Menu

Окумуштуу-физик Жээнбаев Жаныбек Жээнбаевичтин 85 жылдыга арналган «Илим кереметине айланган өмүр» аттуу китеп-иллюстрациялык көргөзмөнүн ачылышы болот

Бөлүшүү:

2016-жылдын 30-сентябрында саат 15.00дө  Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканын фойесинде чыгаан окумуштуу-физик, КР УИАнын академиги, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Жээнбаев Жаныбек Жээнбаевичтин 85 жылдыга арналган «Илим кереметине айланган өмүр» аттуу китеп-иллюстрациялык көргөзмөнүн ачылышы болот. Бул тууралуу улуттук китепканадан билдиришти.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 2015-жылдын 30-декабрындагы жарлыгы менен жарыяланган Тарых жана маданият жылына арналган.

Ж. Жээнбаев Ысык-Көл облусунун Күрмөнтү айылында 1931-жылдын 14-сентябрында туулган. 1950-жылы Пржевальск шаарындагы Мамлекеттик мугалимдер институтун артыкчылык менен аяктаган жана Көрмөнтү орто мектебине жиберилген, ал жерде 6-10-класстарга физика сабагынын билим берген. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин, ал эми 1960-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин аспирантурасын аяктаган. Кенже илимий кызматкерден баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Президентине чейинки кызматтарды ээлеген, Президенттик кызматта 10 жыл кызмат өтөгөн.

Академик, чыгаан окумуштуу Жаныбек Жээнбаевдин аты Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөргө да таанымал, ал төмөн температуралуу плазма жана атомдук  спектроскопия жаатындагы белгилүү окумуштуу. Анын илимий жетекчилигинин алдында Кыргызстанда биринчи жолу төмөн температуралуу плазма генераторлорун – плазматрондорду изилдөө башталган жана пайдаланылган. Окумуштуу тарабынантөмөн температуралуу плазманын жана атомдук спектроскопиянын илимий мектеби практика жүзүндө түзүлгөн; ал жана анын окуучулары бир каналдуу, эки жана үч агымдагы плазматрондордун принципиалдуу жаңы конструкцияларын түзгөн, алар мурдагы СССРде, кийин КМШда жана башка  жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө таанылган. Машиналардын жана механизмдердин деталдарын калыбына келтирүүнүн жана бекемдөөнүн плазмалык технологиясы Швейцариянын, Франциянын жана  Малайзиянын өндүрүшүндө ишке киргизилген.

Кыйын учурда (1997 – 2007-ж.) КР УИАнын президенти болгон учурда Ж.Жээнбаев Улуттук илимдер академиясынын илимий, техникалык жана чарбалык потенциалын сактап гана калбастан, аны көбөйткөн.  КР УИАнын президентинин кызматында академик Ж. Жээнбаев өзүн илимдеги сейрек уюштуруучу катары көргөзгөн: академиянын ичиндеги институттар жана башка түзүмдөр менен жогорку деңгээлдеги илимий-уюштуруу иштери менен катар Кыргызстандын илиминин ар кандай жааттарында ири эл аралык конференцияларды, саммиттерди жана семинарларды өткөргөн. Ал АКШда, Германияда, Японияда, Кореяда, Кытайда, Испанияда, Болгарияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө илимий баяндамалар менен чыгып, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Физика институтунун, ошондой эле башка институттарынын окумуштууларынын илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын кеңири жайылткан. Илимий иш менен катар эле, КМУнун,  Фрунзе политехникалык институтунун физика кафедрасында ага окутуучу, КМУда профессор, Кыргыз Улуттук университетинде илимий консультанткатары иштөө менен педагогикалык көлөмдүү ишти да аткарган.

Ж.Жээнбаев коомдук ишмер катары да белгилүү. Илим жана техника жаатындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча комитеттин төрагасы катары да зор салымкошкон. Ал Кыргызстандын физика коомунун президенти, Евразия физика коомунун (ЕАФК) вице-президенти, Физика боюнча проблемалуу кеңештин төрагасы, Физика жана астрономия боюнча Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редакциясынын мүчөсү жана редакциялык кеңештин төрагасы, көптөгөн мамлекеттик комиссиялардын жаначет өлкөлүк бир катар академиялардын мүчөсү, КР улуттук аттестициялык комитетинин президиумунун мүчөсү, “Известия” журналынын башкы редактору болгон.

Илим жана техника жаатындагы ишке кошкон үзүрлүү эмгеги жана зор салымы үчүн Ж. Жээнбаев көптөгөн мамлекеттик сыйлыктар – СССРдин үч медалы, ЦК КПССтин, ВЦСПСнын жана ЦК ВЛКСМдын Ардак грамоталары, Кыргызстандын ЦК КПнын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын “Даңк”медалы, III даражадагы “Манас” ордени жана эл аралык уюмдардын башка медалдары менен сыйланган.

«Илим кереметине айланган өмүр»көргөзмөсү төмөнкү бөлүмдөрдөн турат:

  1. “Илимдин патриархы жана уюштуруучусу”;
  2. “Эмгек даңкка жеткизет”.

Көргөзмөдө Ж. Жээнбаевдин эмгектери, публикациялары, маектери, ошондой эле фотодокументтер, окумуштуунун чыгармачыл жана өмүр тажрыйбасын чагылдырган, замандаштары тарабынан гезиттерге жана журналдарга жарыяланган макалалары коюлган.

Көргөзмөнүн ачылышында КР Жогорку Кеңешинин депутаттары, КР Президентинин Аппаратынын, КР Президентинин Аппаратынын, министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик жана коомдун уюмдардын өкүлдөрү, КР УИАнын окумуштуулары, илимий жана маданий ишмерлер, жалпыга маалымдоо каражаттары катышат.

 Дареги: Бишкек шаары, Ю. Абдрахманов көчөсү 208

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы Тел.: 30-50-57,  30-47-04

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: