Menu

УКТ – ОПГ

Жалал-Абадда “Пахир Калла” каймана аттуу өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец) кармалды

Жалал-Абад ОИИБге Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 17-январь күнү саат 14:00 чамасында Сузак районунда жайгашкан устаканасына  “Баха”  аттуу жаран келип, колундагы бычагы менен мойнуна такап, балка менен бутуна, кабыргасына уруп “100 000 сом акчаны коюп кой” деп коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты Жалал-Абад ОИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, Сузак районундагы өзбек диаспорасынын кылмыш чөйрөсүндөгү лидери (положенец),  “Пахир Калла” каймана аттуу Сузак районунун тургуну 1975-ж.т. Б.Б. кармалган. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө ал мурда адам өлтүрүү жана башка бир нече беренелер менен соттолгондугу белгилүү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 5-февраль күнү Б.Б. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы бүгүн Жалал-Абад шаардык сотунда каралат.

ИИМ: Бишкектин тургунунун 6000 сом акчасын тоноп кеткен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери укукка каршы аракеттерди жасаган шектүүнү кармашты.
2021-жылдын август айында Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунун тоноп кетишкен. Бишкек шаарынын базарларынын биринен жабырлануучунун жанына бир белгисиз жаран келип, физикалык күч колдоном деп коркутуп, 6000 сом акча каражатын, өздүк буюмдарын, анын ичинде документтерин  тартып алган. Жабырлануучу ички иштер органдарына арыз менен кайрылып, укукка каршы аракеттер боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Ал мурда тоноочу менен тааныш болбогонун жана эч кандай байланышы жоктугун билдирген.
Бул факты аймактык  ИИБге катталып,   Кылмыш-жаза кодексинин “Тоноо” беренеси менен тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.
Жакында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери  ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Аламүдүн районунун аймагындагы айылдардын биринен шектүүнү кармоону жүргүзүшкөн.
Тоноого шектүү катары 1996-жылы туулган Талас облусунун тургуну 1996-жылы туулган М.М. кармалды. Жаран М.М. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ: Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү алдамчылыкка шектелип кармалды

Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери автоунааларга байланышкан алдамчылыкка шектүү жаранды кармашты.
Ош ШИИБге арыз менен жаран Р.З. (аял киши) кайрылып, криминалдык түзүмдөрдүн укукка каршы аракеттери жөнүндө билдирген. Аныкталгандай, 2020-жылы “Сагыныч” аттуу чала тааныш адам  “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унааны арзан баада Кореядан алып келип берем деп ишенимге кирип, жабырлануучуну алдоо менен 125000 сомун алган. Андан соң, унааны алып келип бербей, же акчасын кайтарбай  койгон. Шектүү жабырлануучу коркутуп, милицияга кайрылбоосун айткан.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам кызматкерлер бул фактыга Баткен облусунун тургуну 1985-жылы туулган С.Сдин  тиешеси бардыгын аныкташкан. Мурда ал бир нече жолу оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон. Алынган маалымат боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
2022-жылдын 25-январь күнү Ош ШИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн  уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Ош шаарында жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1985-жылы туулган С.С. кармалды.
Кармалган жаран Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө жүрүп жатат.

УКМК: Кыргыз жаранын коркутуп, 2 млн сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды

Кечээ, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жазык проссесттик кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу тобтун активдүү мүчөсү “З.Б.” жана “С.А.” аттуу Кыргыз Республиксынын жараны кармалды.

Кармалган жаран “Б.И.” аттуу КР жаранынан күч колдонуу жолу менен коркутуп 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды.

Кармалган “З.Б.” Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жүрүп жатат.

ИИМ: Алдамчылык үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү менен Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында, ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн жарандын жүргөн жери аныкталып  кармалды.  Издөөдө жүргөн жаран алдоо жолу менен жабырлануучулардын ишенимине кирип,  аларга олуттуу чыгым келтиргени аныкталган.
2021-жылдын 29-октябрында ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Россиянын ИИМнин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын жана Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Выхино-Жулебино району боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери  издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган Э.О. тургунун аныктап, кармашты. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.
Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылык фактысын жасоого шектелип 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.  Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.
1982-жылы туулган Э.О. аттуу жаран 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн.
Учурда издөө алган тарапка маалымат берилип, жаран Э.О. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси 1993-жылы кабыл алынган Минск конвенциясына ылайык чечилүүдө.

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү опузалап, акча талап кылып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК Базар-Коргон районунун ИИБ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө опузалап талап кылуу фактысы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү “Ж.А.Э.”кармалды.

“Ж.А.Э.” (каймана аты “Малик”) зомбулук колдоном деп коркутуу  жана шантаж кылуу аракети менен жеке ишкерден 80 миң сом, ошондой эле алтын буюмдарын жана уюлдук телефонун опузалап талап кылып тартып алгандыгы аныкталды. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын жалпы суммасы 100 миң сомду түзөт.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө “Ж.А.Э.” опузулап талап кылып жаткан жеринен кармалды.

Бул факт Базар-Коргон РИИБ тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.  Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы убакта сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда.

УКМК: Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү - «Ф.А.Г.» кармалды

3-октябрда КР УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында, К.Асанбектин уюшулган кылмыштуу тобунун мүчөсү, 1958-жылы туулган «Ф.А.Г.» аттуу Казакстан Республикасынын жараны кармалды. 

Кармалган «Ф.А.Г.» буга чейин баңгизат, курал -жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстан Республикасында, Кыргыз Республикасында жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

«Ф.А.Г.» УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча атайын иш-чараларды улантууда.

Түрмөдө жатып алып, ишкерлерди опузалап, "салык" салган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы кылмыштуулук менен күрөшүүгө, мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтордун бири опузалап талап кылган фактыны аныкташты.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган жана эркинен ажыратылган жерлерде жазасын өтөп жаткандар узак убакыт боюу ишкерлик чөйрөсүндө алектенгендерден ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылышкан.

2020-жылдын күз айында белгисиз адамдар товарларды ташуу жана жеткирүү менен алектенген ишкерге чалышып, коркутуу жолу менен акча каражатын талап кылышканы аныкталган.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин  ишкерге криминалдык чөйрөнүн өкүлү катары өзүн тааныштырган адам келип, акча каражатын жана толук товарын тартып алган. Ишкерге жалпы суммасы 420 миң сомдук материалдык чыгым келтирилген.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Жакында ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири   Ысык-Ата районунда жашаган 1989-жылы туулган С.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренесинин негизинде соттолгон жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Жаран С.Б. Талас облусунан кармалган.

ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча кылмышкерлер ишкерлерден кирешелеринин бир бөлүгүн дайыма берип турушун талап кылышкан.

Азыркы учурда Чүй облусунун райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин тергөө кызматы жүргүзүүдө.

Молдовановкадагы түрмөнүн "жолугушуу бөлмөсүнүн" көзөмөлчүсү, УКТнын мүчөсү Ж. уулу Т. абакта кишини өрттөп, асып койгону аныкталды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Үчүнчү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин биринин аймагында жасалган өзгөчө оор кылмыштын бетин ачышты.

2019-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан ЖАМКтын 1-мекемесинин аймагында күйүп жана асылып турган маркумдун денеси табылган, анын өздүгү аныкталып, ал соттолгон 1996-жылы туулган У. уулу Э. болуп чыккан.

Аталган факты Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (Киши өлтүрүү) менен катталган.

Дээрлик эки жыл мурда  болгон бул оор кылмыштын бетин  ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгынын кызматкерлери   биргеликте ачышты.

Бул иш коомдук резонанс жараткан жана оор кылмыш болгондугуна байланыштуу аны иликтөөнү ИИМдин КМКнын Үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери колго алышкан.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда бул оор кылмышка Чүй облусунда 1994-жылы туулган Ж. уулу Т.нын тиешеси бар экендиги аныкталган, ал учурда ар кандай оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолуп жазасын өтөп жаткан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын маалыматына ылайык, Ж. уулу Т. 2017-жылы төмөнкү беренелер боюнча соттолгон (Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 164-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту, 167-беренесинин 4-бөлүгү, 241-берененин 4-бөлүгү). Учурда    Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №1 мекемесинде жазасын өтөөдө.  “Общаковскийлер” деп аталган терс маанайдагы соттолгондордун бири  жана “жолугушуу бөлмөсүнүн” көзөмөлчүсү болот. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат.

Бул киши өлтүрүү фактысы эң татаал кылмыштардын категориясына кирген, бирок ыкчам кызматкерлер шектүүнү аныктоосу мүмкүн болду. Бул иш боюнча ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган шектүүнүн катыштыгы бар дагы бир кылмыштын бети ачылды. Бирок анын чоо-жайы азырынча ачыктала элек.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки териштирүүнүн жүрүшүндө  мурда бир нече жолу соттолгон, Чүй облусунунда 1994-жылы туулган жаран Ж.уулуТ.га Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмышка шектелгендиги тууралуу кабарлама тапшырылды.

Учурда бул кылмышка башка адамдардын тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК: "кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

КР УКМК сотко чейинки өндүрүштү териштирүүнүн алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатуу каналы токтотулду. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Ыкчам иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө ири көлөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыш казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдар аныкталды.

2021-жылдын 24-июлунда КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү “С.С.”, “М.А.” жана “М.У.” кармалып, үйлөрүнө тинтүү жүргүзүүнүн натыйжасында 6800 АКШ долларын түзгөн жасалма акча каражаттары алынган.

Кармалгандардын бири буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (Каракчылык) боюнча сот жообуна тартылып,  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №-26 жатак-абагында кылмыш жазасын өтөгөн.

Кармалгандардын бардыгы КР УКМК тергөө камак жайына киргизилди.

Меню