Бүгүн, 11-март күнү мурдагы премьер-министр Сапар Исаков эки эгиз баланын атасы болду. Бул маалымат Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча соттук отурумда белгилүү болгон.
Сапар Исаков журналисттерге бүгүн эртең менен анын аялы эгиз уул төрөгөнүн айтып, бардыгы жакшы экенин белгилеген.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болуп, анда айыпталуучуларга өкүм чыккан. Сот экс-премьер-министр Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан. Учурда Бишкек шаардык соту ЖЭБ боюнча айыпталуучуларга чыккан өкүм боюнча апелляциялык арызды карап жатат. Ошондой эле Тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду оңдоо боюнча дагы соттук отурумдар болууда. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков коррупцияга айыпталууда.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ