Menu

УКМК

УКМК "Туризмди колдоо фондуна" козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берди

Башкы прокуратура “Туризмди өнүктүрүү фонду” ишканасына козголгон кылмыш иши тууралуу 4-майда маалымат берди.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, 22-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети фондго Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Бул иштин алкагында 28-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддун кеңсеси жана анын жетекчиси Елена Калашникованын үйү тинтүүгө алынган.

“29-апрелде Финансы министрлигине фондду аудиттик текшерүүдөн өткөрүү дайындалган”, – деди Конкубаева.

УКМКнын төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков фондго кылмыш иши туристтик эс алуу жайларын куруу долбоорун ишке ашырууга байланыштуу козголгонун билдирди.

Жыйынга Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси Елена Калашникова да катышып жатат. Ал кылмыш иши козголгонун жаңы билгенин айтып, ишкананын кеңсесинде жана өзүнүн, кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргөнүн ырастады.

“Жалпы 1 млрд. сом уставдык капиталдын 762 млн. 190 миң 370 сому накталай түрдө сакталуу. Ал эми жалпы 257 млн. 67 миң 294 сому коротулду. Анын 113 млн. сому туристтик эс алуучу жайларды курууга бөлүнгөн. Алар жалпысынан 68 жерге, өлкөнүн ар кайсы аймагына салынууда”, – деди Калашникова.

“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому март айында түзүлүп, анын уставдык капиталы 1 млрд. сом деп белгиленген.

Фонд ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.
Мындан тышкары региондордо туристтерди кабыл алуу үчүн инфраструктураны жакшыртууга, алыскы аймактарда кошумча жумуш орундарын түзүүгө, калктын социалдык жактан аялуу катмарын, аялдарды окутуу программаларын, туристтик жайлардын базасында иш менен камсыз кылууга, калктын билим деңгээлин жана туризм тармагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга колдоо көрсөтөрү айтылган.

Баткенде жакын тууганына карата козголгон кылмыш ишин жаап бер деп коопсуздук кызматкерине $35.000 пара берип жаткан жаран кармалды

КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы Баткен РИИБ ​​менен биргеликте КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (Пара берүү) боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 35 миң АКШ доллары (3 059 700 сом) өлчөмүндөгү акча каражатын берип жаткан жеринен 1987-жылы туулган О.И. аттуу Баткен районунун тургунун кармады. 

Аталган жаран УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерине анын мурда аткезчилик менен кармалган жакын тууганына карата кылмыш ишин тергөө жана токтотууга жардам берүү үчүн пара берүүгө аракет кылган.  

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бишкекте аял кишини, анын жаш кызын жана эркек баласын кыйнап өлтүргөн УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери кармалды

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарынын 5-кичи районунда 3 адам өлтүрүү фактысы катталды. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу менен биргеликте кароо жүргүзүлдү. Аталган даректе энеси, кызы жана уулунун денесине оор залалдар келтирилген жансыз денеси табылган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
 Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБде катталган.
 Окуя болгон жерге ИИМдин КИББдин, Бишкек шаарынын ИИББнын жана Октябрь РИИБдин тергөө ыкчам тобу тарабынан толук кароо жүргүзүлүп, анда адамдардын кол тактары, буюм далилдер алынып, тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
 Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш чараларынын негизинде кылмышка шектүү катары Баткен облусунун тургуну, 1986-жылы туулган Ч.А. кармалып, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге жеткирилип, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
 Азыркы убакта бул факт боюнча ар тараптуу, толук кандуу, объективдүү териштирүү иштери колго алынып, тийиштүү экспертизалары дайындалып, ыкчам иликтөө иш чаралар жүрүүдө.
Маалымат боюнча адам өлтүрүү 16-февралдын таңында болгон, коңшулары кечинде гана байкашып милицияга билдиришкен. Шектүү ошол эле түнү кармалган.
УКМК ал шектүү УКМКнын 9-кызматында 2006-2021-жылдары иштеп кеткен деп тастыктады.

УКМК: Кечээ 3 адамды өлтүрүп кармалган адам УКМКнын 9-кызматында 2006-2021-жылдары иштеген

Кечээ, 16-февралда үч жолу адам өлтүрүүгө шектелген жаран мурда КР УКМКда кызмат өтөгөн деген маалымат ЖМКларга жарыяланганына байланыштуу атайын кызмат төмөнкүлөрдү түшүндүрөт:

Өлүмгө шектүү 1986-жылы туулган А.Ч.К. 2006-жылы Мамлекеттик күзөт кызматына жумушка алынып, 2021-жылга чейин кызмат өтөгөн.

Белгилүү болгондой, Мамлекеттик күзөт кызматы 2010-жылдан кийин жоюлуп, түзүмдүк бөлүм катары УКМКга киргизилген.

2021-жылы А.Ч.К. пенсияга эмгек стажына байланыштуу УКМКнын 9-кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратура: $15.000 пара алып жаткан жеринен УКМКнын тергөөчүсү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 19-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына О.А. аттуу жаран КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү арызы менен кайрылган.
Арызда, ага карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аты аталган кызматкерлер 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара талап кылышкандыгы көрсөтүлгөн.
Аталган арыздын негизинде КР Башкы прокуратурасынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу”) боюнча кылмыш иши козголгон.
2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан КР УКМКсынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда кармалды.
Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун негизинде жүргүзүлдү.
Бул багыттагы иш-аракеттер улантылууда.

УКМК: 2-январда Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде жарандарды сабаган УКМК кызматкерлери кызматтан алынды

2023-жылдын 2-январында Ош шаарындагы «Sky Bar» оюн-зоок мекемесинде КР УКМК кызматкеринин катышуусунда болгон окуя боюнча, УКМКнын Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлдү, натыйжада, коомдук тартипти бузгандыгы жана улуттук коопсуздук органынына шек келтиргендиги үчүн, бул окуяга катышкан улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин кызматтан алуу чечими кабыл алынган. 

Учурда бул факты боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР Аскердик прокуратурасы тарабынан тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Азаттык" УКМКдан, Финчалгын кызматынан банк эсеби боюнча түшүндүрмө сурады

“Азаттык Медиа” мекемеси Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына, Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) кайрылып, банк эсебинин бөгөттөлүшү жана мекемени тейлеген “Демирбанктын” катына байланыштуу түшүндүрмө сурады. Азырынча аталган мекемелер расмий жооп бере элек.

31-октябрда “Азаттык Медиа” мекемесинин “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. “Азаттык Медиа” 31-октябрда жана 1-ноябрда банкка кат жолдоп, түшүндүрмө сураган.

2-ноябрда “Демирбанк” “Азаттык Медианын” эсеби “Террористтик ишмердикти каржылоого жана кылмыштуу кирешени легалдаштырууга (адалдаштырууга) каршы туруу жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесине ылайык бөгөттөлгөнүн билдирип, бул боюнча Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгын кызматына кайрылууну сунуш кылган.

“Азаттык Медиа” банк эсебинин бөгөттөлүшүн негизсиз экенин жана мекемеде иштеген Кыргызстандын жарандарынын укуктарын бузарын белгилейт.

Ошондой эле каржылык операцияларды токтотуу тууралуу чечимге негиз болгон документтерди, Финансылык чалгын кызматынын эсепти бөгөттөө чечиминин көчүрмөсүн да тез арада берүүнү өтүнөт.

31-октябрда “Демирбанктын” өкүлдөрү “Азаттык Медианын” эсебине бөгөт коюлганы тууралуу алгач телефондон оозеки ырастап, УКМКдан билдирме алганын айтышкан.

“Азаттык Медиа” УКМКга да расмий түшүндүрмө сурап кат жөнөткөн, бирок азырынча атайын кызматтан жооп ала элек.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай “кыргыз бийлигинин мындай эскалациясы Кыргызстандын мыйзамдарын бузуп жаткандай көрүнөт. Биз журналисттерибиздин оозун жабуу аракетине каршы күрөшөбүз”, – деген билдирүү жасаган. Эл аралык медиа корпорациянын жетекчиси “Азаттык” радиосу ишенимдүү маалымат булагы экенин жана ага тоскоолдуксуз иштөөгө уруксат берилиши керектигин айткан.

26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарган. 27-октябрда министрликтин адистери “Азаттык Медианы” каттоо тууралуу документтерин текшерип, көчүрмөлөрүн алып кеткен.

УКМК: Бишкек шаарында УКМКга жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имарат ачылды

Бүгүн, 18-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генерал-лейтенант Кыдыршаевич Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Бишкек шаарында, КР УКМКнын жана ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү үчүн жаңы имараттын ачылышы болду. Ачылыш аземге КР УКМКнын жетекчилиги жана мекеменин өздүк курамы катышты.

Жаңы курулган имарат кызматкерлер үчүн иштөө шарттарына талапка жооп бере турган, керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган.

КР УКМК төрагасы кызматкерлерге кызматтык тапшырмаларды так аткарууну эскертип,  ошондой эле коррупция менен күрөшүү, уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

УКМК Акыйкатчынын өкүлдөрүн популисттик пиардан алыс болууга жана тергөө амалдарына кийлигишпөөгө чакырат

Тергөө коргоо укугун камсыз кылуу менен ар тараптуу, толук жана объективдүү принципти сактоо менен жүргүзүлөт.

Ага ылайык, айыпталуучу Низовскийге байланыштуу тергөө иш-чаралары адвокаттын катышуусунда жүргүзүлгөн.

Катышуучулар (тергөөчү, айыпкер, жактоочу, зарыл болгон учурда котормочу) Жазык-процесстик кодексинин ченемдери менен так аныкталган.

Бирок, ага карабастан Акыйкатчынын өкүлдөрү тергөөчүнүн кабинетине келип, Низовскийдин катышуусунда тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Гумандуулуктун жана адамгерчиликтин принциптерин жетекчиликке алуу менен Ю.Низовскийдин жаш курагын жана ден соолугунун абалын эске алынып, баш коргоо чарасын «үй камагына» өзгөртүү чечими кабыл алынган.

Тергөөнүн объективдүүлүгүнө таасирин тийгизбөө үчүн Акыйкатчы институтун популисттик пиардан алыс болууга жана жүргүзүлүп жаткан тергөө аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырабыз.

Ошону менен бирге, УКМК мыйзамдардын талаптарына ылайык, КР УКМК убактылуу кармоочу жайына жана тергөө камак жайына кармалгандарга, камакка алынгандарга Акыйкатчы Аппаратынын өкүлдөрү тоскоолсуз кирип чыгуусун камсыздап жатканын белгилеп кетебиз.

УКМК: Кримтөбөл Чынгыз Жумагуловду ("Дөө Чынгыз") кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул иштин алкагында 2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Айрым массалык маалымат каражаттарында жарыяланган Чынгыз Жумагуловду кармоо жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгондугу тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

КР УКМК жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырат. Ошол эле учурда социалдык тармактардагы топтордун ээлерин маалыматты дыкат текшерип, коомчулукту адаштырбоого үндөйт.

Меню