Menu

Коррупция

УКМК: Конфискацияланган 48 миллион сомдук контрабандалык тамекини 8 миллион сомго сатып жиберишкен сот аткаруучу, салыкчы жана бажычылар камакка алынды

КР УКМК тарабынан Бажы кызматында жана сот аткаруучулар кызматындагы коррупциянын көрүнүштөрүн жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик бийликке жана сот адилеттигине каршы жасалган кылмыш фактынын бетин ачылды.

2023-жылдын 27-июлунда Ош облустук соту тарабынан контрабандалык жол менен алынып келинген 24 738 кг салмактуу “Serbetli” аталышындагы болжолдуу баасы 48 706 780 сомдук кальян тамекиси түрүндөгү контрабандалык жүк мамлекетке конфискацияланып, кийин Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.  

Бирок, Кара-Суу райондук сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча жооптуу адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алып, жашыруун сатуу максатында, Кара-Суу районунун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн жана мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын катышуусу менен ачык аукциондо сатуу үчүн конфискацияланган товарларды “Бажы инфраструктурасы” ММнин түштүк бөлүмүнө жөнөтүшкөн. 

2023-жылдын 18-октябрында жогорудагы кызмат адамдары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине карабастан, тергөө жана сот органдары тарабынан белгиленген товарлардын реалдуу рыноктук наркын эске албай, жабык аукцион уюштуруу шылтоосу менен товарларды арзандатылган баада 8 497 503 сомго сатып, ошол эле учурда ири суммадагы акчалай сыйлык алышкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында, 2023-жылдын 31-октябрында “Бажы инфраструктурасы” ММнин Түштүк филиалынын кызматкери О.А. жана Кара-Суу райондук САКБнын башчысы М.К. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүмүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмышка шектүү делип кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте мектеп окуучуларынынын тамак-ашына бөлүнгөн миллиондогон долларды уурдап жеп жүргөндөр камакка алынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан билим берүү тармагындагы коррупцияны азайтуу боюнча иштер улантылып, дагы бир кылмыш иши козголду, анын алкагында балдардын тамак-ашын негизинде мыйзамсыз баюу боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери К.А.К. жана Д.А.А. тарабынан уюштурулган коррупциялык схема аныкталып, токтотулду. 

Тергөөнүн жүрүшүндө, жогорудагы адамдар, жеке материалдык пайда алуу максатында алдын ала бир чечимге келип алышып, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине тамак-аш сатып алуу боюнча филиалдарга, продукцияларды жеткирүүчүлөргө ар кандай тендерлерде жеңиштерди ыйгарып тургандары аныкталды. Ошондой эле, жалган фирмалар аркылуу жасалма тендерлерди өткөргөн фактылары такталды.

Аталган К.А.К. жана Д.А.А. жасаган кызматтары үчүн өткөрүлгөн тендердеги сумманын 10 пайызын жеңдирип бергендиги үчүн дайыма алып турган. Ошону менен бирге иш жүзүндөгү каржылоонун кыскарышы жана берүүчүлөр тарабынан пайдага муктаждык балдарга берилүүчү тамак-аш азыктарынын сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген.

Ошентип, К.А.К. нан азыктарын жеткирүү боюнча өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында сыйлык катары 220 миң сом өлчөмүндөгү акча каржатын алганы боюнча көрсөтмөлөр алынгын. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Маалымат иретинде: 2022-жылы Октябрь районундагы мектептерге жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак-аш азыктарын сатып алууга бюджеттик каражаттардын эсебинен 230 млн 141 миң сом бөлүнгөн, тагыраак айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарына (бала бакчаларга) 182 миллион 682 миң сом, мектептерге (1-4-класстар үчүн) 47 миллион 459 миң сом бөлүнгөн.  

Учурда К.А.К. кармалып УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, ал эми Д.А.А. дагы кармалып УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргилди.

Учурда мындан башка коррупциялык фактыларды аныктоо жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

УКМК: Сүлүктүдөн коңшу өлкөлөргө миңдеген тонна көмүр экспорттоодо миллиондорду жеп алышкан экс-мэр, депутат, бажычы жана "спорттук общактын" мүчөлөрү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында сапаты жана баасы арзандатылган көмүрдү коңшу өлкөлөргө экспорттоого тиешеси бар адамдарды тинтүү жана кармоо иштери жүргүзүлдү.

Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн кызмат адамдарынын аракеттеринде ишкердиктин субъекттерине жүк ташуу документтеринде базар баасынан 3-5 эсе төмөн бааны көрсөтүү менен түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ и БШ) көмүрдү сатууда жана экспорттоодо көмөк көрсөтүү боюнча коррупциялык схемалар аныкталды, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык жана бажы төлөмдөрү өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнө системалуу түрдө түшпөй турган. 

Ыкчам-издөө иш-чаралар төмөнкү активдүү ишкердиктин субъекттеринде жүргүзүлдү:

– “Ак-Булак Көмүр” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1963-жылы туулган “Х.А.Д.”;

– “Кен-Ордо” ЖЧКсы – 1974-жылы туулган “Н.А.Б.”;

– “Нур” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын экс-мэри, жергиликтүү кеңештин депутаты 1960-ж.т. “А.Р.Э.”;

– “Рио Групп” ЖЧКсы – 1964-жылы туулган “А.И.Р.”;

– “Нуркен” ЖЧКсы – 1979-жылы туулган “Ш.З.А.”;

– “Ахмад-Кен” ЖЧКсы – Сүлүктү шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаты, 1971-жылы туулган “А.Б.А.”;

– “Ормон” ЖЧКсы – 1982-жылы туулган “К.А.Т.”;

– “Кен-Сити” ЖЧКсы – 1989-жылы туулган “А.А.Х.”;

– “Сары Челек Сүлүктү” ЖЧКсы – 1975-жылы туулган “К.М.”;

– Мамлекеттик салык кызматынын Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгы, ишкердиктин субъекттеринин чарбалык ишмердигин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык органынын чечимдери жана башка тиешелүү документтер алынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынынып, алар учурда кошумча изилденип, талдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, ошол эле учурда “Кызыл-Кыя – автожол”, “Кызыл-Кыя – темир жол” көзөмөл-өткөрүү постторунда, бажы терминалында, Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош филиалдарында, 3 алмашуу бюросунда, “Спорттук общак” деп аталгандын мүчөлөрүнүн жашаган жеринде жана 6 коммерциялык уюмда кармоо жана тинтүү иштери жүргүзүлдү. 

Белгилей кетчү нерсе, жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында экспорттук декларацияны даярдоо үчүн ишкердиктин субъекттери “МБанк” мобилдик тиркемеси аркылуу ортомчуларга 300 АКШ долларын төлөп, андан кийин “Спорттук общактын” мүчөлөрүнө 1 миңден 2 миң сомго чейин берип Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары тоскоолдуксуз чыгып жүрүшкөнү аныкталды.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматы боюнча, 2023-жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон, ага байланыштуу, активдүү экспорттонун негизинде  Кыргыз Республикасында көмүрдүн баасы жогорулаган.

Жыйынтыгында, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында төмөндөгүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди:

– Баткен бажысынын “Кызыл-Кыя-Авто жол” көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.;

– “Баткен” бажысынын “Кызыл-Кыя” темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.;

– КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн  башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.;

– “Имамидинов Экспорт” ЖЧКсынын жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.;

– “А.Б.Б.” жеке ишкердин негиздөөчүсү, 1986- жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМК: Суусамыр-Талас-Тараз жолун курууда 2 миллион сом уурдап алышкан “Кыргызавтожол” ишканасынын Таластагы кызматкерлери кармалды

КР УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик каражаттарды уурдоо менен байланышкан коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Талас облусундагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдары тарабынан Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун курулушуна каралган акча каражаты ыйгарылып алынганы тастыкталды.

Көрүлгөн тергөө жана ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында мамлекеттин бюджетине 1 млн 900 миң сом кайтарылды.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле аларды жоопкерчиликке тартуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: 8 миллион сом уурдоого катышкан Свердлов райондук билим берүү борборунун башкы бухгалтери чет өлкөгө качып бараткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов райондук билим берүү борборунун  кызмат адамдарына карата ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же ысырап кылуу фактысы боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, мамлекетке 8 миллион 637 миң сом зыян келтирилгени текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган, 2023-жылдын 2-сентябрында РББнун мурдагы башкы бухгалтери Н.М. бул ишке катыштыгы бар экенин билип калып, мамлекеттен чыгууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды, мындан тышкары, тергөө органына биринчи чакыруу боюнча келүүдөн жана «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу республиканын аймагынан чыгып кетүүгө, башкача айтканда, тергөөдөн жашырынууга аракет кылган.

Жогоруда аталлган Н.М. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда КР УКМК чек ара кызматы тарабынан кармалып, тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн КР УКМКга өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

УКМК: Билим берүү тармагына бөлүнгөн 8,5 миллион сомду жеп алган Свердлов районунун билим берүү борборунун кызматкери кармалды

КР УКМК тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жана билим берүү тармагынын ишмердүүлүгүндөгү системалуу коррупцияны азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө кылмыш иши козголуп, анын алкагында Свердлов райондук билим берүү борборунун бухгалтери А.А.Ф. тарабынан уюштурулган бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алуу жана коротуу боюнча коррупциялык схема аныкталып жана ага бөгөт коюлду.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, аталган А.А.Ф. райондук билим берүү борборунун кызматкерлери менен келишимге келип алып, алар менен биргеликте райондук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган тендерлерден утуп алган подряддык уюмдардын аффилирленген жактарынын эсебине акча которуу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды алгандыгы аныкталды.

Аудиттик текшерүүнүн жыйынтыгында 2014-жылдан азыркы учурга чейинки аралыкта 8 миллион 637 миң 400 сом зыян келтирилгени аныкталган.

2023-жылдын 15-августунда А.А.Ф. КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда КР УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда. Анын ичинде башка райондук билим берүү борборлорунда да ушундай фактылардын жана схемалардын бар экендиги текшерилүүдө.

Айыл чарба министрлигинин жер-суу көзөмөл кызматынын жооптуу кызматкерлери $4000 пара алып жаткан жеринен кармалышты

Үстүбүздөгү жылдын 10-август күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматына О.С. атуу жаран “Айыл чарба министрлигине караштуу жер жана суу көзөмөлү боюнча кызматынын” жетекчилигине, ошондой эле жерге-суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын башчысы М.Ш. лар көп өлчөмдөгү айып салам деп коркутуп-үркүтүү жолу жана опузалоо менен, маселени оң жагына чечүү үчүн акча талап кылып жатат, ошол себептен чара көрүп берүүнү суранып кайрылган.
Бул факт боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмыштырдын бирдиктүү рэестирине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343 беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган кылмыштын белгилери опузалап пара алуу боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 11-август Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Разаков-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен 4000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражаты алынып жаткан жеринен, Чүй-Бишкек региондор аралык жер суукөзөмөл кызматынын башкармалыгынын башчысы Д.Р, Ошол эле минитрликтин жер- суу көзөмөл кызматынын Чүй-Бишкек региондор аралык башкармалыгынын бөлүм башчысы М.Ш. кармалышкан.
Учурда тегөө уланууда жана бул кылмышка тиешеси бар башка адамдар боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Сот коррупцияга айыпталган экс-министр Динара Кутманованын абактагы мөөнөтүн узартты

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованын абактагы мөөнөтү 9-октябрга чейин узартылды. Анын бөгөт чарасы 7-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган. Ал кармалгандан кийин бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 8-августка чейин камакка алуу чечими чыккан.

УКМКнын маалыматы боюнча, Динара Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

Үч жыл ичинде министрликке болжол менен 969 миллион 568 миң сом бөлүнгөнү, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга жумшалганы айтылды. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган. Алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланып, Түркияда кармалган соң депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Сузакта 8 гектар айыл чарба жерлерин турак-жай курууга сатып жиберген “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын директору менен адиси камакка алынды

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталган. 

Аталган а/а жооптуу кызматкерлери “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак району боюнча филиалынын кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алышып, акчалай сыйлыктар үчүн жеке турак жай курууга 8 гектардан ашык жер тилкелерин Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун  колдонуу менен мыйзамсыз сатып, андан соң жер тилкелерине жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды чыгарып беришкен.  

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө жогорудагы жер тилкелердин жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актылар жасалма корутундунун негизинде, Жалал-Абад областындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын учурдагы директору А.у.Ы. жана адиси Т.Ж.Т. тарабынан берилгени аныкталды.  Алар корутундуда жер тилкелеринин категориясын, тактап айтканда айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин жана айыл чарба багытындагы жерлерди курула турган жерлерге атайылап өзгөртүшкөн.

Бул кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, курула турган жерлерге өзгөртүлгөндөн кийин, жеке жактарга жер участогуна жеке менчик укугу тууралуу мамлекеттик актыларды берүү мыйзамдаштырылып, натыйжада мамлекеттик бюджетке 52 миллион 440 миң сом зыян келтирилген.

Азыркы учурда кармалгандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусунун тергөө абагына киргизилип, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Динара Кутманова 9-августка чейин камакка алынды

Мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 9-августка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды.

Мындай чечимди 24-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын аталган соттун басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат 25-июлда Динара Кутманова министрликтеги бир катар коррупциялык фактыларда “башкы уюштуруучу жана шыктандыруучу болгону аныкталып” кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, Кутманова министр болуп турганда мамлекеттин акчасын мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча кеңири коррупциялык схема уюштурган. Экс-министр мыйзамсыз коррупциялык иштерге кол алдындагы кызматкерлерди эле эмес, өзүнүн жакындарын, уулун, сиңдисин, үй кызматкерин, уулунун досун жана башкаларды тартуу менен жаратылышты жана экологияны коргоо тармагы үчүн жасалма долбоорлорду каржылоого арыз берүүнү уюштурган деп айыпталууда.

Үч жыл ичинде министрликке болжол менен 969 миллион 568 миң сом бөлүнгөнү, анын 180 миллиону бул министрликтеги муктаждыктар үчүн мамлекеттик сатып алууларга жумшалганы айтылды. Ал эми жаратылышты коргоо жана сактоо боюнча 110 долбоордун алкагында жеке жана юридикалык жактарга 789 миллион 568 миң сом берилген.

УКМКнын ырасташынча, жалпысынан бул кылмыш ишинин алкагында тогуз адамга айып тагылган, алардын ичинен Кутманованын уулуна эл аралык издөө жарыяланган жана ал Түркияда кармалып, депортациялоо чаралары көрүлүүдө.

20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Динара Кутманованы Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган. Мындан көп өтпөй атайын кызмат Жаратылышты өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары коррупцияга аралашкан фактылар иликтенип жатканын билдирген.

Динара Кутманова буга чейин айтылган дооматтардын баарын четке каккан.

Ал министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Меню