Menu

Каракчылык

Караколдо 19 жаштагы жигит бир түн ичинде дүкөн карактап, көчөдө бараткан айымга кол салып, акырында бирөөнүн унаасын уурдай качкан

9-февраль күнү, түнкү саат 20:50 чамасында Каракол ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө дүкөнгө каракчылык болгондугу тууралуу телефон аркылуу билдирүү келип түшкөн. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошол замат окуя болгон жерге келген шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү суракка алып, азия улутундагы белгисиз жигит дүкөндүн сатуучусуна айнек бөтөлкөнүн сыныгы менен коркутуп, 2000 сом акча каражатын ээлеп алганын, андан кийин белгисиз тарапка жашырынып кеткенин аныкташкан.

Бир нече сааттан кийин Каракол шаарынын ички иштер бөлүмүнө бир айым кайрылып, шаардын көчөлөрүнүн биринде белгисиз жаран артынан келип, мойнуна темирге окшош нерсени такап, акча талап кылып жаткан учурда, өтүп бара жаткан адамдарды байкап, кылмыш болгон жерден качып кетткендигин билдирген.

Дагы бир-нече сааттан кийин, шаардык милициянын нөөмөт бөлүгүнүн 102 байланыш телефон номуруна автотранспорт каражаты уурдалганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Унаанын ээси милиция кызматкерлерине “Деу-Нексия” унаасын оталдырып, бир нече мүнөткө үйүнө кирип кеткенде, азия улутундагы белгисиз жигит анын жоктугунан пайдаланып, автоунаасын айдап уурдап кеткендиги жөнүндө билдирген. 

Бардык үч факт Каракол ШИИБдин маалыматтарды каттоо   электрондук журналына катталып, шектүүнүн белгилери милициянын мобилдик топторуна маалымдалган. Милициянын посттору шаардын чыга бериштерине коюлуп, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын командалык борборунун видеобайкоо камералары изилденген. Каракол шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  кызматкерлери бардык жагдайларды иликтеп чыгып, үч кылмышка тең бир эле жарандын тиешеси бар экендигин ыкчам түрдө аныкташкан.

Тергөө-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, көп өтпөй милиционерлер шектүүнү колго түшүрүшкөн. Ал Каракол шаарынын 19 жаштагы туругуну  М.К. болуп чыккан.

Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБнүн тергөө кызматына жеткирилип, алар тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 207 (Каракчылык), 208 (Опузалоо) жана 211 (Автомототранспорт каражаттарын уурдоо) беренелеринин негизинде кылмыш иштери козголгон.

Шаардык соту тарабынан кармалган шектүүгө карата тергөө иш-чараларын жүргүзүү учуруна 2 айлык мөөнөткө камакка алуу баш коргоо чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

УКМК: Ош шаарынын тургунун балка менен сабап, бычак, тапанча такап, 600.000 сом талап кылган спортсмендер кармалды

КР УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган – К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.  

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

ИИМ: Бишкектин тургунунун эшигин бузуп кирип сабап, $4000 тоноп, дагы акча талап кыла баштаган кылмышкерлер кармалды

Бишкек шаарынын тургуну Ички иштер органдарына кайрылып, мыйзамсыз иш аракеттерин жасаган адамга карата тийиштүү чараларды көрүүнү өтүнгөн.
Маалым болгондой, ушул жылдын 31-январы күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн кире бериш эшигин бузуп киришип, ага карата күч колдонуп, коркутуу жолу менен акча талап кылып, 4 миң АКШ долларын алып кетишкен.
Алар ошону менен токтоп калбастан, кайрадан акча каражатын талап кыла башташкан.
Аталган факты боюнча КР КЖКнын 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүүнү аныктоо жана колго түшүрүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча УКККБ (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын) кызматкерлери жана Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ишке ашырылган.
2023-жылдын 3-февралында Бишкек шаарынын Жибек-Жолу көчөсүнөн опузалап талап кылынган каражатынын бир бөлүгүн, тактап айтканда 24 000 сом өлчөмүндөгү акча алып жаткан учурунда кылмышка шектүү адамдардын бири кармалган. Бул атайын иш чарага АБПнын (атайын багыттага полктун) жоокерлери да тартылган.
Кармалган жаран мурда бейбаштык, каракчылык жана баңгизатына байланышкан кылмыштар боюнча бир нече жолу сот жообуна тартылган, 1985-жылы Талас облусунда туулган Р.М. экендиги аныкталган.
Ал, шектүү адам катарында убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сот тарабынан бөгөт коюу чарасы эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган.
Учурда аталган кылмыш ишине катыштыгы бар башка өнөктөштөрүн аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абадда 16 жаштагы өспүрүмдү тоноп кеткен 40 жаштагы жаран кармалды

Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун  1961-жылы туулган тургуну М.Г. арыз менен кайрылган, себеби 2022-жылдын 25-август күнү саат 15:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын  Токтогул эс алуу багында жайгашкан “Гулзада” кафесинде А.Н. аттуу 16 жаштагы небересинин базар баасы 19000 сомдук “Самсунг” үлгүсүндөгү кол телефонун азият улутундагы жашы болжол менен 35-40 жаштагы жаран чалып алайын деп колунан жулуп алып кетип калган.

Аталган факты боюнча топтолгон материал Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып,  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.И. экендиги такталган. 

2023-жылдын 2-февраль күнү облустук кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери тарабынан шектүүнүн жүргөн жери аныкталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ротасынын кызматкерлери менен биргеликте шектүү А.И. кармалып, тергөө бөлүмүнө камсыздалган.

Учурда шектүүнүң мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу боюнча да кылмыш иштин алкагында тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

ИИМ: Жалал-Абадда жарандарды уруп-тепкилеп, бычак такап, ири суммадыгы акчаларын карактап жүргөн тургун кармалды

Үстүбуздөгү жылдын 24-январь күнү Сузак районунун 29 жаштагы тургуну М.М. Жалал-Абад ШИИБге арыз менен кайрылган. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Арыздануучунун айтуусунда, 2023-жылдын  21-январь күнү саат 19:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек көчөсүндө “Бека”  аттуу жигит  эки досу менен уруп тепкилешип, бычак менен коркутуп, 29 000 сомдук “Поко М4” үлгүсүндөгү телефонун тартып алган. Ошондой эле, жабырлануучуга “15 000 сом менен дагы бир телефон берсең, телефонуңду берем” – деп  “Бека”  аттуу жигит дагы акча каражатын талап кылган.
Чогултулган материал 2023-жылдын 24-январь күнү Жалал-Абад ШИИБдин КБРне катталып, Жалал-Абад ШИИБдин Тергөө кызматынын тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (Каракчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Кылмыш иши боюнча берилген тергөө тапшырмасынын негизинде ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында “Бека” аттуу жигиттин өздүгү такталган. Ал  мурда бир нече соттолгон Сузак районунун тургуну 2000-ж.т. Т.Б. экендиги такталган.
Жалал-Абад ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн жана  ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында 2023-жылдын 24-январь күнү болжол менен саат 21:40 чамаларда Жалал-Абад шаарынын аймагында “ДЭУ Матис” үлгүсүндөгү автоунаасына тинтүү жүргүзүү жана кылмышка шектүү 2000-ж.т. Т.Б. кечиктирилгис түрдө кармоо иштери жүргүзүлүп, шектүүнүн колунан талап кылган акчалар жана 1 даана кайышка салынган бычак табылып алынган.
Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда карама-каршылыктар болгондуктан, аларды беттештирип, далил буюмдарга кароо жүргүзүлүп, далил буюм деп табылып кылмыш ишине тиркелген.
Ал эми  шектүү Т.Б. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМ: Жеке ишканага каракчылык менен кол салып, 650.000 сомун уурдап кеткендер кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери каракчылык менен кол салууга шектелген жаранды  кармашты.
2023-жылдын 9-январь күнү ички иштер органдарына чет өлкөнүн жарандары кайрылып, мүлктү ээлеп алуу максатында каракчылык менен кол салгандарга карата  тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранышкан. 9-январь күнү болжол менен саат 05:00 чамасында Сокулук районунда жайгашкан жеке ишкананын имаратына куралданган  бет капчан белгисиз  адамдар кирип келишип, күч колдонушуп, курал менен коркутушуп, 650 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан. Кылмыш жасалган учурда имараттын ичинде фирманын төрт кызматкери болгон.
Бул факты Чүй облусунун Сокулук РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 3-бөлүмүндө (Каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишин иликтөөгө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери дагы тартылган.
Жогорудагы кылмыш ишин уюштурууга шектелген жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары дагы жүргүзүлгөн.
Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган 1989-жылы туулган Ш.А. кармашты.
Аны кармоо учурунда 9 мм калибрдеги “Макаров”  тапанчасына окшош курал табылып алынган. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Андан сырткары, Чүй ОИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери бул кылмыш ишине тиешеси бар үч жаранды кармашты.
Кармалган жарандардын бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өзбекстандан келип Ошто кытай жарандарын карактап жүргөн 3 өзбек жараны кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрь күнү Кара-Суу райондук Ички иштер бөлүмүнүн Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу шаарында каракчылык кылган жарандар кармалды. Бул тууралу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирет.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 11-сентябрь  күнү бул ишке шектүү үч адам кармалды. Алар: Өзбекстан Республикасынын жарандары, Ош шаарынын убактылуу жашоочулары 25-жаштагы М.А., 29 жаштагы А.С., жана Кара-Суу районунун убактылуу жашоочусу 25 жаштагы Н.М., экендиги аныкталган. Кылмышка шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бул факты Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-берененин негизинде (Каракчылык) кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Бул кылмышка шектүүлөр төмөндөгү факты боюнча шектүү катары өтүп жатышат.
2022-жылдын 11-сентябрь күнү саат 07:00 чамасында Кара-Суу РИИБге кабар келип түшкөн, анда Кара-Суу шаарынын убактылуу жашоочулары Кытай Эл Республикасынын жараандары 1997-жылы туулган Л. Ц.,  жана 1991-жылы туулган  Л. Ж.,  жашап жаткан батирине бет капчан эки атуул колдоруна бычактары менен куралданып басытырып киршип, үйүнүн ичинен  1500 (бир миң беш жүз) АКШ долларын жана 50 000 (элүү миң) сом болгон акча каражаттарын карактап алып чыгып белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкендигин билдиришкен.
Учурда кылмышка шектүүлөр мындан башка да кылмыш иштерине катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө. Тергөө ууланууда.

Жалгыз адамды шаардын сыртына алып чыгып сабап, акчасын карактап кеткен эки жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 28-август күнү Сокулук районунун милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан, 1995-жылы туулган К.М. денесинде жаракаттар менен келгени боюнча маалымат түшкөн. Бул тууралу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Окуя боюнча, эки белгисиз адам түнкү убакытта 1995-жылы туулган К.М. автоунаага салып Сокулук районунун Кун-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалында таштап кетишкени такталды.
Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Кыргыз Республикасыынн КЖКнин 207-статьясында (каракчылык) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын натыйжасында, бул кылмышты жасаган адамдар 1991-жылы туулган М.Д. жана и 1992-жылы туулган К.М. аныкталып, шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди.
Тергөө уланып жатат.

УКМК: Кадырбек Досоновдун ("Дженго") кылмыштуу тобунун жана жихадчылар жамаатынын каракчылык жасап жүргөн мүчөсү кармалды

Бүгүн, 25-августта КР УКМКнын Баткен областык башкармалыгы  тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 3 мүчөсү кармалган:

      – «Г.у.К», 1993-жылы туулган, «Абу Нур» каймана аты бар, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча соттолгон, жааматтын башчысы; 

      – «П.А.И.», 1981-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 229-2 1-бөлүгү менен соттолгон, жамааттын руханий насаатчысы болуп саналат, маалыматтар боюнча С.Бурятскийдин террористтик аудио-видео материалдарын таратат («Кавказ Эмираты» ЭТУнун мүчөсү);

      – «К.Д.Р.»,1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарында туулган, мурда “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон, жамааттын мүчөлөрүнүн күжүрмөн жана дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуу.

      «Абу Нура» кылмыштуу тобу Сириядагы ЭТУнун шериктерине/согушкерлерине материалдык жардам көрсөтүү максатында бир нече жылдын ичинде бир катар каракчылык чабуулдарды жасаган.

      Жашаган жерлеринен тинтүү иштеринин натыйжасында РГД-5 системасынын 3 гранатасы, 7,62 мм калибрдеги – 49 даана, 5,45 мм. – 5 даана. жана 9мм. – 3 даана ок-дарылар, 3 бычак (муздак курал), ошондой эле көп сандагы электрондук маалымат алып жүрүүчү каражаттары жана диний адабияттар алынган. Баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы менен алынган ок-дарылар согуштук деп табылган.

      Кармалгандардын бири Баткен облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын эки шериги боюнча теологиялык экспертизанын корутундусу чыгарылып, анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар көрүлөт.

      Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

Ок атуучу курал колдонуп, бирөөнүн «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана паспортун тоноп кеткен 2 кылмышкер кармалды

Ысык-Ата РИИБнө арыз менен 1982-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран кайрылып, 2022-жылдын 16-август күнү Ысык-Ата районундагы Карагай-Булак жайлоосунда, белгисиз эркек киши менен кыз, ок атуучу курал менен коркутушуп, «Самсунг» үлгүсүндөгү телефонун, 17500 сом акчасын жана өзүнө таандык болгон жарандык паспортун тартып алышып, окуя болгон жерден изин жашырып кеткендерин билдирген.
Аталган окуя боюнча Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголуп, кылмыштын бети ачылбай жаткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтоо иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектүү болуп 1987-жылы туулган Д.А. жана 2001-жылы туулган А.Д. аттуу жарандар кармалып Ысык-Ата РИИБнүн убактылуу кармоо изоляторуна киргизилишти.
1987-жылы туулган Д.А. аттуу жарандан ок аталган атуучу курал /обрез/ алынды.
Тергөө уланып жатат.

Меню