Menu

УКТ – ОПГ

УКМК: Бирөөнү кемсинтип, сабап жатышкан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көрүп туруп чара көрбөгөн Нарын ШИИБнин кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Нарын ШИИБнин кызматкерлери тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча, б.а. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

2023-жылдын 14-мартында КР УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына КР жараны З.К. белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 9-мартында Нарын шаарындагы оюн-зоок мекемелеринин биринде аны белгисиз адамдар эч себепсиз эле кемсинтип, сөгүп, анан бөтөлкө менен уруп, ден соолугуна зыян келтирүүгө аракет кылышканы айтылат. Бул боюнча З.К. 102 кызматына телефон чалган, бирок келген милиция кызматкерлери шалаакылык мамиле кылып, эч кандай мыйзамдуу чараларды көрбөй окуя болгон жерден кетип калышкан.

Мекеменин көзөмөл камераларынан алынган видеоматериалдарга караганда, милиция кызматкерлери арыз ээсинин жүйөлөрүнө чындап эле тийиштүү аракет кылбаганы, андан тышкары кылмыш чөйрөсүнө жакын адамдардын аларды шылдыңдап, кол салуусуна жол беришкен, муну менен анын конституциялык укуктары бузулганын көрсөтүп турат. 

Белгилей кетсек, ушундай окуялар ички иштер органдарында мурда да (Нарын облусунун Кочкор РИИБ жана Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБ) болгон.

Бул жагдайлар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө түзүлүп жаткан жагымсыз кырдаалды көрсөтүп, бул мамлекеттин учурдагы саясатына терс таасирин тийгизүүдө.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен биригип алышып, коррупциялык схемаларды уюштурган Сокулук районунун “Кадастр” мекемесинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз берүү менен байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин филиалынын жооптуу кызматкерлери тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдалануу жана документтерди жасалмалоо фактылары аныкталган. Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып,  кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын директорунун орун басары А.К.Ч, Сокулук районунун “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин каттоо бөлүмүнүн кызматкери Т.у.Р жана ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Э.М.А менен А.К.А. кармалып, УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда бул кылмыштарга Сокулук районунун жооптуу жана кызмат адамдарынын жана кылмыштуу контингенттин өкүлдөрүнүн катыштыгы бар экендигин аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү депутат болуп шайланып, тургундарды системалуу түрдө коркутуп, акча жана мүлктөрүн тартып алып жүргөн

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан АИС КБР каттоосуна алынган материалдын алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-берененин  1-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде (Опузалап пара талап кылуу), жергиликтүү кеңештин депутаты,  Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Сайдыкум айыл аймагынын Кызыл-Ай айылынын тургуну «Ж.Ж.С.» кармалды. Белгилей кетсек, «Ж.Ж.С.» физикалык күч колдонуу коркутуу жолу менен жергиликтүү тургундардан системалуу түрдө акча жана башка материалдык баалуулуктарды талап кылып келген. 

Кармалган жаран рейдерлик жол менен райондун аймагындагы айыл чарба жана балык чарбачылыгына убада кылган жер тилкелерин өзүнүн ишенимдүү адамдарына кайра мажбурлап каттатып, кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү жолу менен басып алганы аныкталган.

Мурда «Ж.Ж.С.» ар кандай кылмыштар боюнча бир нече жолу кылмыш жообуна тартылып, 2021-жылдан бери ар кандай кылмыштуу топтордун мүчөсү катары ИИМдин маалымат борборунун АБД-ТОР каттоосунда турган.

Азыркы учурда башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам иш-чаралар жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Буга байланыштуу, кармалган «Ж.Ж.С.» аттуу жарандын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тартышы мүмкүн болгон адамдар 03722 56049, 03722 54961 номурларына кайрылууңуздарды суранабыз.

УКМК: "Дженго" каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун Жалал-Абаддагы өкүлү кармалды

КР аймагындагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүүнүн алкагында, 2023-жылдын 10-февралында КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан КР ИИМ Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн  ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Жалал-Абад облусунун аймагынан К.Досоновдун (криминалдык чөйрөдө «Дженго» деген кайманаты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрүнүн бири К.С. кармалды. Кармалган К.С. 1986-жылы туулган, КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыштын негизинде 2022-жылдын июнь айынан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Учурда К.С.тин башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

 

УКМК: Ош шаарынын тургунун балка менен сабап, бычак, тапанча такап, 600.000 сом талап кылган спортсмендер кармалды

КР УКМК тарабынан Ош шаарында 600 миң сом акча талап кылуу фактысы боюнча аралаш мушташ боюнча спортчулардан турган – К.у.Б., Х.у.М. жана M.X.A. кылмыштуу топ кармалды.  

2023-жылдын 4-февралында Ош шаарынын аймагында Н.у.М. жана М.Х.А., алар менен бирге Ош шаарынын “Нага Грэпплинг” федерациясынын президенти — К.у.Б. жергиликтүү Н.Ш.М. аттуу тургунду жолугушууга чакырып, ал жерден физикалык күч колдонуп, тамагына бычак такап, башына баштык кийгизип аны белгисиз багытта алып кетишкени аныкталды. Андан кийин темир балка менен Н.Ш.М.ны сабап, белгисиз маркадагы тапанчаны башына такап, физикалык күч колдонуу жана ар кандай коркутуулар аркылуу акча талап кыла башташкан жана 10 күндүн ичинде 600 миң сом табуу шартын коюшкан.

Учурда КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармалгандар КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Кыргыз Республикасынын УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана коомдоштукка каршы аракеттенүү, ошондой эле жаш спортчулардын кылмыштуу элементтерге катышуусу боюнча иштерди улантууда.

Ошондой эле, КР УКМК жарандарды уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча кайрылууга жана билдирүүгө чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

Сузакта 67 жаштагы карыянын денесине оор залал келтирип сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

2022-жылдын 18-октябрь күнү Сузак районунун 1955-жылы туулган тургуну Ж.М.ди ошол эле райондун 47 жаштагы тургуну Д.К. уруп денесине оор залал келтирген.
Жогорудагы окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Сузак районунун 67 жаштагы тургуну Ж.М.дин арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш ишинин алкагында 3-январда шектүүгө карата издөө иши жарыяланып, издөө иштери башталган.
Сузак РИИБдин жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин 7-Башкы Башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө, ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, 2023-жылдын 17-январь күнү Сузак районунун 1975-жылы туулган тургуну (мурда Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТнын мүчөсү катары каттоодо турган) Д.К.кармалып, Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.

ИИМ: Москвада кыргыздарды уурдап, сабап, тоноп жүргөн "Аза большой" каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү шериктери менен кошо кармалды

Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү өзүнүн ыйгарым укугунун чегинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча Россиянын укук коргоо органдары менен тыгыз кызматташып келет. Андан сырткары, Россия Федерациясынын аймагында биздин мекендештер тарабынан жасалган кылмыштарды  жана укук бузууларды болтурбоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүп келишүүдө.
Жакында адамдарды уурдоо жана опуза талап кылуу менен алектенген Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ куралсыздандырылды.
2023-жылдын 11-январында болжол менен саат 02:00 чамасында Москва шаарынын аймагынан төрт белгисиз адам Кыргызстандын жаранын унаага отургузуп, сабашып, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан.
Андан соң өлтүрөбүз деп коркутушуп, 100 000 рублей өлчөмүндөгү акча каражатын берүүнү талап кылышкан.
Бул факты Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Бибирево району боюнча бөлүмүндө катталган. Россиянын Тергөө комитетинин Москва шаарынын Бутырск райондор аралык тергөө бөлүмү Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (Адам уурдоо) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш ишин козгогон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын  ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте ыкчам иш-чараларын жүргүзүшкөн. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар: «Аза большой» каймана аттуу Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган Ж.А. (ал эле Э.А.), Базар-Коргон районунун тургуну 1992-жылы туулган О.уулу Э., Лейлек районунун тургуну 1988-жылы туулган С.А., Талас районунун тургуну Ж.Н. болушат.
Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда. Жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат, анткени, мекендештерге жасалган бул кол салуу бир гана окуя эмес.
Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен Кыргызстандын жарандары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет.

Сот кримтөбөл Кадыр Досоновду ("Женго") 5-мартка чейин камакка алды

Адам өлтүрүүнү уюштурууга айыпталган, кылмыш дүйнөсүндө “Женго” каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов Ош шаарынын тергөө абагына киргизилди. Маалыматты Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда кримавторитет тергөө абагында 2023-жылдын 15-мартына чейин кармалат.

“Сот Досоновду камоо токтомун чыгарды. Калган кармалгандардын бөгөт чарасы бүгүн каралат”, – деп белгиледи башкармалык.

“13-январда түнкү саат 01:15те Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткен. Натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин жана алынган маалыматтардын негизинде бул өзгөчө оор кылмышка шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ысым менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалды”, – деп жазылган милициянын маалыматында.

Кадыр Досонов буга чейин оор беренелерге айыпталып бир нече жолу кармалып, кайра бошотулган.

Соңку ирет аны 2021-жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук комитети кармаган. Былтыр сентябрда Жогорку сот төмөнкү инстанциялардын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөткөн.

Ошто арматура менен башка чаап адам өлтүргөндөрдүн бири Курсантбек Шакир уулу Бишкекте кармалды

Ош шаарында 13-январда жасалган оор кылмышка – арматура менен адам өлтүрүүгө шектүү жаран Бишкек шаарынан аймагынан кармалды. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүн, 15-январда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан  издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну 1998-жылы туулган Шакир уулу Курсантбек Бишкек шаарынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.

ИИМ: Ошто жаш жигитти башка арматура менен чаап өлтүрүүгө катыштыгы бар дагы бир жаран кармалды

Бүгүн, 14-январда Ош шаарында 13-январда жасалган кылмышка катыштыгы бар жаран Ош облусунун аймагынан кармалды.
Өзгөчө оор кылмышка тиешеси барларды кармоо боюнча комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.
Учурда ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан Өзгөн районунун аймагындагы издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, 1991-жылы туулган Чубаков Нурбек аттуу жаран кармалды.
Кылмыш ишин толук ачуу боюнча иш-чаралар улантылууда.

Меню