Menu

Улукбек Марипов

Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана Президенттин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарлары менен жумушчу кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басарларынын катышуусу менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелери жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшү, эпидемиологиялык абалды турукташтыруу, жарандарды вакцинациялоо, азык-түлүк жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал боюнча Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүүнү тапшырды. Ал ошондой эле тез арада аткарууну талап кылган бир катар тапшырмаларды берди.

Министрлер Кабинетинин башчысы Улукбек Марипов: Бүтүрүүчүлөрү жол кырсыгына тийиштиги болгон автомектептердин жоопкерчилиги каралышы тийиш

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы жол кыймылы коопсуздугунун ар кыл аспектилерин жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү зарылдыгына басым жасады. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Жол кырсыктарынын санынын өсүшү негизинен айдоочулардын каршы тилкеге чыгып кетишине жана мас абалда унаа башкаруусуна байланыштуу орун алууда. Айдоочуларды даярдоо сапатын да эстен чыгарбоо керек. Автомектептер акыркы ирет 2018-жылы текшерилген. Учурда автомектептерди текшерүү жүргүзүлө турген тутум жана критерийлерди кайрадан карап чыгуу зарыл. Белгиленген талаптарга жооп бербеген автомектептер лицензиядан биротоло ажыратылып, “кара тизмеге” киргизилиши керек. Ар бир айдоочу жол кыймылынын эрежелерин, жолдордогу сабаттуу жана тийиштүү жүрүм-турум эрежелерин так сактоосу жана өзүнүн өмүрү үчүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларынын коопсуздугу үчүн да жооптуу экендигин түшүнүшү керек», – деди Улукбек Марипов.

Транспорт жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева жыл сайын унаалардын саны өсүп жаткандыгына көңүл бурду.

«Бул фактор жергиликтүү жана республикалык маанидеги унаа жолдордун абалына олуттуу таасирин тийгизүүдө. Айрым тилкелер пайдаланууга жараксыз абалга келген. Финансы каражаттырынын жетишсиздигинен улам капиталдык реконструкцияга муктаж болгон жерлерде жамаачылап жасап-түзөө иштери жүргүзүлөт. Бул жалпы жол кыймылынын катышуучулары үчүн белгилүү тобокелдиктерди жаратат», – деп маалымдады ал.

Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, акча каражатынын жоктугун айтып отурбастан, башка чараларды да ишке ашыруу керек.

«Айдоочулук маданиятты бала кезден эле калыптандырышыбыз керек. Мектептерде балдарга автоунаанын жана жолдо жүрүү коопсуздугунун принциптерин үйрөтө турган атайын курстарды киргизүү мүмкүнчүлүгүн иликтеп чыгуу керек», – деп белгиледи ал.

Министрлер Кабинетинин башчысы кошумчалагандай, Министрлер Кабинетинин ишиндеги башкы артыкчылыктардын катарына жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо, биринчи кезекте жол кырсыгында жабыркаган жана курман болгондордун санын кыскартуу кирет.

«Жол кырсыктардын, анын ичинде оор кесепеттерге алып келген кырсыктардын себептерине жолдордун абалы гана кирбейт. Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын күнөөсүнөн улам келип чыгууда.

Тийиштүү мамлекеттик органдар жолдордогу кооптуу жана жоопкерчиликсиз жүрүм-турумдун алдын алуу үчүн бардык чараларды көрүшү керек», – деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, иш-чаралардын жыйындысын жүргүзүү жана республикалык маанидеги автомобиль жолдоруна, анын ичинде Бишкек-Ош жана Бишкек – Чолпон-Ата жол тилкелеринде камераларды орнотуу менен «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-баскычын тез арада ишке киргизүүсү, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону кеңири жайылтууну активдештирүү жана жол кыймылы коопсуздугун, жарандардын, өзгөчө балдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоону камсыздоого багытталган алдын алуу иш-чараларын күчтөндүрүү тапшырылды.

Министрлер Кабинетинин 100 күнү: Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жөнөкөйлөштүрүү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар Планын аткаруу алкагында өлкө боюнча «open space» форматындагы 7 калкты тейлөө борбору ачылды.

Атап айтканда, калкты тейлөө борборлору Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Теплоключенка айылында, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында, Бишкек шаарында мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында, Баткен облусунун Лейлек жана Кадамжай райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ачылган.

Ошондой эле 100 күндүк План алкагында 2021-жылдын 3-майынан тарта жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт алууга анкета-арыздарды кабыл алуу башталды. Бүгүнкү күнгө карата жалпы жарандык паспорт даярдоого 72 989 анкета-арыз кабыл алынган. 39 236 биометрикалык чет элдик паспорт даярдалган.

Белгилей кетсек, 50 барактан турган паспорт 920 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эсепке албаганда), ал эми 34 барактан турган паспорт 857 сомду түзөт (банк төлөмдөрүн эске албаганда).

2021-жылдын 1-апрелинен тарта транспорттук каражаттардын электрондук паспорту тутуму киргизилген.

Бул тутум автоунаанын даярдалган учурунан тарта, Бажы биримдигинин аймагына импорттолгон учурду кошо алганда утилдештирүүгө же республиканын чегинен тышкары экспорттоого чейинки таржымалын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бул унаа сатуу же сатып алуу процессин коопсуздандырууга көмөк берет. Жалпысынан буга чейин 12 унаага паспорт берилген.

2020-жылдын 29-июнунан баштап жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында “Санарип аймак” тутумун баскычтуу ишке ашыруу жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 1506 кызматкери окутулду. 2021-жылдын 19-майына карата өлкө боюнча 484 айыл өкмөтү «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумуна туташтырылып, 446 554 үй чарбасы жана 1 517 052 жаран катталган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, COVID-19 илдетинин саны өсүп жаткандыгына байланыштуу кырдаал тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишин күчөтүүнү талап кылууда.

«Түзүлүп жаткан кырдаал олуттуу кооптонууларды пайда кылууда. Биз өткөн жылдагыдай каатчылыкка жол бербешибиз керек. Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда эпидемиологиялык абалды кармап туруу жана турукташтыруу  боюнча ишти күчтөндүрүү зарыл. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги калкка тийиштүү медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү, коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтаптарды дарылоо үчүн стационардык мекемелердеги негизги жана резервдик орундардын, ошондой эле дары-дармектердин  жетиштүү өлчөмүн камсыздоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармоосу тийиш», – деди ал.

Улукбек Марипов коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды жеткирүү жана вакцинациялоо темптерин ыкчамдатуу боюнча ишти тездетүү зарыл экендигин баса белгиледи.

«Жакын арада өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 150 миң дозасы жана «Спутник V» вакцинасынын 80 миң дозасы  келет. Тармактык мамлекеттик органдар өлкөгө вакциналардын өз учурунда жеткирилишин камсыздоо маселесин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруусу тийиш. Биз үчүн калкты вакцинациялоо темпин жогорулатуу абдан маанилүү», – деди ал.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек-Кара-Балта жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун реконструкцияланышынын жүрүшүн текшерди.

Улукбек Марипов бардык курулуш иштерин сапаттуу жана белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.

Жолдун узундугу 52,5 км түзөт (45,1 км – Кара-Балта – унаа базары жана 7,4 км – унаа базары – Киркомстром). 45,1 км участогу боюнча иштер 2021-жылдын ноябрында, ал эми 7,4 км участогу боюнча – 2022-жылдын октябрь айында аякталышы пландалууда.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов «Сосновка» транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө «Сосновка»  транспорттук көзөмөл пунктунун ишин пландан тышкары текшерди.

Министрлер Кабинетинин башчысы транспорттук көзөмөл пунктунун жана салмак көлөмдүк контроль тутумунун иши менен таанышты.

«Маалыматтык тутум көрсөткөндөй, эртең мененки саат 8ден тарта 29 унаа өткөн, бирок 17 унаа гана каттоого алынган. Салмак көлөмдүк контроль   тутуму иштебейт. Биз транспорт каражаттарынын кыймылынын ачыктыгын жана толук эсепке алынышын камсыздоо максатында транспорттук көзөмөл пункттарындагы автоматташтырылган маалыматтык тутумдун толук кандуу иш алып баруусуна жетишүүбүз керек», – деди Улукбек Марипов.

Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин м.а. Бактыбек Кудайбергенов шаардык көйгөйлөрдү талкуулады

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов жана Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады.

«Унаалардын агымын азайтуу жана шаардык транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарына заманбап жана экологиялык жактан таза автобустарды жана троллейбустарды жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керек. Бишкек шаары коомдук автопаркты түп-тамырынан бери масштабдуу жаңыртууга жана кеңейтүүгө муктаж. Мындан бир нече күн мурда жаралган транспорттук көйгөй кайталанбашы тийиш», – деп белгиледи ал.

Улукбек Марипов Бишкек шаарынын мэринин көңүлүн шаардык чөйрөнү жакшыртууга багытталган комплекстиүү чараларды кабыл алуу зарылдыгына бурду.

«Бишкек шаарынын борборунда абалы начар, басууга мүмкүн болбогон жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар кездешет. Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, баш-аламан курулуштар, арыктардагы суунун жетишсиздиги, сугат тутумунун бузулгандыгы, же жоктугу сыяктуу маселелер нааразычылыктарды туудурууда. Бишкек шаары – биздин өлкөнүн борбору, ошондуктан муниципалдык бийлик күн сайын жана тутумдуу түрдө шаардын тышкы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардыктардын ыңгайлуу жана коопсуз жашоосу үчүн шарттарды түзүү үстүндө иш алып баруулары керек. Шаар инфраструктурасын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен шаардык бийликтен учурдагы көчөлөрдүн биринде жалаң жөө жүргүнчүлөр үчүн каралган көчөнү түзүү боюнча сунуш киргизүүнү тездетүүнү өтүнөм», – деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Жолугушууга катышкан BPC Group улук вице-президенти Тохир Абдукадыров коомдук транспортто электрондук билет берүү тутумун ишке киргизүүнү караган «Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук транспортун өнүктүрүү» долбоорун ишке ашыруунун аралык жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугун камсыздоо максатында аталган долбоорду ишке ашырууну улантуу зарыл.

«Бул тутум муниципалдык коомдук транспортто гана киргизилген. Мындай валидаторлорду жүргүнчүлөрдү ташыган жеке унаа каражаттарында орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароо менен аны пайдаланууну кеңейтүү зарыл. Бишкек шаарынын коомдук транспортундагы эсептешүү толугу менен накталай эмес түрдө жүргүзүлүшү керек», – деп жыйынтыктады ал.

Улукбек Марипов 1-июлга чейин алкоголдук жана тамеки продукцияларын милдеттүү маркалоону ишке киргизүүнү тапшырды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын салыктык башкарууну жакшыртуу жана өнүктүрүү жаатындагы мындан аркы пландарын жана милдеттерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Салык кызматы “СМАРТ Салым” долбоорунун алкагында салык төлөөчүлөр үчүн санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы тейлөө кызматтарын киргизүү боюнча иштерди жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Министрлер Кабинетинин төрагасы салык жол-жоболорун санариптештирүү боюнча иш-чараларды күчөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча ишти приоритет катары алып баруу зарыл экендигин белгиледи.

“Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бизнес өкүлдөрү менен документтин долбоорун коомдук талкуулоого өзгөчө көңүл буруусу зарыл. Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгууда бизнес өкүлдөрүнүн пикири максималдуу эске алынууга тийиш”, – деди Улукбек Марипов.

Кеңешменин жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин киргизилүүгө тийиш болгон алкоголдук жана тамеки продукцияларын санариптик идентификациялоо каражаттары менен милдеттүү түрдө маркалоону киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Ушул маселени кароодо Улукбек Марипов экономикалык субъекттердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Кеңешме жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасы тийиштүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берип, аларды аткаруу мөөнөтүнө өзгөчө көңүл буруп, эгер алар аткарылбаса жетекчилердин жоопкерчилиги караларын белгиледи.

Меню