Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаевди билесиңерби? Ал буга чейин СДПК аркылуу парламенттик шайлоого чыгып, ийгилик көрсөтө албай, кайрадан «эски ордуна» барган. Өзү коммерция менен көтөрүлгөн, мамлекеттик кызматтарда тажрыйбасы жок. Бийликте ким таасирдүү болсо, ошонун артынан ээрчий берип, акырындан телчигип келатат. Өткөн жылы Төрөбай Зулпукаровго таянып алып, Алтынбек Сулаймановго ар кандай сөз ыргытканы жалганбы? Эми андай сөздөрдү гезитке жаза албайсың. Азырынча Төрөбай бийликтин партиясында болуп аткан соң, Р.Рысбаев ага жабышып калганы жаңылык деле эмес дечи. А эртең заман өзгөрүлсө кантет? Мындайлар күн тийген жердин күкүгүнгө айланып, улам бир бийликке жүгүнгөндөн уялбайт экен да.. .
Бекбол Айдаров
Булак: “АЗИЯnews”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ