Menu

Кумтөр

"Центерра" кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдөгү өз талаптарын жарыялады

Канадалык “Центерра” компаниясы 3-январда кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги талаптарын жарыялады.

Анда “кыргызстандык массалык маалымат каражаттары жазып жаткандай Күмтөр кенин Кыргызстанга өткөрүү мүмкүндүгү жана сүйлөшүүдө кандай гана чечим болбосун төмөнкү негизги талаптар сакталат” деп айтылат. “Центерра” компаниясы төмөндөгү беш талап аткарылышы керек деп эсептейт. Алар:

– Компания “Кыргызалтын” ишканасына таандык “Центерранын” 26,1% акциясын алат. Өткөрүп алгандан кийин “Центерра” компаниясы акцияны жокко чыгарат.

– Кыргызстан өлкөдөгү компаниянын эки туунду ишканасын жана Кумтөр кени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

– 2021-жылы “Центерра” кенди камакка алуудан улам “Кыргызалтын” ишканасына төлөбөй калган дивиденддин үч суммасын төлөп берүү жана башка каржылык маселелердин ордун толтуруу.

– “Центерра” компаниясындагы Директорлор кеңешиндеги “Кыргызалтындын” эки талапкеринин отставкасы.

– Эки тарап бардык доолорду биротоло алуу жана бардык соттук териштирүүлөрдү эч кандай юридикалык жоопкерчиликсиз токтотуу.

“Центерра” компаниясы өз билдирүүсүндө Кыргызстан менен сүйлөшүү уланып жатканын белгилеген.

Азырынча кыргыз бийлиги канадалык компаниянын талаптары камтылган билдирүүсүнө жооп бере элек. 2-январда президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барган учурда канадалык “Центерра Голд”компаниясы менен сүйлөшүүдө жакшы жылыштар бар экенин билдирген.

“Кенге сапардын жүрүшүндө канадалык “Центерра” компаниясы менен сүйлөшүү жараянында жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “Кумтөр голд” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди”, – деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү былтыр май айында өз карамагына алган. “Центерра” менен сот эл аралык арбитражда уланууда. Бишкекте Кумтөр алтын кени боюнча сүйлөшүүлөрдүн экинчи раунду өтүп жатканы белгилүү болгон. Талкуу 23-декабрда жабык видеоконференция форматында болгонун “Кумтөр Голд” ишканасынан кабарлашкан.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 2-январда, “Кумтөр” алтын кенине барып, “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын (“КГК”) ишмердүүлүгү менен таанышты.

Мамлекет башчысы ишкананын, оор тоо-кен техникаларын чыгаруучу цехтин учурдагы ишмердүүлүгү менен таанышып, Петров көлүн жана калдык сактоочу жайды да көрдү.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров борбордук карьерди карап чыкты, анын түбүндө, мурда айтылгандай, болуп көрбөгөндөй көлөмдө суу топтолгон делген. Президент жеке өзү карьердин түбү кургак экенине ынанды.

Кенге болгон сапардын жүрүшүндө канадалык Centerra Gold компаниясы менен сүйлөшүү процессинде жакшы жылыштар бар экендиги, учурда тараптар башка нерселер менен катар “КГК” компаниясын толугу менен Кыргыз Республикасына өткөрүп берүүнү камтыган тынчтык келишимин талкуулоону жыйынтыктап жатканы белгиленди.

Мамлекет башчысы эң жакынкы убакта тараптар ортосундагы көп жылдык пикир келишпестиктерге чекит коюларына ишеним артты.

“Кумтөр” өлкөнүн тарыхынын жаңы барагы жана жаңы муун үчүн өнүгүүнүн үлгүсү болот! Өткөн жыл биздин адистер мындай ири жана татаал ишкананы натыйжалуу башкарып, жогорку өндүрүштүк көрсөткүчтөргө жетише аларын көрсөттү”, – деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

УКМК: Мурдагы президент Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишин тергөө уланууда

Кумтөр иши боюнча мурдагы Президент Аскар Акаевге коюлган бардык айыптарды алып салуу боюнча айрым адамдардын такталбаган билдирүүлөрүнө байланыштуу, УКМК бул кылмыш иши боюнча иликтөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу коомчулукка объективдүү маалыматтарды жеткирүүнү туура деп эсептейт.

Жүргүзүлүп жаткан тергөөгө тиешеси жок, иш боюнча ишенимдүү маалыматы жок адамдардын мындай билдирүүлөрү жөн гана өзүн пиар кылуу максатында коомчулуктун оюн бурмалоо жана атайылап адаштыруу болуп саналат.

Мындан улам УКМК Кумтөр иши боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын коомчулукка маалымдайт.

Мындан тышкары, мурдагы Президент Аскар Акаевге 1992-жылы “Камеко” компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча жаңы айыптар тагылды.

Айрыкча, Аскар Акаев жогорудагы кылмыштарды жасоодо өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен жигердүү кызматташып жатканын жана анын өлкөдөн чыгып кетиши, Бишкекке келиши алдын ала тергөөчү менен макулдашылганын белгилейт.

Ошол эле учурда, кылмыш ишинин тергөө амалдары улантылып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланыштуу кылмыштарды жасоонун башка фактылары аныкталууда, тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында ишке тиешеси бар адамдарга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Ошондуктан, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тарабынан таратылган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

УКМК өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулуктун оюн адаштырбоого дагы бир ирээт чакырат.

Садыр Жапаров “Кумтөрдөн” түшкөн таза киреше январга карата 300 миллион долларга жетерин билдирди

Кыргызстан “Кумтөрдүн” үзүрүн келерки жылдан тартып көрө баштайт жана январь айына карата бул ишканадан түшө турган таза киреше 300 миллион долларга жетет деп болжолдонууда.

Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда Жалал-Абадда жергиликтүү эл менен жолугушууда президент Садыр Жапаров билдирди.

Мамлекет башчысы “Кумтөр” 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын, кол коюларын, эч кандай проблема жок экенин айтты жана кирешеге келерки жылы айлык-пенсия көбөйтүлүп, бир катар долбоорлор каржыланарын белгиледи.

Ишканада жылына 1 миллиард долларлык алтын казыларын айткан Жапаров ал акчанын жарымы компаниянын өз чыгымдарына жумшаларын, калганы таза киреше экенин кошумчалады жана май айынан берки 200 миллион долларга жакын таза киреше азыр “Кумтөрдүн” эсебинде турганын айтты:

““Кумтөрдүн” акчасынын үзүрүн, Кудай буюрса, Жаңы жылдан кийин көрөбүз. 300 миллион доллар менен январь айына киребиз. 30 жылдын тарыхында мындай болбоптур. Ошону бөлүштүрүп беребиз. Завод-фабрика салганга, дыйкандарга насыяга, жолдорго… Январь-февралда бөлүштүрүп берсек, марттан тартып иштер башталат. Облустарга, райондорго беребиз. 1-апрелден баштап эмгек акыны көбөйтөбүз. Пенсия-жөлөкпулга да дагы кошобуз. Мугалим, медик, милиция, аскер кызматкерлеринин айлыгын жогорулатабыз”.

Канадалык “Центерра” компаниясы башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү быйыл май айында өз карамагына алган.

“Центерра” кен Кыргызстанга өткөндөн кийин алтын казуу азайып кеткенин 5-ноябрда билдирип чыккан. “Кумтөр Голд” компаниясын кыргыз өкмөтүнүн атынан башкарып жаткан жетекчилик муну төгүндөгөн.

Министрлик “Кумтөр” казынага канча акча төккөнү тууралуу маалымат берди

Каржы министрлиги Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетовдун Кумтөр кенинде өндүрүлгөн алтындын сатылышы жана сакталышы жөнүндө суроосуна жооп кайтарды.

Маселе “Кыргызалтын” мамлекеттик ишканасына тиешелүү экенин мекеменин сайты жазып чыкты.

Анда “Кумтөр Голд Компани” ишканасы 2020-жылы республикалык бюджетке 9 млрд. 113,7 млн. сом төгүүнү пландап, 9 млрд. 618,7 млн. сом төккөнү да айтылган. Ал эми 2021-жылдын 11 айында 6 млрд. 998,8 млн. сом төккөн.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин 13-декабрдагы жыйынында депутат Осмон Турдумамбетов Кумтөр кенинен казылып жаткан алтын кайда сатылып же сакталып жатканы жөнүндө суроо берген. Каржы министри Алмаз Бакетаев ишкана салыкты толук төгүп жатканын айтып, бирок суммасын атаган эмес. Ал эми алтын боюнча маалыматы жок экенин билдирген.

Буга чейин бир катар депутаттар Кумтөрдө жасалып жаткан иштер тууралуу элге толук маалымат берилбей жатканын, андыктан Министрлер кабинети кен боюнча парламентке келип, толук отчет берүүгө тийиш экенин айтышкан.

Кыргыз тарап быйыл май айынан бери Кумтөргө сырттан башкаруу киргизип, көзөмөлдөп жатат.

22-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голдду” кыргыз тарап башкарууну өз колуна алгандан берки төрт ай ичинде 4,1 тонна алтын өндүргөнүн, өлкө 62 миллион доллардай киреше алганын “Азаттыкка” маалымдаган.

25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кумтөрдөн Кыргызстан 90 миллион доллар тапканын айткан.

"Кумтөр Голд Компани": "Канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын одоно бузган"

“Кумтөр Голд Компани” Кумтөр кенинде “канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузган фактылар аныкталганын” билдирди.

5-октябрда компаниянын сайтына жарыяланган билдирүүдө көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана тиричилик калдыктарынын көбү кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүлүп келгени, бул полигондор бир да отчетто көрсөтүлбөгөнү, аларды кызматкерлердин жардамы менен аныктоого мүмкүн болгону белгиленген.

“Казуу иштерине катышкандардын баары таң калып жатышат… Экологдордун айтымында, мындай калдыктар көмүлгөн жерлер кендин дээрлик бардык аймагында бар. Аларда тиричилик таштандылары менен аралаш уулуу калдыктар да чогуу көмүлгөн – химиялык реагенттердин таңгактары, май фильтрлери, эски дөңгөлөктөр, тоо-кен техникасынын тетиктери жана бүтүндөй унаалар бар”, — деп жазылган билдирүүдө.

Экологдордун маалыматына караганда, кендин ар кайсы жеринде төрт метр тереңдикте дагы бир нече ири калдык көмүлгөн жерлер бар. Бул маалыматтардын бардыгы юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Апта башында канадалык ишкана кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” мыйзамды жана экологиялык стандарттарды бузуу менен жетектеген”, “Центерра Голд” кенди пайдаланууда коопсуздук стандарттарын сактачу эмес”, “Мурда кыргыз өкмөтү менен келишим түзүүдө Centerra коррупциялык схемаларды пайдаланган” деген аңыздарды таратып жатканын билдирип, бул дооматтарды четке каккан.

“Кумтөр кенин биз жетектеп жатканда ал айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жана инженердик камсыздоо жаатындагы эң жогорку эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк деңгээлдеги объекти болуп саналып, Кыргызстандын экономикасына 4,48 миллиард доллардан ашуун каражат кошкон”, – деп жазылган билдирүүдө.

Буга чейин расмий Бишкек Кумтөр маселеси боюнча Швейцариянын Женева шаарында өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап канааттанды деген билдирүү тараткан. Бирок сүйлөшүүлөрдүн мазмуну, корутундусу тууралуу толук маалымат жок.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келет.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту “Центерра Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр ушул тапта да уланууда.

Президент Садыр Жапаров электрэнергия тарифи, Кумтөр алтын кени, парламенттик шайлоо жана кымбатчылык боюнча фейсбукка пост жазды

Коомдо кызуу талкууланып жаткан маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрмө берип коеюн деп чечтим.
1. Электр энергиясы боюнча.
Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Кечээ Тажикстан да өз сунуштарын берип, алардан да ала баштадык. Казакстан менен Өзбекстан да мурдагы келишимдерге ылайык Электроэнергия берип жатышат.
Биз кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле электро энергияны импорт алып жаткан жокпуз.
2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп келе жатат экенбиз.
Буга чейин импорттун баасы канча экен дебейсиздерби?
2014-жылдан бери бир киловатты 5 сомдон алып, элге 0,77 тыйындан берип келишкен экен. Ортодогу айырма элдин эсебинен, тагыраагы казнадан кеткен чыгым болуп келген. Бир нече миллиарддаган сомдор чыгым болуп кеткен. Мен мындай кыянатчылыкка, шалаакылыкка жол берген жокмун.
Учурда эки сомдун тегерегинде алып жатабыз.
Менин тапшырмам менен Энергетика министри элден “Күндүз светти өчүргүлө, үнөмдөгүлө, “Токтогулдагы” суубузду сактап калалы” деп суранды.
Ал сууну биз сугатка пайдаланбайбыз. Өзбекстан менен Казакстан пайдаланат.
Биз электр кубатына гана пайдаланабыз.
Эгер өзүбүздүн жеке кызыкчылыгыбызга карап, электр кубатын алуу үчүн эле пайдалансак, Токтогулдагы суубуз кышка кеңири жетет.
Бирок жаздан баштап кайра кышка чейин сууну толтуруш үчүн “Токтогулду” толук жабышыбыз керек болот.
Андай кылсак, анда кошуна мамлекеттер жайында суусуз калышат.
Анда кошуна өлкөлөрдө кургакчылык болуп, бул жалпы баарыбыз үчүн оор кесепетке алып келет. Ошондуктан биз кошуна өлкөлөрдүн да камын ойлонушубуз керек. Ошого жараша алар да бизге электр энергиядан жардам берип жатышат.
Ал эми электр энергиясын сарамжал пайдаланбай, кайдыгер мамиле жасап жаткан жарандарыбыз жөнүндө сөз кылсак, алар үчүн электр кубаты арзан баада болуп жатат. Эгер кошуна өлкөлөрдөй бир килловаты биздегидей 0,77 тыйын эмес, 5 сомдон болгондо, башкача мамиле кылмаксыңар.
Министрлик рейд жасаган учурда көрдүк го. Унаа оңдоочу жайларда, кафе-ресторандарда, базарларда күндүз жарык жанып турат.
Бул эмнени билдирет?
Бул бизде электр энергиясы арзан дегенди билдирет.
“Ай, ошо да кеппи. Төлөп коем” дегендер демек колунда бар адамдар.
Ал эми колунда жоктор бир лампочкасын өчүрүп, үнөмдөп турушат.
Ошон үчүн жазда тариф маселесин көтөрүп, эки категорияга бөлөлү:
аярлуу катмарга 0,77 тыйын кылып калтырып, чекти алып, бай жашаган катмарга тарифти көтөрөлү дегенимде, ага да каршы чыккандар болушту “элди бай-кедей кылып бөлбө” деп. Макул, балким, бара-бара терең түшүнгөндөн кийин макул болорсуңар?
Убакыт керек.
И баса, акыркы 10 жылда бир дагы ГЭС салбаптырбыз. Элдин саны болсо өсүп атат. Албетте, электр кубатына болгон суроо- талап мурдагыдан 3 эсеге өстү. Азыр эми ГЭСтерди өз күчүбүз менен эле сала баштадык. Кудай буюрса, 2024-2025-жылдарга барып энергетикалык таңкыстыктан чыгып, экспорттоого жетишебиз.
2. “Кумтөр” маселеси боюнча.
Биздин сураныч менен эмес, “Центерранын” суранычы менен Женева шаарында сүйлөшүүлөр болуп өттү.
Бизден төрт киши барды. Жыйынтыгын алар келгенде угабыз. Ал эми LBMA биздин алтынды алуудан баш тартты. Эми алтындарыбызды сата албай калабыз деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт.
Сатып алам деген кардарлар кезекте турушат талашып.
“Эл аралык соттон утулуп калсак – эмне болот?” дегендер да бар экен.
Утулбайбыз, утабыз.
Макул, дүйнөлүк мафиянын таасирине салып бизди утуп алды дейли.
Эмне болот?
“Кумтөрдү” көчүрүп кетеби?
Жер биздики, тоо биздики, байлык биздики, акыры келип эл да биздики го?
Эл колдоп турса болду.
Казып атабыз, каза беребиз.
Эч ким тоскоол боло албайт.
3. Шайлоо боюнча.
Мындан ары бардык шайлоолор болушунча таза өтөт. Болгон күчүмдү жумшайм. Административдик ресурс таптакыр колдонулбайт. Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим.
36 депутатты бир мандаттуу округдан өзүңүздөрдүн түздөн-түз өкүлүңүздөр кылып шайлап аласыздар.
Андан сырткары 54 депутатты партиялык тизме менен шайлайсыздар. Мурдагыдай партияга эле добуш берип коюу болбойт.
Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер.
Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги (галочка) коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мына ушундай жол менен парламентти жалпы эл өзүңөр добуш берүү жолу менен люстрация кылып бересиңер.
Ал эми эскилер кайра келе жатышат деп чуу салып жаткандарга айтарым – каалабаган талапкерге добуш бербей койсоңуздар, ал келбейт.
Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок.
Ал заман артта калды.
Азыр тизмеде канчанчы болуп турушуң маанилүү эмес. Тизмеде 54-болуп туруп көп добуш алсаң, биринчи болуп келе бересиң.
4. Кымбатчылык боюнча.
Коронавирус оорусу башталганы бир жарым жыл болду. Бардык өлкөлөргө эшиктер жабык. Соода-сатык жокко эсе. Ошон үчүн бизде эле эмес, дүйнө жүзүндө кымбатчылык болуп жатат. Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшөт. Казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз. Ковид менен күрөшүү тынымсыз уланууда. Казынадан акча бөлүп, вакцина сатып алдык. Айрым өлкөлөрдө вакцинаны акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле. Ушунчалык кыйынчылыктарга карабастан, пенсия-пособие, эмгек акыларды көтөрүп жатабыз. Куралдуу күчтөрүбүздү күчтөндүрүп жатабыз. Жолдор жасалып жатат.
Ар бир жасаган ишибиз элдин, мамлекеттин, урпактарыбыздын кызыкчылыгы үчүн гана болот. Кылымдар өткөндөн кийин да бүгүнкү жасаган иштерибизге уялбай тургандай болобуз. Баары жакшы болот. Кам санабаңыздар. Убакыт керек.

Женевада кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" сүйлөшүүсү аяктады

28-30-сентябрда өткөн Швейцариянын Женева шаарындагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилеринин биринчи сүйлөшүүсү аяктады.

Кыргызстандын делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барган. Делегация курамында Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар. Сүйлөшүүгө “Центерра Голд” компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Пери баштаган топ катышты.

“Центерра Голд” компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүүлөр уланат”, – деди сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булак.

Ташиев менен Жапаров баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Ушул тапта Нью-Йоркто соттук териштирүү жүрүп жатат. Сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын Arnold & Porter Kaye Scholer юридикалык фирмасы коргойт.

Centerra Gold Кумтөр боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылат

Centerra Gold компаниясы Кумтөр алтын кенинин бүтүндүгүн, узак мөөнөттүк иш жөндөмдүүлүгүн сактап калуу жана талкаланып жок болуп кетүүдөн коргоо үчүн эл аралык арбитраждык сотко кайрылат.

Ишкана 28-сентябрда тараткан маалыматта, Кыргызстан өкмөтүнүн аракети кендин ишинин туруктуулугуна коркунуч келтирет деп билдирген.

Ага ылайык, Centerra Gold Inc компаниясы 27-сентябрда кыргыз өкмөтүнө жана “Кыргызалтын” ишканасына каршы токтоосуз чара көрүүнү эл аралык арбитраждык соттон өтүнөрүн жарыялады. Centerra ишканасынын беш жыл бою Кумтөр кенин башкарып келген операциялык директору Дэн Дежарден кыргыз өкмөтүн Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алууга айыптаган.

“Кумтөр кенин мыйзамсыз басып алгандан кийинки кыргыз бийлигинин билдирүүлөрү кенди бекитилген план боюнча иштетпей, зыянга учуратууга алып келерин ачыктап турат. Акыркы маалыматтар боюнча өкмөт кендин айланасындагы инфраструктураны суу ташкындан коргой албай, өндүрүштө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Алардын жалаң пайда көздөгөн аракети Кумтөр алтын кенине жана андагы жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч келтирет”,-деген ал.

Мындан тышкары Centerra арбитраждык соттун чечими чыкканга чейин чукул соттук чаралар аркылуу кыргыз өкмөтүнө бир катар жоопкерчиликтерди артууну өтүнүүдө. Алар:

-Кыргызстандын бийлигин кыргыз өкмөтү тарабынан 2021-жылы Кумтөр алтын кенин иштетүү планын аткаруудан карманууга жана кендин иши тууралуу “Центеррага” маалымат берип турууга;

-Кыргызстанды жана “Кыргызалтын” ишканасын Centerra жана “Кумтор голд компани” ишканасынын активдерин тиешелүү каттоосуз жана үстөк төлөмдөрсүз алуудан карманууга;

-Кыргызстанды жана “Кыргызалтын” ишканасын арбитраждык процесске кийлигишүүдөн, анын ичинде жасалма айып пулдар, салык жана соттук териштирүүлөр, Центерранын өкүлдөрүн жана жумушчуларын коркутуп-үркүтүүлөр аркылуу кийлигишүүдөн карманууга милдеттендирүү.

Инвестициялык келишимдерге ылайык, Центерранын дооматтары Стокгольмдогу арбитраждык сотто каралат. Туруктуу арбитраждык сот лорд Хоффманнды Кумтөр маселесинде арбитр кылып шайлаган. Бул сотто АКШнын Нью-Йорк штатынын жана Англиянын мыйзамдары иштейт.

Centerra ошондой эле Кумтөр алтын кенин “Кумтор голд компани” аркылуу 20 жылдан ашуун улам алмашкан өкмөттөр менен макулдашуу аркылуу ийгиликтүү башкарып келгенин билдирген. Ишкана кендин ишин 2031-жылга чейин узартуу үчүн 2 млрд доллар инвестиция кылууну көздөгөнүн да айткан.

“Суу насосторунун туура эмес иштөөсүнөн карьердин тосмосу бузулуп, жарылат. Атайын суу насостору үчүн 2015-жылдан бери “Центерра” эриген мөңгү суусу карьерди каптап кетүүсүнүн алдын алуу үчүн атайын насостук системанын курулушуна 10 млн доллар сарптаган. Акыркы убактардагы сүрөттөрдө карьердин четин суу каптаганын, карьердин түбүнө да суу топтолгонун көрүүгө болот. Бул кендин кыйроосуна алып келет. Мындан тышкары кендин азыркы жетекчилиги жер алдынан кен казууга өтүүгө аракеттенүүдө. Бул орду толгус зыянга алып келет. Centerra буга чейин атайын иликтөөчү компаниянын корутундусуна ылайык, жер алдынан кен казуу “Центерранын” көп жылдык инвестициясын орду толгус зыян келтирет”, -деп жазылган маалыматта.

Мурдараак Centerra кыргыз өкмөтүн “Кумтор Голд Компани” ишканасын “сырттан башкаруу” жүйөөсү менен ээлеп алганы жана активдеринен ажыратканы үчүн сотко берген.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Кенчилер: Кыргыз алтынын Батышка сатуу укугун калыбына келтирүү керек

Тоо-металлургия кесиптик кошууну Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын (LBMA) “Кыргызалтын” ачык акционердик коомун ишенимдүү жеткирүүчү макамынан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгарууга аракет көрүү зарылдыгын билдирди.

Каттын авторлору Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын чечими өлкөнүн алтын өндүрүү тармагына терс таасирин тийгизерин белгилешкен. Алардын пикиринде, “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы заводдо алтын аффинаждоо пайдасыз болуп калгандыктан, ал банкротко кептелиши ыктымал. Кесиптик кошуун бул макамдан ажыроо экономикалык чыгымдарга гана алып келбестен, өлкөнүн кадыр-баркын түшүрүп, инвесторлордун кетишине алып келиши мүмкүн экенин айтышууда.

Кенчилердин пикиринде, парламенттин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети бул маселени карап, андан чыгуу жолдорун аныкташы керек. Тоо-кен компанияларынын ишмердүүлүгү экономикалык жана юридикалык талаада гана каралышы керек. Бюджетти түзүүчү тармакты саясатташтыруу анын жок болушуна алып келет“ деп айтылат билдирүүдө.

17-сентябрда Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтындын” алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотконун билдерген. Муну менен Кыргызстан өндүргөн алтынын батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылган.

Буга чейин “Кыргызалтын” ишканасына таандык Кара-Балтадагы аффинаждоочу заводдо иштелип чыккан алтын куймалары дүйнөдөгү Good delivery (ишеничтүү жеткирүүчү) макамы менен эч тоскоолдуксуз сатылып келген. Good delivery – дүйнөдөгү алтын базарындагы белгилүү марка.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров “Кыргызалтындын” аффинаждоочу заводунун аккредитациясын жокко чыгаруу убактылуу гана иш, жакында калыбына келтирилиши мүмкүн” деген. Ал башка дагы тоскоолдуктар болорун эскертип, бирок “дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жоктугун” айткан.

Меню