Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү өтөт

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады.
Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Кыргыз-тажик чек арасы жакында ачылышы мүмкүн

Тажикстандын Согд облусундагы бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер жакын арада ачылышы мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

“Ушул тапта чек ара өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коңшу мамлекеттин бийлигинин максаты – чек араны ачуу. Биздин чек ара жабылган эмес. Чек араны алар бир тараптуу жабышкан. Күн сайын жолугушуулар жана жыйындар өтүп жатат”, – деди Согд облусунун бажы башкармалыгынын башчысы Зафар Махмадиев.

Согд облусунун башкы прокурору да сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтыктары жөнүндө кабарлады.

“Алар согушту каалабайт, биз дагы. Мурда Бобожон Гафуров районуна жакын жайгашкан кыргыз айылдары үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүү үчүн Хожентке келип турушчу”, – деп белгиледи Фуркат Ходжазода.

Февралдын башында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилери жолугуп, тынчтыкты сактоо багытындагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашкан.

Өткөн айда өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тажик тарап менен сүйлөшүү “активдүү ыргакта” уланып жатканын кабарлаган.

2022-жылдын декабрь айынын аягында Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоону келерки жылдын май айына чейин аяктоо ниетин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы эле башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдардан кийин Кыргызстан 2021-жылы май айында Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасынын 20 чакырымга жакын тилкеси такталды

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасынын 19,06 чакырым тилкеси такталды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул тилкелер Баткен облусунун Лейлек району менен чектешкен Согд облусундагы Деваштич, Спитамен жана Жаббор Расулов райондорунда жайгашкан.

“Тараптар бир жарым жылдын ичинде кыргыз-тажик чек арасынын 102 чакырымга созулган тилкесинин долбоордук тактоо иштерин аяктады. Бүгүнкү күнгө карата эки өлкөнүн макулдашылган чек ара тилкесинин жалпы узундугу 626 чакырымга жакын”, – деди Мухриддин.

Министр 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда топографиялык жумушчу топтордун жети жолугушуусу өткөнүн кошумчалады. “Кыргыз-тажик чек арасын тактоо – системалуу түрдө жүрүүдө. Жолугушуулардагы атмосфера жаман эмес”, – деди ал.

Быйыл 3-9-февраль күндөрү Бишкекте кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун бүгүн 18-январда “Биринчи радионун” түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады.

Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди:

“Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Тарыхтан калган чек ара сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарыш керек деген өз ара түшүнүү тажик жакта да, биз жакта да бар. Эң негизгиси – чек ара тилкесинде тынчтык жана ишеним орнотуу. Былтыр жыл аягында жакшы, позитивдүү жакка жыла баштадык, быйыл бул маселе активдүү уланат деген ойдомун”.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин бири айыптаган.

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады.

Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну “элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү” деп баалаган.

Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын, бул маселени шылтоо кылып, бийликке келүүнү көздөгөндөр болгонун айткан.

“Баткен аскердик конфликт катары эл, мамлекет үчүн чоң жана чыгашалуу сыноо болду. Биз андан татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти”, – деди Акылбек Жапаров Баткен тууралуу айтып жатып.

Ал былтыр бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү иштерин жана айлык, пенсиялардын жогорулаганын өкмөттүн жетишкендиги катары белгилеген.

  • Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
  • Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу пайдалануу тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыккан 20дан ашуун адам ушу тушта “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген жүйө менен камакта отурат.
  • Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар бар

Лейлекте мал уурулук кылып жүргөн тажик жараны кармалды

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну үлүш жайындагы 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпысынан 7 факт мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды.
Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Баткендеги 3-декабрдагы чек ара чырын эки тарап иликтейт

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы акыркы окуяга байланыштуу 3-декабрда Баткен районунун Дахма участкасында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, жолугушууга Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.

“Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын тургундарынын мушташынын чоо-жайын изилдеп чыгышты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундарынын ортосунда чагымчылдыкка жана кырдаалдын курчушуна жол бербөө макулдашылды. Мушташ фактысын Ички иштер министрлигинин аймактык органдары иликтейт. Мындан тышкары бул аймакка ИИМдин кошумча отряддары жиберилет”, – деп айтылат маалыматта.

Азырынча чек арадагы соңку чырдын чоо-жайы жана эки тараптуу жолугушуу тууралуу Тажикстандын бийлиги расмий билдирүү тарата элек. Чоркух жамаатынын бийлик өкүлдөрү Сомониён айылына келип, окуяны териштирип жатышканын, учурда аймакта кырдаал туруктуу экенин “Озоди” радиосуна айтышкан.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 3-декабрда кыргыз жараны Тажикстандын Сомониён айылы аркылуу Кыргызстандын Дахма участкасын көздөй өтүп баратканда “тажикстандыктар ага орой сөздөрдү айтканын”, натыйжада эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ чыгып, таш ыргытууга чейин жеткенин билдирди.

“Озоди” радиосу окуя болгон Тажикстандын Чоркух жамаатына караштуу Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, “адеп кыргыз тараптан тажик жаранына таш ыргытылганын”, айылдын бир тургуну ур-токмокко алынганын, андан соң чакан чуу чыгып кеткенин кабарлады.

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жаңжалдан Кыргызстандын жараны Нурсултан Сайфулло уулу жараат алып ооруканага жеткирилгенин билдирди. “Озоди” радиосу чек арадагы окуядан Тажикстандын жараны Хизбулло Окилзода жараат алып ооруканага түшкөнүн жазды.

Быйыл 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган.

Куралдуу кагылышуу үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты

Тажикстан ТИМи Ооганстандагы этникалык тажиктердин укугунун бузулуп жатканына кабатыр болду.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынат. Бул тууралуу 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоору каралып, колдоо тапкандан кийинки жыйынтыктоочу сөзүндө президент Садыр Жапаров билдирди:

“Эми Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз. Бүгүн айтылып өттү, 199 миң чарчы чакырым болсо, эми 210 миңден ашыгыраак чарчы чакырым болуп биздин картабыз чоңоюп жатат. Тажикстан менен да бүтүрөбүз”.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан.

Чек ара толук тактала элек болгондуктан ортодо түрдүү кагылыштар токтобой келет. Алардын соңкусу быйыл 16-17-сентябрда катталды. Кан төгүлгөн бул окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган. Расмий Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган.

Садыр Жапаров Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу, статус-кво макамы берилерин айтты

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынында Төрт-Көчө тилкесине статус-кво берилип жатканын билдирди. Өлкө башчы анын алкагында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстан тараптан үч-төрт турак жай алынарын кошумчалады.

“Сиз кол коюп жиберген (ред: Адахан Мадумаров) протокол боюнча “ал мыйзамсыз” деп айтып атасыз. Бирок тигил тарап барбайт экен. “Мына” деп эле көрсөтүп туруп алат экен. Бир нече жолу көрсөттү. Өткөндө Астанада да үч тараптуу жолугушууда “кол коюп берип эле аткарбайт” деп көрсөтүштү. Андан бери Камчыбек Кыдыршаевич эки жолу сүйлөшүп келди. Биз эми аны кайра кайтарып, нейтралдуу, статус-кво бердиртип атабыз. Андай болсо сеники да, меники да эмес болсун деп ушуга макул кылдык. Эгерде айнып кетпесе эле. Нейтралдуу аймак. Биз Лейлекке түз өтөбүз. Алар Ворухга түз кетет. Ортодо нейтралдуу зона болот”, – деди Садыр Жапаров.

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Ош – Баткен – Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин кайталап келет.

Президент Садыр Жапаров 17-январда “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган.

Жогорку Кеңеш ушул тапта Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун карап жатат.

Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү болду

14-ноябрда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча өкмөттөр аралык делегациянын биргелешкен отуруму болду. Жыйынга Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын УКМКнын төрагасы Саймумин Ятимов катышты.

Натыйжада тиешелүү протоколго кол коюлду. Бул тууралуу Тажикстандын мамлекеттик “Ховар” агенттиги маалымдады. Кол коюлган документтердин мазмуну ачыкталган жок.

Маалыматка ылайык, жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнү, өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйыны Кыргызстанда болору кабарланды.

Жолугушуу тууралуу Кыргызстандын расмий органдары маалымат бере элек.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 972 чакырымды түзөт. Анын 300 чакырымдан ашыгы тактала элек. Андан улам эки өлкө ортосунда утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алды.

Чек арадагы кан төгүлгөн окуя үчүн эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптады.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек аралаш айылдардан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады.

Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандардын арасында балдар бар.

Меню