Бүгүн, 30-декабрда, Бишкекте Кыргызстандын Футбол федерациясы футбол борборун куруу маселесине байланыштуу журналисттерге жыйын өткөрөт. Мындай маалыматты аталган федерация социалдык тармак аркылуу билдирди.
Буга чейин эртең менен футбол күйөрмандары мэриянын алдына бүгүн чогулаарын билдирген.
Эске сала кетсек, кайтарымсыз грант катары 10 млн долларга футбол борборун куруу пландалган. Футбол федерациясы мэрия ушул жылдын 31-декабрына чейин жер тилке бөлүп бербесе, грант башка өлкөгө берилип кетээрин алдын ала эскертишкен. Бул маселе боюнча шаардык кеңештин депутаттары бир нече жолу отурумга чогулгандары менен маселесин карап бүтө элек. 27-декабрда карашмак, бирок, каралган эмес. Депутаттар бул маселени келаткан жылдын 14-январына жылдырып коюшкан.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ