Menu

Экинчи жээк: Устаттын уучу кур эмес

Бөлүшүү:

Турусбек Маразыков агай тууралуу акыркы учурда ММКда чындыкка коошпогон, бир беткей материал жарыкка чыгып, аны жакындан таанып-билбеген адамдар үчүн агай жердешчил, өз ишин билбеген жетекчи, жөндөмсүз окумуштуу сыяктуу образ калтырат. Бирок кандай гана каралоолор жарыяланбасын Турусбек Маразыков бийик адамгерчилик сапаттарга ээ инсан, белгилүү окумуштуу, тажрыйбалуу педагог катары студенттердин, кесиптештеринин, шакирттеринин арасындагы чоң кадыр-баркы жоголбойт деп ишенебиз. Анткени чын дилинен тандап алган багытынын өтөөсүнө чыгууга аракеттенген, илимге калп айтпаган, башкаларды дагы калп айттырбаган, талбай изденген, кумурскадай эмгектенген окумуштуулар чанда гана. Биздин агай мына ушул сапаттардын баардыгына эгедер инсан!

Ар бир адамдын турмуш жолунда өнөргө, илимге багыттаган, булактын көзүн ачкан сыяктуу талантын таптап, шыгын арттырган устаты болоору белгилүү. Кыргыз тил күнүн, мугалимдердин кесиптик майрамын утурлай биз дагы ардактуу адамыбыз, илим жолундагы теңдешкис устатыбыз Турусбек Маразыков агайыбыз тууралуу айта кетүүнү эп көрдүк.

Турусбек агайдын кандай окутуучу экенин 1991-жылдан баштап КУУнун кыргыз филологиясы факультетинин босогосун аттап, ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр, тилекке каршы, бүтүрө албай калган студенттер дагы билишсе керек.

Турусбек Сейдакматович Маразыков педагогикалык ишмердүүлүгүндө кыргыз тилинин синтаксиси, жалпы тил илими, сүйлөө маданияты, стилистика, текст таануу, тил илиминин теориясы жана коммуникативдик лингвистиканын теориясы боюнча лекция окуп, практикалык сабактарды чейрек кылымдан бери өзү аяктаган факультетинде өткөрүп жүрөт. Сабак өтүү учурунда агай тарабынан аудиторияда орнотулган тартип, студенттерге коюлган талап башка эже-агайлардын ыкмаларынан бир топ айырмаланат эле. Агайдын сабак учурунда келтирген мисалдары азыр деле ар бир студентинин эсинде болсо керек.

Кыргыз тил илиминде текст таануунун өнүгүшүнө жаңылык алып келген алты окуу китебинин (булардын ичинен үч окуу китебине авторлош), жүздөн ашуун илимий макалалардын дагы автору. Агай тарабынан даярдалган окуу китептери кыргыз тил илиминде жаңыдан изилденип жаткан коммуникациянын теориясы, тексттин лингвистикалык негиздерин жана интеграциясын чагылдырган, жогорку окуу жайларынын студенттери, аспиранттары жана жалпы эле илимпоздор үчүн жазылган мыкты окуу куралдары катары бааланат. Учурда окумуштуунун жетекчилиги астында 1 докторлук, 6 кандидаттык диссертация жакталып, 8 докторант, 30дай аспирант илимий ишин алып барууда. Агайдын докторант, аспиранттарынын арасында коңшу Казакстан жарандары менен катар республикабыздын ар бир аймагынан иргелген, тил илиминин маселелери, журналистиканын багыттары боюнча иш алып барган илимпоздор бар. Андыктан, “Маразыковду жердешчиликке карап иш кылат” деген айып – суу кечпеген жалаа.

Турусбек агайды ириде аспиранттарынын илимге болгон чын ыкласы, темасынын актуалдуулугу, аткарылган ар бир макаладан баштап диссертациялардагы кыргыз тилинин тактыгы, катасыздыгы кызыктырат. Агайыбыз бала кезинде хирург болууну да кыялданган экен. Балким балалык кыялы ишке ашса, чебер ортопед болмок же нейрохирургиянын мыкты адиси катары таанылмак. Учурда Турусбек агайыбызды тил илиминин доктору, сөздөрдүн “ортопеди”, сүйлөмдөрдүн, тексттин “пластикалык хирургу” десек жарашат. Агайдын төш чөнтөгүндө “скальпели” — кызыл калеми дайым даяр. Ал калемдин жардамы менен жазып барган илимий макалабыз болобу же диссертациянын айрым бөлүктөрү болобу, кызыл-жаян болот. Оңдоп-түздөлгөн, орундары которулган, жарымы чийилип, жарымы башкача болуп түзүлгөн тексттерибизди: “Бул деген Шералынын чокою. Жоготпо, көрүнүктүү жерге илип кой да, ишиӊди улант. Анткен менен аракетиң бар, дагы изде, дагы оку” деп кубаттап, кийинки алып келчү мөөнөтүбүздү белгилеп, жаңы ийгиликтерге дем берип узатат. Агайды жаманатты кылып жаткандардын артында кимдер турганын, аларды ким ээрчип, ким угаарын мезгил өзү көрсөтөөр. Ал эми биздин Турусбек агайыбыздын студенттерге билим берүүдөгү, аспирант, докторанттары менен иштешүү ыкмасы, өзүнүн илимий мектеби калыптанып, өз жемишин бере баштады десек аша чапкандык болбойт. Башкасын караласа, башканы жамандаса дагы, бул ыкманы, бул мектепти эч ким каралай албайт. Анткени “ак ийилет, бирок сынбайт” деген сөз бекеринен айтылбаса керек.

Чейрек өмүрүңүздү арнаган мамлекеттик тилибиздин күнү жана кесиптик майрамыңыз менен куттуктайбыз! Бар болуңуз, кадырлуу биздин устатыбыз!

Докторанттары жана аспиранттары

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: