Menu

УКТ – ОПГ

Чүй облусунда ишкердин ири суммадагы акчасын куралдуу тоноп кетишкен УКТ мүчөлөрү кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен 1989-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кайрылган. Ал кайрылуусунда 2022-жылдын 14-июнунда саат 23:40тар чамасында медициналык бет кап кийген белгисиз адамдар тапанча менен кызматкерин коркутуп, Ивановка айылында жайгашкан кампалардын биринен акча каражаттарын ачык эле ээлеп, из жашырып кеткен жарандарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн, Чүй ОИИБдин тергөө кызматынын жана Ысык-Ата РИИБдин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган  1993-жылы туулган Б.М., мурда соттолгон 1995-жылы туулган Ю.В., мурда да соттолгон 1996-жылы туулган А.Н., жана 1995-жылы туулган Э.О.  аттуу жарандар кармалышкан.
Учурда кылмышка шектүүлөрлөр  Ысык-Ата РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

ИИМ: Москвада кыргыз мигранттарын уурдап, коркутуп акчаларын тоноп жүргөн "Карагер" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү достору менен кошо кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Россия Федерациясындагы  Өкүлчүлүгүнө Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында криминалдык авторитеттин атынан иш алып барган, мекендештеринен опузалап талап кылган жана ишкердик менен алектенген жарандардын үстүнөн көзөмөлдөөгө аракет кылып жаткан куралдуу уюшкан кылмыштуу топ жөнүндө ыкчам маалымат келип турган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү менен ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери  бул кылмыштуу топту Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. башкаргандыгын аныкташкан. Бул жаран мурда адам өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, алдамчылык үчүн соттолгон жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, криминалдык чөйрөдө “Карагер”  каймана аты менен белгилүү.
Россиянын ИИМнин  Москва шаары   жана Москва облусу боюнча  башкы башкармалыктарынын ыкчам бөлүмдөрүнө тиешелүү маалыматтар берилген.
Укукка каршы аракеттерди аныктоо, бул топтун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн.
2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргызстандын жараны кайрылып, түн ичинде “Кузьминки” паркынын аймагында белгисиз адамдар отуз эки жаштагы жакын тууганын күч менен автоунаага отургузуп, андан кийин белгисиз тарапка алып кетишкенин, ушул убакка чейин анын жайгашкан жери белгисиз экендигин билдирген.
Келип түшкөн кайрылуу Россиянын ИИМнин Кузьминки району боюнча бөлүмүнө каттоо үчүн жөнөтүлүп, андан соң бул факты укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү эсепке алуу китебине катталган.
Андан кийин Россиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн катышуусу менен мыйзамсыз кармалып жаткан жаранды бошотуу боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Москва шаарынын аймагында жүргүзүлгөн атайын операциялардын натыйжасында   ижарага алган батирден 1990-жылы туулган жабырлануучу И.М. табылган.
Аны эркине каршы кармашып, туугандарынан 1 800 000 рубль талап кылышкан.
Аталган батирден бул укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар, анын ичинде топтун лидери Нарын облусунда 1988-жылы туулган А.А. кармалган.
Кылмыштуу топтун лидеринен сырткары батирде Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тургундары,  19 жаштан 40 жашка чейинки ар кандай курактагы 8 жаран болгон. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон 7 адам кармалган.
Шектүү жарандарга тиешелүү болгон “Hyundai”, “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү автоунаалар, “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылып алынган.
Кармалган жарандарга карата жогорудагы фактылардын негизинде Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин  126-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пункту жана 163-беренесинин 3-бөлүмүнүн “а” пунктунда (Уюшкан кылмыштуу топ жасаган адам уурдоо, уюшкан кылмыштуу топтун өзгөчө ири өлчөмдө мүлктү алуу максатында зомбулукту колдонуу менен опузалап талап кылуусу) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда зарыл болгон ыкчам-тергөө  иш-чаралары, анын ичинде мурда жасалган оор кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугун  текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле бул кылмыштуу топтун башка катышуучулары такталууда. Алардын буга чейин жасалган жана Москва шаары  менен Москва облусунун аймагында катталган ушул сыяктуу эки оор кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча жогоруда аталган иште жаңы жагдайлар пайда болуп, күтүлбөгөн фактылар ачыкка чыгууда.  Адам уурдоо, мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу фактысы мурда пландаштырылган жана буйрутма берилген мүнөзгө ээ.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү биздин мекендештер арасында криминогендик кырдаалды көзөмөлдөө, мекендештерибиздин Россия Федерациясынын аймагында кылмыш жана укук бузууларды жасашына жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү улантууда.

ИИМ: 3 кг "гашиш" бангизатын N1-түрмөгө киргизип бараткан "абактын положенеци" баш болуп 7 адам кармалды

ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен  Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде, эркиндигинен ажыратуу мекемесинин биринин түндүк-чыгыш тарабынан белгисиз буюмдарды өткөрүүгө аракет кылган жарандар кармалган: Жалал-Абад облусунун тургуну  1995-жылы туулган Ч.Т. жана мурда соттолгон Чүй облусунун тургуну 1993-жылы туулган К.А..
Алардан өзгөчө кескин жыты бар жапайы өскөн кочкул-күрөң түстөгү скочтолгон 4 таңгактагы зат алынган. Мындан тышкары, алардын ар биринин уюлдук телефондору, банк карталары жана паспорттору алынган.
Кармалгандар Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бер. (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголду.
Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы боюнча кармалгандардан алынган зат 2 кг. 147 гр. 94 мг. салмактагы кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталган.
Кошумча, ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө кылмышка шектүүлөрдүн башка шериктештери аныкталган: алар Жалал-Абад облусунун тургундары 2002-жылы туулган М.К. жана 2002-жылы туулган К.Р..
Аларды ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармашкан.
Кармалган кылмыштуу шериктештеринин бири К.Р., мурда кармалышкан Ч.Т. жана К.А. менен биргеликте Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесине баңгизатын «өткөрүү» үчүн барышкандыгы тууралуу мойнуна алган. Мындан тышкары, кармалгандардын бири анын жашаган үйүндө «гашиш» баңгизаты бар экенин мойнуна алган. М.Кнын жашаган үйүнө шашылыш тинтүү жүргүзүү учурунда 798 гр.  74 мг. салмактагы «гашиш» баңгизаты табылып алынган.
Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 2 кг. 946 гр. түздү. Андан ары иликтөө иштеринин жүрүшүндө  Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесинде отургандар менен кылмыштуу байланышы бар экени аныкталган.
Кийинчерээк толук өздүк маалыматтары аныкталган: алар Б.Б., Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда 1985-жылы туулган, ошондой эле, «Абактын положенеци» макамына ээ болгон А.А. жана Т.А. экени такталган.
Учурда  Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын №1 мекемесинде жазасын өтөп жаткан үч соттолгонго карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-бер. (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен айып тагылууда.

 

Буйрутма адам өлтүрүү фактысы боюнча "Карышкыр" каймана аты бар кримтөбөл Мурсалым Умырзаков баштаган 4 жаран кармалды

Чүй ОИББнын жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери, Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин катоосунда турган адамдар тарабынан буйрутма киши өлтүрүү фактысын аныкташты. Бул тууралу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
2022-жылдын 25-апрелинде саат 15:00дөр чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Арашан айылындагы көрүстөндөрдүн биринен зомбулук менен өлтүрүлгөндүн европа түспөлүндөгү адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Алынган маалыматтын негизинде, ыкчам тергөө тобу дароо барып, милиция кызматкерлери тарабынан бул адамдын өздүгү аныкталып, ал мурда бир нече жолу соттолгон 1993-жылы туулган К.Д. экени аныкталган.
Бул факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (Киши өлтүрүү) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Чүй ОИИББнын, Аламүдүн РИИБдин кылмыш иликтөө кызматкерлери жана КР ИИМдин Атайын Багыттагы Полкунун Чүй облусу боюнча Атайын операция отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен биргеликте көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип бир катар адамдар, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары КР ИИМдин каттоосунда турган адамдар да кармалган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмыш, жабырлануучу адам менен чогуу жашаган аялдын буйругунун негизинде жасалганы, ал жерде экөөнүн ортосундагы чырдан улам аял баласына жардам сурап кайрылганы аныкталган.
Бул окуяда жабыр тарткан адам  бир нече жолу соттолуп,  жанына дайым бычак алып жүргөндүгүнө байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылышкан. Ошентип, бул кылмышка шектүүлөр, 2022-жылдын 24-апрелинде саат 23:30дар чамасында Бишкек шаарындагы кичи райондордун биринен киши колдуу болгон адамды Киа үлгүсүндөгү унаага салып барып, Арашан айылында жайгашкан көрүстөндөрдүн биринен денесине залал келтиришип, ал алган жараатынан каза болгон.
Ошол эле учурда милиция кызматкерлери, бул аял жабырлануучу адам абакта отурганда телефон аркылуу сүйлөшүшүп жүрүп, эркиндикке чыккандан кийин чоогу жашай баштаганын аныкташкан.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан төмөнкүлөр камакка алынды:
– А.Г., 1971-жылы туулган, адам уурдоо жана киши өлтүрүүнү уюштуруучу.
– К.М.2001-жылы туулган, өлтүрүлгөн адамды уурдоого катышкан кылмышка
шектүүнүн уулу.
– А.А., Киа үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, кылмышка шектүүнүн баласынын
досу.
-У.М., 1975-жылы туулган, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, мурда бир нече жолу соттолгон, адам уурдоо жана адам өлтүрүүгө катыштыгы бар (“Карышкыр” каймана аты бар Мурсалым Умырзаков).
Учурда бул кылмышка шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иштин материалдарынын негизинде башка тиешелүү адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө  иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

"Таке" каймана аты менен белгилүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү мал базардан айыл тургунун коркутуп, 29 баш козу-кочкорлорун тартып алган

Сузак районунун Орто-Азия айылынын тургуну С.Ж. милицияга арыз менен кайрылып, ал өз арызында Сузак районунун Благовещенка айылында жайгашкан мал базарында 2021-жылдын 25-июль күнү өзүнө сырттан тааныш болгон «Таке» каймана аттуу адам эч бир себепсиз эле ачык айкын коркутуп, жалпысы 29 баш козу кочкорлорун коркутуп тартып алып, 300 000 сомдук материалдык зыян келтиргенин билдирген. Бул тууралу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Бул арыз боюнча топтолгон материалдар КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 206-беренесинин (Тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Тергөө кызматы тарабынан берилген тергөө тапшырмасынын алкагында иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, «Таке» аттуу жаран кылмыштуу чөйрөнүн активдүү мүчөсү 1994-ж.т. Сузак районунун тургуну А.Т.С. экендиги жана анын жашаган дареги такталган.

Тергөөгө келбей изин жашырып жүргөн А.Т. Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана ИИМдин 7-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын аймагында жашынып жүргөн жеринен кармалып, 12.05.2022-жылы Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Учурда анын баш коргоо чарасын кароо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

 

Адам уурдап, ээн жерге алып чыгып сабап, акчаларын тоноп жүрүшкөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш чараларын алкагында  адам уурдоого шектүү кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын операция жургүзүлдү. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын май айында Бишкек шаарынын аймагында бир нече белгисиз кишилер 28-жаштагы жергиликтүү тургунду күч колдонуу менен “Тойота” үлгусүндөгү унаага салып, ээн жерге алып кетишкен.  Алар күч колдонуу
менен  жабырлануучуун коркутуп акча талап кылышып ишкерден 50.000 сом өлчөмдөгү  акча каражаттын тартып алышкан. Андан соң бир нече күндөн кийин калган акчаны таап бер деген шарт менен жабырлануучуну коё
беришкен.

Жогорудагы факт Бишкек шаарынын Свердлов районунун ИИБнын кылмыштарынын бирдиктүү реестрине  Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин “Адам уурдоо” 165-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери башталган. 4-май күнү Бишкек шаарынын аймагында ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгнын кызматкерлери  ИИМдин атайын операциялар отрядынын кызматкерлери менен биргеликте  кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо  жүргүзүлдү.

Атайын иш чаранын жүрүшүндө адам уурдоого катышкан шектүүлөр Ысык-Көл облусунда  1995-жылы туулган А.А., Чүй облусунун Жайыл районунда 1995-жылы туулган Б.М., Талас  облусунда туулган 1995-жылы туулган О.М.
жана Нарын облусунда 2003-жылы туулган Ш.Ж. кармалды.

ИИМдин КИББнын маалыматтына ылайык кармалгандардын арасынан экөөсү ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.
Шектүүлөргө таандык эки автоунааны тинтүү  учурунда Макаров тапанчасынын базасында  жазалган травматикалык тапанча, 3-даана бычак, ошондой эле «Toyota», «Volkswagen Golf III», «Volkswagen Passat», «BMW 525» транспорттук каражаттарынын техникалык паспорттору жана  эки мамлекеттик номердик белги табылып алынды. Азыркы учурда мындан аркы ыкчам иликтөө жана тергөө амалдары жүрүүдө.

УКМК: Элди коркутуп-үркүтүү максатында ырайымсыз ыкмаларды колдонуп келген УКТ мүчөсү кармалды

КР УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында өзгөчө оор кылмышка шектелип, мурда тергөө органдарынан жашырынып жана 2022-жылдын 30-апрелинен бери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

2022-жылдын 9-майында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаардык №4 клиникалык ооруканасынын аймагынан КР УКМК кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү З.у.Т. кармалды.

Маалым болгондой, кармалган жаран жергиликтүү элди коркутуп-үркүтүү максатында өзүнүн уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен ырайымсыз ыкмаларды колдонуп Жалал-Абад облусунун М.К.М. аттуу тургунунун ден соолугуна оор залал келтирген.

Азыркы учурда ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК: Адам уурдоо, өлтүрөм деп коркутуу, акча талап кылуу боюнча кримавторитет "Дөө Чынгыздын" УКТ мүчөлөрү кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2022-жылдын 2-апрелинде КР жарандары Э.Б., С.С. жана А.М. кармалды.

Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө О.Ю. аттуу жаран М.у.А. аттуу анын тууганын уурдап, физикалык күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар («Дөө» каймана аты менен белгилүү) Ч.Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган.  

Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ: Абакта "статусу" жогору кылмышкерлер жаңы камалган жаранды коркутуп-үркүтүп, 30 миң сом алуу фактысы боюнча кармалышты

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгы, Жазаларды аткаруу кызматынын Ыкчам режим башкы башкармалагы менен бирдикте эркиндигинен ажыратуу жайларында акча каражаттарын талап кылуу менен байланышкан кылмыш фактылары боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүштү.
Эркиндигинен ажыратуу жайларында кылмыштуулукту алдын алуу – түзөтүү мекемелериндеги соттолгондордун мыйзамсыз аракеттерин пайда кылуучу криминогендик факторлорду зыянсыздандырууга түздөн-түз багытталган иш.
Кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана алдын алуу жаатында  ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгы Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы менен активдүү кызматташат.
Жакында соттолгондордун жазасын өтөп жаткан учурда жасаган кылмыш иштерин иликтөөгө байланыштуу биргелешкен ыкчам-тергөө иш-чаралары уюштурулуп, пара талап кылышкандыгы боюнча кармоо иштери жүргүзүлдү.
ИИМдин КИББнын ыкчам кызматкерлери жана ЖАКтын кызматкерлери тарабынан түзөтүү мекемесинин биринде акча талап кылуу боюнча мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, Жазаларды аткаруу кызматынын Тергөө башкармалыгы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелеринин биринде соттолгон жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдар коркутуп-үркүтүү жолу менен башка соттолгон жарандан 30 000 сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.
Кылмыш иштин негизинде, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен атайын тергөө амалдарын жүргүзүүгө уруксат алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө пара талап кылууга шектелген адамдардын өздүгү такталып, алар мурда каракчылык үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан Нарын облусунун тургуну 1996-жылы туулган Н.К.  жана зордуктоо боюнча жазасын өтөп жаткан Жалал-Абад облусунун тургуну  1993-жылы туулган М.Э. экендиги аныкталган. Экөөнүн тең кылмыш чөйрөсүндө статусу жогору.
Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын ортосунда соттолгон жаран опузалоочуларга 15 миң сом өлчөмүндө акча которгон. Калган 15 миң сом акчаны опузалап акча талап кылгандар накталай алышкан.
Ал эми, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан талап-тоноочулар акчаны алуу үчүн өздөрүнүн жакындарын, тааныштарын жөнөтүп турушкан. Опузалап алынган акча каражаттарын которуунун бардык фактылары документтештирилип ишке тиркелген.
2022-жылдын 4-мартында кийинки уюштурулган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кичи райондордун биринде, Бишкек шаарынын 2 жаранын 15 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен кармашкан.
Кармалгандар, 2000-жылы туулган жарандар, алардын жанынан мурда акча которулган банк картасы табылган, алар экөө тең мурда опузалап акча талап кылууга шектелип камакта жаткан адамдардын тааныштары жана жакындары болушат.
Сүрөттөрдө эркиндигинен ажыратуу жайында жазасын өтөп жаткан адамдар Н.К. менен М.Э.

УКМК: Адам уурдоо, ири суммадагы акча талап кылуу фактылары боюнча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кечээ, 21-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК жана Чүй облусунун ИИББ кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 203-беренеси, ири суммадагы акча каражатын талап кылуу жана 170-беренеси, адам уурдоо фактылары боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын негизинде, мурда издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын 1991-жылы туулган А.у.О. аттуу жараны Бишкек шаарынан кармалды. 

Белгилей кетсек, буга чейин М.Д.Б. аттуу жаран КР УКМКга аны физикалык күч колдонуу менен шаардын четинде жайгашкан Байтик айылына алып чыгып, Бишкек шаарынын Ош базарындагы сатуучу жайын талап кылып ур токмоко алгандыгы туралуу уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрүнө чара көрүү боюнча кат жүзүндө кайрылган.

2020-жылдын аягында О.у.А. издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. 2022-жылдын 21-февралында Чүй облусунун ИИББнын маалыматына ылайык жогоруда издөөдө жүргөн жаран кармалды.

Кармалган О.у.А. КРнын ЮМ караштуу Жаза аткаруу кызматынын №1-тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Меню