Menu

Коррупция

УКМК: "Кадастр" МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары "С.З.Т." кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 3-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш ишинин алкагында,”Кадастр” МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары “С.З.Т.” кармалды.

“Кадастр” МИ Сузакдагы филиалынын кызматкерлери өзүнүн кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, суу коргоо зонасынын аймагында жайгашкан жер тилкесин “Калктуу конуш” категориясына которуу боюнча тиешелүү документтери, ошондой эле укукту аныктоочу документтери жок болгонуна карабастан берип жибергени аныкталган.

2021-жылдын 5-октябрында КР Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык,  “Кадастр” МИ Сузакдагы филиалынын директорунун орун басары “С.З.Т.” Жалал-Абад шаарынын ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Аталган мыйзамсыз иш-аракеттердин натыйжасында мамлекетке 1 миллион 21 миң 560 сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары уланууда

УКМК: Ош облусунун Кара-Суу районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрү кармалды

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Нариман айыл округунун башчысы “Н.Х.”, анын шериги “М.С.”, ошондой эле Кара-Суу районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу “Б.Б.” кармалды.

Кармалгандар жеке кызыкчылык максаттарын көздөп, Нариман айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы жерлерге жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатууну узак убакыт бою жүргүзүп келишкендиги аныкталган.

2021-жылдын 30-сентябрында бул адамдарга кылмыш жасагандыгы жөнүндө билдирүү берилип, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти.

Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын бетин ачуу үчүн бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК: Жеке ишкер менен сүйлөшүп, жер тилкесин опузалап алган Ысык-Көл Мамкаттоонун кызмат адамдарынын тобу кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мамлекеттик органдардын системасында коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштерди улантууда.

УКМКга арыз ээсине таандык болгон жердин бир бөлүгүн, тактап айтканда Ысык-Көлдүн жанындагы аймакта жайгашкан жер тилкесин каттоого опузалап талап кылып алгандыгы боюнча, Ысык-Көл мамлекеттик каттоо кызматынын башчысына чара көрүү үчүн кайрылган.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, анын алкагында Ысык-Көл мамкаттоонун кызмат адамдары, жеке ишкерлердин бири менен болгон кылмыштуу системасынын далилдери аныкталып, жеке пансионатка ээ болуу үчүн, жабырлануучуга таандык жер тилкесинин жанындагы жерди, кызмат адамдын менчигине каттоого мажбур болушкан.

2021-жылдын 28-сентябрында КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда (Пара талап кылуу) боюнча кылмышка шектүү катары, Ысык-Көл Мамлекеттик каттоонун директору А.Н., анын кол алдында иштеген К.Н., ошондой эле жеке ишкер У.Б. кармалып КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мыйзамда белгиленген мөөнөттө шектүүлөр шектүү экендиги тууралуу кабарланат жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө мезгилине карата аларга карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карады.

Аларга мыйзам чегинде шектүү экендиги тууралуу кабарланат, жана Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтүнө карата аларга баш коргоо чарасын тандоо маселесин каралды.

Ошол эле учурда, тергөөдө жер тилкелери менен болгон бүтүмдөрдү аткаруу учурунда Ысык-Көл мамкаттоодогу коррупциянын системалык көрүнүштөрү боюнча маалыматтар бар, алар сотко чейинки өндүрүш учурунда текшерилет жана ал аяктагандан кийин бардык кылмышкерлерге юридикалык баа берилет.

Фото - Чүй облусунун экс-губернатору Туйгуналы Абдраимовдун мыйзамсыз баюу фактылары боюнча 16 квартирасы, 5 жер тамы, 18 жер тилкеси, 16 автомашинасы, 3 дыйкан чарбасы, 2 автоунаа токтоочу жайы аныкталып, кылмыш иши козголду

КР УКМК тарабынан мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча көрүлгөн иш-чаралардын алкагында Өкмөттүн Чүй облусундагы мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү “А.Т.Д.” мыйзамсыз баюу фактыларын аныктады.

Тергөө учурунда, аталган «А.Т.Д.» жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн, мыйзамсыз түрдө активдерин көбөйткөндүгү,  легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салгандыгы аныкталды. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына катталган.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, “А.Т.Д.” жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 уна токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 авто унаа, жана ошондой эле ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган.

Белгилей кетсек, “А.Т.Д.” жана анын жакын туугандары активдери, киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланган.

КР УКМК чогулткан материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктту (мыйзамсыз баюу) фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталып, бул иштин алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

 

«Кумтөр» кылмыш иши боюнча экс-Премьер-министр, "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсү Жоомарт Оторбаев кармалды

УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу «Кумтөр» кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

2021-жылдын 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын терөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын кармоо чечимин кабыл алган.

Тергөөдө аныкталгандай, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын “Суу жөнүндө” Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, Кумтөр Голд Компанинин («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген.

Кармалган Ж.Оторбаевди ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен тергөө аракеттерин жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралмакчы.

Өлкөдө коррупция жөнүндө кабарлагандарга сый акы төлөнөт

Экономика жана каржы министрлиги коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө билдирген жактарга акчалай сый акы берүү жөнүндө өкмөттүн токтомун коомдук такууга чыгарды.

Документ министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда коррупция жөнүндө кабарлаган киши бул иш боюнча мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн кирешенин 10% алары белгиленген. Ошол эле маалда сый акынын көлөмү миллион сомдон (1200 доллардан) ашпоосу керек.

Сый акыны алуу үчүн комиссиянын чечими, коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө маалыматтын тастыкталышы, соттук актынын күчүнө кириши жана материалдык чыгымдын мамлекетке кайтарылышы зарыл.

Сый акы төлөп берүү тартиби “Коррупциялык мыйзам бузуулар жөнүндө кабарлаган жакты коргоо жөнүндө” мыйзамды ишке ашыруунун негизинде иштелип чыкты.

Мыйзам 2019-жылы күчүнө кирген. Документтин негизги демилгечиси — Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мурдагы депутаты Аида Салянова. Ал мыйзам долбоорун 2016-жылы бир катар эл өкүлдөрү менен иштеп чыккан. Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорун четке кагып, аны кайра иштеп чыгуу үчүн парламентке жөнөткөн. Буга байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, долбоордун жаңы редакциясы иштелип чыккан. Мыйзамга 2019-жылы 29-январда ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

УКМК: Кумтөр иши боюнча экс-премьер Темир Сариев камакка алынды

КР УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун ар кандай этабындагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү улантууда.

Тергөө ишинин жыйынтыгына жана иш боюнча алынган далилдерге таянып, 2021-жылдын 3-августунда өлкөнүн мурдагы премьер -министри Темир Сариевди КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизүү чечими тергөө тарабынан кабыл алды.

Тергөөнүн жүрүшүндө, Т. Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турган убакта, Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөнү, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилгени аныкталды.

Т. Сариев камакка алынгандан кийин ведомстволор аралык тергөө тобу аны менен бирге тергөө иш аракеттерин улантышат, анын жыйынтыгында жакынкы 48 саатта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту бөгөт коюу чарасын тандоо маселесин карайт.

УКМК кошумча түрдө Кумтөр иши боюнча иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу, анын ичинде Т. Сариевге айыпталган эпизоддор боюнча керектүү маалымат коомчулукка берип турат.

УКМК: Издөөдөгү экс-президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алып келинди, азыр сурак берүүдө

Мурда маалымдалгандай, “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан өлкөнүн мурунку Президенти Аскар Акаев издөөгө жарыяланган.

А.Акаев башка мурдагы жогорку кызмат адамдары менен бирге 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча Башкы келишимди түзүүдө, 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда, ошондой эле 2003 -жылы “Камеко” компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурундагы коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Ошентип, тергөө А.Акаевдин президенттигинде Кумтөр долбоорун ишке ашыруу учурунда коррупцияга аралашкан бардык күнөөлүү адамдарга укуктук баа берди.

Ошол эле учурда КР УКМК А.Акаевди республиканын аймагына алып келүү менен кылмыш жоопкерчилигине тартуу жагынан тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган тергөө учурунда активдүү иштерди жүргүзгөн.

Ошентип, УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 2 -августунда экс-президент Аскар Акаев Бишкекке жеткирилген, андан кийин дароо Ведомстволор аралык тергөө тобуна которулган.

УКМК тарабынан аткарылган чаралардын жыйынтыгында, 2021-жылдын 2-августунда мурдагы Президент Аскар Акаев Бишкек шаарына алынып келинди жана ведомстволук аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилди.

Азыркы учурда А.Акаев УКМКнын имаратында, ал жерде Кумтөр кени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында керектүү тергөө иш -аракеттери жүргүзүлүүдө.

УКМК коомчулукка иликтөө аракеттеринин жыйынтыктары жана ал боюнча кабыл алынган процессуалдык чечимдер, анын ичинде А.Акаевге карата кошумча маалымат берет.

Тергөө амалдарынын жыйынтыктары жана процессуалдык чечимдер тууралуу, анын ичинен Аскар Акаев боюнча, УКМК кошумча маалыматты коомчулукка өз убагында берип турат.

УКМК: Темир жол бажысындагы коррупциялык схеманын бети ачылды

КР УКМК фискалдык органдардагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш-чараларынын алкагында, КР Экономика жана финансы министрлигинин Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы Ички иликтөө жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусу менен бажы бөлүмдөрүнүн биринде туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

«Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун кызматкерлери логистикалык компаниялардын айрым өкүлдөрү менен туруктуу кылмыштуу мамиледе болуп, интернет продуктуну керектөөчүлөрдөн жана логистикалык компаниялардан тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн товарларды өткөзүп туруу үчүн системалуу түрдө акча алып турушканы аныкталган.

2021-жылдын 29-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, кийинки келген жүктүн мыйзамсыз өтүүсү үчүн акча алып жаткан жеринен «Түндүк» темир жолунун бажы тариздөө борборунун бажы эрежелерин сактоо боюнча тобунун инспектору «Х.Э.» кармалган. Кармалган адам КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда «Түндүк» темир жол бажысынын бажы тариздөө борборунун кызмат адамдарынын жана айрым логистикалык компаниялардын  бажыдагы коррупцияга тиешеси бар  экенин аныктоого, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга бажылык тариздөөдөн мыйзамсыз өткөн онлайн товарлардан келтирилген зыянды аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Видео - УКМК: Талас районунун акиминин орун басары 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Кечээ, 28-июлда Кыргыз Республикасынын УКМК кызмат адамдары тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө, аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын алкагында, Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары “Т.К.Р.” 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалган. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары КР жаранынан оң чечим чыгарып, ишкердүүлүк ачууга уруксат кагаздарын берүү үчүн 50 миң сом өлчөмүндө акча талап кылгандыгы аныкталды.

Тиешелүү далилдердин негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (Пара талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында, “Т.К.Р.” Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык кармалып, Талас облусунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.

 

Меню