Акыркы кезде бийликтин кадр саясатына коомчулуктун ичи чыкпай жатат. Маселен, Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарбашев базарда соода-сатык кылып жүрүп аким болду.
Андан түз эле Кыргызстандын эң ири стратегиялык облусуна губернатор болуп келди. Үч жылдык техникумду 10 жылда араң бүткөн адамга Ош облусунун эки тизгин бир чылбырын карматып койгонуна таң калгандар арбын.
Кыргызстандын тарыхында мындай жагдай алгач болуп отурат. Негизи Ош облусунун башына илгертен Султан Ибраимов, Апсамат Масалиев, Абдыганы Эркебаев сыяктуу билимдуу, тажрыйбалуу ишмерлер келишкен.
Кийинки губернатор Сооронбай Жээнбеков деле Жогорку Кеңештин депутаты, министр болуп жүрүп барган. Сарбашев кайдан, кантип, түндүктөн түшкөнсүп губернатор болуп калды түшүнүп болбойт. Өзү деле “кой уят, деңгээлим” жетпейт дебейби? Кызмат десе эле жанталашып чуркабай, жуурканына карап бут сунуп, мурдуна карап бышкырса жарашмак…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ