Menu

Мамбетжунус Абылов: “Оппозицияны элге жаманатты кылыш үчүн бийлик бүгүн болбогон жалааларды жаап жатат”

Бөлүшүү:

– Унгар-Тоо боюнча оппозиция бирди айтса, бийлик башканы айтып жатат. Ушуну ачыктап бере аласызбы?
– 24- мартта “Эл үнү” коомдук-саясый кыймылы ордолуу Ошто Элдик курултай өткөрүп, элдин бийликке жетпей жаткан көйгөйлүү маселелерин курултайда талкуулап, анан элдин талабын бийликке жеткирели деп чечим кабыл алып, аны гезиттер аркылуу элге жарыялаганбыз. Өзүңүз билесиз, 18-мартта өзбектер биздин жерди басып алып, ары-бери каттаган Аксы, Алабука, Чаткал тургундарынын паспортторун текшерип, кыргыз жеринде кожоюндук кылып жатса да, президент баш болуп парламент, Коргоо Кеңеш чукул жыйын өткөргөн жок. Ошондуктан курултайдын биринчи этабын Аксыда өткөрүүнү чечип, 22-мартта Кербенге келсек ал жерде өкмөт башчыбыз Сариев жүрүптүр.
Өзбектердин биздин жерди басып алганын агрессия катары баалап, аларды өлкөбүздөн кууп чыккандын ордуна, Сариев Кербенге келип, “О переносе радиорелейной станции, находящиеся на территории Республики Узбекистана” деген 11- ноябрь 2015 -жылы өзү кол койгон 18-177 номерлуу протоколду шаар депуттатарынын колуна берип, Унгар тоодо жайгашкан  Кыргызстандын станцияларын башка жерге көчүрүү боюнча чечим кабыл алууну талап кылып жатыптыр.
Унгар-тоону өзбек территорясы деп Сариев кайсы негизде пртоколго кол койгону белгисиз болгондуктан, Кербен депутаттары Сариевдин сунушун четке кагышты. Себеби Унгар тоо  Кокон доорунда да, Совет доорунда да, бүгүнкү доордо да кыргыздын жери болгон. Ошондуктан ким жана качан Унгар тоону Өзбекстанга берип койгонун  такталыш зарылчылыгы чыгып калды. Себеби Үзөнгү-Кууш да өз учурунда элге билинбей кытайдыкы болуп калган.
Ошондуктан, өзбектер биздин жерден чыгып кеткиче, биз Ошто элдик курултай өткөрүүнү токтото турууну тура таап, Унгар-тоону ким жана качан өзбектерге берип салганын тактап берүүсүн өтүнүп пресс-конференция аркылуу парламентке кайрылдык. Тилекке каршы, биздин өтүнүчүбүзгө парламент көңүл бурбай жаткандыктан, биз 30-мартта Бишкектин борбор аянтында тынч митинг уюштуруп, бул маселени элдин талабы менен  парламентте каратууну чечтик. Ушул мен айтып жаткан иш кыймыл-аракеттердин баары гезиттер, сайтар аркылуу элге ачык жарыяланган.
Биз ушул иштер менен алек болуп жүрсөк, бийликтин “юпи-гейт” оорусу кайра кармап, бизди “бийликти басып алууга аракет кылып жатат” деп күндө кара жащиктери аркылуу элге жаман көрсөтүп жатат. Алар көрсөтүп жаткан аудиожазууларда жакында эле Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн координациялык кеңешинин жетекчиси болуп шайланган А.Бекназаровдун да, менин да жана башка ушул аты аталган кеңештин мүчөлөрүнүн эч тийешеси жок. Б.Асанов да, К.Кадыров да, Э.Карыбеков да, Д.Сарыгулов да, Д.Турдуналиев да биздин кеңештин мүчөлөрү эмес. Ошто Курултай өткөрөбүз дегенде биз өлкөбүздүн баардык саясый партияларына, коомдук кыймылдарына, президентке, спикерге, фракция жетекчилерине, өкмөт башчысына чакыруу жөнөтүп, ал чакырууну да гезит, сайттар аркылуу ачык жарыялаганбыз. Муну текшерип чыксаңыздар деле болот. Ошко курултайга барам деген саясый жана коомдук күчтөр менен 20-мартта атайын жыйын өткөрүп, аларга Ошто Элдик Курултайда координациялык кеңеш түзүлөөрүн кабарлаганбыз. Координациялык кеңештин түзүлүшү бийликти басып алуу дегендикке жатпайт да. Бийлик таңуулап жаткан жазуудагы сөздөр мага да, Бекназаровго да таандык эмес. Ишенбесеңиз аудиожазуу менен биздин үнүбүздү салыштырып деле көрүңнүз. Ал эми Б.Асанов, К.Кадыров жана А.Бекназаровдун сүрөтүн коюп алып кара жащиктердин сайрап жаткандары да жалган жалаа, себеби Бекназаров бизсиз ал экөө менен бир да жолугуу өткөргөн эмес.
– Эмне үчүн минтип бийлик Сиздердин артыныздардан түшүп калды?
– Карындашым, өлкөдө оппозициядамын дегендер эле көп. Бирок кафе, чайханаларда отуруп  бийликти сындагандарлардан оппозиционерлер чыкпайт. Оппозиция бийликтин кемчилигин, элдин көйгөйлүү маселелерин  кафе, чайханаларда көтөрбөйт. Оппозиция элди жыйынга, митингге, курултайга ачык жыйнап, бийликке талаптарды ачык коет. Муну бизден башка эч ким жасаган жок биздин өлкөдө. Ишенбесеңиз биз жасаган иштерибизди айтып берели. “Кумтөр” келишимин денансациялоо үчүн мыйзым жазып, Адилет министирлигинен каттоодон өткөрүп, булл мыйзамды колдогон 37 миң шайлоочунун колун топтоп, анан ал мыйзамды Жогорку Кеңешке тапшырсак парламент карабай койгондуктан, Жогорку Кеңештин алдында тынч митинг уюштуруп, Жогорку Кеңештен талап кылганыбызды эл билет. Элибиздин маңдай тери, эбегейсиз каражаты менен куралган газ тармагы бийлик бир долларга орустарга сатып, анан “Манас” аэропортун да орустарга сатканы калганда, биз Горький паркында “Манастан колунду тарт!” деген ураан менен бийликке каршы митинг уюштуруп, “Манас” аэропортун кыргыз элине сактап калганбыз. Ушул эки эле маалымат биздин ким экенибизди сизге айгинелей алат. Биздин ар бир жасаган конкреттүү ишибиз бийликтин беделин түшүрүп жаткандыктан, биздин Ошто курултай өткөрүп Координациялык кеңеш түзөбүз дегенибиз бийликтин чоочутуп, бизди эл алдына жаманатты кылыш үчүн бизге бийлик бүгүн болбогон жалааларды жаап жатат да.
– Унгар-тоонун тагдыры кандай чечилет деп ойлойсуз?
– Унгар-тоону өзбектерге берип койууга биз жол бербейбиз. Бийлик муну түшүнүп, бизди элге болбогон аудиозапистер менен жаманатты кылып жатат да. Биз Унгар тоонун өзбектердин аймагы болуп калганын Аксыда митинг өткөрбөсөк билбей калмак экенбиз. Эл деп күйүп бышып жүргөнүбүздөн, кудай бизди ошол жакка буруптур. Бийликтин былыгы чыгып калды. Бийлик бул абалдан кантип чыгаарын билбей, ошол эле учурда өзбектерге берип алган убадасын да аткара албай, бүгүн башы катып жаткан кези.
– Бийлик айтып жатат го, “биз өлкөбүздүн бир сантиметр жерин да башкаларга бербейбиз” деп?
– Бийликтин кытмырлыгы анын ушул сөзүндө болуп жатпайбы. Премьер-министр Сариев Унгар-тоону Өзбекстандын аймагыдеп 11- ноябрь 2015-жылы протоколго кол коюп, “ал жер биздики эмес” деп айкындап салганы жалганбы. Биз ошон үчүн парламентте бул маселени Кербендин депуттарынын катышуусу менен түз эфирде карап, “бул маселеге ачык чекит койгула” деп парламентке талап коюп жатабыз да.
– Бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөй туруп эле, элди митингге алып чыгуу сиздерге туура эмес болуп калбайбы?
– Биринчиден, парламентке кайрылдык, жооп жок. Экинчиден, Кербен депутаттары Сариевдин Унгар-тоодон радиорелейлик станцияларды башка жерге көчүргүлө деген талабын четке кагышты. Үчүнчүдөн, Сариев кечээ Бишкектеги Аксы районнунун кулундары түзгөн коомунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бүгүн аларды спикер Жээнбеков кабыл алат деген кабар келди.
– Сариев эмне дептир?
– Сариев мындай дептир. “Совет доорунда Унгар-тоону Кыргызстан төрт жолу Өзбекстандын пайдалануусуна берген экен, бирок СССРдин Жогорку Кеңеши бул территорияны Өзбекстанга өтсүн деп чечим кабыл албагандыктан, биз да Унгар-тоону бербейбиз” деп айтса, Аксынын өкүлдөрү жоошуй түшүп чыгыптыр. Сариев кол койгон Унгар-тоо Өзбекстандын аймагшы деген расмий документ парламент аркылуу жокко чыгарылмайынча, Сариевдин жоотконуна ишенбеш керек. “Анда эмне үчүн Унгар-тоодон радиорелейлик станцияларды башка жерге көчүргүлө деп буйрук берип жатасың?”- деп Сариевден сурашкан экен ага кирген Аксынын өкүлдөрү, ага Сариев мындай деп жооп бериптир: “Бизде өзбектер менен Сох анклавы жана башка жерлер боюнча ача пикир бардыгынан, ал талаш жерлерден биздин обьектилерди алдын ала алып чыгууну туура таптык” дептир. Бул жооп “талаш жерлер үчүн өзбектер менен күрөшпөстөн, ал жерлерден алдын ала чыгып кетип, ал жерлерди өзбектерге калтыралы”- дегенди эле түшүндүрөт. “Талаш жерден алыстайлы” деген маанайда жашаган бийлик, жерибизди сактап калалы деп күрөшпөйт. Эгер күрөшсө, 18-мартта эле өзбек аскер күчтөрүн кыргыз жеринен кууп чыкмак. Эми озүңүз ойлоп көрүңүзчү, карындашым, биз бекен  же бийлик бекен элдин душманы? Кыргызда “Ыйлагандын көзү, сүйлөгөндүн оозу жаман” деген сөз бар. Биз башкаларга окшоп унчукпай, Унгар-тоого кайдигер болуп койсок, бизди  бийлик жаман көрбөйт эле да. Биз жаманатты болсок да, жерибизди сактап калалы деп, өзүбүз белгилеген курултайды токтотуп, бүгүн парламентти элдин кызыкчылыгын коргоого мажбурлайлы деп, 30-мартта кайдыгер эмес элди тынч митинге чакырып жатканыбыздын себеби ушул.
Чынайым Кутманалиева,
Булак: “Майдан. kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 87 = 92

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: