Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматка ылайык 2016-жылдын 16-февралынан 20-февралына чейинки аба ырайы
Бишкек шаарында 16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° жылуу болушу күтүлөт.
Ош шаарында 16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз бир аз кар жаашы мүмкүн. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6° суук, күндүзгү жогорку температурасы 1…3° жылуу болушу күтүлөт.
16-февралы күнү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
17-февралы күнү түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетиши күтүлөт.
18-февралы күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
19-20-февралы күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ