“Биз табигый кырсыктардын кесепетин жойгондон мурда, алардын алдын алуу чараларын көрүшүбүз керек. Ошондо кырсык азаят. Өкмөт Сузакта эле эмес, Кыргызстандын баардык аймагында иликтөө иштерин жүргүзүп, кооптуу жерлерде жайгашкан айылдарды башка жайларга көчүрүү чараларын колго алышы зарыл», – деди Жогорку Кеңештин жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров.
Эске салсак, кечээ, 27-апрелде Сузак районундагы Алмалуу-Булак айылында чоӊ жер көчкү жүрүп, 14 жаштагы бир өспүрүмдү жана 7 үйдү басылып калган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ