Menu

Кыдыр Кудай! Дүйнөнү кул кылган Шайтан!

Бөлүшүү:

Гезиттин бети чакталуу болгондугуна байланыштуу сөздү ток этээринен баштасак, тилибиздеги Кудай деген ыйык сөзүбүз Кыдыр атабыздын өз ысымынан жаралган. Тактап айтканда, кыргыз тилине Кудай деген сөз бирдиги фарсы (перс) элиндеги “ХУДО” деген сөздөн кирген. Арийлердин бир бутагы менен Памирден эңкейген фарсы элинин тилинде сакталып калган Худо деген сөздүн жаралыш тегине назар таштасак, ХУДОР, ХЫДЫР деп чечилет. Ирандыктар азыр да Худору (Кыдыры), т.а. Кудайы Памирде экенин ачык айтып жатышат, сөздү факты менен кынасак: “Па-и-михр – подножием Митры, бога Солнца, назвали эти горы древние иранцы”. [1. 3.] деп кашкайып жазылган. Кыскасын айтканда, Кудай деген ыйык аталыш Кыдыр атабыздын ысымынан пайда болгон, ага аты гана эмес, заты дагы жооп бере алат. Демек, эч ким талашканга акысы жок, Кудай деген ыйык зат – бул Кыдыр. Ыйык атабыз Памирдеги Шамбалада турат, ал жер учурда Зор-Көл (Сар-Көл) деп аталат. Памирде дагы бир ыйык жер бар, ал – Мадиян. Умай энебиздин турагы. Умай+жан ысымынан Мадиян (Ариян) топоними жаралган. Мына ушул жер киндигинен бүткүл дүйнө эли менен падышалардын династиясы тараган, анын фактылары “Кыдыр санжырасында” жазылды, аларды тизмектеп отурбай, так эле ушул жерден еврей менен арабдардын “Ыйык” деп саналган китептерине үңүлсөк, дүйнөнү кул кылган Яхве (Жахаба) деген ажалдын ээси Кыдыр атабызга тишин кайрап жатканына күбө болобуз. Фактыны карайлы:

Тоорат: “Кийинчерээк Жахаба Мусага мындай деди: “Мидиандыктарды жөн койбогула, аларды кыргыла”. (Сандар 25:16-17). [2. 250.]

Инжил: “Жахаба мага мындай деди: “Жалданма жумушчунун жылдары боюнча санаганда, бир жыл өтүп-өтпөй Кедар (Кыдыр) даңкынан ажырайт. Кедардын (Кыдырдын) уулдарынын жаа тарткан эр-азаматтары азаят, анткени муну Ысрайылдын Кудайы Жахаба айтты”. (Ышая 21:16-17), [2. 1034.]

Инжил: “Бабыл падышасы Небухаданасар талкалаган Кедар (Кыдыр) менен Хазор падышалыктары тууралуу Жахаба мындай дейт: “Тургула, Кедарга (Кыдырга) баргыла. Чыгыштын уулдарын талап-тоногула”. (Жеремия 49:28), [2. 1171.]

Бул оркойгон фактыларга Яхве деген затты Жараткан катары таанып, дүйнө жүзүнө жалгыз Кудай катары таңуулап жаткан динаятчылар тез арада жооп бериши керек! Албетте, гезиттин бети чектелүү болгондугуна байланыштуу далилдердин санын кыскарттык, кеңири маалыматты “Кыдыр санжырасынан” окуңуздар. Биз сөзүбүздү андан ары уласак, Кыдыр атабыз биздин акылыбызга чак келбеген өтө чоң кереметтерге эгедер, аны бүткүл дүйнө жүзү билет. Тактап айтканда, каалаган учурда пенденин көзүнө көрүнүп, заматта көздөн кайым боло турган кудурети бар. Ошону менен бирге дүйнөнүн чар тарабына көз ачып жумганга чейинки убакытта жетип, киши баласына өз жакшылыгын тартуулай алат. Мындан сырткары, түрдүү жан жаныбардын келбетине айланып, кайсы бир пенденин инсандык парасатын аныктаган соң көздөн кайым болгону дүйнөдөгү философиялык маалыматтарга камтылган жана тарыхый инсандар тарабынан кеңири айтылган. Биз алыс барбай, “Манас” башында турган акыл мурастарга назар таштасак, баатыр бабаларыбызга кудурети күчтүү Кыдыр атабыз бөрү, марал, коён, аркар, кулжа, бугу ж.б. ондогон жаратылыш жандыктарынын келбети менен жолукканын көрөбүз. Кыскасы, Кудай деген кудуреттүү затка Кыдыр атабыздын аты гана эмес, сапаты да төп келет, мына ушундан улам, Кыдыр атабызды Кудай деп айтканга толук акыбыз бар. Эми еврей менен арабдар Кудай деп жаткан Яхвенин турпатына үңүлсөк, накта Шайтандын жүзү ачылат. Тактап айтканда, Яхвенин (Аллахтын) денеси оттон жаралган, анын жүздөгөн фактысы бар. Биз төрт китептен бирден далил тарталы:

Тоорат: Жахаба от ичинде Синай тоосуна түшүп келгендиктен, ал тоо бүт бойдон түтөп жатты. Андан мештин түтүнүндөй болгон түтүн чыгып жатты”. (Чыгуу 19:18),  [2. 116.]

Забур: “Кудайыбыз келет, ал унчукпай койбойт. Анын алдында – баарын жалмоочу от, айланасында алай-дүлөй түшкөн катуу шамал”. (Забур 50:3), [2. 856.]

Инжил: “…биздин Кудай – жалмап салуучу от”. (Еврейлерге 12:29), [2. 1739.]

Куран: “Муса (жалданган) мөөнөтүн бүтүрүп, жубайы менен жолго чыкканда, Тур жактан бир от көрүп, жубайына: “Туруп тургула. Ырасында, бир от көрдүм. Балким, бир кабар, же силер жылынышыңар үчүн (ошол) оттон бир шамана алып келермин”, – деди.

Ал жерге келген кезде кут даарыган жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарактын жанынан: “Эй, Муса! Акыйкатта, Мен – адамдардын Эгеси, Аллахмын!” – деген үн чыкты”. (Касас 28:29-30), [3. 389.]

Көрүнүп тургандай Жахаба накта оттон жаралган зат. Тактап айтсак, өңү-түсү менен турган турпаты оттон башкага өзгөрүп кеткени бир дагы жерде белгиленип, айтылган эмес. Демек, бул Шайтан. Анткени, дин ишмерлери эң жакшы билет, оттон Шайтан жаралган. Анын да фактысы бар, эки далил келтирели:

Куран: “Биз силерди жаратып, жакшы келбет берип, периштелерге: “Адамга сежде кылгыла!” – дедик. Периштелер баарысы сежде кылып, бир гана Иблис сежде кылуучулардан болгон жок.

“Сага Мен буйрук кылганда, сени сежде кылуудан эмне тосту”, – деди. Ал: “Мен андан мыктымын: Мени оттон, аны ылайдан жараттың”, – деди”. (Аараф 7:11-12), [3. 151, 152.]

Куран: “Ал: “Эй, Иблис! Мен өз колум менен жасаганга сежде кылууңдан сени эмне тосту? Сен текеберлендиңби, же улуктардан болдуңбу?” – деди.

“Андан мен жакшыраакмын. Мени оттон жараттың, а аны ылайдан”, – деди”. (Сод 38:75-76), [3. 457.]

Бул фактыларга түшүндүрмө бериштин кереги жок, кудурети күчтүү Кудай деген улуу зат Кыдыр атабыз экени, ал эми денеси оттон жаралган Жахаба (Аллах) Шайтан экени көзүбүзгө кашкайып көрүнүп турат. Төрт китепти жаздырып, бирине экинчисин тукуруп, адамзатты согуштуруп жатканы дагы Яхвенин Шайтан экенин толугу менен тастыктайт. Демек, Жахабаны жалгыз Жараткан катары таанып, аны Кудай катары дүйнөгө таңуулап жаткан динаятчылар бул кемчиликке чукул арада жообун бериши керек. Эгерде Шайтанды “Кудай” деп дүйнө жүзүн алдап жаткан динчилдер адатынча тымпыя турган болсо, жалпы калайык Жараткандын катаал күнүн күтүп, алакан жайып отурбастан, дүйнөнү сактап калуу иш чарасын башташы зарыл. Анткени, жер бетинде жашаган пенделер маңкурт болуп, Шайтанга сыйынып калган учурда Жараткан топон суу өңдүү апаат менен өз жазасын чегерип келген. Биз так ошол чекте турабыз. Эгер саясат деген Шайтандын оюнун жыйыштырып, ар бирибиз көзүбүздү ачпасак, көргүлүктү көрөбүз! Биз эми сөздү нары карай улап, Яхве (Аллах) пайгамбар кылган пенделерге келсек, накта бузукулуктун башатына жетебиз. Сөзүбүздү факты менен уланталык.

 Нух пайгамбары жылаңач калганга чейин ичиптир

 Тоорат: “Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду. Ал шарап ичип, мас болуп, чатырында жылаңач жатканда, Канаандын атасы Хам атасынын жылаңач экенин көрүп, (???) эшикке чыгып, берки эки бир тууганына айтты. Ошондо Шем менен Жапет кийим алып, ийиндерине салып, арты менен киришти да, атасынын жылаңач этин жаап коюшту. Алар жүзүн тескери буруп алышкандыктан атасынын жылаңач экенин көрүшкөн жок.

Нух соолугуп, ойгонгондон кийин кичүү баласынын ага эмне кылганын билди. (???) Ошондо ал: “Канаан каргышка калсын. Бир туугандарынын эң төмөнкү кулу болсун” – деди”. (Башталыш 9:20-25), [2. 20.]

Бул жерде Хам деген баласы Ной жылаңач жатканын көрүп, кандайдыр бир ыплас ишти жасаган окшойт, анткени, Ной соолуккан маалда кичүү баласы эмне кылганын билген соң, өтө жаман каргаганы жазылып турат. Дегенибиз, жылаңач жатканын жөн гана көрүп, агаларына барып айткан болсо, бейкүнө небересин кошуп туруп, урук-тукумуна чейин мынчалык каргабайт эле. Себеби, мас болуп жылаңач жатып калган Нойдун өзү болгон, анан аны көрүп калып, агаларына айткандыгы үчүн эле каргап жибергени эч бир акылга сыйбай турат. Бул жерде өтө жаман оозго алгыс окуя болгону ачык байкалып турат, аны “Тооратты” сылап-сыйпап жазгандар оңдогон окшойт. Албетте, буга кол шилтеген күндө да, кыпкызыл аракеч экенин эч кимден жашыра албайбыз.

 Ибрагим пайгамбары бир тууган эжесин катын кылыптыр

 Тоорат: “Ыбрайым мындай деди: “Бул жердегилер Кудайдан коркпогондуктан мени аялым үчүн өлтүрүп коюшат деп ойлогом. Анын үстүнө, ал, чынында эле, карындашым. Экөөбүздүн атабыз бир, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым”. (Башталыш 20:11-12), [2. 34.]

 Лут пайгамбары эки кызын туудуруптур

 Тоорат: “Ошентип, Лоттун эки кызы тең өз атасынан кош бойлуу болуп калды. Арадан убакыт өтүп, улуу кызы уул төрөп, атын Маап койду. Ал – азыр Мааптын тукумдары катары белгилүү болгондордун атасы. Кичүүсү да уул төрөп, атын Бенамин койду. Ал – азыр Амондун тукумдары катары белгилүү болгондордун атасы”. (Башталыш 19:36-38), [2. 33.]

Динаятчылар буга да жообун берсин, анткени, азыр пайгамбардын сүннөтү дегендер чыгып, чубалган узун этек менен муруту жок сакал койгондор көбөйдү. Жакында Лот пайгамбардын дагы жолун жолдогондор чыгып, кыздарын туудуруп баштаса, биз не кылабыз?

 Муса пайгамбары киши өлтүрүп, Мадиян элин генацит кылыптыр

 Тоорат: “Арадан көп убакыт өтүп, Муса эр жетип күчкө толду. Бир күнү ал еврей бир туугандарына барып, алардын оор жумуш аткарып жатканын көрдү. Анан мисирлик бир кишинин бир еврейди сабап жатканын көрүп калды. Ал эки жагын карады да, эч ким жок экенин көрүп, мисирликти өлтүрүп, кумга көөмп койду”. (Чыгуу 2:11-12), [2. 88.]

Тоорат: “Муса согуштан кайтып келген аскер башчыларына: миң башылар менен жүз башыларга ачууланып, аларга мындай деди: “Аялдарды өлтүргөн жоксуңарбы?”… Эркек балдарын, эркек менен жаткан аялдарынын баарын өлтүргүлө”. (Сандар 31:14-17), [2. 260.]

Эске сала кетели, Мадияндыктар Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин уютку урпактары болгон. Моисей Мисирден киши өлтүрүп качып келген маалда, биздин эл үстүнө үй тигип, кызын берип, балалуу кылып, агартып, көгөрткөн. Бирок, Яхвенин тилине кирип алып, “Тузун таткан элдин туздугуна чычып” кеткен, бул кылмыш эч качан кечирилбейт. Анык чоо-жайын аталган китептен окуңуздар.

Жүйүт пайгамбары өз келини менен жатып, аны кош бойлуу кылыптыр

 Тоорат: “Жүйүт аны көргөндө сойку экен деп ойлоду, анткени ал жүзүн жаап алган болчу. Анан ага жакын барып: “Сени менен жатсам болобу?” – деди, себеби анын өзүнүн келини экенин билген жок. Аял андан: “Мени менен жатсаң, эмне бересиң?” – деп сурады. Жүйүт: “Короомдон бир улак берип жиберем”, – деди. Аял: “Аны берип жибергенге чейин күрөөгө бирдеме калтырасыңбы?” – деп сурады. Жүйүт: “Күрөөгө эмне берейин?” – деди. Тиги: “Мөөр шакегиңди, анын боосун, колуңдагы таягыңды бер”, – деп жооп берди. Ал аялга сурагандарынын баарын берип, ага жакындады. Анын боюна бүттү”. (Башталыш 38:15-18), [2. 65.]

 Жакып пайгамбардын баласы Рубейин энеси менен жатыптыр

 Тоорат: “Ысрайыл ошол жерде чатырларда жашап жүргөндө, Рубейин атасынын токолу Била менен жатты. Муну Ысрайыл укту”. (Башталыш 35:22), [2. 60.]

Тоорат: “Жакып балдарын чакырып мындай деди: “…Рубейин, сен тун уулумсуң… Бирок бой көтөрбө, анткени бузуктугуң ээ-жаа бербеген сулууларга окшош. Сен атаңдын төшөгүнө жаттың. Мен жаткан жерди арамдап койдуң. Ал мен жаткан жерге чыкты”. (Башталыш 49:1-4), [2. 83.]

Дөөт пайгамбар Урийдин аялы менен ойноштук кылып, андан Сулайман пайгамбарды туудуруптур

 Инжил: “Бир күнү кечинде Дөөтү төшөгүнөн туруп, сейилдегени падыша сарайынын үстүнө чыкты. Ары-бери басып жүрүп ал жуунуп жаткан бир абдан сулуу аялды көрүп калды. Анан анын ким экенин билип келүүгө киши жөнөттү. Ага: “Бул – Элиамдын кызы, Хеттин тукумдарынан болгон Урийдин аялы Батшеба”, – деп айтышты. Дөөтү кишилерин жиберип, аны алдырды да, аны менен жатты. Ошол убакта аял таза эместигинен тазаланып жаткан эле. Андан кийин ал үйүнө кайтты.

Боюна бүтүп калганын билгенде ал аял Дөөтүгө: “Боюма бүтүп калыптыр”, – деп айттырып жиберди. Ошондо Дөөтү Жоапка киши жөнөтүп: “Хеттин тукумдарынан болгон Урийди мага жөнөтүп жибер”,  – деп айттырды. Жоап Урийди Дөөтүгө жөнөттү. Урий келгенде, Дөөтү андан Жоап менен элдин ал-жайын, согуштун кандай жүрүп жатканын сурады. Анан Урийге: “Үйүңө барып бир аз эс алып ал”, – деди. Урий падышанын үйүнөн чыкканда, артынан падыша берген белекти алып жөнөштү. Бирок Урий үйүнө барбай, падышанын башка кулдарына кошулуп анын ак сарайына кире берген жерге жатты. Дөөтүгө: “Урий үйүнө барган жок”, – деп билдиришти. Ошондо ал Урийден: “Жол жүрүп келбедиңби, эмнеге үйүңө барган жоксуң?” – деп сурады. Ал: “Келишим сандыгы чатырда турса, Ысрайыл менен Жүйүт да чатырларда жашап жатса, мырзам Жоап менен мырзамдын кулдары талаада түнөп жатышса, мен кантип үйүмө барып, ичип-жеп, аялым менен жатмак элем? Эч качан антпейм!” – деп жооп берди.

Дөөтү ага: “Бүгүн да бул жерде кал, эртең кетесиң”, – деди. Ошентип, Урий ал күнү да, эртеси күнү да Иерусалимде болду. Дөөтү Урийди чакырып, аны менен чогуу тамактанып, аны мас болгуча ичирди. Бирок Урий кечинде падышаныкынан чыгып, үйүнө барбай, дагы мырзасынын кулдарынын жанына барып жатып алды. Эртең менен Дөөтү Жоапка кат жазып, Урийден берип жиберди. Ал катка: “Урийди катуу салгылаш болуп жаткан жерге, алды жакка койгула да, өлүп калышы үчүн, аны жалгыз калтырып койгула”, – деп жазды.

Ошентип, Жоап шаарды курчоого алып жатканда Урийди душмандын эр жүрөк жоокерлери турган жерге койду. Ал шаардын тургундары Жоап менен согушуп, Дөөтүнүн бир нече кишиси каза тапты, алардын арасында Хеттин тукумдарынан болгон Урий да бар эле…

Урийдин аялы күйөөсүнүн каза болгонун угуп, аны жоктоп ыйлады. Аза күтүү күндөрү бүтөрү менен, Дөөтү киши жиберип, аны үйүнө алдырды. Ал анын аялы болуп калды. Бир канча убакыт өткөндөн кийин, ал уул төрөдү…

Дөөтүгө Урийдин аялы төрөп берген баланы Жахаба ооруга чалдыктырды. Дөөтү бала үчүн чыныгы Кудайга жалынып, орозо кармады. Ал бөлмөсүнө кирип, түнү менен жерде жатты. Үйүндөгү аксакалдар аны тургузалы деп жанына барышты, бирок ал тургусу келген жок, алар менен бирге тамак жеген жок. Жетинчи күнү бала чарчап калды…

Дөөтү аялы Батшебаны сооротту. Анан ага жакындады. Аялы уул төрөп, атын Сулайман коюшту. Жахаба аны жакшы көрчү”. (2 Шемуел 11:2-27, 12:15-24), [2. 475-478.]

Дөөт пайгамбардын Амнон деген уулу карындашын зордуктаптыр

 Инжил: Дөөтүнүн Амнон деген уулу бир тууганы Абышаломдун Тамар деген абдан сулуу карындашын сүйүп калды… Тамар кыз болгондуктан, ага бир нерсе кылуу Амнонго кыйын сезилди…

Ошондо Амнон Тамарга: “Нанды ички бөлмөгө алып кирчи, мен ооруп жатам, сенин колуңдан нан жейин”, – деди. Тамар өзү жасаган нанды алып, Амнон жаткан ички бөлмөгө алып кирди. Анан ага бериш үчүн жанына барганда, Амнон аны кармап алып: “Карындашым, кел, мени менен жат”, – деди. Бирок ал: “Жок, бир тууганым! Мени маскара кылба. Ысрайыл мындай иш кылбайт, мындай уятсыз, акылсыз ишти кыла көрбө. Маскара болгондон кийин мен кайда барам? Сен да Ысрайылда акылсыз кишилердин бири болуп каласың. Мындан көрө, падыша менен сүйлөшүп көр, ал мени сага бергенге каршы деле болбойт”, – деди. Бирок Амнон сөзүн укпай, зордуктап койду, аны маскара кылды”. (2 Шемуел 13:1-14), [2. 478, 479.]

Дөөт пайгамбардын ойношунан туулган Сулайман пайгамбар 700 катын алып, 300 ойнош күтүптүр

 Инжил: “Сулайман фараондун кызынан башка дагы көптөгөн бөтөн жерлик аялдарды: мааптык, эдомдук, сидондук аялдарды, Амондун жана Хеттин тукумдарынан болгон аялдарды сүйүп калды. Жахаба ал элдер жөнүндө Ысрайыл уулдарына: “Алар жүрөгүңөрдү өздөрүнүн кудайларына буруп кетпеши үчүн, алар менен кыз алышып, кыз беришпегиле”, – деп айткан болчу. Бирок Сулайман аларды абдан жакшы көрүп, аларга байланып калды. Анын 700 аялы, 300 токолу бар эле”. (1 Падышалар 11:1-3), [2. 527, 528.]

 Мухаммед пайгамбары өзүнүн келинин катын кылып, 9 жаштагы кызды койнуна кысыптыр

 Куран: “(Эй, Мухаммед!) Ошол учурда Аллах да жакшылык кылган, сен да жакшылык кылган адамга (Зайитке): “Айалыңды өзүңө алып кал. Аллахтан корк!” – деп, сен Аллахтын жарыйа кыла турган нерсесин жашыргын келген. Адамдардан кооптонгон элең. Чындыгында, коркууга – Аллах гана татыктуу. Кийин, андан Зайиттин иши бүткөн соң, аны сени менен никелештирдик. Анткени, момундарга асыранды балдары менен ажырашкан айалдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык)”. (Ахзаб 33:37), [3. 423.]

Илимий далил:

В личной жизни пророк также был не совсем чист, даже по понятиям своего жестокого времени. Так, свою вторую жену Зейнебу он отобрал у приемного сына Зейд, на другой жене Аише он женился, когда ей было всего девять лет. [4.]

Мына ушундай карындашын катын кылган, кызын туудурган, адам өлтүрүп, аялдар менен бешиктеги балага чейин кырган, келини менен жаткан, өгөй энесинин койнуна кирген, бирөөнүн аялы менен ойноштук кылган, карындашын зордуктаган, 700 катын алып, 300 ойнош күткөн, баласынын аялын тартып алып, тогуз жаштагы наристени катын кылган пенделерди ээрчитип жүргөн Жахаба (Аллах) Шайтанбы же Кудайбы? Бул суроолорго Иудей, Христиан жана Ислам деген диндерди дүйнөгө жайылтып, жер бетин канга чылап жаткан динаятчылар жооп берсин?! Эгер булар көнгөн адаты менен башын церковь менен мечитке катып, тымпыйган бойдон жооп бербей турган болсо, барыбыз биригип, Бириккен улуттар уюмуна маселени коёлу!

Албетте, гезитке кыскартып бердик, толук маалыматты “Нуска” китеп дүкөнү менен Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги китеп дүкөндө жана Ала-Тоо кинотеатрынын алдында сатылып жаткан “Кыдыр санжырасынан” кеңири окуңуздар. Акырында айта кетерим, Памирдеги Шамбалада жайгашкан Кыдыр атабыздын касиети менен бүткүл дүйнө жүзү Шайтандын өзүнө сыйынып калганын так фактылар менен далилдеп, Кудайдын кудуретин тааныганга чакырык таштап жатам. Эгер жер бетиндеги пенделер Ак менен Караны, Өмүр менен Өлүмдү, так айтканда, Кудай менен Шайтанды ажыратып, Жараткан Теңирдин жалгыз өзүнө Манас менен сыйынбаса, кезектеги топон суу менен жок болот! Кудайдын кудуретин диндерге жиктеп, Жараткандын касиетин Шайтанга байлап, ойнобогула!

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: