Menu

2009-жылга чейин өлкө боюнча 11 681 гектар жерге жеке турак жайлар курулуп калган

Бөлүшүү:

2009-жылдын 31-июлуна чейин өлкө аймагындагы жеке турак үйлөр курулуп калган айыл чарба жерлеринин сугат айдоо жер участокторунун жалпы аянты – 11681 гектар. Анда жалпы жонунан 42 миӊ турак жай курулган. Анын ичинде, сугат айдоо жер участокторун которууга мораторий киргизгенге чейин 8317,5 га жер участогун калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга чечимдер чыгарылган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып жатканда белгилүү болду.

Юстиция министрлигинин берген маалыматына караганда, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам күчүнө киргенге чейин, тагыраак айтканда, 2009-жылдын 31-июлуна чейин курулган жеке турак жайларды легалдаштыруу демилгесин сунушталууда. Ал үчүн “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө”, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, Талас облусунда 1 миӊ 503 га жерге курулган 4 миӊ 426 үйдү, Нарын облусунда 1 миӊ 857 га жерге курулган 3 миӊ 974 үй, Исык-Көл облусунда 1 миӊ 814 га жерге курулган 3 миӊ 777 үй, Жалал-Абад облусунда 1 миӊ 582 га жерге курулган 9 миӊ 503 үй, Ош облусунда 1 миӊ 457 га жерге курулган 8 миӊ 205 үй, Баткен облусунда 344 га жерге курулган 1 миӊ 101 үй, Чүй облусунда 3 миӊ 101 га жерге курулган 8 миӊ 455 үй ачыкка чыгарылууга тийиш.

Талкуу жүрүшүндө фракция жетекчиси Иса Өмүркулов Мамэкотехинспекция баарын баш аламан кылып салганына нааразылыгын билдирип, мыйзам кабыл алынса, легалдаша турган жер участкаларынын ээлеринин толук тизмесин кошо тиркелмейинче, мыйзам долбоору колдоого ээ болбой турганын билдирди. Мындай пикирди колдогон бир катар депутаттар мыйзамдаштырыла турган жер участкаларынын ээлеринин арасына олигархтар кирип калса, жерлерди бөлүп сата баштай турганын белгилешти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: