Menu

Конституциялык Палата болсо Конституцияны коргоонун ордуна, Конституциянын талаптарынын бузулушуна жардам беришүүдө

Бөлүшүү:

Социалдык тармактарда кыргыз жарандары Атамбаев жана Жогорку Кеңеш Конституцияны кандайча одоно бузуу менен Башкы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө аракет кылып жатышканын жана Конституциялык палата Конституцияны коргоонун ордуна кайра бийликке кошомат кылып, Конституцияны бузууга жардам кылып жатканын талкуулап жатышат. Ошол талкуулардан бир шиңгилге сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы. 114-берене.

1. Ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалган референдум менен кабыл алынышы мүмкүн.

2. Ушул Конституциянын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо 300 миңден кем эмес шайлоочулардын демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.

Көңүл буруңуздар!

КР 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык 114-берененин 2-бөлүгүнүн жоболору 2020-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет. Конституциянын экинчи бөлүмүндө Адамдын жана Жарандардын укуктары менен эркиндиктери камтылып, биринчи глава 16-20-статьялардан, экинчи глава 21-49-статьялардан, үчүнчү глава 50-59-статьялардан турат. Демек А.Атамбаев баш болуп, Жогорку Кеңештин бул демилгени колдогон депутаттары, колдонулуп жаткан Конституциянын талаптарын одоно бузуу менен бул Конституцияга өзгөртүү жана толуктоо киргизип жатышкан болушат.

Конституциялык Палата болсо Конституцияны коргоонун ордуна, Конституциянын талаптары бузулуп жатканын билип туруп, өздөрү колдонуп жаткан Конституциянын бузулушуна жол берип коюшуптур. Булардын кылып жаткандарын кандайча түшүнүүгө болот, же бизди малга теңеп жатышабы?

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 77

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: