Menu

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ЕЭК атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу министри Нурлан Алдабергеновду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-сентябрда, Кыргызстанга ЕАЭБ өлкөлөрүнүн антимонополдук жөнгө салуу боюнча мамлекеттик орган жетекчилеринин эл аралык конференциясына катышуу үчүн келген Евразиялык экономикаык комиссиянын (ЕЭК) атаандаштык жана антимонополдук жөнгө салуу боюнча коллегия мүчөсү (министри) Нурлан Алдабергеновду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушууда интеграциялык бирикмеге мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы рыноктордун өз-ара аракеттешүү принциптери, анын катарында интернет тейлөөгө тарифтер боюнча маселе талкууланды.

ЕЭК министри Нурлан Алдабергенов маалымдагандай, комиссия кыргыз тараптын Казакстан провайдерлеринин интернет тейлөөгө бааларды жогорулатуусуна байланыштуу кайрылуусун кароодо. Ал ЕЭК ыйгарым укуктары антимонополдук мыйзам бузуу жана бааларды негизсиз жогорулатуу аныкталган учурда аталган маселени айып санкцияларын салуу аркылуу чечүүгө мүмкүндүк берээрин билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков Өкмөт башчыга маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын октябрынын биринчи декадасында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында эки өлкөнүн ыйгарым укуктуу ммлекеттик органдарынын жана интернет провайдерлеринин катышуусунда жыйын өтөт.

Анын айтымында, интернет тейлөөгө карата дүйнөлүк баалардын тенденциясы төмөндөөдө жана Россия тараптан казахстандык интернет провайдерлерге интернет тейлөөгө карата баалар көтөрүлгөн эмес. Россиядан Казакстанга бир мегабит үчүн баа болжол менен 1-1,5 АКШ долларын түзөт – деп белгиледи Болсунбек Казаков.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрү үчүн интернет тейлөөгө карата макулдашкан баа болушу тийиш.

«ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн экономикасы жалпыга бирдиктүү эреже сакталганда гана өнүгүүсү мүмкүн», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Эскертсек, үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевге жана Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаковго альтернативдүү интернет жеткирүүчүлөр менен кызматташуу мүмкүндүгүн кароо аркылуу интернеттин баасына байланыштуу маселени чечүү процессин тездетүүнү тапшырган.

Жолугушууга Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Болсунбек Казаков, Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев катышты.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: