Жакында эле ЖКнын депутаты Анвар Артыковдун жолтандабасы менен жол жээгине токтоп, МАИ кызматкерлерин тоготпой жатканы тууралуу тасма коомчулукка тараган. Бирок, ошол осол иши үчүн уялып калгандын ордуна артыкчылыктарга өзүн эгедер катары сезип, эгемен элге бараандуу эмгек сиңиргенсиген Анвар Артыковдун дагы бир жообу интернетте пайда болду.
Анда ЖКнын депутаты өзүнө кызматтык квартира алып, ага кызын жашатып жатканын ачык айтып, ал турсун “Акаев, Бакиев тартып ала албаган квартираны эми ким тартып алмак эле” деп дөөгүрсүгөн үн менен журналисттерге бурк эткени угулат. Демек, КСДПдан депутат болгон Анвар мырза таптакыр эле өзүн кол тийгис сезип,миңдеген үйү-жайы жок,өкмөттө аз айлык менен иштеп, өмүр бою өкмөттөн берилчү батирди күтүп жүргөн кыргызстандыктардын өзүн абдан эле артык көрөт окшобойбу? Же президенттен өзгөчө статус алып алганбы?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ