Menu

УКТ – ОПГ

Жумгал районунун тургунун опузалап 60.000 сом талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жумгал районунун 1964-жылы туулган тургуну А.К. ички иштер органдарына арыз менен кайрылган.  Себеби, 2022-жылдын май айында “К” аттуу  жаран жабырлануучунун үйүнө келип, ар кандай шылтоолорду айтып, 60.000 (алтымыш) миң сом акча каражатын опуза талап кылып,  бербесе  башкача жол менен аламын деп коркуткан.  Жабырлануучу акча жок экендигин айткан учурда 45.000 миң сом бересиң деп кеткен жана корконунан  30.000 сом алып барып бергенин билдирип, “К” аттуу жаранды  таап, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факты  2022-жылдын 5-сентябрь күнү Нарын ОИИБи тарабынан каттоого алынып, кылмыштын белгилери байкалгандыктан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ( Опузалап талап кылуу) менен иш козголгон.

ИИМдин КИББдин 3–башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмыш иши боюнча шектүүнүн өздүгү аныкталып, ал Жумгал районунун тургуну 1983-жылы туулган С.К.  аттуу жаран  экендиги маалым болгон. Шектүү жаран тергөө кызматына жеткирилген. ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн маалыматы боюнча шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Бүгүнкү күндө тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

ИИМ: Жеке ишкерге кол салып, андан $50.000 акча опузалап талап кылган Жети-Өгүздүн эки тургуну кармалды

Ишкердик субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо милициянын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.
Ички иштер министрлиги, ишкерлерге кылмыштуу жана башка мыйзамсыз кол салууларды алдын алууга, бөгөт коюга жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүнүн корголгондугун сезиши үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган бардык зарыл чараларды көрүүдө.
2022-жылдын сентябрь айында ИИМдин КИББдин Бишкек шаары боюнча 3-башкармалыгынын УКККБнын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) кызматкерлери ишкердик кылган жаранды кылмыштуу топтун мүчөлөрү унаа менен сүзүп кеткендиги тууралуу маалымат алышкан.
Өздөрүн кылмыштуу топтордун биринин өкүлдөрүбүз деп тааныштырган белгисиз адамдар, Аламүдүн районунун тургунуна психологиялык кысым көрсөтүү жолу менен коркутуп, 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылып жүрүшкөнү аныкталган.
Мындан тышкары, кол салгандар үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден-соолугуна, ошондой эле ишкердин бизнестеги ишмердүүлүгүнө зыян келтире тургандарын айтып, аны коркутуп келишкен.
Аталган факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмышка шектүү адамдарды аныктоо жана кармоо максатында комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп баштаган.
Кечээ, Бишкек шаары боюнча ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек ШИИББдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында ишкерден опузалап акча талап кылып жаткандарды 200 000 (эки жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.
Алар, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары 1973-жылы туулган М.Б. жана 1981-жылы туулган К.А. экендиги аныкталган.
Кармалгандардын бирөөсү мурда сот жообуна тартылган.
Азыркы учурда бул факты боюнча иликтөөнү Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматы жүргүзүп жатат. Кармалган жарандардын ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

ИИМ: Чолпон-Атада уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бангизат менен кармалды

Август айында КР ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлерине Чолпон-Ата шаарында уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү мыйзамсыз баңги затын сактап жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 283 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен кылмыш иши козголот.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышат. Ал, 26 жаштагы Чолпон-Ата шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, КР ИИМдын ыкчам каттоосунда УКТнын мүчөсү катары турган Э.Э. болуп чыгат.

Жакында КР ИИМдин КИББдин Үчүнчү башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери, Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринде мыйзамсыз баңги затын сактап жүргөн жаранды токтотушуп, мыйзамдуу тинтүү иштерин жүргүзгөндө, андан жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынат.

Соттук-химиялык экспертизанын жайынтыгы боюнча алынган далил зат, гашиш баңги заттын түрүнө таандык экени жана анын таза салмагы 3,006 граммды түзөрү аныкталды.

Райондук соттун чечими менен кылмышка шектүү катары кармалган жаранга тергөө мезгилинде камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаларды системалуу опузалап алуу боюнча кармалды

Бүгүн, 5-сентябрда КР УКМК, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган кылмыш иштин алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – 1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбектер кармалышты.

Бүгүн, 5-сентябрда жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М» таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.

ИИМ: Бирөөнүн 63.000 долларын тартып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.
Буга чейин борбор калаанын тургуну алдамчылык жолу менен анын мүлкүн тартып алып, 63 миң доллар өлчөмүндө зыян келтирген белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен укук коргоо органдарына кайрылган. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси «Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголгон.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жаран борбор калаанын тургуну 1995-жылы туулган  Б.Б. кармалган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2021-жылы башка адамдар менен сүйлөшүп, жабырлануучуга тиешелүү унааны алдоо жолу менен ээлеп алып, 60 миң АКШ долларынан ашык зыян келтирген деп шектелүүдө.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ: Россияда кыргыз эмгек мигранттарын уурдап, сабап, опузалап акчаларын тартып алып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарында өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенип жүрүп мурда кармалган кылмыштуу топтун жашырып жүргөн дагы мүчөлөрү аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында ишкерлик кылган өз мекендештерин опузалап талап кылуу, уурдоо менен алектенген туруктуу уюшкан кылмыштуу топ иш жүргүзүп келген.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айында Москванын Марьина-Роща районунун аймагында кылмышкерлер  күч колдонушуп, бычак менен коркутушуп, Кыргызстандын жаранын унаага салып, анын эркине каршы белгисиз тарапка уурдап кетишкен. Андан соң аны батирде кармап, 1 000 000 рубль акча талап кылышып, андан соң сабап, 78 000 рублин алып кетишкен. Эртеси бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү кылмыштуу ниетин улантып, жабырлануучунун 65 миң рублдик мүлкүн алып кетишкен.
Буга байланыштуу ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү  Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте бул топко тиешеси бар адамдарды табуу жана аныктоо боюнча бир катар комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Жогорудагы факты боюнча Россиянын Тергөө комитети тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 126,163-беренелери (“Адамды уурдоо, опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 23-август күнү Россиянын ИИМдин  тиешелүү башкармалыктарынын ыкчам кызматкерлери Росгвардиянын ыкчам чараларды көрүү атайын отрядынын күжүрмөн колдоосу менен шектүүлөр Москва шаарынын аймагынан кармалышкан.
-Кыргыз Республикасынын жараны, Талас облусунун тургуну 1993-жылы туулган М.Э.. Алынган маалыматтар боюнча кармалган жаран “Савалев базарындагы кыргыздар үчүн смотрящий” криминалдык статуска ээ;
– Экинчи шектүү Кыргыз Республикасынын жараны, Жалал-Абад облусунун тургуну  2000-жылы туулган Ж.уулу Н..

Учурда бул фактылар иликтенип, алардын мурда жасалган башка оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө. Жогорудагы адамдар мурда кармалган кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү болушат.
Буга чейин маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын июнь айында Москва шаарында жана Москва облусунда «криминалдык авторитеттин» тапшырмасы менен иш алып барган уюшкан кылмыштуу топ кармалган. Алар акча талап кылуу менен алектенип, ишкердик менен алектенген жарандарга көзөмөлдү уюштурууга аракет кылышкан.
Кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкарып келген. Ал мурда бир катар оор кылмыштар үчүн соттолгон жана “Карагер” каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары  ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.
Жогорудагы кылмыштуу топтун 7 мүчөсүн кармоо операциясы ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.
Учурда  ИИМдин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү КМШнын Уюшкан кылмыштуулукка жана башка оор кылмыштар менен күрөшүүнү координациялоо боюнча бюросунун директорунун Кыргыз Республикасы боюнча орун басары А.Алиев менен бирдикте биздин мекендештерибиздин арасында криминогендик кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантышып, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды көрүшүүдө.

Ысык-Көлдө башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кечээ, 18-август күнү Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турган Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну Ы.Б.га башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтиргендиги үчүн айыбы угузулду. Бул тууралу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Ата шаарынын тургуну кайрылып, белгисиз жаран шаардын пляжында жайгашкан темир дүкөнүн ага маалымдабай башка жерге которуп салганын билдирген. Котору учурунда темир дүкөндүн ылдыйкы бөлүгү сынып, андан арыз ээсине 20 000 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Арыз Ысык-Көл РИИБдин КБНе катталып, кылмыш-жаза кодексинин 216 (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу) беренеси менен кылмыш иши козголгон. Райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран аныкталып, ал тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.

Бишкекте телефон уурулар кармалып, алардын үйүн тинткенде 1700 мобилдик телефон табылды

Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгы уурдалган телефондорго байланыштуу Кылмыш кодексинин бир нече беренелери менен козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында калаанын жана Ленин районунун из кубарлары уюшкан кылмыштуу топтун артынан түшкөн.

Тергөөнүн версиясы боюнча шектүүлөр уурдалган телефондорду, планшеттерди жана ноутбуктарды сатуу боюнча эл аралык канал уюштурушкан.

Кымырылган телефондордун өзүнө таандык маалыматтары, сериялык номурлары, IMEI коддору алмаштырылып, Mi Cloud, ICloud жана Google аккаунттары бузулган.

Жыйынтыгында ондон ашык шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийин соттун чечими менен алардын алтоо №1 тергөө абагына камакка алынып, калгандары үй камагына чыгарылган.

Шектүүлөрдүн үйүн тинткен маалда 1700 мобилдик телефон, жети ноутбук жана беш планшет табылды.

Милиция Алматы полициясы менен бирге дагы эки адамды коңшу Казакстандан кармады. Алардын жанынан Кыргызстанда уурдалган 46 мобилдик телефон табылган. Кыргызстандык милицонерлер казакстандык кесиптештерине Алматы шаарында уурдалган 278 мобилдик телефонду кайтарып бергени айтылды.

Табылган телефондордун бир бөлүгү ээлерине кайтарылып берилгени, иликтөө уланып жатканы кабарланды.

УКМК: Ишкерлерден системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылып жүргөн УКТ мүчөсү Чынгыз Жумагулов - "Дөө Чынгыз" кармалды

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2022-жылдын 15-июлунда Бишкек шаарынын аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мурда издөөдө жүргөн мүчөсү, криминалдык чөйрөдө “Дөө Чынгыз” деген ат менен белгилүү Дж.Ч.А. кармалды.

Кармоо кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында жүргүзүлдү.

Буга байланыштуу, Дж.Ч.А. мыйзамсыз аракеттеринен жабыркаган жарандар УКМК органдарына 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылса болот.

ИИМ: Жөнөкөй жаранга күч көлдонуп машинасын тартып алган “положенец” макамына ээ УКТнын мүчөсү кармалды

Жакында  Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 2018-жылдын күзүндө адегенде коркутуу жолу менен акча талап кылып, акча ала албай калганда күч колдонуп, «ВАЗ-2106» үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала тааныш жаран “Н” карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Бул факты боюнча Кыргыз Респубюликасынын Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад облусунун Алабука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Ош облусунун ИИБнын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте  бул кылмышка шектүү катары  мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган  жана “положенец” макамына ээ Алабука районунда 1990-жылы туулган А.Н. кармашкан.
Учурда кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Меню