Төмөндө президент Алмазбек Атамбаевдин экс-басма сөз катчысы, Кыргызстандын АКШдагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кадыр Токтогуловдун социалдык түйүндөргө жарыяланган сүрөттөрүн гезит окурмандарына да тартуу эттик. Көргүлө да, бааңарды бергиле окурман. Ооматына чиренген эргулдун эмне кылып жүргөнүнө ой айткыла. Улуу державадагы элчибиз ушинтип көчө балдарындай ичип жүрсө, кейпи бир селсаяк ичкичтердей элес жаратса, анан кантип АКШдагы кыргыз жарандарынын укугун коргоп, үлгү кылат? Же биздин дипломатия кейпи “ичкичтердин” деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай калганбы? Буга ким жооп берет? Баса, ТИМ жетекчиси Эрлан Абдылдаев көлөкөсүнөн корккон бир пенде экен да, анан кантип Токтогуловго тили өтмөк эле? Айтор, Аликбек Жекшенкулов министр болуп келмейинче ТИМ тармагы сазга гана батып кала берет окшойт…
Канжар БОРПОШОВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ