Menu

Кыргыз-тажик чек арасы

Президент Жапаров Кытайдагы саммитте Тажикстан менен чек араны тактоо маселесин көтөрдү

Президент Садыр Жапаров 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өтүп жаткан “Борбор Азия – Кытай” саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан эгемендик алгандан бери коңшулар менен чек ара маселесин чечүүдө конструктивдүү мамиле кылып келе жатканын айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Биз Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан Республикасы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз”, – деди президент.

Сиань шаарында “Кытай – Борбор Азия” саммити өтүп жатат. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын президенттери катышууда.

Кыргызстан Тажикстан менен чек араны толук чечип бүтө элек. Эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар болуп келет.

Кыргыз-өзбек-тажик чек ара кесилишин аныктоо маселеси талкууланды

25-29-апрель күндөрү Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн ортосундагы чек ара маселеси талкууланганын кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин 30-апрелдеги маалыматына караганда, жолугушуу Баткен шаарында өттү, ага үч өлкөнүн өкмөттүк делегациялары катышты.

“Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишин аныктоо маселеси боюнча пикир алышты. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү мамиледе өттү”, – деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Кийинки жолугушуу Тажикстандын аймагында өтмөй болду.

Үч өлкө орток чек арага ээ. Кыргызстандын Тажикстан менен чек ара тилкеси 970 чакырымды түзөт, анын 519у такталган. Ал эми Өзбекстан менен чек аранын жалпы узундугу 1314 чакырым, анын баары такталып бүткөнүн президент Садыр Жапаров быйыл январда өзбек жетекчиси Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип кеткенде айткан.

Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо жай жүрүп жатканын айтты

Президент Садыр Жапаров 17-апрелде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу жагдайга токтолду. Анда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө жылыштар бар экенин айтканы менен, иш жай жүрүп жатканын белгиледи.

“Өтө жай жүрүп жатат. Эгер эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алуу менен эки тарап тең чек ара сызыктарын сызууга макул болсо, тилкелерде бир эле айлык жумуш калды. Бирок тилекке каршы, кошуналар жакшы келе жатып эле айрым тилкелерге келгенде, “бул жерди 1924-жылкы карта менен чечели” деген сунуштарын киргизип жатышат. Ошон үчүн маселе токтоп калууда. Чындыгында, 1924-жылкы карта менен чечели деген сунуш юридикалык жана моралдык жактан да туура келбейт. Анткени 1924-жылы алар да, биз да өзүнчө мамлекет эмес элек”, – дейт Жапаров.
Ал эгер эки тарап тең макул болуп, 1924-жылкы карта менен чечсе, анда чек ара тилкелеринин баарын кайрадан карап чыгуу керектигин билдирди.
“Ошол мезгилде эки тарап тең макул болуп, иштер тез кетип жаткандыктан, майга чейин чечип бүтөбүз деп болжогом. Тилекке каршы, бүтө элекпиз”, – деген президент.
Бишкекте 1-7-апрель күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болгон.
Жумушчу топтор 10-16-марттын аралыгында Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.
Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.
Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып турат. Эң ириси былтыр сентябрда болуп, Кыргызстан анда 63 жаранынан айрылды.
Анын айынан Кыргызстан тарап 8 млрд. сомдон ашуун зыян тартты. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны набыт болгонун жарыялаган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери өткөн жылы ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Садыр Жапаров: Дүйнөдөгү окуялардын фонунда тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуу маанилүү

Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нооруз майрамына карата куттуктоосунда Тажикстан менен чек араны тактоо иштерин аягына чейин чыгарууну убадалады.

Президент өз сөзүндө ошондой эле дүйнөдөгү кырсыктар менен согуштук жаңжалдардын фонунда коомдогу тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо маанилүү экенин белгиледи.

“Биз да дүйнөдө болуп жаткан окуялардын фонунда ынтымагыбызды сактап, көп улуттуу мамлекетибизде тынч жана бейпил жашоону камсыз кылуунун канчалык маанилүү экенин аңдап-сезишибиз кажет”, – деди президент.

Садыр Жапаров өткөн жылдын соңунда Баткендеги иш сапары учурунда май айына чейин Тажикстан менен чек араны тактоону аяктоого ниеттенип жатканын билдирген.

Эки өлкө ортосундагы чек ара тактала электигинен улам ортодо түрдүү чыр-чатактар катталып, акыркы эки жылдан бери эң ири куралдуу кагылыштар катталды.

Душанбеде кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча сүйлөшүү өтөт

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 10-16-март күндөрү кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу түзүлгөн эки өлкөнүн жумушчу топторунун жолугушуулары өтөт.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкектен барчу топтун курамын бекитти жана анын башчысы кылып өкмөттүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаевди дайындады.
Бишкекте 3-9-февралда кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

Кыргыз-тажик чек арасы жакында ачылышы мүмкүн

Тажикстандын Согд облусундагы бир катар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрмө бекеттер жакын арада ачылышы мүмкүн экенин билдиришти. Бул тууралуу “Озоди” радиосу кабарлады.

“Ушул тапта чек ара өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коңшу мамлекеттин бийлигинин максаты – чек араны ачуу. Биздин чек ара жабылган эмес. Чек араны алар бир тараптуу жабышкан. Күн сайын жолугушуулар жана жыйындар өтүп жатат”, – деди Согд облусунун бажы башкармалыгынын башчысы Зафар Махмадиев.

Согд облусунун башкы прокурору да сүйлөшүүлөрдүн оң жыйынтыктары жөнүндө кабарлады.

“Алар согушту каалабайт, биз дагы. Мурда Бобожон Гафуров районуна жакын жайгашкан кыргыз айылдары үйлөнүү үлпөттөрүн жана башка салтанаттарды өткөрүү үчүн Хожентке келип турушчу”, – деп белгиледи Фуркат Ходжазода.

Февралдын башында Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чектеш облус жетекчилери жолугуп, тынчтыкты сактоо багытындагы биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү макулдашкан.

Өткөн айда өлкөнүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев тажик тарап менен сүйлөшүү “активдүү ыргакта” уланып жатканын кабарлаган.

2022-жылдын декабрь айынын аягында Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоону келерки жылдын май айына чейин аяктоо ниетин билдирген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы эле башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан.

Адам өлүмү менен коштолгон жаңжалдардан кийин Кыргызстан 2021-жылы май айында Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

2022-жылы кыргыз-тажик чек арасынын 20 чакырымга жакын тилкеси такталды

Өткөн жылы кыргыз-тажик чек арасынын 19,06 чакырым тилкеси такталды. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Душанбеде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул тилкелер Баткен облусунун Лейлек району менен чектешкен Согд облусундагы Деваштич, Спитамен жана Жаббор Расулов райондорунда жайгашкан.

“Тараптар бир жарым жылдын ичинде кыргыз-тажик чек арасынын 102 чакырымга созулган тилкесинин долбоордук тактоо иштерин аяктады. Бүгүнкү күнгө карата эки өлкөнүн макулдашылган чек ара тилкесинин жалпы узундугу 626 чакырымга жакын”, – деди Мухриддин.

Министр 2022-жылы Кыргызстан менен Тажикстанда топографиялык жумушчу топтордун жети жолугушуусу өткөнүн кошумчалады. “Кыргыз-тажик чек арасын тактоо – системалуу түрдө жүрүүдө. Жолугушуулардагы атмосфера жаман эмес”, – деди ал.

Быйыл 3-9-февраль күндөрү Бишкекте кезектеги кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрү өткөн. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы “достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлганын” маалымдаган. Ошондой эле келерки кезектеги жолугушуу Тажикстандын аймагында өтөрү айтылган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. Буга чейин эки өлкөнүн президенттери 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Чек ара такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү куралдуу кагылыштар, адам өмүрүн алган каргашалуу окуялар катталып келет.

ТИМ: Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүлөрүндө позитивдүү жылыш бар

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара сүйлөшүүлөрүндө былтыр жыл соңунда позитивдүү бурулуш болгонун бүгүн 18-январда “Биринчи радионун” түз эфирине сүйлөп жатып тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев кабарлады.

Министр ортодогу мамиле жакшы жакка бурула баштаганын белгилеп, сүйлөшүүлөр быйыл да активдүү уланарына ишенимин билдирди:

“Тажикстан менен мамилелерибизде бир топ татаал мезгил болду. Сентябрдагы агрессия… Андан кийин биз узак бою жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаттык. Азыр абал бир аз жакшыра баштады. Тарыхтан калган чек ара сүйлөшүүлөрүн аягына чыгарыш керек деген өз ара түшүнүү тажик жакта да, биз жакта да бар. Эң негизгиси – чек ара тилкесинде тынчтык жана ишеним орнотуу. Былтыр жыл аягында жакшы, позитивдүү жакка жыла баштадык, быйыл бул маселе активдүү уланат деген ойдомун”.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды. Бул үчүн эки өлкө бирин бири айыптаган.

Акылбек Жапаров 2022-жылдагы үч маанилүү окуяны атады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде өткөн жылдагы маанилүү үч окуя катары Кумтөрдүн мамлекетке алынышын, Кемпир-Абад жана Баткендеги чек ара маселелерин атады.

Ал Кумтөрдүн толугу менен мамлекетке өтүшү экономикалык эле эмес, руханий жактан да утуш болгонун, муну “элдин мүлкүн басып алган тышкы душманды гана эмес, ички душманды да – өз коркуусу, өз күчүнө ишенбөөчүлүк менен жеңүү” деп баалаган.

Кемпир-Абад боюнча да туура чечим кабыл алынганын, бул маселени шылтоо кылып, бийликке келүүнү көздөгөндөр болгонун айткан.

“Баткен аскердик конфликт катары эл, мамлекет үчүн чоң жана чыгашалуу сыноо болду. Биз андан татыктуу өттүк. Жабыркагандарга жардам берүү үчүн мамлекет керектүү каражаттарды табууга жетишти”, – деди Акылбек Жапаров Баткен тууралуу айтып жатып.

Ал былтыр бюджеттин кирешеси көбөйгөнүн, куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү иштерин жана айлык, пенсиялардын жогорулаганын өкмөттүн жетишкендиги катары белгилеген.

  • Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.
  • Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычын чогуу пайдалануу тууралуу эки мыйзамга кол койгон. Суу сактагычтын жеринин берилишине каршы чыккан 20дан ашуун адам ушу тушта “төңкөрүш жасоого аракеттенген” деген жүйө менен камакта отурат.
  • Былтыр 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы масштабдуу жаңжал ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 83 кишинин тизмесин жарыялады. Эки тараптан тең кагылышуудан каза тапкандар арасында балдар бар

Лейлекте мал уурулук кылып жүргөн тажик жараны кармалды

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Арка-2 айылынын 58 жаштагы Д.А. аттуу тургуну үлүш жайындагы 9 баш бодо малы белгисиз жарандар тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.
Бул факт Лейлек РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын уюштуруп, Жаңы-Жер айыл аймагынын 17 жаштагы 3 тургуну аныкталып, кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандар Согди облусунун Б.Гафуров районунун Хиставарс айылынын 29 жаштагы У.Н. аттуу тургуну менен биргеликте 2022-жылдын октябрь айынан бери жалпысынан 7 факт мал уурулуктарын жасап жүргөндүгү аныкталды.
Азыркы күндө кармалган 29 жаштагы У.Н. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню