Кыргыз Республикасына бүгүн, 15-сентябрда, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко келди. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
«Манас» эл аралык аэропортунда Беларусь Президенти Александр Лукашенкону Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко эртең, 16-сентябрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтүүчү КМШ Мамлекет башчыларынын юбилейлик жыйынына катышуу үчүн келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ