Menu

Жусуп Мамай атабыздын Манасы орус тилинде

Бөлүшүү:

Белгилүү акын Светлана Суслованын котормосундагы, Жусуп Мамай вариантындагы “Манас” эпосунун академиялык басылышынын биринчи бөлүгүнүн орус тилинде Россия Федерациясынын “Прогресс” басмаканасында Россия илимдер академиясынын А.М.Горький атындагы  дүйнөлүк адабият институтунун алдында басылып  чыкты.

Жакында аталган китептин бет ачары болуп өттү

Орус тилдүү окурманга биринчи жолу Жусуп Мамай вариантындагы кыргыз элинин улуу эпосу “Манастын” орус тилиндеги котормосу менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кыргыз Республикасынын баатыры, манасчы Жусуп Мамай айткан  “баатырдын жети урпагында”— тарыхый-көркөм контексттеринде окшоштуктар жок. Жусуп Мамайдын вариантындагы сегизилтик төмөнкү бөлүмдөрдөн турат: “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кененим” “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей”.

Өзгөчө чыгарманын ритми тууралуу мындайча айтса болот: ал – бир алп, өлбөс, жандуу нерсенин жүрөгүнүн  согуп турушу. Мына дал ошондой демди орус тилге которуп айтып берүү ийгиликтүү болду.

Эпостун Жусуп Мамай варианты бир дем менен окулуп:  шашылбаган, философиялык,  мистикалык окуяларга сүңгүп кирип, өзүнүн өзгөчөлөнгөн үрп-адаттары, мүнөздүү кубулуштары, көз-караштары  менен эл кайрадан жаралып, дүйнөдөн өз ордун табат. Бул бүтүндөй доордун терең тамыр жайган, бийик көркөмдөлгөн документи. Адам ысымдарынын көптүгү, жер-суу аттары, тарыхый окуялар- тарых илими, илимпоз тарыхчылар үчүн илимий ачылыштарында көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет. Дагы да болсо айтуучулуктун баалуулугу ушунда.

Бул долбоордун жетекчиси: Эрнис Зарлыков.

Басып чыгаруучу: тарых илимдеринин, философия илимдеринин доктору, профессор, Россия Федерациясынын Илимдер Академиясынын Академиги Рустан Рахманалиев.

Котормочу: акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Светлана Суслова.

Координатор, илимий редактор: тарых илимдеринин кандидаты, манастаануучу Чолпон Субакожоева  экенин  Элдар Ибраимов билдирди.

Булак: “Асман+”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: