, республикадагы айыл өкмөттөн жогорку жетекчиликке дейре мамлекеттик башкарууга жаңыча мамиле кылуу талап кылынат.

Министрлер Кабинетинин башчысы Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин алдыдагы бир катар амбициялуу пландарды ишке ашыруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды жана чечим кабыл алуунун эпсиз жана натыйжалуулугу төмөн тутумунан баш тартып, жоопкерчиликтүү милдеттерди эффективдүү чече турган жогорку денгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү Президенттин Администрациясын түзүү мезгили келип жеткендигин белгиледи.

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси жана Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү ант беришти

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү ант беришти.

Кыргыз Республикасынын эли, Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын алдында төмөнкүлөр ант беришти:

Акылбек Жапаров — Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси;

Арзыбек Кожошев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары;

Азиз Аалиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Эдиль Байсалов— Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

Камчыбек Ташиев — Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы;

Алмаз Бакетаев – финансы министри;

Данияр Амангелдиев — экономика жана коммерция министри;

Бактыбек Бекболотов — коргоо министри;

Аяз Баетов — юстиция министри;

Алымкадыр Бейшеналиев — саламаттык сактоо министри;

Болотбек Купешев — билим берүү жана илим министри;

Азамат Жаманкулов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;

Кудайберген Базарбаев — эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;

Бообек Ажикеев — өзгөчө кырдаалдар министри;

Улан Ниязбеков — ички иштер министри;

Эркинбек Осоев —транспорт жана коммуникациялар министри;

Доскул Бекмурзаев — энергетика министри;

Аскар Жаныбеков — айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри;

Динара Кутманова — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри.

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев чет элдик командировкада болгондугуна байланыштуу ант берүү аземине катыша алган жок.

«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууга киришүү алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана парламент депутаттарынын катышуусунда ант беришет.

Акылбек Жапаров КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын - КР Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси менен, Жапаров Акылбек Үсөнбекович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

2021-жыл 12-октябрь
Меню