Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Кол коюлган документтер:
– 2016-жылдын 11-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протокол;
– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга парафирленген макулдашуу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ