Menu

Күмүшай Эсенгелдиева: “Асыл таш чөгөрүлгөн “Ак илбирске” суроо-талап көп”

Бөлүшүү:

Коллекциялык монета – бул, өтө көп эмес даанада чыгарылып, атайын коллекционерлерге багытталат. Аны өндүрүүнү банк же мамлекет өзү колго алып, ар кандай эстелик иш-чараларга, белгилүү инсандарга, жер-шаарларга же сейрек жаныбарларга арнап чыгарат. Көбүнчө эстелик монеталар баалуу металлдардан (алтын, күмүш) же түстүү металлдардан (жез-никель, мельхиордон) жасалат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы дагы коллекциялык монеталарды 1995-жылдан бери чыгарып, нумизматтар гана эмес, эксклюзивдик белектерди жактыргандардын суроо-талабын орундатып келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын Эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Эсенгелдиева жергиликтүү коллекциялык монеталардын өзгөчөлүгү, баалуулугу жана аны өндүрүү менен элге жайылтуунун жолдору тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

-Алгач баалуу металлдардан жасалган коллекциялык монеталарды чыгаруунун тарыхына токтоло кетсеңиз. Алардын кандай максаты бар?

Баалуу металлдардан жасалган монеталар эсептешүү системаларында пайдаланбай калган, бирок азыркы учурда дүйнөнүн 75 мамлекетинен ашык өлкөлөрдө 650 түрдөгү баалуу металлдардан жасалган монеталар чыгарылат, алардын негизги максаттары – эркин акча каражаттарын чегерүү үчүн өзгөчө инструмент катары кызмат кылуу.

Коллекциялык монеталардын чыгаруунун негизги максаты – бул, руханий – агартуучулук болуп саналат. Мындай монеталар эмитент өлкөлөрдө расмий төлөө каражаты катары жарыялангандыгына карабастан, алар иш жүзүндө төлөө каражаты катары колдонулбайт. Монеталардын курамындагы баалуу металлдардын сапаты жогорку деңгээлде болгонуна карабастан, мындай монеталарга төмөнкү номинал белгиленет. Коллекциялык монеталар атайын көрсөтүлгөн номиналы менен расмий төлөм каражаты болуп саналат. Бирок, бүгүнкү күндө мындай монеталар аркылуу алардын номиналы боюнча төлөмдөрдү жүргүзгөн кишини табуу мүмкүн эмес.Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 1995-жылы алгачкы коллекциялык монеталарын “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арнап чыгарган. Ал эми 2000-жылдан тартып жыл сайын коллекциялык монеталарды чыгарууда.

-Коллекциялык монетаны жаратуу оңойго турбаса керек. Монетаны жаратуунун эрежеси жана тартиби тууралуу айта кетсеңиз. Аны кимдер жана кандайча жаратат?

Бир коллекциялык монетаны даярдоого 7 – 8 айдан 1,5 жылга чейинки убакыт талап кылынат. Монетаны чыгаруу Улуттук банктын адистеринин жамааттык эмгеги болуп саналат. Бардыгы Улуттук банктын кызматкерлери иштеп чыккан идеялардан, концепциялардан башталат.

Алгач монеталарды чыгаруу боюнча иш планы түзүлөт. Чыгарыла турган ар бир монетанын тематикасына байланышкан материалдар иликтенип, кылдат иштелип чыгат. Улуттук банктын кызматкерлери Улуттук илимдер академиясы, кино жана фото документтердин борбордук архиви, жогорку окуу жайлар жана көптөгөн башка мекемелер менен жигердүү кызматташышат. Бүт маалыматтар кылдат чогултулуп жана тандалып, иликтөөгө алынат. Андан кийин гана техникалык тапшырма даярдалып, сүрөтчү-дизайнерлер биринчи эскиздерди иштеп чыгышат. Эскиздердин варианттары Улуттук банктын атайы Жумушчу тобу аркылуу кароого алынат. Кээде баштапкы сунушталган сүрөттөр таанылгыс болуп өзгөртүлөт, көбүнчө ага ар түрдүү сүрөтчүлөр, ошондой эле Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгынын адистери, Банк Башкармасынын, Жумушчу тобунун мүчөлөрү тарабынан сунуш кылынган элементтер кирет. Коллекциялык монетанын акыркы вариантын Улуттук банк Башкармасы бекитет. Андан тышкары, Улуттук банктын адистери тандалган, иликтелген материалдарга таянып, монетаны даярдоо технологиялары боюнча сунуштарын иштеп чыгышат. Андан соң эл аралык тендер өткөрүлүп, тиешелүү зээркана тандалат. Зээркана тарабынан коллекциялык монеталарды чыгарууга төрт айдан алты айга чейинки убакыт талап кылынат.

-Учурда Улуттук банк тарабынан канча коллекциялык монеталар чыгарылган?

Азыркы учурда Улуттук банк тарабынан чыгарылган коллекциялык монеталардын саны 57 ге жетти, анын ичинен: алтын коллекциялык монетанын 4 түрүн, күмүш монеталарынын 41 түрүн, жез-никель монеталарынын 10 түрүн жана 2 мельхиор монета.

-Коллекциялык монеталардын тематикасынын кандай түрлөрү бар жана нумизматтардын арасында кайсы темалар абдан популярдуу?

Улуттук банк тарабынан ар түрдүү сериядагы коллекциялык монеталар менен бирге өлкөдөгү белгиленген ири тарыхый окуяларга байланыштуу эстелик монеталар да чыгарылат, мисалы:

– “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына арналып чыгарылган “Манас” алтын жана күмүш эстелик монеталары;

– Ош шаарынын 3000 жылдыгына арналып чыгарылган “Ош” алтын монетасы;

– Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына жана Эл аралык тоо жылына арналып чыгарылган “Хан-Теңири”, “Аркар”, “Акмаңдай гүл” күмүш монеталары;

– Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып чыгарылган “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизиделиши” күмүш монетасы;

– Кызматташуунун Шанхай уюмуна арналган “Кызматташуунун Шанхай уюму” күмүш монетасы;

– Улуттук валютанын 10 жылдыгына арналып чыгарылган “Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына 10 жыл” күмүш монетасы;

– Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына арналып чыгарылган “Улуу Жеңишке 60 жыл”күмүш монетасы.

Жогоруда айтылган монеталардын түрлөрү азыркы учурда сатууда жок, бирок Улуттук банк тарабынан жыл сайын баалуу коллекциялык монеталарды сатуу боюнча атайы аукцион өткөрүлөт.

Бардык коллекциялык монеталарды Улуттук банктын нумизматикалык музейинде да көрсө болот. Музейде Кыргызстандын аймагында байыркы ата-бабаларыбыз колдонуп келген төлөм каражаттарынан баштап бүгүнкү күнгө чейинки акча белгилери менен таанышууга болот. Кыргызстандын аймагында акча жүгүртүлүшү жана акча дүйнөсүнө жасалган кызыктуу экскурсия тарыхына кылдат көз чаптырууга болот.

Дүйнө жүзүндөгү нумизматтар жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, спорт жана архитектуралык курулмалардын өкүлдөрүнөн атактуу адамдарга чейин камтыган жана белгилүү тарыхый окуяларды чагылдырган монеталарды сатып алууга өтө кызыгышат.

-Улуттук банк тарабынан дагы кандай сериядагы монеталар чыгарылган?

– “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда” сериясындагы күмүш жана жез-никелден жасалган коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында жайгашкан Улуу Жибек жолунун эң байыркы эстеликтерине – Бурана мунарасына, Ташрабат, Өзгөн архитектуралык комплексине, Сулайман-Тоо жана Ысык-Көлгө арналган;

– Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына арналып жасалган – “Ч. Айтматов”, “Жамийла”, “Биринчи мугалим”, “Саманчынын жолу”, “Гүлсарат” жана “Ак кеме” күмүш коллекциондук монеталары;

– “Улуттук музыкалык аспаптар” сериясына арналган “Комуз” мельхиордон жасалган коллекциялык монета.

– “Кыргызстандын Кызыл китеби” сериясынын монеталары – “Ак илбирс”, “Тоодак”, “Үкү”, “Жейрен” Кыргызстандын жаныбарлар дүйнөсүн чагылдырган.

-“Тарыхый окуялар” сериясына арналган коллекциялык монеталары – “Эгемендүү Кыргызстан”, “Курманжан Даткага 200 жыл”, “Жеңиш чокусу” жана “Улуу Жеңишке 70 жыл”.

– “Кыргызстандын тарыхый жана архитектуралык эстеликтери” сериясынын монеталары – “Саймалуу таш” жана “Манастын кумбөзү”.

– “Кыргыз каганатынын доору” сериясынын коллекциялык монеталары-“Улуу кыргыз каганаты”, “Барсбек – кыргыз каганы”, “Тамга – кыргыз каганатынын биримдигинин символу”.

-“Кыз куумай” монетасы “Спорттун улуттук түрлөрү жана элдик оюндар” сериясынын көч башы болгон алгачкы монета. Анын эки түрү чыгарылган, биринчиси күмүштөн, ал эми экинчи түрү жез-никель түстүү металл куймасынан жасалган. Бул монеталардын сюжетинин негизги элементтери окшош, бирок металлдын составы менен айырмаланат.

-ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн 2008 – 2011-жылдар аралыгында баалуу металлдарынан коллекциялык монеталарды чыгаруу жана сатып өткөрүү боюнча Эл аралык программанын чегинде бир топ сериядагы монеталар чыгарылган. ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борбордук (улуттук) банктары тарабынан чыгарылган коллекциондук монеталардын баардык сериясын бириктирген негизги элементи ЕврАзЭСтин эмблемасы болуп саналат. Бул программа аркылуу – “ЕврАзЭС өлкөлөрүнүн борборлору” сериясына арналган “Бишкек”, ошондой эле – “Түндүк көтөрүү”, “Бүркүт”, “Бугу эне”, “Улуу Жибек жолу”, “Аруулук уялаган балдар дүйнөсү” жана “ЕврАзЭС ке 10 жыл” аттуу күмүш монеталар чыгарылды.

-2015-жылы “Евразия экономикалык союзу” коллекциялык монетасы аталган союзга (ЕАЭС) кирген мүчө-мамлекеттердин борбордук (улуттук) банктарынын Евразия экономикалык союзун уюштурулушуна арнап чыгарылган.

-Монеталардын баасы кантип түзүлөт?

Улуттук банктын коллекциялык монетаны чыгарууга жумшалган баардык чыгашалары биригип коллекциялык монетанын баасын түзөт. Монеталардын сатыкка коюлган наркы анын өздүк наркына дээрлик туура келет, анткени Улуттук банк монетаны сатуудан пайда алуу максатын көздөбөйт.

Коллекциялык монеталардын баасы ар кандай болот, мисалы:

§ жез-никель же мельхиор кошулмасынан жасалган монеталар – 110 -180 сом;

§ күмүш монеталары – 1 500 – 3 400 сомдун тегерегинде;

§ алтын монеталары – 23 000 жана 64 950 сомдон болот.

Монеталар канчалык аз чыгарылса, наркы ошончолук жогору болот. Монеталарды Улуттук банктын кассасынан белгиленген баа менен сатып алууга болот. Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатууну токтотоору менен алардын наркы өсө баштайт. Нускасы түгөнгөн монеталарды Улуттук банк кайрадан жасап чыгарбайт жана жүгүртүүдөн сатып албайт. Кийинчерээк монеталардын наркы нумизматикалык рынокто аныкталат, көбүнчө бул нумизматтардын таңдоосуна жараша болот.

-Кыргызстандын коллекциялык монеталарынын ичинен кайсы монеталар өтө тездик менен сатылып кетти?

Улуттук банктын продукцияларына карата жарандардын суроо-талабы жылдан жылга өсүүдө. Мисалы, 2015-жылы апрель айынын ортосунда жүгүртүүгө чыгарылган “Улуу Жеңишке 70 жыл” күмүш монетасы май айынын башында эле сатылып кеткен.

Чыңгыз Айтматовдун элеси түшүрүлгөн “Чыңгыз Айтматов” күмүш монетасы да кыска мөөнөттүн ичинде аяктады, бирок анын чыгармаларына арналып жасалган коллекциялык монеталар сатууда бар. Дегеле, 1995-жылдан тартып 2007–жылга чейинки чыккан коллекциялык монеталар сатууда жок. Ошондой эле баалуу эмес металлдардан жасалган коллекциялык монеталар да өтө тездик менен сатылат.

-Коллекциялык монеталарды чыгарууда кандай ыкмалар колдонулат?

Улуттук банктын монеталары дүйнөдөгү алдыңкы ар кандай басуу ыкмаларды колдонуп жүгүртүүгө чыгарат. Мисалы, “Аруулук уялаган балдар дүйнөсү” күмүш монетасында биринчи жолу түстүү тампондук ыкмасы колдонулган, “Кыргызстан Улуу Жибек жолунда” сериясындагы күмүш монеталарында кээ бир бөлүктөрү алтын менен капталган, “Манастын күмбөзү” монетасында – оксидирлөө ыкмасы, “Улуу Жеңишке 70 жыл” монетасында – тампондук басылма менен голограмманы колдонуу ыкмасы менен басылган, “Ак илбирс” жана “Курманжан Датка” монеталары асыл таштарды чөгөрүү менен жасалган, “Түндүк көтөрүү”, “ЕврАзЭС ке 10 жыл”, “Бугу эне”, “Бүркүт” монеталары түстүү эмаль менен жасалган.

Коллекциялык монеталар эл аралык сынактарга катышканбы?

Биздин монеталар эл аралык деңгээлде таанылып, татыктуу абройго ээ. Алсак, Чыңгыз Айтматовго арналган күмүш монеталардын сериясы Санкт-Петербург шаарында өткөн “Монеталар топтому – 2010” төртүнчү эл аралык сынакта “БИБЛИО-ГЛОБУС” соода үйүнүн ардак диплому менен сыйланган, ал эми “Улуу Жибек жолу” сериясынын күмүш коллекциялык монетасы 2013-жылы Берлин шаарында “Krause Publications” басмаканасы тарабынан өткөрүлгөн “Жылдын мыкты монетасы” сынагында “Өзгөчө тарыхый мааниге ээ монета” номинациясынын жеңүүчүсү болду.

Кыргызстандын тарыхый эстеликтери жана архитектурасы” сериясынан “Саймалуу-Таш” күмүш коллекциялык монетасы “Монеталар даражасы – 2014” эл аралык сынагында үчүнчү орунга татыктуу болгон.

-Өткөн жылы өзгөчөлөнүп асыл таш (бриллиант) кошулган алтындан жасалган “Ак илбирс” монетасы жүгүртүүгө чыкты эле. Ушул монета тууралуу айта кетсеңиз. Аны сатып алууга көптөр кызыкса керек.

2015-жылдын 25-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында биринчи жолу асыл таш (бриллиант) кошулган алтындан жасалган “Ак илбирс” монетасы жүгүртүүгө чыкты. “Ак илбирс” алтын монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетинин карегинде асыл таш (бриллиант) чөгөрүлгөн ак илбирстин элеси түшүрүлгөн. Сюжеттин үстүңкү бөлүгүндө монетанын кыргызча “Ак илбирс” жана латынча “Uncia uncia” деген аталышы берилген. Төмөнкү жагында металлдын сапаты (Au 999°) жана монетанын номиналы (200 сом) чагылдырылган. Монетаны тегерете улуттук оюу-чийим түшүрүлгөн. Бул монетага ар дайым суроо-талап бар, активдүү сатылууда.

-Биздин коллекциялык монеталар кайда жасалат?

Кыргыз Республикасынын коллекциялык монеталары эл аралык тендердин жыйынтыгы боюнча Казакстан, Литва, Польша, Словакия жана Россия Федерациясынын өлкөлөрүнүн эл аралык статуска ээ болгон зээрканаларында жасалган. Зээрканаларды тандоодо монеталардын даярдоо баасы, ага кошо акрил капсуласынын, кутучанын, сертификаттын, ташып келүүнүн, салыктардын наркы, ошондой эле жасоо мөөнөтү, төлөм шарттары жана башка кошумча кызмат көрсөтүүлөрү эске алынат. Коллекциялык монеталар өзгөчө станоктордо даярдалат жана чегип басуунун сапатына карата жогорку талаптарды талап кылат. Эл аралык пруф (“proof”) жогорку сапаттагы коллекциялык монеталар күзгү бетиндей тегиздик менен айкалышта “аяздык оюм-чийим” менен айырмаланып турат.

-Эмне үчүн коллекциялык монеталарды Кыргызстанда жасашпайт?

Кыргызстанда акча белгилерин чыгаруу боюнча жеке өндүрүштү ишке киргизүү максатка ылайык эмес. Анткени, адистештирилген станокторго жана курулушка баштапкы капиталдык салымдардын наркы олуттуу экенинен гана эмес, кийинкиде өндүрүшкө пайдаланууда да үзгүлтүксүз сарптоолорго байланыштуу жана ошондой эле акчаларды даярдоо үчүн атайын кымбат материалдарды сатып алуу зарылчылыгынан улам, Кыргызстанда зээркананы жеке монета чыгаруучу фабриканы иштетүү кыйла чыгымга дуушар кыла тургандыгын экономикалык эсептөөлөр көрсөткөн. Бирок эгерде экономикабыз жакшы өсүп ыңгайлуу шарттар түзүлсө бул маселе Улуттук банк тарабынан сөзсүз каралат.

-Алдыда дагы кандай пландар бар, нумизматтарды быйыл кандай жаңылыктар менен кызыктыралы деп турасыздар?

2016-жылы Улуттук банк “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясынан “Айгүл гүлү”, “Кыргыз каганатынын доору” сериясынан “Кыргыз каганатынын жеңил куралданган жоокери”, “Тарыхый окуялар” сериясынан “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн 100 жылдыгы” жана “Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 25 жыл” аттуу жаңы күмүш коллекциялык монеталарын жана ошондой эле сериядан тышкары “Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы” жана “Дүйнөлүк көчмөндөр оюну” аттуу жаңы күмүш коллекциялык монеталарын жүгүртүүгө киргизүүнү пландаштырууда.

Улуттук банк тарабынан келечекте алдын-ала чыгарууга пландаштырылган коллекциялык монеталардын тизмеси “Кыргызстандын коллекциялык монеталарынын чыгаруу боюнча 2016-2023 жылдарга каралган планында” бар. Бул план Улуттук банктын www.nbkr.kg расмий сайтында жайгаштырылган.

Коллекциялык монеталар тууралуу толук маалыматтарды же Сизди кызыктырган кошумча суроолор боюнча 66-91-41 же 66–91-63 Улуттук банкынын кассасынын телефондоруна кайрылсаңыздар болот. Улуттук банктын музейинин экскурсия тууралуу 66-91-34 телефонуна чалсаңыз болот.

-Коллекциялык монеталарды сатып алганда кандай пайда түшөт?

Коллекциялык монеталарга болгон кызыгуу жыл сайын артып келет. Бүгүнкү күндө аларды нумизматика хоббиси болуп саналган бир гана профессионал-коллекционерлер эмес, экономикага, инвестицияга, тарыхка, искусствого кызыккан көптөгөн башка жарандар да сатып алышууда. Ал эми, ооматтуу нумизматтар айрым сейрек монеталардын эсебинен зор байлыкка ээ болушу мүмкүн. Анткени сатууда аяктаган монеталардын баалуулугу нумизматикалык рынокто жогорку суроо-талабка ээ болуп, анын наркы жылдан жылга жогорулайт. Мисалы, сатууда аяктаган “Улуу Жеңишке 70 жыл” күмүш монетасы Улутттук банк тарабынан 2 350 сомдон сатылса, азыркы учурда нумизматикалык рынокто анын баасы 7 000 сомго чейин жетти. Дегеле, коллекциялык монеталарды баалуу белек катары тойлорго, туулган күндөргө, жана башка эстелик мааракелерге оригиналдуу инвестициялык белек катары тартууласа, абдан пайдалуу болот.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: