Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Интерпол тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн Кытай Эл Республикасынын 50 жаштагы Чен Ксиянфу (CHENXIANFU) аттуу жаранын кармашкан. Өз мекенинде кылмыш кылгандыгы үчүн Шандунь провинциясынын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.
Маалыматка караганда, издөөдө жүргөн жаран 2013-жылы биздин өлкөгө келип, Кыргыз Республикасынын аймагында ишкерлик менен алектенүүгө уруксат берүүчү документке ээ болуп, жеке ишкерлик менен алектенип жүргөн.
2017-жылдын 30-августунда болжол менен саат 09:30 чамасында кармалган жаран Кытай Эл Республикасынын укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилип, Бишкек-Урумчи багыты боюнча учуп кетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ