Араван районунун Тепе-Коргон жана Нурабад айыл аймактарындагы 11 дүкөндөн 6255 сомдук тамак-аш азыктары сатууга тыюу салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн алдындагы Райондор аралык керектөөчүлөрдүн укугун жана жарандардын саламаттыгын коргоо кызматынын пресс-катчысы Жаркынай Кочкорбаева билдирди.
“15- июнда биздин мекемеге Ж.Калмурзаев аттуу жаран кайрылып, Араван районундагы “Тепе-Коргон айылындагы соода-түйүндөрдө сертификаты жок, даярдалган күнү көрсөтүлбөгөн, жарамдуулук мөөнөтү өтүп кеткен азык түлүктөр сатылып жатканын кабарлаган эле. Текшере келгенде ал фактылар тастыкталды”, – дейт Ж.Кочкорбаева.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ